13.07.10
  Түз байланыш

Өткөн жылдагы кышта электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр, ашыкча пайдаланууга чектөөлөр, баа саясатындагы кескин жогорулатуу элдин көңүлүнө катуу тийген беле, түз байланышта тынчсызданып, суроо бергендер көп болду. Энергетика министринин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин үчүнчү жана төртүнчү чакырылышынын депутаты, экономика илиминин кандидаты, философия илиминин экономика боюнча доктору (европалык университет), II класстагы мамлекеттик кеңешчи, Чүй университетинин доценти Осмонбек Мамбетжанович Артыкбаев ар бир телефон чалган окурманыбыздын суроосуна кунт коюу менен жооп берди. Кайрылуулардын көпчүлүгү бири-бирине окшош мазмунда болгондуктан, биринчи берилген суроолордун жооптору берилди.

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек АРТЫКБАЕВ:
"Энергетика тармагында жакшы жылыштар болот"
Камбар-Ата - 2 иштей баштайт
Ырысбек Калматов,
Токтогул району:
- Улуттук долбоор аталган Камбар-Ата - 2 ГЭСи качан ишке кирет? Чынында эле республикалык бюджет менен курулуп жатабы? Толук бүтүшүнө канча сом чыгымдалат? Азыркыга чейин канча каражат жумшалды?
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы "Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушу жөнүндө" №43 токтомунун негизинде Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылдын 31-августунда ишке киргизилет. Камбар-Ата - 2 ГЭСи республикалык бюджеттин жана "Электр станциялар" ААКнун каржылоосу менен курулуп жатат. Азыркы убакка чейин республикалык бюджеттин эсебинен 4400 млн. сом бөлүнүп берилди, Өнүгүү фондунан 4392,6 млн. сом, "Электр станциялар" ААКнун эсебинен 463,2 млн. сом бөлүндү жана демөөрчүлөр тарабынан 3,3 млн. сом сарпталды.
Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн 9,8 млрд. сом чамасындагы каражат чыгымдалат.
2007-жылдын ноябрь айынан баштап 2010-жылдын 1-июлуна чейин Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегатын курууга 9 259,04 млн. сом каражат жумшалды.

Чыгаша көп
Алтынай Керимова,
Бишкек шаары:
- Мурдагы бийлик электр станцияларды менчикке бергенде, электр энергиясынын баасын 1сом 50 тыйынга көтөргөндө ГЭСтерден бир киловатт электр энергиясы бири 8, бири 24, башкасы 64 тыйындан өндүрүлөт дешип элдин башын айландырышты. Чындыгында азыркы учурда бир килловатт энергияны өндүрүүгө канча
тыйын сарпталууда?
- 2010-жылга электр энергиясынын "Электр станциялар" ААКнун ГЭСтериндеги божомолдонгон өздүк наркы 9,8 тыйын кВт/с, ЖЭБдерде 2,28 сом кВт/с, жалпысынан электр энергиясынын өздүк наркы 28,3 тыйын кВт/с түзөт. Аны менен бирге "Электр станциялар" ААКму электр энергиясын ички пайдалануучуларга 41,1 тыйын кВт/с орточо тарифи боюнча сатат. "Электр станциялар" ААКнун ЖЭБиндеги жылуулук энергиясынын божомолдонгон өздүк наркы 976,3 сом Гкал, орточо коё берүү тарифи болсо, 442,9 сом Гкал түзөт. Республика
боюнча бюджеттик уюмдар, мекемелер электр энергиясын пайдалангандыктары үчүн 125 млн. сом, газды колдонгондуктары үчүн 67 млн. сом карыз. Бул береселерди алуу үстүндө түшүндүрүү иштерин, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз.

