16.07.10
  Казакстандан - Кыргызстанга

Казактын боордоштугу жана ЕККУга төрагалык алкагындагы жардамдар
Жыл башында Казакстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) төрагалык кызматына киришкенде, кыргызстандыктарда боордоштук сыймыктануу сезими жаралган. Бирок, жай айларында коогалаңдуу окуялар болуп, өлкө эл аралык уюмдардын жардамына муктаж болуп калат деген түйшөлүү кимдин оюна келген.

ЕККУнун демилгеси менен
Апрель окуяларынын натыйжасындагы кайгылуу жоготууларга казакстандыктар да бирге кайгырышып, баш аламандыктарга сарсаана болуп жатышты. Президент Нурсултан Назарбаев бир тууган мамлекетте туруксуздуктун орун алганына тынычсызданып, жазыксыз адамдардын каны төгүлгөнүнө кабатырлануусун билдирди.
Мамлекет башчысынын тапшырмасына жана төрагалык ыйгарым укугуна ылайык, ЕККУнун арекеттеги төрагасы, Казакстандын мамлекеттик катчысы-тышкы иштер министри Канат Саудабаев дароо эле Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун издеп, тиешелүү чараларды көрө баштады. БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Европалык экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Ян Кубиш, Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров, Испания ТИМинин жетекчиси (Евросоюз төрагасы) Мигель Мартинос, Франциянын тышкы жана европалык иштер министри Бернар Кушнер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды турукташтыруу үчүн аталган уюмдардын ишин координациялап, чогуу аракет жасоого макулдашышты. Маектешүүлөрдө Казакстандын кырдаалды диалог жолу менен чечүү позициясы колдоого алынды. Мында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргоп калууга жана демократиялык принциптерди сактоого басым жасалды.
Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Жаныбек Карибжанов жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынан Адил Ахметов ЕККУнун төрагасынын Кыргызстандагы атайын өкүлдөрү болуп дайындалып, өлкөдө тынчтык орнотууга умтулган эл аралык уюмдардын ичинен биринчилерден болуп, кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Кыргызстанга келди. Казакстандын демилгеси менен Австриянын борбору Венада Уюмдун туруктуу кеңешинин отуруму дароо өткөрүлүп, Кыргызстандагы кырдаал талкууланды, ЕККУнун Бишкектеги борборуна тиешелүү сунуштар берилди. Казакстандын, Россиянын жана АКШнын президенттеринин биргелешкен жана ЕККУнун, БУУнун жана Евросоюздун ортомчулук арекеттеринин натыйжасында тактысынан айрылып, куралдуу адамдардын коштоосунда каршылык көрсөтүп жүргөн Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып кетүү маселеси КРнын Убактылуу Өкмөтү менен макулдашылды. Бул жарандык согуштун чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын алган оң иш-чара катары бааланууда.

Кыргызстан дайыма
Назарбаевдин назарында
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун арекеттеги төрагасы Канат Саудабаев 20-апрелде Убактылуу Өкмөттүн жетекчилери менен жолугушуп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча пикирлешти, ар тараптуу маалымат алуу максатында саясый партиялардын, жарандык институттардын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер менен баарлашып, журна-листтер менен маектешти.
Апрель - жазгы-талаа жумуштарынын кызуу маалы. Кыргызстандагы эгин эгүү иштерине кол кабыш кылуу ниетинде Президент Н.Назарбаевдин тапшырмасы менен Казакстан Өкмөтү атайын токтом кабыл алып, 3,7 миң тонна дизель майын гуманитардык жардам катары бөлүп берди.
ЕККУнун резервдик фондунан Кыргызстанда коомдук тартипти сактоого, мыйзамдын үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө жана демо-кратиялык баалуулуктарды сактоого колдоо көрсөтүү үчүн 200 миң евро каражаты бөлүндү.

Казакстандын сунушу аркылуу
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алкагында аткарылып жаткан аракеттерге кошумча, Н.Назарбаев Кыргызстан менен тыгыз алаканы күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуу боюнча өзүнүн атайын өкүлүн дайындады. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Болат Өтемуратов Кыргызстанга бир нече жолу келип, Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева жана анын орун басары Өмүрбек Текебаев менен учурдун өзөктүү проблемаларын талкуулап, анын бир катарынын чечилүүсүнө түрткү болду. Атап айтканда, анын ичинде чек араны ачуу, Казакстандагы кыргыз жарандарынын референдумда добуш берүү, туристтик өнөктүктү уюштуруу маселелери бар.
Казакстан ЕККУнун төрагасы катары уюмга мүчө мамлекеттердин, өнөктөш эл аралык уюмдардын, дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанда туруктуулукту камсыздоого багытталган күч-аракетин координациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда. Жогоруда аты аталган ири эл аралык институттардан тышкары, Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Евразиялык экономикалык шериктештик менен, ошондой эле эл аралык чоң каржы мекемелери - Эл аралык валюта фонду, Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Азия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздугун камсыздоо жана өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгуу боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
ЕККУнун аракеттеги төрагасы Канат Саудабаев Жалал-Абадда жана Ошто болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, каршылаш тараптарды пайда болгон проблемаларды түшүнүүчүлүк жана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.
К.Саудабаев Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ЕККУнун, анын институттарынын жана Бишкектеги борборунун Кыргызстанга жардамдашууга даяр экендигин маалымдады.
Коогалаңдуу окуялардан кийин да Канат Саудабаевдин жетекчилиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кырдаалды басаңдатуу багытында бир топ иш чараларды аткарып келет.
Ж.Карибжановдун төрагалыгы менен Бишкекте координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлүп, түштүктүн тургундарына чукул жардам көрсөтүү, капсалаңдан батыраак чыгуу маселелери талкууланды.

