Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_14.htm on line 2


п»ї
"Кыргызтелеком" ААКнын эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.И.Отунбаевага жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылуу жолдошту. Аталган кайрылууга компаниянын көпчүлүк
кызматкерлери кол коюшкан.
Ынтымакка доо кетпесин
"Кыргызтелеком" ААКнын
эмгек жамаатынын
Кайрылуусу
Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү!
"Кыргызтелеком" ААКнын эмгек жамааты Сиздерге "Кыргызтелеком" ААКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин сатылышын жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганыңыздар үчүн терең ыраазылык билдирет жана өлкөбүздүн ар бир жаранынын татыктуу жашоосуна жана тынчтык жолунда жаратмандыкка жетишүүсүнө багытталган Убактылуу Өкмөттүн көрүп жаткан чараларын толук колдойт.
Ошондой эле биз Убактылуу Өкмөттүн кырдаалды курчутууга болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюу, чагымчыл аракеттер жана козутуучулук иштер менен шугулданган жарандарга карата мыйзамдуу чараларды колдонуу боюнча аракеттерин да колдойбуз.
Ошого карабастан азыркы мезгилде Убактылуу Өкмөттүн атына жамынып алып, компаниянын ишине кийлигишип жаткан ар кандай деңгээлдеги аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери орун алууда. Алар "Кыргызтелеком" ААКнын урунттуу жана стратегиялык маанилүү кызматтарына өз кишилерин коюуга далалаттанып жатышат. Мындай көрүнүштөр эмгек жамаатында чыңалууну жаратып, бүтүндөй тармак боюнча туруксуздук келип чыгуу коркунучу пайда болууда.
Абалыбыздын мындан да оорлоп кетишине 2010-жылдын 9-июнунда өткөн ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушунда КРнын Мамлекеттик мүлк министрлигинин расмий өкүлү мырза А. М. Мукамбетовдун Убактылуу Өкмөткө түшкөн даттануу тууралуу айтканы да түрткү болду. Ал ошол даттануунун жыйынтыгын кароо боюнча акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болорун жана ошондо жетекчи органдарды шайлоо маселеси карала тургандыгын айтты.
А биз болсо, мындай кырдаал түзүлүп турганда жетекчилерди алмаштыруу Компанияга, тармакка жана бүтүндөй өлкөгө пайда алып келбейт деп эсептейбиз.
"Кыргызтелеком" ААКнын туруктуу иштеп турушуна негизинен коомдогу бейпилдик, биздин мамлекеттин маалыматтык жана идеологиялык коопсуздугу да көп жагынан көз каранды. "Кыргызтелеком" ААКнын Башкармалыгынын азыркы курамынын жетекчилигинде иштеп жаткан биздин миңдеген ынтымактуу жамаат өлкөбүздөгү түзүлгөн саясый жана социалдык- экономикалык кырдаалга карабастан, республикабызда туруктуу иштеп жаткан аз сандагы ишканалардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы инфратүзүмдүн бүгүнкү күндөгү деңгээли байланышчылардын бир канча муунунун 70 жылдан ашык тынымсыз иштеринин натыйжасында калыптанган. Ошондуктан да бул процесске сүңгүп кирип, аны башкаруу үчүн бул тармакты терең билген жогорку чеберчиликтеги адис болушу, компетенттүүлүктүн талаптагыдай деңгээлине ээ болушу зарыл.
Ал эми ушундай кыйчалыш кырдаалда биздин жамаатты биримдүүлүктө кармай алган, татаал жана жооптуу тармактын туруктуу иштеп турушун камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасаган адамдар биздин мекемени мындан ары да жетектөөгө татыктуу. Электр байланышы тармагына тиешеси жок, кокустан келип калган адамдар "Кыргызтелеком" ААКнын жетекчилигине келишсе, мекеменин кыйрашына алып келери бышык.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, республикабыздын калкын радио уктуруу жана теле берүүлөр, телефондук байланыш менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу, тармактын туруктуу жана ийгиликтүү иштешин сактап калуу үчүн Сиздерден суранабыз:
1. "Кыргызтелеком" ААКнын урунттуу жана стратегиялык маанилүү кызматтарына өз кишилерин дайындоого далалат кылып жатышкан ар кайсы деңгээлдеги айрым аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүнү.
2. "Кыргызтелеком" ААКнын Башкармалыгын жана Деректирлер кеңешинин курамын шайлоо учурунда электр байланышы, заманбап маалыматтык жана санариптик технологиялар тармагындагы, телекоммуникация тармагындагы жогорку чеберчиликтеги кесипкөйлөрдү, ААКнын кызматкерлеринин арасында кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон, электр байланышы тармагында уюштуруучулук мол иш тажрыйбасы бар таза, ак ниет жана иш билги жетекчилерди тандоону.
Урматтоо жана иштериңизге чын ниеттен
ийгилик каалоо менен,
"Кыргызтелеком" ААКнын кызматкерлери




