09.07.10
  Улуу Жеңишке - 65 жыл

Абдыраимовдун жоокер уулдары
же Өмүрдүн 99-жазы
1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик
согуш 250 миллиондон ашык
адамзаттын өмүрүн гана кыйбастан, канча ата-энелерди баладан, үй-жайдан ажыратты. 1970-1980-жылдары Жайыл районунун
Сары-Булак айылында согушка
катышкандардын саны бир топ болсо,
бүгүн беш манжа менен гана саналып келет. Мына ошолордун арасында Абдыраимов
Мамат ата да бар. Мамат ата
үстүбүздөгү жылы 23-майда 99 жашка
чыгып, бир кылымга баш коймокчу.

Мамат ата 17-18 жашында колхоздо иштеп, 1941-1945-жылдары каардуу согушка катышат, оор жаракаттарды алат. Согуштан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү, тамак-аш жетишпеген тартышчылык турмушту да баштан кечирген. Ушул оор шартка карабастан байбичеси экөө 9 баланы өстүрүп тарбиялап, окутуп, эл катарына кошушту. 9 баланын алтоо жогорку билимдүү. Улуу кызы Күлүкан технолог, уулу Эсенбек окумуштуу-зоотехник. Беш жылдан бери Жайыл райондук мамадминистрация башчысынын биринчи орун басары. Рыспек тоо-кен инженери. Болотбек, Сыргабек учурда дыйкан чарбанын ээлери.
Согуш башталган мезгилде Абдыраим атанын балдары үйлүү-жайлуу болушуп, өздөрүнчө түтүн булатып калышкан. Улуусу Акматбек Сары-Булак колхозунда башкарма, ортончусу Мамат колхоздун жылкысын багып, кичүүсү Абакир колхоздун кампасын кармап, жашоо жаңы нукка бурула баштаган. Балдарынын өз алдынча тиричилик кыла баштаганына жетине албаган Абдыраим ата: "Оо Кудай, эл, жер, бала-бакыранын жаманчылыгын көргөзбө", - деп Жараткандан нечен ирет суранар эле. Бирок, Абдыраим атанын тилеги аткарылбады. 1941-жылы 22-июнда согуш башталды. Согуш башталары менен Абдыраимдин эки уулу Мамат менен Абакир Жайыл райондук аскер комиссариатына чакырылып, Мекенди коргоого аттанышты. Ал эми улуу уулу Акматбек 1941-жылы колхоздо башкарма катары бронь менен калтырылганына карабай, бир туугандарым согушуп жүрсө, мен кантип оорукта жүрмөк элем, колхозду согуштан жарадар болуп келгендер деле башкара берет деп, 1943-жылы өз ыктыяры менен согушка аттанат. Ал алгач Ташкент шаарында 6 айлык курста окуп, лейтенант наамын алат. Кийин взводдун командири катары Калининград шаарын бошотууда баатырларча курман болот.
Кичүү уулу Абакир Воронеж фронтунда немецтик баскынчылар менен айыгышкан катуу салгылашта немецтин 2 танкасын 17 фашисти менен жок кылып, колунан жана акырегинен оор жаракат алып, Кызыл Жылдыз ордени жана бир канча медалдар менен сыйланып, 1943-жылы согуштун майыбы катары өз мекенине кайтат. Андан кийин чарбада ар кайсы иште иштеп жүрүп, согушта алган жаракатынын айынан 71 жашында каза тапкан. Ал эми балдардын ортончусу Абдыраимов Мамат 1941-жылы 27-августта генерал Доватордун командачылыгында 39-кавалериялык дивизиянын курамында Москванын батыш багытында согушка кирген.
Мамат ата 1941-жылы сентябрь айынын аягында 167-полк, 39-дивизиянын курамында Ирандын Шахрут, Кунбатхоз шаарына жакын жайгашкан СССРдин түштүк чек арасын душмандардан коргоого которулат. Ал беш жыл бою түштүк чек араны гитлердик баскынчылардан жана анын союздаштарынан баатырларча коргоп, душманды өз жерибизге бастырган жок. Ал жеңишти да ушул жерден тосту. Душмандар толук жеңилип, согуш аяктагандан кийин 1946-жылы 6-январда туулуп өскөн жерине кайтты. Мамат ата согуштан кийин жактырган кесиби боюнча чарбада жылкычылыкта иштеп, бир канча жыл жылкы фермасын ийгиликтүү башкарды. Өкмөт да анын эмгегин жогору баалап, бир канча жолу баалуу сыйлыктар менен сыйлады. Пенсияга чыккандан кийин да айылдык кеңеште ардагерлер кеңешинин мүчөсү, жаштардын насаатчысы болуп коомдук иштерге да катышып келди.
М.Абдыраимов "Каармандыгы үчүн" (1942-ж.), "Германияны жеңгендиги үчүн" (1946-ж.), Жеңиштин 40, 50, 65-жылдык жана "Эмгектин ардагери" медалдарынын ээси. Тогуз бала, 32 небере, 15 чүбүрө, 11 күйөө бала, 11 келиндин сый-урматына бөлөнүп, 99-жаздын, 99 жаштын өмүрүн сүрүп кылымга кадам таштап, карылыктын бакубат жашоосун жашап келет.
Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"





Аз жашап, көп иштерди аткарган
Учурунда Кызыл Армиянын командалык жана саясый жетекчилигинин катарын толуктоо үчүн республикабыздын миңден ашык жетекчи кызматкерлери кан майданга аттанышкан. Алардын катарында Республиканын профсоюздар уюмунун эң алгачкы жетекчиси Иманедин Егембердиев да болгон. Айтмакчы, борбор калаабыздагы Профсоюздар федерациясынын имаратында Егембердиев Иманедин 1914-жылы туулуп, 1944-жылы дүйнөдөн кайткандыгы, 1938-1942-жылдардын аралыгында Кыргызстанда биринчи жолу уюшулган профсоюздардын республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеп туруп, анан Улуу Ата Мекендик согушка катышууга чакырылганы, ал алаамат кан майдандан эл, жерине кайтпай калганы учкай болсо да айтылган сүрөт-такта бажы-райып илинип турат.

