Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_11.htm on line 2


п»ї
  Маанилүү маек

Дүйнө жүзүндө 1999-жылы ВИЧ/ СПИД менен катталгандардын саны 33 млн. адам болсо, азыркы күндө ал 60 млн. адамга жетип отурат. Айталы, Африка континентинде 1984-жылы ВИЧ/СПИД дартын алып жүргөндөр дээрлик жокко эсе болчу. Эл аралык эксперттер дүйнөнүн картасына ВИЧ/СПИД каптаган мамлекеттерди кочкул кызыл түс менен белгилеп көрсөтүшкөн. Бүгүнкү күндө дүйнө картасын кочкул түс кескин каптап баратат.
Мисалы, Ботсванада калкынын жалпы 35 пайызы бул коркунучтуу дартка чалдыккан. Буруниде 11 пайыз, Борбордук Африка республикасында 13 пайыз, Эфиопияда 10, Кенияда 13, Лесотиде 23, Зимбабведе 25 пайыз калкынын саны ВИЧ/СПИДге чалдыккандары ж.б. болуп мунун катары дагы уланып кете берет. Болгондо да бул 11-12 жыл мурдагы маалымат.
Тилекке каршы, дүйнөнүн бир дагы мамлекетинде мунун сандык пайызы азайган маалымат айтыла элек. Учурда Кыргызстан өтө оор саясый, тарыхый жана экономикалык кырдаалды баштан кечирип жатканына карабай аталган кооптуу маселени мамлекет көз кырынан чыгарбашы керек. Бул тема боюнча кабарчыбыздын Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева менен курган маегин тартуулайбыз.

Кыргызстан аялдар конгрессинин президенти Замира АКБАГЫШЕВА:
"ВИЧ/СПИД жуктургандар ай сайын өсүүдө"
- ВИЧ/СПИД Африканын түштүгүнөн Сахарага чейин андагы мамлекеттердин өнүгүшүнө жана коопсуздугуна, элдин өмүрүнө тике коркунуч жаратуучу күчкө өтүп баратат. Жер шарынын бул аймагында ВИЧ/СПИД экономикалык, социалдык кризиске айланып отуруп, ал саясый туруктуулукка шек келтире турган чекке барып калды. Бүгүнкү күндө Африкада согушка караганда ВИЧ/СПИДден каза тапкандар он эсе көптүк кылууда. 1999-жылы БУУнун ал кездеги башкы катчысы Кофи Аннан Африкадагы ВИЧ/СПИД менен күрөшүп жатып, дүйнө коомчулугу бул коркунучтуу дартка жеңилип берди деп айтканы бар. Көрсөтүп тургандай, адегенде экономиканы оңдоп, бакубат турмушка жетип алып, анан кийин ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө киришебиз дегенибиз жумшак айтканда
туура эмес, - деп сөзүн баштады Замира Акбагышева.
- Замира эже, сиз жетектеген Кыргызстан аялдар конгресси акыркы жылдары ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча бир топ иштерди тынымсыз жүргүзүп келе жатат. Ал эми эмгек мигранттарынын арасындагы бул жугуштуу дарттын алдын алуу боюнча долбоор кандай иш жүргүзүүдө?
- Кыргызстан аялдар конгресси эненин, баланын ден соолугун чыңдоо, организмдеги темирдин жетишсиздигин жоюу сыяктуу бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп келе жатат. Акыркы он жылдан бери ВИЧ/СПИДдин таралышына каршы алдын алуу иштерин жүргүзүүдөбүз. Кыз-келиндер арасында көптөгөн семинарларды, тренингдерди өткөрдүк. Азыркы күнү эмгек мигранттарынын арасында өткөрүлүп жаткан долбоордун 60 пайызы Кыргызстан аялдар конгрессине, калган 40 пайызы Борбордук Азиядагы ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча көзөмөлдөө борборуна тийиштүү.
