16.07.10 Мамлекеттик тилге чечкиндүү кадам
Кыргыз айымдарынын аброю, кадыр-баркы көтөрүлүп, Роза Отунбаева кыргыз аялдарынан эң алгачкы Президент айымы болгондо эне катары чын жүрөгүмдөн кубанган элем. Бүгүн ошол кубанычымды дагы бир чоң салтанат аркалап, ушул кубанычымды эл менен бөлүшкүм келди. Анткени, Роза Отунбаеванын "Мамлекет маданиятынын деңгээли менен бааланат" деген сөзүнүн учугу узарып, 13-июль күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кыргыз тили кайрадан жаңыланып, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиясы болгондугунун жарлыгы жарыяланды. Учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүүчүлөрдүн, кыргыз тилин сүйүүчүлөрдүн көк асабасы түндүктөн желбиреп, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай турган чагы. Ошондуктан Президентибиз
Р.Отунбаевага чын дилимден эне жана кыргыз тилинин күйөрманы катары ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, тил маселесин өз учурунда Американын трибунасынан кыргыз эли жөнүндө нукура англис тилинде таза сүйлөп, кыргыз кызы Роза Отунбаева дүйнө элине көтөрүп чыкты. Президент айым бүгүнкү күндө мамлекеттик тилдин келечеги үчүн мазмундуу иштердин жолун ачты. Ошондуктан Президент Роза Отунбаевага оор жана түйшүктүү иштеринде ак жол каалайм. Кыргызстандын келечеги үчүн баштаган иштериңизди ийгилик коштосун.
Гүлмира МАКСҮТОВА , Жалал-Абад облустук мамлекеттик
администрациясына караштуу кыргыз тили комиссиясынын
жооптуу катчысы


Апенди болбогула
Кагылайын эли-журтум, келгиле тынчтыкта, ынтымакта жашоо үчүн баарыбыз күрөшөлү! Бири-бирибизге зыяныбызды тийгизгенден качалы.
Кудайды көз менен көрбөсө, акыл менен тааныш керек. Кудай деп, Жараткандан жардам сурайлы. Ала койду бөлө кыркса, жүнгө жарыбайт дейт, азыр биз сен оштук, сен көлдүк деп бөлүнө турган заман эмес. Кагылайын Оштогу бир туугандар, бири-бириңерге кек сактап, өч алуу жөнүндө ойлоно көрбөгүлө! Биз биригишибиз керек.
Жаңы бийлик илгерки кездеги колхоз-совхозду кайра куруп, ошону жандандырууга аракет кылышса жакшы болот эле. Мурда кандай сонун жашачу элек. Менин оюмча али деле кеч эмес. Эми деле аракет кылып, ошондой жашоо-шартты түзүп алса болот. Болгону бул үчүн биздин башчыларыбызга Жаратканым ыйман, нысап, калыстык берсе болду. Айланайын жетекчилер! Акчанын артынан сая түшүп, ээрчип элдин түйшүгүн, келечегин ойлоону унутуп койгон Акаев, Бакиевдей болуп апенди болбогула!
Күлүйпа ТЕМИРБЕКОВА,
Талас облусу, Манас району


Соо адамдар
Россияга кетет, майыптар кантет?
Жумуш орундарынын жетишсиздигинен дени сак, алдуу-күчтүү жаштар Россияга, Казакстанга жана алыскы чет мамлекеттерге кетип жатышат. Ал эми эч жакка кете албаган, мүмкүнчүлүгү чектелген биз өңдүүлөргө коомдун социалдык оорусу 5 эсе катуу тийүүдө. Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турганда бизден шаардык транспортто бекер жүрүү укугун алып салып, компенсация бердирген. Анысын пенсияга эле кошуп берип койбой, өзүнчө аласыңар деп кыйла убарага салган болчу. Анысы да күлкү келерлик каражат. Өмүрбек Текебаев спикер болуп турганда деле кабыл алынган мыйзамдар начар иштеген. Ошондо мен: "Майыптарга майып эмес, мыйзам керек" - деп телеэкрандан ыр окугам. Кыргызстанда 120 миңге жакын майып адамдар бар. "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" дегендей, Чүй облусунун жаш майыптар коомунун мүчөлөрү апрель окуяларында бакиевдердин Бишкектеги өрттөнүп, талкалангандан калган үйүн бекеринен кайтарып отурушкан эмес. Ошол үйдү Убактылуу Өкмөт декрет менен майыптарга өткөрүп берет деген үмүттө күтүп жатабыз. Өткөндө Өмүрбек Текебаев мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын добуш берүүгө жарактуусунун баары референдумга келсин деген тапшырманы тишелүү органдарга бериптир. Бизди шайлоо менен референдумда эле эстебей, өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жумуш орду менен камсыз кылууга аракет кылсаңыздар.
Сапарбек МУРАТОВ,
Бишкек шаары