Жоготуулар жоюлабы?
Света Жапаркулова,
Сокулук району:
- Мурунку бийлик жылда электр энергиясын жоготуу 40 пайыз болуп жатат дешип, бааны көтөрүүгө шылтоо издешкен. Бул кемчиликти жоюу үстүндө кандай иш-чараларды көрүп жатасыздар?
- 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүүчү электр компанияларынын электр энергияны жоготуу деңгээли 25%ды түздү. 2010-жылы бөлүштүрүүчү электр компанияларынын алдында электр энергияны жоготуу деңгээлин 25%дан жогору чыгарбоо жана дебитордук карыздын өсүүсүнө жол бербөө маселеси турат. Ушуну менен бирге, энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты, тунуктукту, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана энергетикалык натыйжалуулукту арттыруу, коррупцияга жана уурулукка жол бербөө - биздин негизги милдетибиз.
Бардык энергетикалык компанияларда, Энергетика министрлигинде ишеним телефондору жана коомдук кабылдамалар иштеп жатат. Кардарлар бүт көйгөйлүү суроолор менен ошол жакка кайрылышса болот. Ал боюнча чечимдер чыгарылып, кандай аткарылып жатканы тууралуу жума сайын текшерилүүдө. Мисалы, министрликке 56-11-13 ишеним телефонуна чалсаңыздар, тийиштүү кызматкерлерден жооп алынып берилет.

Түштүк-түндүк туташтырылат
Калдар Эсенкулов,
Баткен району:
- Баткен облусу электр энергиясына Өзбекстансыз, түз Кыргызстандын ГЭСтеринен тартылган линияга качан туташтырылат? Түз түштүк-түндүктү туташтырган жогорку чыңалуудагы линия курулуп жатабы?
- "ВЛ 110 кВ Айгүлташ - Самат жана подстанция" долбоору боюнча 140 чакырым узундуктагы электр линиясын куруу жана 110 кВ "Самат" подстанциясын реконструкциялоо керек. Келишим боюнча 2011-жылдын
ноябрь айында Айгүлташ - Самат электр линиясы курулуп бүтүп, Баткен облусу кыргыз энергетикалык системасынан электр энергиясы менен камсыз болот. Азыркы убакта түштүктөгү окуяларга байланыштуу куруу иштери убактылуу токтотулду. Түштүк региондорунда кырдаал туруктуу болгондо электр линиясын куруу иштери кайра башталат.
Түштүк-түндүктү байланыштырган "Датка-Кемин" электр линиясын куруу иштери баштала элек. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы №470 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарынан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдү каржылоону караган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу долбоорунун негизинде 2010-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр иштелип чыгат:
"Кыргызстандын түштүгүн электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча - 256,0 миллион АКШ доллары өлчөмүндө;

"Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ подстанциясын куруу" долбоору боюнча - 343,0 миллион АКШ доллары өлчөмүндө.
Асанбай Турдалиев,
пенсионер, Ош шаары:
- Жаш өткөндөн кийин түнү бир ойгонсоң уктабайт экенсиң. Телевизор көрөйүн же китеп, гезит окуюн десең электр жарыгы түнү өчүрүлөт. Өткөн кышта өтө кыйналдык. Деги быйыл кышта жарык өчпөйбү?
- 2010-жылдын 1-апрелинен тартып 2011-жылдын 1-апрелине чейин 13,3 млрд. кВт/с электр энергиясын иштеп чыгаруу пландалууда, бул өткөн мезгилден 2,1 млрд. кВт/с же 19%га% көп. Бул электр энергиянын көлөмү республиканын экономика тармактарын жана калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Электриктерге
эл ыраазы
Акылбек Умаров,
Кара-Кулжа району:
- Сизге өтүнүчүм бар эле. Ош шаарында иштешкен электр тармагындагы кызматкерлер коогалаңда элди электр менен камсыздоодо атылган окту карабай өз милдеттерин эрдик менен аткарышты. Коргоо жана башка министрликтердин өзгөчө эмгек жасашкан кызматкерлерине алкыш айтуу, сыйлоо иштери жүрүп жатат. Энергетика министрлиги тарабынан дагы ок, өрт кечкен, жоопкерчиликти жогору коюшуп, өз тапшырмаларын так аткарышкан энергетиктерди белгилеп койсоңуздар.
- Сиз айткандай биздин электриктер Ош, Жалал-Абад окуяларында ок алдында өрт аралап, өздөрүнүн тийиштүү жумуштарын аткарууга аракеттеништи. Мен өзүм 13-17-июнда ал жерлерде болуп, чукул арада аткаруучу иштерди белгилеп, энергетика минис-трлиги түштүктү калыбына келтирүүгө болгон аракетибизди, тапкан каражатыбызды мүмкүн болушунча көбүрөөк бөлүп жатабыз. Жанагы сиз айткан бир жагынан патриот, экинчи жагынан өз милдеттерин так аткарышкан адамдарыбызды Жалал-Абад шаары боюнча тактап, ыраазычылыгыбызды айтып, сыйлыктарыбызды бердик. Ош шаары боюнча тизме түзүп, тактап жатабыз. Буюрса, жакын арада сиз айткандай алардын эмгектерин баалап, белгилейбиз.
- Быйыл жаанчыл болуп, сел жүрүп эл көп кыйналды. Кара-Кулжада селдин айынан электр түркүктөрү жыгылып, жарык өчүп, көпкө күйбөй калган учурлар болууда. Ош, Жалал-Абад окуяларына байланыштуу көңүл бурулбай калбайбы?
- Кудай буюрса, мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Ошол жакка бүт күчтөрүбүздү жумшоодобуз. "Түндүк электр", "Чыгыш электр" ААКнун эсебинен жетишпей жаткан зымдарды, трансформаторлорду түштүккө жөнөтүп жатабыз. Кара-Кулжа району сыртта калган жок. Алай-Кууга кеткен линиянын төрт түркүгүн сел жол менен кошо жууп кеткен. Алай-Кууга электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн 25 адам иштеп жатат.
- Көп үйлөр, имараттар өрттөнүп кеткендиктен электр жок. Буларды электр энергиясы менен камсыздоо кандай чечилет?
- Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча Убактылуу Өкмөт дирекция түзгөнүнөн кабардар болсоңуз керек. Ошол өрттөнүп кеткен үй, имараттардын ордуна эле жаңысын салабы же башка жерлерге чоң-чоң микрорайондорду курабы, бул багытта атайын адистер долбоорлордун үстүндө иштешүүдө. Биздин министрликтин атынан түштүккө өкүл болуп Түмөнбаев дайындалган. Ошол дирекциянын ар бир талкуулаган маселелерине катышып, биз тараптан аткарчу иштерди аныктап жүрөт.

Өздөрү уурдашкандар
Анарбек
Алымкулов,
Шамалды-Сай шаар
тибиндеги айыл:
- Шамалды-Сайда ар бир үйдөгү эсептегичтин (счетчиктин) башы тешилип, ийне сайылып, массалык түрдө уурдалууда. Электриктер 3 миң киловатка чейин түшүрүп, элден өзүлөрүнө акча алууну адатка айландырышкан. Базардагы контейнерлерге да "крышовать" этишет. Аны
участканын начальниги Кады-ралы Мажитов жетектеген
үй-бүлөлүк "клан" ишке ашырууда. Электриктер Сатыбеков, Төлөнов, Эргешов, Ж.Ахмедов анын туугандары. Электрге төлөнүүчү акчаны мамлекеттик казынага түшүрбөй, өз кызыкчылыктарына жумшап жатышкандарга чара көрүлөбү?
- Сөзсүз чара колдоном. Эгер, Сиз кааласаңыз коомдук көзөмөлдөө уюмун түзүп жатабыз. Ошого кирсеңиз болот. Жер-жерлерде коомдук көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек.
- Сиздин орун басарыңызга бул маселе тууралуу телефон чалып кайрылдым эле, жыйынтыгы чыкпады.
- Маматовго кайрылдыңыз беле?
- Ооба. Мен барсам, кабыл аласызбы?
- Качан, кайсыл убакта болбосун жогоруда айтылган фактыларыңызды ала келиңиз, кабыл алам. Сиз айткандар боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерилет.