Аялдар конгрессинин мүчөлөрү республиканын аймактарына чыккан учурда "эмне үчүн эмгек мигранттары менен ВИЧ/СПИДди жуктуруп алуудан сактануучу жумуштар аткарылбайт?" - деген талаптарды угуп жүргөнбүз. Ушундан кийин элдин өзүнөн чыккан мындай пикирди, сунуштарды мамлекет жетекчилерине, донорлорубузга жеткире баштаганбыз. Донорлор болсо көбүнчө аталган дартты баңгизаттарды колдонуучулардын жана сойкучулук "индустриясы" деген жаман терминге айланткандардын арасында жуктурбоо максатын көздөп келишет. Бирок, дени сак жаштардын, аялдардын, жалпы адамдардын арасында иш алып барууну чынында көздөшкөн эмес. Мына эми мамлекет кошо колдоп, элдин талабы эске алынгандан кийин мигранттар менен иштөө колго алынды.
Сиздерге белгилүү болгондой, эл аралык коомчулукта ХХI кылым дүйнө жүзүндө миграциянын агымы күчөгөн кылым катары сана-
лууда. Ал эми биздин Кыргызстан үчүн миграциянын күчөшү өтө оор формада өтүп жатат. Расмий маалыматтар боюнча мигранттардын саны бизде 350 миң адамдын тегерегинде экени, ал эми эксперттердин маалыматы боюнча ал 1 миллионго чейинки санды камтып келет. Себеби бажы постторунан канча жаран республикадан чыгып же кирип жаткандыгы боюнча так маалыматтар жокко эсе. Мен жакындан билген бир үй-бүлөдө эле жыйырмадан ашык бир туугандар ар кайсы өлкөлөргө жумуш издеп кетип калышкан. Кыргыздарда ушундай көрүнүш пайда болду. Жакын туугандарынын бирөө чет мамлекеттин бирине барып жумушка ийгиликтүү орношуп алса, Кыргызстанда калган ага-ини, эже-сиңдилерин, жада калса куда-сөөктөрүн кошо чакырып алып жатышат.
Айталы, Россиянын өзүндө расмий маалыматтарга караганда 400 миң адам ВИЧ/СПИДге дуушар болгон. Тилекке каршы, эксперттердин эсептөөлөрү боюнча ал жакта анын саны 800 миңден 1 миллионго жетет дешсе, кээ бири 2 миллиондун айланасын айтып жатышат. Ушул факторго байланыштуу Россияда эмгектенген биздин мекендештерибиз үчүн да бул кооптонуучу көрүнүш. Биз Россиядагы диаспора жетекчилери менен жолугушканыбызда кыргыз мигранты ВИЧ/СПИД эле эмес, дегеле башка оорусу менен деле дарыгерге көрүнүшү үчүн өзүнчө машакаттуу тоскоолдуктарга дуушар боло тургандыгын айтышат.
Мекендештерибиздин дээрлик көбү легалсыз эмгектенишери, катталуусу жогу сыяктуу көйгөйлөрү бар экени баарыга белгилүү. Жаны кыйналып турса дагы, эрдин тиштеп эмгектенип жүрө беришет. Ошондуктан, аталган коркунучтуу дартка туруштук берүүнүн бир эле жолу бул - аны жуктуруп албоочу маалыматтар менен камсыздап, алдын алуучу иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруу. Себеби анын дарысын азырынча адам баласы ойлоп таба элек. Маселен, компьютердик компаниянын дүйнөдөгү ири ээси Билл Гейтс жыл сайын ВИЧ/СПИДге каршы дары чыгаруу менен алпурушуп жаткан институтка өзүнүн миллиондогон долларын берип турат. Америкадагы Голливуддун атактуу кино жылдызы Элизабет Тейлор сыяктуу дүйнөдөгү белгилүү адамдар акчалай каражаттарын которуп келе жатышат.
Дүйнөнүн картасын карап көрсөк ВИЧ/СПИД катталбаган бир дагы өлкө калбай баратат. Кээ бир гана мамлекеттерде бул боюнча ачык маалымат берилбегендиктен, анын пайыздык деңгээли катталып көрсөтүлбөгөн. Атүгүл Африка континентиндеги кээ бир өлкөлөрдө жалаң ВИЧ/СПИДден бир үй-бүлө бүтүндөй каза тапкан учурда түбөлүк жайга узатуу үчүн киши калбай бараткан окуялар кездешип келет.
