Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_13.htm on line 2


п»ї
  Ата - аскар тоо

Бар болуңуз, ата!
Адамзаттын турмушунда жүрөккө жакын, сыйлуу жана кымбат баалуулуктар көп. Ошолордун ичинде эң асылы ата менен эне деген чындык. Биз бүгүн атабыз Акжол Кадыровдун кутман курак 75 жашка кол берип, биздин маңдайыбызда бакубат жадырап-жайнап турганына кубанабыз. Ал бүткүл өмүрүн эл кызматына жана биздин татыктуу өсүп-жетилишибизге арнады.
Атабыз башынан оор күндөрдү кечирген. Жетимдиктин зарын, согуштан кийинки кыйын турмушту көрсө дагы мектепти жакшы баалар менен бүтүп, Ош мамлекеттик пединститутунун чет тилдер факультетин аяктаган. Мугалимдикти №1 Ала-Бука орто мектебинде баштап, окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Кийин Ала-Бука райондук партиялык комитетинде жооптуу кызматтарды аркалап, райондук элдик контролдун жетекчиси, райондук партиялык комитеттин 2-катчысы кызматтарында бир нече жыл иштеп, эмгек сиңирген.
1968-жылы Ташкент шаарындагы жогорку партиялык мектепти, 1982-жылы Намангандагы зооветеринардык окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөн.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Ала-Бука райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, токой чарбасында директор, раймамадминистрацияда социалдык маселелер боюнча бөлүм башчы, 2002-жылдан бери райондук керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо инспекциясынын башкы инспектору болуп иштеп келет. Атабыз биринчи кезекте элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон мекенчилдиги, адилет калыстыгы, тазалыгы менен айрымаланып келди. Атабыз кезегинде райкомдун бюро мүчөсү, облустук жана райондук Советтин депутаты болуп да шайланган. "Райондун ардактуу атуулу", "СССР Элдик контролдоо органынын", КРнын эл агартуусунун отличниги, биология илимдеринин кандидаты, республикага өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер. Ардак грамоталардын жана орден, медалдардын ээси.
Калемгер катары дагы аңгеме, очерк, публицистикалык бир нече эмгектерди жараткан. "Ала-Бука районунун энциклопедиясы", "Ала-Бука районунун тарыхы" китептерин жазган жана Ош, Жалал-Абад облустарынын энциклопедиясынын авторлорунун бири. КРнын улуттук жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү.
Бактылуу ата катары апабыз менен турмуш курганына 52 жыл толду. Биз атабыздын кутман курагы 75 жашка чыкканы менен куттуктап, дагы да узак өмүр, ден соолук тилейбиз. Биз үчүн аскар тоодой болуп, ар дайыма бар болуңуз, ата!
Уулдары Нурбек, Нурлан, кыздары Гүлнара,
Гүлбара, Гүлмира




Тилиңе тибиртке
"Вечерний Бишкек" гезитинин 2010-жылдын 9-июлдагы санына "акылгөй айым" Д.Маслованын "Улуттук мозаиканын жаңы мыйзамы" аттуу макаласы чыкты. Автор ал макаласында, өзү Кыргызстандын жараны болсо да, обочолонуп, жергиликтүү улутка өтө эле катуу таарынганын жашырбайт. Атүгүл, жалпы эле адамзатты түпкү ата теги айбан малдан жаратып, айрыкча кыргыздар ошол эле айбан мал бойдон калганын кыйытып мазактайт.

Отунбаеванын кыргызча сүйлөгөнүнөн кыр издеп жатышат
Кыскасы, ай-ааламды чабыттап, акыры келип өзү жашаган өлкөнүн негизин түзгөн кыргыздарга акыл үйрөтүп, аларды жерден алып көргө көмгүсү келет. Анын баарын саймедиреп, мен дагы "акылгөй" Д.Масловача башыңарды айлантпай, айрым бир урунттуу учурларга гана токтолоюн. Балким, биздин "акылгөй" айымдын макаласын шыйбылчак, бейбелчегине чейин жиликтеп бере турган мекенчилдер да жок эместир.
Алсак, кыргыз тилин башка улуттагылар үйрөнүш үчүн мамлекет шарт түзүп бербейт, деп көз жашын тегеретип катуу кейийт Д.Маслова. Эмесе, эсиңизге салып коёюн айым, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынганына жыйырма жылдан ашуун мезгил өттү. Андан бери электрондук варианты да бар, эң эле заманбап усулдар иштелип чыкты, окуу китептери бастырылып чыгарылды. Эң мыкты кадрлар - мугалимдер деле жетиштүү, ЖОЖдордо жана айрым мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилди үйрөтүүчү борборлор иштейт. Мамлекеттик тилди өздөштүрүү үчүн сизге дагы эмне керек "акылгөй" айым!? Баса, тээ алыскы чет өлкөлөрдөн келишкен волонтёрлор эки-үч айда эле кыргыз тилин үйрөнүп, жат да болсо, өздөй таасир калтырып жатышканына не деп жооп берер элеңиз?
Макаланын дагы бир жеринде АКШны мисалга тартат, өзүбүздүн эле Д.Маслова айым. Анда АКШда жашаган жүздөгөн этностор бир улутту түзөт, бир тилде сүйлөшөт дейт. Анда, сиз эмне үчүн мамлекеттик тилде сүйлөбөй, обочолоносуз, сизге ким тоскоол болуп жатат? А балким, сиз илгертен шовинизм идеясынан кутула албай кыйналып жүрөт окшойсуз го! Айтмакчы, ошол Америкада жашаган жүздөгөн этностун ар бири талап коюп, менин этносумдун тили мамлекеттик тил болсун деп кыйкырып чыкса эмне болмок. Ушуга байланыштуу, кимдин жерин жердесең ошол элдин ырын ырда деген накыл кепти эсиңизге сала кетейин.
Баарынан да таң калыштуусу, атүгүл, өлкөнүн Президенти Роза Отунбаеванын президенттик такка отурарда кыргызча сүйлөгөнү жазмакер айымдын итатайын тутултуп, катуу кайгыга салган экен. Анын оюнча, жыйын болгон залда кыргыздар гана отургансып, мамлекет башчысы, эмне үчүн кыргызча сүйлөйт деп туталанышы, бери эле болгондо кыргыз улутун мазактаганга жатпас бекен? Баса, кылмыш кодексинде мазактагандыгы үчүн кылмышкер катары жазага тартылары тууралуу атайын берене болсо керек эле. Балким, прокуратура органдары айымдын аталган макаласын окуп калышса, териштирип көрүшөр.
Жыйынтыктап айтканда, Маслова айым мамлекеттик тилди үйрөнгүсү келбегенине эч каршылыгыбыз жок. Мейли, мамлекеттик тил жөнүндө Кыргызстандын мыйзамынын ага тиешеси жок болсо, үйрөнбөй эле койсун. Кой аксагы менен миң демекчи, андан Кыргызстан эли кемип калбайт. Мамлекеттик тилди ким сыйласа, кимге керек болсо ошолор өздөрү эле үйрөнүп алышат. Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн күйгөн өрт жаман, Маслова айым. Калганын өзүңүз билиңиз.
Дегинкисин айтканда, жаңы эле тынчып келаткан чыр-чатакты ырбатып, өчүп бараткан өрткө май куйган сиздин чагымчыл макалаңыздын азыркы учурда канчалык кереги бар эле?
Т.САРБАГЫШЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??