Кой короо да коммерцияга кирет
Эдил Кузебаев,
Талас облусу,
Манас району:
- Электр энергиясынын бир киловатына өнөр жайы тармагындагылар 1 сом 50 тыйындан төлөшөт. Электриктер алыскы айыл жериндеги кой короо-лорду дагы өнөр жайга кошушуп, 1 сом 50 тыйындан алышууда. Мал чарбачылыгына, алыскы тоолуу аймактарга жеңилдиктер жокпу? Кандай төлөшүбүз керек?
- Эгерде, чабан фермер болсо, фермердик иш бизнеске кирет. Коммерциялык уюмдарга бюджеттик өнөр жай, кыскасы бизнеске байланышкан бардык түзүмдөр кирет. Алар бир киловатт электр энергиясына 1 сом 37 тыйындан, салыгын кошкондо 1 сом 50 тыйындан төлөшөт. Ал эми жалпы эл үйдө колдонгон электр энергиясына 70 тыйындан төлөнөт. Ошол 70 тыйын өндүргөн электр энергиянын чыгымдарын толук жаап бере албайт. Ансыз деле азыр көп жылдардан бери энергетика тармагындагы подстанциялар, 04, 06 линиялары, башка толгон жабдыктар эч качан оңдолгон эмес да. Алардын эскириши 70 процентке жеткен. Ошолордун баарын калыбына келтирип, элге үзгүлтүксүз электр энергиясын беришибиз керек. Ага бизге акча керек.

Көмүр өндүрүү колго алынууда
Асел Орозбаева,
Бишкек шаары:
- Убактылуу Өкмөттүн токтомуна ылайык көмүр казуу тармагы энергетика министрлигине өткөрүлүп берилбедиби. Сиздер "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасын ачыпсыздар. Жанындагы "Беш-Сары", "Ак-Улак" жеке менчик фирмаларын жоюп салбайсыздарбы. Конституцияда кен байлык элдики деп жазылган. Эмнеге жеке адамдар элдин байлыгын талап жатат? Улутташтыруу жүргүзүлдүбү?
- Негизинен азыр "Беш-Сары", "Ак-Улактын" жана дагы бир көмүр кенинин жерлери "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасынын карамагына алынды. Өкмөттөн 650 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүү пландаштырылууда. Ушул акчанын эсебинен "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасынын базасын түзүп, техникаларды алып, көмүрдү туура технологияда казууну жүргүзөбүз. Ал жерде жергиликтүү адамдар иштейт. Конкурстук негизде жогорку кесипкөй башкаруучуларды тандап алабыз.
- Электр тармагын токтотпой иштетүүгө 2,5 млрд. сом акча керек деп маалымат жыйынында айттыңыз эле. Аны 1,5 миллиардга азайттык дегенсиз. Эмнелердин эсебинен азайттыңыздар? Жаңылоого, оңдоого, эскилерин алмашты-рууга каражатты кайдан таап жатасыздар? Авариялар болбойбу, жарык өчпөйбү?
- Биринчиден, Кудай буюрса
быйыл кышында электр энергиясына чектөөнү алып салабыз. 24 саат бою үзгүлтүксүз электр энергиясын элге беребиз. Токтогул ГЭСиндеги суу азыркы учурда 17 миллиард куб.метрге чыгып калды. Өткөн жылы ушул мезгилде 10 миллиарддын тегерегинде болчу. Дагы бир аз көбөйөт. Анан бизге мүмкүнчүлүк болуп, кышында чектебей электр энергиясын беребиз.
Экинчиден, Сиз айткан 2,5 млрд. сом биздин энергетика системасынын бюджетинен кетип калды. Бул эмнеге байланыштуу. Элдин талабы боюнча тариф 1 сом 50 тыйындан 70 тыйынга чейин арзандады. Ошонун айынан бизге түшө турган 2,5 млрд. сом түшпөй калды. Аны биз каяктан табабыз? Муну биз кантип 1,5 млрд. сомго чейин төмөндөттүк? Бизнес пландардын барын бир сыйра карап чыктык.
Кээ бир ашыкча иштер болсо, аны пландан алып койдук. Кээ бир сметалардын техникалык чечимдеринин баарын кайтадан карап, оптималдаштырып, ал жерден үнөмдөдүк. Андан сырткары дагы бир топ иштердин сметалары түзүлгөндө жогору бааланып калган экен. Аларды бир тыйынга чейин так эсептеп, бир топ үнөмдөөлөрдү жасадык. Анын натыйжасында жетпей жаткан акчанын санын 1,5 млрд. сомго чейин түшүрдүк. Анан ушул акчаны табуу булактарын аныктадык. Ушул акчаны кышка жетерлик даярданганга, отун-сууну сатып алганга, системаны оңдоп, анан кышында үзгүлтүксүз электр энергиясын бергенге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар деп элди ишендирээр элем.