- Бул боюнча Кыргызстандагы абалды кандай баалайсыз?
- Республикада ВИЧ/СПИДди жуктуруп алгандардын саны ай
сайын өсүп, өзгөрүлүп жатат. Мисалга алсак, 2010-жылдын 1-июнуна карата 2787 адам болсо, андан бир ай мурда эле 2629 адам болучу. Расмий эмес маалыматтарга караганда алардын саны 5000-1000 адамга барары айтылууда. Баарынан жаманы - көпчүлүк бөлүгү жаштар.
- Мигранттардын арасында конкреттүү натыйжа берчү кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат?
- ВИЧ/СПИДдин алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча жалпысынан 1038 тренерди, ал эми мигранттардын арасында иш алып баруучу Бишкек шаарында 25, Ошко 25 тренерди даярдадык. Булардан тышкары жалпы ВИЧ/СПИД боюнча көптөгөн брошюра, буклеттер басылып таратылды. "Үмүт келечеги үчүн күрөш" аттуу китеп чыгардык. Аталган тема боюнча 43 телеберүү көрсөтүлдү. Тренерлер кыргыз, орус тилдеринде коркунучтуу дартка каршы алдын алуучу, маалымат берүүчү окууларды өткөрүшөт. Арасында мигранттардын өздөрүнөн чыккандары да бар. Алар сөзсүз эле врач кесибиндеги адам болушу максат эмес.
Катардагы адам түшүндүрүү иштерин жүргүзө алса, эл ичинде ишеним да көбүрөөк болоорун байкадык. Биз жалаң эле тышкы мигранттарга гана эмес, ички мигранттарга да көңүл буруп келе жатабыз. Шаар тегерегиндеги жаңы конуштарда жашагандарга, ири базарларда эмгектенгендерге семинарларды өткөрүүдөбүз. Темир жол вокзалында, "Манас" аэропортунда, автобекеттерде атайын даярдалган адистер ар кыл акцияларды уюштурушууда. Казакстан менен чектеш "Кордай", Оштогу "Достук" чек ара пункттарында биздин мүчөлөрүбүз иш алып барышууда. Эки ай мурда Бишкектин темир жол вокзалында ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча ири акция өткөрдүк.
Бишкек - Москва каттамында сапарга чыккан жүргүнчү таркатылган брошюралардан үч күн бою коркунучтуу дарттан коргонуучу маалыматтарды окуп барат. Андан тышкары сактануучу каражаттар да таркатылды. ЖМКлар аркылуу да маалыматтар берилди. Мына ошол күнү эле поезддин бир каттамында 1000ге жакын адам жолго чыкты. Мигранттарды СПИДден сактоонун колдон келген бардык чараларын көрүүбүз милдет.
- Замира эже, бизде мындай бир көйгөй бар. Өзгөчө чет элдик донорлор колдогон долбоорлор менен иштеген тренерлердин
дээрлик баары орус тилинде сүйлөшөт. Элет жерине багышталган социалдык долбоорлор да аз эмес. Союз урагандан бери орустар каттабай калган алыскы аймактагы кыргыздар семинардын жарымысын түшүнбөгөн бойдон кете беришет. Бул жаатында сиздер кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Туура суроо болду. Адистерибиз маалымат берүү иштеринин көбүн кыргыз тилинде өткөрүү өзгөчөлүгү менен айырмаланышууда. Анткени биз иш-чараларды кайсы тилде өткөрүү керектиги боюнча социологиялык иликтөө жүргүзсөк, "кыргыз тилинде өткөргүлө" деген талаптар басымдуулук кылды. Себеби түшүнүктүү. Чет мамлекетке каттагандары да, элет аймактарынан шаар жерлерине келип отурукташа баштагандары да дээрлик түпкү улуттун өкүлдөрү экени эч кимге жашыруун эмес. Ушуга байланыштуу жеткиликтүү болсун үчүн кыргыз тилинде брошюраларды чыгардык. Окуулуктарды кыргызча өткөрүүгө көчтүк. Андан тышкары бизде зарыл учурда орусча, дунганча, өзбекче, атүгүл түрк тилинде сүйлөй турган тренерлерибиз дагы бар.