Элибизге коогалаң эч болбосун!
Азырынча Улуу урматтуу Теңирим,
Кыргыз элиме, жериме,
Ырыс-кешик, тынччылык,
Ынтымагыңды бергиниң!

Падышабыз кастык кылып элине,
Качып кетти карабай эл-жерине.
Баш калаабыз, Бишкек шаарыбызда,
Дүкөндөрү, базарлары тонолуп,
Үрөй учуп турду Кыргыз жеринде.
Бештен, ондон топ-топ болуп көрүнбөй,
Чыгыш, батыш, түндүк, түштүк деп бөлүнбөй.
Душмандардын тилине киришип,
тоноп, өрттөп,
Тоодон түшкөн ач карышкыр бөрүдөй.

Президенттин куйруктары, душмандар,
Кошоматчы бузукулар жашынып.
Элди үгүттөп жер бергиле деп,
Чыгып калган эгиндерди тебелеп,
Бишкек шаарынын бош жерлерин
бүт ээлеп...

Бакиевдин куйруктары көрүнбөй,
Элге чыгып, кечирим сурап келишпей.
Чоң имараттарды талкалап, өрттөмөй,
Окко учкан баатырлардын сөөгү
жатса көмүлбөй.

Башым ийип, таазим этем,
Манас ата арбактары колдосун,
Периштелер бизди дайым коргосун,
Кыргыз жеринде, элинде уруш,
согуш болбосун!


Какен ТӨЛӨКОВА, Бишкек шаары




Кыдыр ата
колдосун!
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Роза Отунбаевага
Эки ажодон элим эчак түңүлдү,
Түшүнөмүн сен көтөргөн жүгүңдү.
Аман болгун айланайын садага,
Элим деген кыз экениң билинди.

Саясаттын саздагына батпадың,
Адам деген интеллекти актадың.
Бийлик басса белиң ийип жүгүнбөй,
Элим дедиң, ар-намысты сактадың.

Асабаңды колго бийик кармадың,
Ата-Журтка өмүрүңдү арнадың.
Мен-мен деген кай бир эркектанаалар,
Көрбөдүкпү манкурт болуп калганын.

Алар эмне, мансап үчүн сатылды,
Идеялуу инсандарга асылды,
Арасында жалгыз аял болсоң да,
Сактап калдың аял деген атыңды.

Өткөөл мезгил, өтө
татаал жолдосуң,
Идеялың-жалгыз гана
жолдошуң.
Сага деген Алла
астында тилегим,
Жолуңду ачып Кыдыр
ата колдосун!
Мелис Абыкеев,
Нарын району, Жан-Булак айылы