Спорт кайра жанданат
Сагын Турдакунова,
"Нарын жылуулук берүү ишканасынан":
- Былтыр биринчи жолу спорттун бардык түрү боюнча спартакиаданы энергетика министрлиги уюштурду эле. Биздин жумушчулар өтө кызыгышып, катышышкан. Бул саамалык быйыл да уланабы?
- Спорттук мелдештерди өткөрүү элдин ден соолугуна көрүлгөн камкордук, сергек жашоо образы эмеспи. 7-апрелдеги ыңкылап, 10-14-июндагы Ош, Жалал-Абад облустарындагы коогалаңдар, учурдагы саясый кырдаал спартакиада уюштурганга мүмкүнчүлүк бербеди. Буюрса, туруктуулук башталды. Энергетиктердин спартакиадасын күзүндө өткөрсөкпү деп жатабыз.
- 11-июнда Сизге жолугуп келгенде, кышка даярдык мезгилинде жарык өчпөйт дедиңиз эле. РЭС тарабынан аябай кысым болуп, жарык өчүүдө. Иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. "Өчүрбөөгө буйрук чыгарып берем" дедиңиз эле. Жардамыңызды бербесеңиз кыйналып кеттик.
- "Кыржилком союз" электр боюнча карыз болсоңуздар керек. Жергиликтүү бюджеттин да сиздерге карызы бар да. Эл менен сүйлөшүп, карызыңыздарды жабууга аракет жасаңыздар. Оңдоолор учурунда гана жарык өчүрүлбөсө, калган убакта өчүрбөө тууралуу бүгүн чечип берейин.

Подстанциясы жок айыл
Рахманов,
Ноокат району:
- Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү тоонун этегинде турат. 10 мектеп, оорукана, ФАПтар, төрт бала бакча бар. 18 миң калк жашайт. Бизде подстанция жок. Биздин кыйналганыбыз шамал болуп, жамгыр жаап, электрсиз калуудабыз. 2-3-4-июлда жарыксыз калдык. Бүгүн эртең менен күйдү. Бизге жакын Абшыр-Сайда көмүр разъезди бар. Ошондогу подстанция көмүр мурдагыдай казылбагандыктан дээрлик бош эле турат. Ошол подстанцияны биздин Кулатов айыл өкмөтүнө берсеңиз, элдин чоң муктаждыгын чечип берген болот элеңиз.
- Разъезд менчикпи же мамлекетке карайбы?
- Кызыл-Кыя шахты башкармалыгына карайт.
- Сиз кайда иштейсиз?
- Райондук кеңештин жооптуу катчысы болуп иштеймин.
- Жакшы экен. "Ош электронун" директору Асылбек Артыков сизге жолугуп, бул маселени чечүү тууралуу караштырат. Ага азыр эле дайындаймын.
Бөлүштүрүү реформаланат
Токтосун Маназаров, Алай району:
- Мурунку бийликтин максаты ээлеп алып баюу болгондуктан, бөлүштүрүүчү компанияларын өздөрүнө жеке менчикке өткөрүшкөнүнө учурунда эл
нааразы болгон. Бөлүштүрүүнү да мамлекет өзү колго алып, бир система түзсө жакшы болбойт беле. Ушул маселе кандай абалда?
- Бөлүштүрүүчү компаниялар азыр акционердик коомдор. Ыңкылаптан кийин мамлекетке
атайын декрет менен кайтарылып берилди. "Түндүкэлектро" өлкөбүз өндүргөн электр энергиянын
дээрлик 60 пайызын сатат. Ошону арзан эле, 3 миллион долларга сатып алышканынан кабардар болсоңуз керек. "Чыгышэлектро" да менчиктештирилгенин билесиз. "Жалал-Абад, "Ош-электрону" да са-тууга даярдашып, үлгүрбөй калышты.
Эми биз ушунун үстүнөн реформа жүргүзгөнү жатабыз. Азыр энергия системабыз үч бөлүктөн турат. Биринчиси, электр энергияны өндүрүү. Буга негизги каскаддар болгон ГЭСтер, Бишкек, Ош ТЭЦтери да электр энергиясын чыгаргандыктан кирет. Булардын бардыгы мамлекеттик. Бирок, ошону менен катар Ширшовдорго жеке менчикке өтүп кеткен чакан ГЭСтер да бар. Азыр бул маселе чечиле элек. Муну менен катар Кыргызстанга ар кандай жол менен бир нече ГЭСтерди курсак болот. Биз сууга, дарыяларга байбыз. Мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң. Мамлекетибиз дагы курушу мүмкүн. Бирок, каржынын тартыштыгынан инвестицияны тартсак да болот. Ошого жараша жеке менчик же мамлекеттик болушу чечилет. Бул туура.
Экинчиси, электр энергияны ташуу, керектөөчү кардарларга жеткирүү. Улуттук электр тармагынын бир түйүнү. Бул өзүнчө компания. Мамлекетке карайт. Акционердик коом. Акциялары мамлекеттин колунда. Көзөмөл жүргүзөт. Үчүнчүсү, төрт бөлүштүрүү компаниясы азыр мамлекетке толук өтүүдө. Ушул боюнча биз реформа жасап, ырааттуу системага салышыбыз керек. Ар биринин өздөрүнүн акционердик кеңеши, башкаруу дирекциясы, аппараттары болот. Бирин-бири кайталаган, адамдар көп иштеген, чачкын башкарылып, кемчиликтер орун алган.