Отунбаева менен Назарбаевдин макулдашуусу
Учурда Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнү укуктук нукка түшүрүү боюнча ийгиликтүү иштерине, атап айтканда, Конституцияны кабыл алуу, өткөөл мезгилдин Президентин шайлоо боюнча бүткүл элдик добуш берүүнүн ойдогудай өткөрүлгөнүнө байланыштуу Казакстан эки тараптуу кызматташууну сапаттык жактан жандандырып, ири көлөмдө материалдык-каржылык, укуктук жана башка да жардамдарды берүү маселесин колго алды.
Бул жөнүндө Роза Отунбаеванын мамлекет башчысы катары 5-июлда Астанага жасаган биринчи иш-сапарындагы ЕврАзЭШтин мааракелик жыйынында жана Казакстандын лидери Н.Назарбаевдин расмий кабыл алуусунда макулдашылды. Казакстандын башчысы Роза Отунбаеванын элдин колдоосуна ээ болуп, Президент болуп шайлануусу менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Казакстандын жана Кыргызстандын Премьер-министрлеринин биринчи орун басарлары жетектеген жогорку деңгээлдеги биргелешкен жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Андан тышкары Н.Назарбаев өз өкмөтүнө Кыргызстанга 10 миллион доллар көлөмүнө чейин кайтарымсыз грант берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга тапшырма берди.
14-июлда Казакстан өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары Өмүрзак Шүкеев жетектеген жогорку деңгээлдеги жумушчу топ Бишкекке келди. Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева менен Өмүрзак Шү-
кеевдин жана биринчи вице-премьер-министр А.Муралиев жетектеген кыргыз тараптын жогорку деңгээлдеги жумушчу тобу менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстанга комплекстүү жардам берүүнүн кылдат планын иштеп чыгышты. Мында Казакстан Кыргызстандын бюджетин, анын банк чөйрөсүн турукташтыруу, кыш мезгилинде энерготармактын ойдогудай иштешин камсыздоо жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү багыттарына басым жасайт.

Кыргыз-казак
Ошту чогуу курат
Айта кетчү нерсе, жогорку деңгээлдеги топтордун серепчилеринин баамдоосунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү турак-жай үйлөрүн, энергетика жана коммуникация объектилерин калыбына келтирүүгө жана кышка даярдыкка кем дегенде 1 миллиард доллар каражат керектелет экен.
Биргелешкен жумушчу топтун отурумунда Кыргызстанга зарыл цемент, курулуш жыгачтары, металлдык конструкциялар сыяктуу курулуш материалдарын Казакстандан гумжардам түрүндө жеткирүү маселеси чечилди.
Белгилеп койсок, биргелешкен жумушчу топ Кыргызстандын түштүк аймагын толук калыбына келтиргенге чейин иштей бермекчи. Анын штаб-батири Ош шаарына жайгашат, калыбына келтирүү иштери жакынкы күндөрдө башталат.
Жогорку деңгээлдеги топтун ишин жыйынтыктап жатып Амангелди Муралиев: "Кыргызстан үчүн татаал мезгилде Казакстандын дароо жардам берип жатканына ыраазычылыгыбызды билдиребиз" - деп, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге жылдын экинчи бөлүгүндө Алматы шаарында Кыргызстанга эл аралык жардам көрсөтүү боюнча талкуу өткөрүлүп, план кабыл алынуучу чоң эл аралык донордук конференцияны уюштурууга демилге көтөргөнүнө кыргыз тарап абдан ыраазы экендигин баса белгиледи.
Бул өңүттө 16-17-июлда Астана шаарында ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин саммити өткөнү жатканы да жакшы саамалык. Уюмдун төрагасы катары Казакстан күн тартибине ЕККУнун Кыргызстанга ар тараптуу жардамдашуу маселесин киргизди. Бул маанилүү форумга Президент Н.Назарбаевдин катышып, анын дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын саясый, социалдык-экономикалык туруктуулугун тез калыбына келтирүүгө иштиктүү колдоо көрсөтүүгө чакырган кайры-луусу күтүлүүдө.
Боордош казак калкынын кыйын учурда олуттуу жардам көрсөтүүсү кылымдарды карыткан боордоштук, достук жана жакын коңшулук мамилелерди бекемдеп, өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө, туруктуулукту калыбына келтирүүгө зор ишенимди жара-тууга өбөлгө болууда.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу".

Сүрөттө: Казакстан өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары Өмүрзак Шүкеев Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаеванын кабылдоосунда.
Сүрөтү Султан ДОСАЛИЕВдики