№55, 23.07.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...






Акмат Бакиев кармалды
Кечээ күнү мындай расмий маалыматты КРнын Ички иштер
министри Кубатбек Байболов таратты. Министрдин айтымында Акмат Бакиев Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичирайонундагы квартиралардын биринде эки жан-жөөкөрү менен милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

- Акмат Бакиев КРнын Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөөлөнүп, буга чейин кармалбай жүргөн болчу. Ал жашырынган квартирадан 75 огу менен 2 тапанча жана жашырынып жүрүүгө ыңгайлашкан каражаттар: бет кап, жасалма сакал, мурут, кийме чач
сыяктуу буюмдар табылды. Ал Бишкекке сурак берүү үчүн жеткирилип, мыйзам алкагында иликтөө иштери жүргүзүлөт", - деди министр журналисттердин берген суроосуна.
Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акматты 21-июлда түнкү саат 10до ИИМдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев жетектеген ыкчамдуу топ кармаган. Ал түштүктөгү улуттар аралык кагылышууга катышы бардыгын сурак берүүнүн алгачкы учурунда эле
мойнуна ала баштаган. Андан тышкары А.Бакиевдин качып, буга
чейин таптырбай жүргөнүнө катышы бар адамдардын ысымдары да такталууда. Кээ бир маалыматтарга караганда ага айрым мамлекеттик кызматтагы адамдардын да
тиешеси бар экени айтылып жатат.
Акмат Бакиевди Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда атылган Баяман Эркинбаевдин бир тууган жээни Эмил Жусупов төрт досунун жардамы менен кармап алып, УКМКга өткөргөнү боюнча маркум депутаттын эжеси Зульфия Эркинбаева маалымат тараткан. Эми аларга мамлекет тарабынан 50 миң доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берилери да айтылууда. Тактап кетсек, Акмат Бакиев 2010-жылдын 30-апрелинен бери укук коргоо органдары тарабынан башка бакиевчилер жана
анын шериктери сыяктуу эле издөөдө жүргөн. Зулфия Эркинбаева АКИ-пресс агенттигине: "Акмат Бакиев кары кишинин бет кабын кийип, узун чач, сакал тагынып алып жашырынып жүргөн" - деп билдирген. Зулфиянын айтуусу боюнча Э.Жусупов бир нече күндөн бери Акмат Бакиев жүргөн жерлерди иликтөө жүргүзүп келген. Эмил Жусупов өзү мындай маалыматтын жалган экендигин айтып чыкты.
Өткөн айда Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиев да укук коргоо органдары тарабынан кармалганы белгилүү. Бирок, башкы күнөөкөр катары эсептелген Жаныш жана Максим Бакиевдердин качан кармалары али белгисиз бойдон калууда.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"