09.07.10 ГФСТМдин долбоорду жүзөгө ашыруу бөлүмү/ СПИД компоненти
гранттык каржылоого
конкурс жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "СПИД" республикалык бирикмесинин жана СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун ортосундагы KGZ-708-G5-H номурундагы "КРнын өзөктүү калкы үчүн алдын алууга, диагностикага, дарылоого, кам көрүүгө жана колдоого ар тараптуу кеңири мүмкүнчүлүк түзүү" программалык макулдашуусун жүзөгө ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын кызыкдар мекемелеринин арасында төмөнкү багыттар боюнча гранттык каржылоого конкурс жарыяланат:
Достук медициналык клиникалары
(венерологиялык оорулар)
Долбоордун мөөнөтү 5 айга чейин, 12 айга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен.
Гранттын максималдык суммасы 15 000 АКШ доллары.
Конкурска катышуу үчүн берилүүчү өтүнмөлөрдүн мөөнөтү 2010-жылдын 23-июлунда саат 17.00гө чейин.
Эскертме:
Техникалык тапшырмаларды жана конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин Сиз 2010-жылдын 12-июлунан тартып долбоорду жүзөгө ашыруу бөлүмүнөн алсаңыз болот. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8 (4-кабат). Тел.: +996 312 30-10-73, 30-10-82. Же aids@aidscenter.kg электрондук почтасынан, www.theglobalfund.kg веб-сайтынан алсаңыз болот.