"Содружество" саясый партиясынын
II съездинин өлкөнүн жарандарына
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу мекендештер!
Биз көз карандысыз Кыргызстандын тарыхына жашоонун жаңы сапатынын жаратуучусу болуп калган муун катары кире алабыз. Бул үчүн бизге, мүмкүн, жападан-жалгыз мүмкүнчүлүк берилип жаткандыр. Азыркы учурдагы татыктуу турмуш жана балдарыбыздын жаркын болочогу үчүн өлкөнү бириктирүү учурда бизде катылып жаткан нараазылыктан жогору болууга тийиш экендигинин зарылдыгын аңдап билүү керек, себеби биз жана кыргызстандыктардын бардык болочок муундары кандай мамлекетте жашай тургандыгы үчүн
жоопкерчиликти өзүбүздө тартабыз.
Эркин Кыргызстандын урматы үчүн биз бардык коомдук-саясый күчтөрдү коомдогу туруктуулукка жана ынтымакка коркунуч туудурбоого, прогресстин жолунан чыгып кетпөө үчүн бардык мүмкүн болгон нерселерди жасоого чакырабыз.
Биздин тарапкерлердин көп сандаган кайрылууларын жана сунуштарын эске алуу; өлкөдө жашоону сапаттуу жакшыртууга жана баардыгынын, ар бир адамдын бакубаттуулугун жогорулатууга жөндөмдүү чыныгы демократиялык кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашырууну
каалоо менен биз жаңы саясый партияны - "СОДРУЖЕСТВО" партиясын түзүү жөнүндө жа-рыялайбыз!
Биз - ар кандай муундардын, кесиптердин, улуттардын өкүлдөрү - өлкөдө жүрүп жаткан процесстер үчүн өз жоопкерчилигибизди түшүнүүдө жана Кыргызстандын коомдук-саясый жана социалдык-экономикалык турмушундагы позитивдүү өзгөрүүлөргө жетишүүгө ниетибизде бирдиктебиз.
Биздин максат - демократиялык, динден тышкары, укуктук, социалдык мамлекетти жана ачык коомду куруу.
Биз өлкөгө - гүлдөп-өнүгүүнү, элге - бакубаттуулукту, жаранга - эркиндикти камсыз кылуу менен коюлган максаттарга жетишүүгө ниеттенебиз.
Партиянын ишмердүүлүгү ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өз алдынча башкаруу жана маалымдуулук принциптерине негизделмекчи
"Содружество" - укуктардын теңдештигине гана эмес, ошондой эле жарандардын өз мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашырууда да теңдештигине умтулган партия.
"Содружество" - тилдерди жана маданиятты сактоо, мамлекетти башкарууга республиканын бардык этносторун тартуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен этностор аралык мамилелерди ынтымакка келтирүүнү жактаган партия.
"Содружество" - жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, алардын таза жана адилет шайлоолорго каты-
шуусу аркылуу өлкөнү башкарууга реалдуу катышуусун коргогон чыныгы демократиялык партия.
"Содружество" - экономикалык эркиндиктин жана демилгелердин партиясы, ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүүнү жактаган, менчиктин бардык формаларын реалдуу коргоону жактаган партия.
Биз эркиндиктин даана демократиянын идеалдары кымбат болгон Кыргызстандын бардык жарандарына сөз жа-на иш менен "Содружество" партиясын колдоого чакырабыз!
Биздин ураан: Баарына жана бүгүн татыктуу турмуш!









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??