- Республиканын аймактары тууралуу сөз болуп калды. Ноокаттагы бейтапканадан ВИЧ/СПИДди жуктуруп алган өспүрүмдөргө жардам берген жайыңыздар барбы же аларга кызыккан жоксуздарбы?
- Мамлекеттен алган субсидиянын аздыгына нааразы болгон балдардын ата-энелери Өкмөткө, парламентке нечен ирет кайрылышкан. Кыргызстан аялдар конгрессинин Ош аймактык бөлүмү колдон келген жардамын берип, шприц, кийим-кечек, азык-түлүк жагынан колдоо көрсөттү.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




Жакыповдордун
элге жамандыгы жок
(Башталышы 2-бетте)
Ал эми Бакиевдин жана үй-бүлөсүнүн акмак чыгып калаарын, биз ак-талаалыктар эле эмес, бүткүл кыргыз эли кайдан билиптирбиз?
3. Максим Бакиевдин капчыгын толтурууда элдин байлыгы - алтынды уурдап-тоногон деген жалааны төгүндөп эле тим болбостон, бул курулай жалаа боюнча элим-жерим деп күйүп жүргөн атуулдарыбыз үчүн сотко кайрылсак да болот.
4. "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин жетекчилик кызматынан бошотуу керек деген талап боюнча айтсак биз республикалык деңгээлдеги жетекчи кызматчыларды кызматынан бошотууга, дайындоого кийлигише албайбыз. Бирок, Жакыпов Алмазбек Сейталиевич чөгүп бараткан "Кыргызалтынды" бүгүнкү күнү бутуна тургузуп, республиканын бюджетин толуктоодо салымын кошуп, кыргыз өнөр жайынын флагманы деңгээлине көтөрдү. Ал эми Ак-Талаа районунун патриот атуулу катары, Нарын шаарында төрөлсө да, Москва шаарында баш-аягы 17 жыл окуп, иштеп, жашаса да, Кыргыз Республикасынын алгачкы эгемендүүлүк пайдубалын куруучулардан болсо да, мамлекеттик ири ишкананы жетектеп жатса да, укканыбызга караганда бүгүнкү күнү да, карапайым адам катары эле заңгыраган ак сарай курбай, кадимки эле көп кабат үйлөрдүн биринде жашаса да кичи мекенинен кол үзбөй, элге, жерге жакын болуп, райондун бардык турмушуна жакындан катышып турат. Биз, Алмазды саясатчы эмес, мыкты өндүрүшчү, интеллекти бийик, принципиалдуу жетекчи, үлгүлүү үй-бүлө башчысы катары тааныйбыз.
5. Жакыпов Жолдошбек Сейталиевич "Ак Жол" партиясынан кийинчерээк болсо да депутат болгондугу чын. Бирок, депутат катары райондун социалдык-экономикалык жана маданий чарбалык деңгээлин көтөрүүдө өзгөчө социалдык объектилерди курууда зор салым кошкондугун райондун ар бир атуулу билет. Буга чейин мамлекеттик-чарбалык жооптуу кызматтарда иштеп келген жогорку маданияттуу, илим билимдүү, жаңыча көз караштагы уулубуз менен сыймыктанабыз.
Кылым карыткан кыргыз эли "Баарысын коюп - Манасты айт" дегендей, эң ириде элдин ынтымагын, биримдүүлүгүн көр пенделик көз караштан арылып-арууланып, майдаланбай, кыргызымдын залкарлык касиетин айталы!
Алдыдагы чоң сыноо - парламенттик шайлоону калыстык менен, тынч өткөрүп алалы.
Манас Насиров,
Арстан Акиев,
Айгүл Орозобекова, Мейман Токоев,
Алмазбек Кенеев,
Съездбек Кашкарбаев жана башка 336 адам кол койгон. Ак-Талаа району





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??