Саясый система гана өзгөртөт
Бектемир Кылычов,
Сокулук району:
- Мурда Кыргызстан канча электр энергиясын өндүргөнүнүн так санын эч ким так айтып берген эмес. Эл ичинде бийлик башындагылар каалагандай жеп жатышат деген санааркаган шектенүүлөр, божомолдор айтылчу. Аныгын биле алдыңызбы?
- Жөндөн-жөн сөз чыкпайт. Божомолдор болушу мүмкүн. Азыр эми коммерциялык 40 пайыз жоготуулар болуп жатат. Ошонун техникалык жоготуусу жабдуулардын эскилигинен 11ден 14 пайызга чейин болушу керек. Калганы уурдоо. Азыр түз байланышка чыгып, эл да айтууда. Модернизацияланган системада да жоготуулар кездешет. Алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдө техникалык жоготуу жок дегенде 4-5 пайыз болот. Бирок, бизге окшоп дээрлик теңине жеткиришпейт. Ошондуктан, биз ашкере жоготууларга бөгөт коюп, ал кемчиликти четтетели.
Эмне үчүн мурдагы бийликте уурдоолор болду? Себеби, башында турган адамдар ошого жол беришти. Өзүлөрү ошого кызыкдар болушту. Ошон үчүн башынан башталгандан кийин, төмөндөгүлөр аны улантышты. Башкы бийликтин деңгээлинде уурдамай жок, эл үчүн таза иштейли деген принцип болбоду. Ал үчүн саясый система өзгөрүш керек эле. 7-апрелден баштап, биз саясый системаны өзгөртпөдүкпү. Жакында эл референдумда кабыл алган Жаңы Конституциябыз боюнча парламенттик башкарууга өттүк. Бул - элдин көзөмөлү дегендик. Эл ошол жакка партиялар аркылуу алдыңкы өкүлдөрүн шайлап, бийликтин системасын түзүүдөн бийлик негизинен элге өтүп жатат. А элдин мүлкүн талатпай, уурдатпай, талкалатпай элге кызмат жасоо боюнча эл жетекчилерге талап коюуда. Эгерде, ал ишеним көрсөтүлгөн жетекчилер уурдаса, эл билинээр замат алмаштырат. Атайын сынак, реформалар деңгээлинде алдыңкы таза, жаңычыл адамдардын кызматка барууга мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Бирине бири карыз
Улан Айтиев,
Нарын шаары:
- Саламатсызбы. Мен "Нарын жылуулук берүү ишканасынын" директору болом. Жарык боюн-
ча маселелер тууралуу кайрылайын дедим эле.
- Азыр эле Сиздин кызматкериңиз кайрылды. Мен Сиздердеги жарык маселесин чечүү боюнча "Чыгышэлек-тронун" башкы директору Кубан Турдубаевге дайындадым. Ал бүгүн күйгүзөт. Бирок, Сизге тапшырма берем, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, карыз акчаңыздарды төлөп бериңиздер.
- Аракеттенели, бюджеттик мекемелер төлөбөй келишкен эски карызыбыз 42 млн. сом болууда.
- Мурунку дебитордук карыздар да. Өзүңүздөрдүн төлөө акыбалыңыздарга жараша графигин бериңиз.
- Өзүбүздүн учурдагы төлөмдөрдү төлөп жатабыз.
- Улан уксаңыз, учурдагыны карыз болбой төлөп жатасызбы?
- Ооба.
- Азаматсыз. Экинчиден, мурунку карыздар эмне болууда?
- Ал дотациянын эсебинен республикалык бюджеттен каржыланат эле да. Ошол каржыланбай, төлөгүлө деп өчүрүлүүдө. Министрликтен кат келгенден кийин өчүрбөй калган эле. Алар дагы кышка даярданып, оңдоп-түзөө үчүн өчүрүүлөрү керек.
- Бул туура, өчүрбөгүлө деп айттым. Бирок, Сиздер жанагы дотациядагы берилүүчү акчаны кантип кайтаруунун жолун карап, бизге кат жазыңыздар. Чогуу аракеттенели.
- Жанагы минфинден эле…
- Минфинге келиңиздер, кайрылыңыздар. Сиздер унчукпай олтура берсеңиздер, алар да унчукпайт. Сиздер кайта-кайта чуркап, аябай басым жасап талап кылсаңыздар жыйынтык чыгат. Ошон үчүн келгиле, мен дагы жардам беремин.

