Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_16.htm on line 2


п»ї
  Эмне кылуу керек?..

Турусбек МАДЫЛБАЙ,
Улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси, Евразия жазуучулар
биримдигинин мүчөсү:

"Маданиятка көңүл бөлүнбөсө, дагы беш жылдан кийин..."
- Ушу тапта дүйнө жүзү Кыргызстанга үңүлүп, ага ар кандай баа берип, атүгүл өлкөбүздүн тарыхы, келечеги тууралуу бүйүр кызыткан ар кандай божомолдорду да айтып жатышат... Сиз кыргыз интеллигенциясынын бир канча тил билген, бир канча эл аралык сыйлыктарды алган өтө идиректүү өкүлдөрүнүн бирисиз, айтыңызчы, эмне үчүн кыргыз ушундай акыбалга чейин жетти?
- Мага дүйнөнүн бурч-булуңунан каттар жайнап келүүдө: Италиядан, Кытайдан, Америкадан, Орусиядан, Түркиядан… Бардыгы: "Силерде эмне болуп жатат?" - деп сурайт, мен биле тургансып… Мен болгону билем: бизде төңкөрүштүн артынан көңтөрүш болуп жатат. Аткаруучулар - бир эле кишилер. Алар анысын деле, мунусун деле "ыңкылап", "революция" дей берет. Мурунку төңкөрүштө бийликке жетпей калгандар же бийликтен шыпырылып түшкөндөр "жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп, кайрадан көңтөрүшкө киришет. Анда да эч нерсеге жетпегени, эмки каңтарышка даярданат… Болгону курмандыкка чалынган элдин саны улам көбөйүүдө: Аксыда алты болсо, 2005-жылдын 24-мартында - он алты, 2010-жылдын 7-апрелинде - сексен эки болсо, ушул эле жылдын 11-14-июнунда - жүз сексен эки… Элибиз болсо баягы "Свадьба в Малиновке" деген кинодогудай: "Опять власть меняется!" - деп, улам калпагын телпегине алмаштырып коюп отурат. Ал эми жашоо начарлагандан начарлап баратат…
- Эмне үчүн деп ойлойсуз?
- Бул маданиятсыз экономиканын кесепети. "Ириде экономиканы бутуна тургузуп алалы, анан маданиятты көтөрөбүз", - деген демагогиянын натыйжасы. Маданиятсыз экономика эч качан жарыбайт, бутуна да турбайт. Ал улам кулай берет. Бул жагынан курганды мада-ниятсыз эл бул жагынан талкалап, өрттөп, тоной берет. Аны биз беш жыл сайын көрүп турабыз. Ошондо маданиятсыз өлкөнү масс-мада-ният дагы (мүмкүн, мас-маданияттыр?), спорт дагы, шоу-бизнес дагы сактай албайт!
- Ушул тууралуу азыр эмес, башта эмне үчүн унчуккан жок элеңиз?
- 2008-жылы ошол кездеги Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жазуучулар менен Ак үйдө жолукканда, жүздөн ашык жазуучулар жана өкмөт төбөлдөрүнө кайрылып, менин бир айтканым бар эле: "Билеги жоон бирди жыгат, билими чоң миңди жыгат" дейт. Силер, бийлик башындагылар, дале чоң ката кетирип жатасыңар. Силер дале тиги спортсмен сөрөй ак кепкачандарга көбүрөөк ишенип жүрөсүңөр, аларыңар болсо эртең эл жапырып киргенде биринчилерден болуп качып кетет.
Акаев дагы ошолорго ишенген, ана, анын кейпи эми тигил. Бирок эми силер дагы анын кейпин кийгени турасыңар. Силер андан көрө маданиятка көбүрөөк көңүл бурбайсыңарбы, ошондо эл ээрчиткендин артынан тигинтип көчөгө, аянтка чыга бербей, мыйзамдын негизинде өзүнүн маданияттуу турмушун куруп алат. Болбосо маданиятсыз эл дайыма Ак үйдөгүлөрдү кууй берет", - деп. Ошондо менин сөзүмдү эч ким этибар албай койду эле. Эмки Өкмөт угабы деген үмүттө, "Кыргыз Туусу" аркылуу кайра да айтып жатам.
- Сиз жана "мас-маданият" дегендей кеп кылып кеттиңиз, бул салыштыруу бекер чыккан жок го, чечмелеп берсеңиз?
- "Мас-маданият" демекчи, арап тилинен кирген "рух" деген уңгудан түзүлгөн эки сын атооч сөз бар. Бири - "рухий" - "спирттик" деген мааниде, экинчиси - "руханий" - "дилдеги, ички дүйнөдөгү" деген
мааниде. Бизде көбүнесе ушул эки сөздү көп алмаштырат: "рухий дүйнө, рухий байлык" деп. Ар бир сөздү этияттап сүйлөшүбүз керек, анткени сөз эртең ишке ашып кетиши мүмкүн. Демек, биз жаңылып: "спирттик дүйнө", "спирттик байлык" деп жүргөнүбүздө, элибиз чынында эле спирттик байлык чогултуп, спирттик дүйнөсүн байытып жатат көрүнөт. Бул эми сөзгө аралжы айтылган кеп...
- Өткөндө эки элдин мамилесине жүрөгү өрттөнгөн бир өзбек аксакал да айтты эле: "Акча, акча!" - дей берип, маданиятыбызды унутуп койдук. Ошондуктан ушундай жаңжалдар чыгып жатат", - деп. "Майда, бирок маанилүү" дегендей, анча билинбегени менен маданият, адабият, интеллигенция тармагы мамлекеттин тынчтыгы, келечеги үчүн өтө маанилүү окшобойбу?..
