09.07.10 "Өткөөлчүлөрдүн" алды кызматтан кете баштады
7-июль күнү, же башкача айтканда апрель революциясынан туптуура үч ай өткөн соң, ал революциянын карлыгачы болгон Болотбек Шерниязов, же акыркы мезгилдеги өзү өзгөртүп алган ысымы боюнча Болот Шер өз арызына ылайык, кызматынан кетти. Бул жагынан ал эми да Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен алгачкы карлыгач болуп калды. Кесипкөй чекист, контрчалгынчы Кубатбек Байболов эстафетаны өткөрүп алды. Эски министрди узатууга жана жаңысын министрликке тааныштырууга Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева өзү барды.

Президент Болот Шердин өз арызы менен кызматтан кетүүсү боюнча жарлык менен катар ага кайра аттестациялоо тартибинде милициянын генерал-лейтенанты атайын наамы берилгени боюнча жарлыкты да окуп берди. Ал ошондой эле Болот Шерге өлкөдөгү кыйын кырдаал учурунда эч нерседен коркпостон, ден соолугунун начардыгына карабастан өлкө келечеги үчүн иштеп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Роза Отунбаева ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдында турган милдеттерге өлкөдөгү бекем тартипти орнотуу, кылмыштуулук менен күрөшүүгө катар эле, ансыз да үзгүлтүккө учурап жаткан туристтик сезондо эс алуучулар үчүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында кызматтык милдеттеринен ашыра пайдаланбоону да кошо атап өттү.
"Ата-Мекен" социалисттик партиясынын төрагасынын биринчи орун басары (министрдин кызматынан кеткенден кийин эми анын партиялык кызматын атай берсе болот) Болот Шер бул жыйында атайын билдирүү жасады. Анын билдирүүсү апрель революциясынан кийинки алгачкы күндөрдөгү окуялардын айрымдарындагы көпчүлүккө көрүнбөгөн нерселерди ачыкка чыгаргандай болду.
Мисалы, 7-апрелден 8-апрелге караган түнү, ар бир саат өлкө тагдырын чече турган болуп жатканда бир катар саясатчылар бийликти, демек, жоопкерчиликти өздөрүнө алуудан чочулашкан. Муну алар
кийин ар кандай шылтоолор менен түшүндүрүүгө аракеттенишкени менен андайлары да, алардын бийлик башына кесипкөйлөр чакырылбаганы жөнүндө айтышкандары да суу кечпейт.
- Ошол түнү Убактылуу Өкмөттүн өзү да жок болчу, - деди Б.Шер.- Мына ошондуктан ал олуттуу укук коргоо органынын башчылыгына кимдир-бирөөнү расмий дайындай да алмак эмес. Экинчиден, 8-апрелге караган түнү Алмазбек Атамбаев ИИМди жетектөө сунушу менен белгилүү адистерге кайрылган. Бирок, баары баш тартышкан. Эмне себеп болгону бизге белгисиз. Мүмкүн, алар жоопкерчиликти алуудан коркушкандыр же Курманбек Бакиев бийликке кайра келип калат жана оппозицияны, анын тарапкерлерин түрмөгө отургузуп салат деп коркушкандыр. Кантсе да ички иштер министрлигине жетекчиликке талапкерлер табылган жок. Ооруканаларда адамдар өлүп жатышкан, талоончулар көчөгө чыгышкан жана революциянын тагдыры чечилип жаткан мындай татаал кырдаалда менден бул түзүмдү жетектөөнү суранышты. Катуу ооругандыгыма жана анын андан ары өтүшүп кетүү тобокелчилигине карабастан мага бул милдетти өзүмө алууга туура келди. Ошол түнү башка жолду көргөн жокпуз. Кийинки окуялар көрсөткөндөй, бардык күч түзүмдөрүнүн - ИИМдин, Коргоо министрлигинин, УКМКнын жана Чек ара кызматынын Убактылуу Өкмөт тарабына өтүшү Курманбек Ба-
киевди куралдуу реванш жана жарандык согушту жайылтуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Бирок биз ал түнү мунун баарын билген эмеспиз жана өзүбүздүн ыйык милдетибиз катары гана жасаганбыз.
