Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0723_10.htm on line 2


п»ї
  Көңүлдөгү көйгөй

"Дыйкан"
Базарынын ээлери Нариман менен Максим мыйзамды угушкан эмес
Мындан бир канча убакыт мурун шаарыбыздагы жашылча-жемиштер дүңүнөн сатылуучу "Баткен" базары экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербегендиктен, "Дыйкан" базарына көчүрүлгөн эле. Шаар тургундары кайсы базардан, кандай мөмө-жемиштерди сатып алышат, алардын өз эрки. Бирок, акчага сатылып алынган азыктардын экологиялык жактан тазалыгы, ден соолукка пайдалуулугу менен зыяндуулугу эске алынчу маселе.

2009-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын жаратылышты, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамына ылайык, Ленин райондук инспекторлору И.Таштанбеков менен К.Султанмуратов пландуу текшерүү жүргүзүп, мамлекеттик экологиялык экспертизанын долбоорун даяр-
дап көрсөтүүнү жана контейнерлер менен кампалардын цементтелишин милдеттендирген. Ошондо бул базарга ээлик кылып тургандар Н.Түлеев менен М.Бакиев экологдордун тынчсыздануусун эске алышкан эмес. Ал тургай Н.Түлеевди ошондон бери элди ууландырган жашылчаларды жедирип келгендиги үчүн кылмыш ишин козгош керек. Себеби, "Дыйкан" муниципалдык соода түйүнүндө санитардык тартиптердин бири сакталган эмес.
Базардын түндүгүндө 50 метр аралыкта темир жол, түштүк-чыгыш тарабында катарлаш мунай базасы бар. Эшелондоп келген бензин, солярка машиналарга күндүр-түндүр куюлат. Бууланган SO 2 газы базарда соода менен жан багып келаткан адамдарга, алар сатып отурган жемиштерге, анан калса кардарларга таасирин тийгизип, адам өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын биз өтө тынчсыздануу менен кабылдашыбыз абзел. Ошондой эле "Дыйкандын" батыш тарабында жүз метр арырак кычкылтек баллондорун сактоо кампасы бар. Жаман айтпай жакшы жок, кырсык болбойт деп ким кепилдик бере алат? Керек болсо бул жерге базар эмес, куралдуу күзөт уюштуруш керек.
Чүй-Бишкек аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгынын 2010-жылдагы 18-июнда жана КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин 11-июндагы билдирүүлөрүндө "Дыйкан" муниципалдык соода түйүнү жайгашкан жер санитардык-экологиялык талаптарга туура келбейт деп жазылган. Үзгүлтүксүз от алып турган техникалык абалы начар (моторлору түтөгөн эски машиналар) машиналардан чыккан уулуу затын андагы адамдар жутуп жатат. Үйүлгөн жашылча-жемиштердин таштандыларынын жанынан чыдап өтө албайсың. Жаан жааса, көлчүктөп сазга айланат.
Демек, тиешелүү талапка жооп бербесе, мындай базардын тез арада жабылышын жаңы өлкө бийлиги ишке ашыруусу зарыл.
Кубатбек
ОСМОНОВ,
фотожурналист





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"









??.??