- 2006-жылы Ала-Тоо аянтында болуп жаткан митингде оппозиция (биздин келечегибизди курат деген оппозиция!) килейген мегафонду колуна алып, элге, интеллигенцияга кайрылып: "Кана биздин интеллигенция? Эмнеге интеллигенция бизге кошулбайт? Келбейсизби, Асылбек Өзүбеков, келбейсизби, Гүлнара (ооба, ушинтип айтылган) Сатылганова!" - деп кайрылган эле. Ошондо эле мен оппозициядан түңүлгөм.
Интеллигенция менен богеманы айырмалата билбеген оппозиция кыргыз маданиятын жыргатабы? Эки атты кыйкырса да, бирөөнү туура эмес атаган оппозиция чекебизди жылытабы? (Ошондо Гүлнара деген атын угуп алып Гүлнара Тойгонбаева жетип барыптыр, ал эми Гүлнур аны туура эмес атаганына таарынганбы, айтор, Бакиевдин митингине кошулуп кетиптир).
Билбестигиненби же кенебестигиненби, билбейм. Жаратман деген - жаратман да: ал өз оюнан бир нерсени чыгарып, ойлоп-толгонуп, издеп таап, илхамга эргип, анан жаңы бир чыгарма жаратат. Ал анын жеке менчиги болуп калат.
Ал эми аткаруучу болсо бирөөнүн жаратып койгонун эле кайталап коёт. Ал өз оюнан эч нерсе чыгарган жок, ал болгону бирөөнүн оюн элге жеткирди. Көркөмдөп айтсак, жаратман энеге окшош: ал тогуз ай болобу же андан да көп болобу өз баласын (кечиресиздер, өз чыгармасын) жүрөгүнүн астында алып жүрөт да, анан кыйналып жарык дүйнөгө чыгарып, аны элге тартуулайт. Ал эми аткаруучулар болсо - өгөй энелер: алар бирөөнүн чыгармасын гана элге жеткирип коёт.
Ал эми бизде (мен Кыргызстанды гана айтып жатам), ошол өз энеден өгөй эне жогору бааланып калып жатат. Наамдарды алса ким алат? Ошол аткаруучулар алат. Анткени алар тигил маданиятсыз төбөлдөрдүн той-үлпөттөрүндө ырдап-бийлеп берет. Байыса ким байыйт? Дале ошол аткаруучулар байыйт. Атак-даңк да ошолорго, той-үлпөт да ошолорго. Ал эми ошол ырчыларга узак ой-толгоолордон кийин сөзү менен обонун жазып берген акын жана обончуга эмнеге сый-урмат жок, атак-даңк жок, сыйлык-наам жок? Ошол артисттерге драмасы болобу, комедиясы болобу, трагедиясы болобу жазып берген драматург менен жазуучулардын абалы да дал ошондой. Бул акыйкатсыздыкты акыры жоюу керек.
- Айтыңызчы, бизде азыр кайсынысы таразанын ташын көбүрөөк басып турат, маданиятпы же экономикабы?
- Бизде азыр маданият да, экономика да жок, жалаң гана саясат бар. Биздин эл бүгүн экономика десе эле, алгын да саткын деп түшүнөт. Маданият десе эле, эки сөз ырды жаттап алып, кызыл-тазыл кийинип алып, сахнада нары-бери чуркап жүргөндү билет. Маданият министрлигибиз болсо: "Улуттук каада-салттарды жандандырыш керек, айылдагы маданият үйлөрүн оңуна келтириш керек", - деген шылтоону жамынып, ошондой эле улуттук, бирок кесипкөй маданиятыбызды көчөгө түртүп салды.
Азыркы күнгө чейин теледен, радиодон, театрлардан көрсөң, кыргыздарда сүрөтчүлөрдөн жалгыз эле Юристанбек Шыгаев, композиторлордон жалгыз Муратбек Бегалиев, опера ырчыларынан жалгыз Керим Турапов, театрлардан бир гана "Тунгуч" театры калгансыйт. Жок, дагы драматургдардан бир гана Султан Раев бар. Болду, ушул биздин маданиятыбыз.
Мурун жер-жерлерде таанылып, элдин арасынан суурулуп чыгып, анан борборлорго келип кесипкөй өнөргө кошулган ышкыбоздорубуз жаңы бийиктиктерге жетип, кыргыздын, Кыргызстандын атын алыска таанытып турчу эле. Бүгүнкү күндө болсо, тескерисинче, улуттук маданиятыбыз райондук маданият үйүнүн деңгээлине түшүп калды. Мына, маданиятка көңүл бурбагандын кесепети. Азыркы келе турган жаңы өкмөт дагы ушул маселеге катуу көңүл бурушу керек. Болбосо дагы беш жылдан кийин (мүмкүн, андан да эртерээк болуп калабы) бийлик жетпей калган дагы бир нааразылар бир-эки миң кишини топтоп, ак үйүңүн да, көк үйүңүн да түбүнө келе берет.
Бир жолу Гольденвейзер Шопендин музыкасын ойноп жатканда, Лев Толстой мындай деген экен: "Бир кичинекей немис падышанын айтканы бар: "Элди кул кылгысы келген жерде, музыканы көбүрөөк чыгара бериши керек". Абдан туура айткан, туура байкаган - музыка акылды мокотуп коёт… Мына ошондуктан интеллигенцияга кайрылганда, богеманын өкүлдөрүнүн атын атабагыла. Албетте, эгер өзүңөрдү маданияттуу деп эсептесеңер…
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??