Болот Шер өз билдирүүсүндө өлкөдөгү кийинки окуялар жөнүндө да эске салып, канчалаган кандуу окуялар болуп өткөндүгүнө токтолду. Мында укук коргоо кызматкерлеринин арасындагы татаал психологиялык кырдаал да кошумча проблема жараткан. Анткени бакиевдердин режими учурунда милиция өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбастан, элге каршы жандарм катары пайдаланылып калган. Ошондуктан Болот Шерге алгачкы күндөрдөн баштап эле ведомствонун жамаатын мурдагы мезгилде жаманатты кылышкан кызматкерлерден тазалоо аракеттерин көрүүгө туура келген. Анын мындай аракеттери мурдагы режим койгон адамдар тарабынан каршылыктарга учурап, алар коллегаларын шантаждарды жана саботаждарды жасоого үндөшкөн. Б.Шердин мындай тастыктоолоруна кошулууга болот. Анткени, милиция органдарынын кызматкерлери арасында эски бийликтин камчысын чаап жатышкандар жөнүндө өздөрүнүн коллегалары да айтып жатышат.
Болот Шер революция алдындагы акыркы мезгилде өзүнүн саясый аренадан көрүнбөй калганынын себептерин да айтты. Анткени буга чейин эки жолу инсульт алган. Ошого карабастан Талас шаарында 7-апрелде өтө турган элдик курултайга барганда мыйзамсыз кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна камалган. Ал революциялык толкунду коштоп чыгышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Кайгылуу окуялар учурунда каза тапкандардын ысымдары элдин эсинде түбөлүк кала тургандыгын баса белгиледи.
23-май күнү ал врачтардын талабынан улам кызмат ордунан отставкага кетүү боюнча арызын да берген. Бирок өлкө жетекчилиги баш тарткан.
- Ошол күнү Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева да, мен да үч жумадан кийин эле Кыргызстанды кандай сыноо күтүп турганын билген эмеспиз, - деди Болот Шер. - Ош шаарындагы чыр-чатак 10-июнда түндө башталып, тез эле түштүк регионун каптап кетти. Уюштурулган күч жана маалыматтык провокациялардын масштабы ушунчалык чоң болгондуктан, алгачкы сааттарда эле жергиликтүү башкаруу органдарынын шал болуусуна алып келген. Губернаторлор, акимдер жана жергиликтүү күч органдарынын жетекчилери эмне кылууну билбей калышкан. Көптөгөн адамдарга ошол учурда Кыргызстанда бул алааматты басуучу күч жоктой сезилген. Эл аралык уюмдардан да жардамдар болбоду. Бирок биз 14-июнга карата өз күчтөрүбүз менен чыр-чатакты токтото алдык.
Болот Шер ушундай кыйын учурда референдум өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча маселеге да токтолду. Көптөгөн саясатчылар, эксперттер 27-июнга карата жарандардын коопсуз добуш берүүсүн мамлекет камсыздай ала тургандыгынан шек санашкан. Ошентсе да референдумду артка жылдыруунун коркунучтуулугун эске алуу менен аны жарыяланган убагында өткөрүү чечими кабыл алынган. Натыйжада референдум болуп өтүп, өлкө жаңы конституциялуу жана жаңы президенттүү болду. Бул жерде да милициянын ролу чоң. Ал мындай саясый чоң өнөктүктү өткөрүүдө өлкөдөгү тынчтыкты жана тартипти коргоого даяр экенин көрсөткөн.
Ал өзүнө милициянын генерал-лейтенанты наамынын ыйгарылышы боюнча да түшүндүрүп кетти. 2001-жылы эле ага Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчи чини ыйгарылган, ал генерал-лейтенант наамына тете. Баса, жаңы ички иштер министри К.Байболов да ушундай эле наамга ээ.
Ал эми жаңыдан министрликке дайындалган Кубатбек Байболов ушундай кыйын учурда ички иштер министрлигин жетектеп тургандыгы жана өлкөдөгү конституциялык тартипти орнотуудагы эмгеги үчүн Болот Шердин дарегине жылуу сөздөрдү айтты. Ал, ошондой эле туугандары аз экендигин, ошондуктан кызматка аларды алып келбей тургандыгын, уруучулдукту ар-
хаизм деп эсептей тургандыгын да баса көрсөттү. Ошондуктан милиция органдары да өздөрүнө жүктөлгөн коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча милдеттерди аткарууга багытталарын айтты. Ал эми милиция кызматкерлеринин эмгегине баа берүүдө алардын кесипкөйлүгү жана иштеринин натыйжалуулугу башкы ченем болуп калмакчы.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөт С.Сячиндики





Азимбектин акыркы отчёту
Парламенттик шайлоого аттанаар алдында Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров прокуратура, каржы по-лициясы органдарын координациялоо, сот органдары менен кызматташуу боюнча акыркы үч айда жасаган иштери тууралуу отчет берди.