Жылдагыдан электр энергиясы көп өндүрүлөт
Бердалы
Карымшаков:
- Биздин ишенген байлыгыбыз эле энергетика болуп жатпайбы. Мурунку бийликтегилер менчиктештирип, уурдап, элдин көңүлүнө көк таштай тийди. Деги энергетика тармагында өзгөрүү, өнүгүү барбы?
- 7-апрелдеги элдик ыңкылаптан баштап Сиз айткан элдик байлык чыпчыргасын коротпой элге кызмат жасоого өттү. Төлөмдөрдүн мурдагы ордуна кайтып келиши, менчиктештирилгендердин кайтарылышы саясаттын, системанын жаңырышынын, бийликтегилер өздөрү үчүн эмес, элге кызмат жасай баштагандыгынын мисалы болууда.
Энергетика тармагыбызда жакшы жагына жылыш болот. Буюрса жылдагыдан 7 млрд. куб метр суу көп топтолду. Өткөн жылы 10889,4 млн. квт/ саат энергия өндүрүлгөн болсо,
быйыл 12087,9 кВт саат өндүрүү белгиленип, ашыкча 6440,4 миллион сом түшкөнү турат. Былтыр бюджетке 67,2 млн. сом которулса, үстүбүздөгү жылы 76 млн. сом түшөөрү күтүлүүдө. 1 млрд. киловатт электр энергиясын экспортко чыгарууга тендер жарыяладык.
Буюрса, энергетика тармагында жакшы жылыштар болуп, элдин ишенимине киребиз.
Малик Шаршекеев,
Сокулук району:
- Өткөндө бир маалымат жыйынында ушул кышта жеке үйлөрдү үч фаза менен жылытууга мүмкүнчүлүк болот деп айттыңыз эле. Ушул ишке ашабы?
- Суубуз жетиштүү топтолууда, оңдоп-түзөө иштерин мүмкүнчүлүктүн болушунча жүргүзүүдөбүз. Бул маселени иликтеп, караштыруудабыз. Оң жагына чечүүгө шарттарыбыз бар.