Балык башынан сасыган...
Биз орус тилине расмий деген наамды берип, орус тили биздин экинчи эне тилибиз деп дардаңдап нечен жылдан бери жүрө берип, ушунун кесепетинен кыргыз тили бүгүнкү күндө эң эле аянычтуу деңгээлге жетти. Тактап айтканда, эне тилибиз орус тилинин көлөкөсүндө, тебелендисинде калды. Чыпчыргасы коробогон, жакырланбаган, кылымдардан берки эл оозунда айтылып келген накта кыргыз тили "Манас" эпосунда гана сакталып калыптыр. Эгер, биз кыргыз тилине бүгүндөн баштап олуттуу көңүл бурбасак, кыргыз тили жакырланып жүрүп олтуруп, жоголуп кетүү коркунучунда турат. Тил жоголгондон кийин, мамлекет өзүнөн өзү жоголот деп түшүнүш керек.
Бүгүнкү күндө кыргыз тилин кимдер жакырлантып жатат? Өткөн мезгилде мамлекеттик жетекчилерибиз чет өлкөлүк меймандарды орус тилинде кабыл алышкандыктан, алардын баштары маң болуп, биз орус мамлекетине келдикпи же кыргыз мамлекетине келдикпи дешип бүшүркөшүп калышкандыктарын ар дайым көрүп эле жүрчүбүз. "Балык башынан сасыйт" дегендей, буга тилибиздин тепсендиде калышында мурдагы мамлекет жетекчилерибиздин күнөөсү өтө чоң.
Бир мамлекетте бир эле мамлекеттик тил болуш керек. Расмий жана экинчи эне тил деген болбойт. Антпесек кыргыз тилибиз жакырлануусун уланта берет. Маселен, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө кетип бараткан кыргыздарга байкоо салсаң, алардын көпчүлү жалаң эле орус тилинде сүйлөшүп баратышканын көрүп алып зээниң кейийт. Алар улуттук ар намысты, улуттук бийиктикти, улутубуздун улуулугун таптакыр унутуп коюшкан. Аларда улут жөнүндө кайдыгерлик өкүм сүрүүдө. "Улут болсоң тилиң менен улутсуң" деген накыл сөзгө маани беришпейт.
Торон ЖУМАЕВ, Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары


Кайрылууга менин тиешем жок
Менин бул кайрылуумду жазуумдун себеби: "Кыргыз Туусу" гезитинин 2010-жылдын 9-июлундагы №51 санында Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын наамына "Жакыповдор бакиевдерге жагынуу аракетинде гана жүрүшкөн" деген макала жарыяланган. Макаланын аягында "Орто-Сырт" жамааттык фондусунун жетекчиси Т.Турусбеков деп менин атымды жалган жиберишкен. Мен бул макаланы жазбагандыгымды жана "Орто-Сырт" жамааттык фондусунун жетекчиси эместигимди билдиремин. "Орто-Сырт" жамааттык фондусунун жетекчиси Беделов Нурболот деген жигит. Менин атымдан жалган макала бергендерди тактап тиешелүү органдарга кайрылып жатам.
Кайрылуу өз сөзүм, өз кол коюум менен берилди.
Т.ТУРУСБЕКОВ, Баетов айылынын жашоочусу





Кантип мен, оорубайын кыргызым деп!
Кантип мен, оорубайын кыргызым деп
Жан дүйнөм, "биримдик" - деп күйүп турса,
Кыргызым түпкү элдигин жерип турса,
Түндүгүм, Түштүгүм деп көөп турса,
"Кыргызым" уруу, урууга бөлүп турса.

Кантип мен, оорубайын кыргызым деп
Киргиздер, кыргыздыгын чанып турса.
Киндик кан, тамган жерин сатып турса,
Башчылар өз элин атып турса,
Бийлигиң, кыргызымды кууп турса.

Кантип мен, оорубайын кыргызым деп
Бөтөн тил, эне тилин бууп турса
Кыргызым өз тилинен сууп турса,
Дилим да, тилим кошо соолуп турса,
Арка бел, Ала -Тоом ооруп турса.

Кантип мен, оорубайын кыргызым деп,
Хандарым бөтөн элге качып турса,
Ак үйүң мазар болуп катып турса,
Кыргызым, өз журтуна жашып турса,
Кантип мен, оорубайын кыргызым деп,
Кут учуп, күйүт күчү батып турса.

Деп күйгөн кыргыз уулуң мен боломун
Кыргызыма, Ата журтка бел болоюн,
Күйүттөн калем курчуп ыр жаратып,
Ынтымакка, биримдикке дем болоюн,
Сен оорусаң, мен ооруймун кыргызым,
Кыргыз духун Манасымдай тургузгун,
Кең болгунуң, тең болгунуң, бир болгун,
Дүйнөлүк теңдешүүдө Пир болгун.
Абылкасым МАЖИТОВ,
Сүлүктү шаары