Азимбек Анаркуловичтин айтымында, республиканын түштүгүндө болгон массалык баш аламандыктарга байланыштуу 855 кылмыш иши козголуп, шектүү жүз адам кармалган. 293 өлүк табылып, 1902 киши жаракат алган. 84 киши дайынсыз жоголуп, анын жыйырмасы табылды. 613 даана ок атуучу куралдар жана ок-дары, 40 кило 590 грамм баңгизат тартылып алынды.
2010-жылдын 13-майында Ош облусунун прокуратурасы тарабынан облустун мурдагы губернатору М.Бакировго, анын орун басары А.Кадырбаевге, Ички иштер министринин орун басары С.Өмүрзаковго карата массалык баш аламандыктарды уюштуруу, бийликти күч менен тартып алуу, мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
2010-жылдын 13-майында беш жүздөй киши Жалал-Абад облусунун губернаторунун кабинетине кирип келишип, губернатор Б.Асановду, анын орун басары Т.Гиясовду имараттан чыгып кетүүгө аргасыз кылышкан, К.Масировду губернатор деп жарыялашкан. 14-майда бул иш боюнча кылмыш иши козголду.
2010-жылдын 19-майында Жалал-Абад шаарындагы А.Батыров атындагы университеттин алдында болгон массалык баш аламандыктан 3 киши өлүп, 46 киши жаракат алышкан. К.Батыровдун жана анын жан-жөкөрлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери боюнча 7 кылмыш иши козголду.
7-апрелде Ак үйдүн алдында жана "Ала-Тоо" аянтында болгон кандуу окуяларга байланыштуу 19 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылды, анын ичинен тогузу камакта, төртөө үй камагына алынып, алтооно издөө жарыяланды.
Экс-президенттин экономикалык кылмыштарына байланыштуу 41 кылмыш иши иликтенип жатат. 34 кишиге айып коюлуп, 25 кишиге издөө жарыяланды. Бул кылмыштардын натыйжасында мамлекет тарткан жалпы чыгым 4 миллиард сомду жана 130 млн. АКШ долларын түзүп, анын 268 725 000 сому кайра өндүрүлдү.
Тергөөнүн жүрүшүндө ар кайсыл банктардан республиканын бюджетине 1 млрд. 130 млн. сом жана 35 млн. АКШ доллары которулду. Үч коммерциялык банктын ячейкаларынан 19,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттары алынды.
Ала-Арча №1 мамлекеттик резиденциясынан, КРнын Президентинин иш башкармалыгынын автотранспорт бирикмесинен баасы 1 млн. долларлык 5 автомашина табылган. Бул машиналар Мамлекеттик каттоо кызматында каттоого алынбагандыктан, шаар прокуратурасы тарабынан камакка алынып, Башкы прокуратура аларды улутташтыруу боюнча Убактылуу Өкмөткө сунуш берди.
Ысык-Көл облусунда мамлекеттик менчиктеги объектилерди жана жер участокторун мыйзамсыз сатууга, мыйзамсыз курулуштарды курууга байланыштуу 23 кылмыш иши иликтенип жатат, алар боюнча мамлекет тарткан жалпы чыгым 725 млн. сомду түзөт.
Жаңы ачылган жагдайлардан улам 2002 -жылдагы Аксы окуяларына байланыштуу кылмыш иши кайра улантылып, азыр ошол кезде Башкы прокурор болуп иштеген Ч.Абышкаевге, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору З.Кудайбергеновго, УКМКнын экс-төрагасы Б.Жанузаковго айып коюлууда.
М.Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши ИИМдин тергөө башкармалыгына кошумча тергөөгө жиберилди.
Айбек Жаныкулов.
сүрөтү
"Кабар" агенттигиники