Анын балалык баёо күндөрү азыркы Кочкор районунун күн батыш өрөөнүндөгү Талаа-Булак айылында өтүптүр. Ал бала чагынан эле турмуштун ысык-суугуна чыдамкай, чыйрак өскөн. Ал ошол учурда эле тап күрөшүнө аралаша баштайт. Натыйжада бай-манаптардан чыккан жат элементтердин карапайым элге кылган зыяндуу иштеринин бетин ачууга баш-оту менен киришет. Бул баланын мындай иштери өздөрүнө чоң зыян алып келерин баамдаган бай-манаптар баланын көзүн тазалап коймокчу болушат. Бул кабар баланын ата-энесине билинер менен алар баласына жол кире,
кийим-кече камдап беришип, шаарга окууга жөнөтүп жиберишет. Иманедин борбор шаарга келип, педтехникумга кирип окуйт. Ал өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алган К.Жантөшев, Р.Шүкүрбеков, С.Күмүшалиева менен бирге драмалык студияга кабыл алынып, анын ишине жан-дили менен катышат.
Отузунчу жылдардагы күнөөсүз шейит кеткендердин ордун жаңыдан жогорку окуу жайына кирип окуп жаткан жаштарды окуудан азгырып алып келүү менен толуктай баштаганын көптөгөн агалардын мисалынан туюга болот. Ага мисал кылып Баялы Исакеевдин Ташкенге барып САКУда окуп жүргөн Каратал Табылды уулун Фрунзеге алып келип, Жерге-Талга иштөөгө жибергенин, Алма-Атада иштеп жүргөн Аден Стамбековду Фрунзеге чакырып, элдик коргоо комиссариатына жетекчиликке дайындатканын, искусство боюнча республикалык башкармалыктын жетекчиси Казанкаповдун Москвага барып Жетикашкаев менен И.Егембердиевди окууларын бүтүртпөй Фрунзеге ээрчитип келип, жетекчи кызматтарга дайындатканын учкай болсо да айта кеткенибиз урунттуу болуп турат. Булардын кийинки тагдырлары да оор болгон.
Учурунда замандын талабы ушу дешип, ага 1937-жылдын аягында Кыргызстандагы профсоюздар уюмун уюштуруу, анан аны жетектөө милдети тапшырылат. Андагы кесиптик кошуундардын иштерин биринчи мертебе уюштуруу канчалык күч-кубатты, жөндөмдү, билгичтикти талап кылганын айтпаса да түшүнүктүү.
Биз жогоруда сөз кылган эстелик тактасын өз имаратынын көрүнүктүү жерине жайгаштыруу жөнүндө токтом кабыл алуу менен Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын жамааты өздөрүнүн алгачкы жетекчисинин көп кырдуу эмгегин эле баалабастан, ага эли-жерин коргогон жоокер катары да жакшы эстелик тургузуп коюшту.
Иманедин Егембердиевдин моюнуна Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин эле коомдук милдет катары "Чоң Чүй кана-
лын куруучулардын ишине көмөк көрсөтүү" тобуна жетекчилик кылуу, согуш башталганда ага фашисттер менен согушуп жаткан армиябызга жардам берүү багытында ооруктагы элди мамлекеттик заемго жаздырууга көмөк көрсөтүү
сыяктуу өтө татаал да, жооптуу да иштерди жүктөшүптүр.
Ал ошондой оор күндөрдүн биринде 1942-жылдын ортосунда улуу лейтенант аскердик наамы менен батареянын командири болуп Калининград фронтунда согушка аралашат. Согуш учурунда көрсөткөн
каармандыктары үчүн ал эки орден, бир нече медалдар менен сыйланат. Акыры согушта оор жарадар болуп, госпиталга жеткирилгенде каза болот. Сөөгү Калининград облусундагы Пустокин районундагы Каныма кыштагына коюлат.
Иманедин Егембердиев армияга кеткенден көп өтпөй эле анын өмүрлүк жары Канипа Аалиева да согуш майданына барып кошулат. Ал жарадарларды карашат, жоокерлерге концерт берүүчү топко кошулуп, маданий тейлөө тармагына да тартылат. Кийин, согуш аяктаганда эл-жерине кайтып келет, бирок жолдошу Иманединден айрылып калат.
Кептин кыскасы, ошол мамлекеттик иштер, эр жүрөк жоокер уулунун ысымын ал өсүп-өнгөн
айылдын көчөлөрүнүн бирине берүү жөнүндө Талаа-Булак айыл өкмөтү мындан эки-үч жыл мурда атайын чечим чыгарган эле. Жакында Талаа-Булак айылынын ошол жаңы көчөсүнө: "Егембердиев Иман атындагы көчө" деген көрнөктөрдү үйлөрдүн керегелерине кадоо аземи болуп өттү. Алды менен жоокердин басып өткөн кыска, бирок нуска өмүр жолу баяндалып, андан соң анын арбагына багышталып куран окулду. Жыйынга ысымы көчөгө берилген көчөнүн тургундары, айылдын аксакалдары жана Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн жетекчилери, Социалисттик Эмгектин Баатыры, кыргыз эл мугалими Көкөбай Мамбеталиев атындагы мектептин мугалимдери, окуучулары, Егембердиев Иманединдин туугандары катышты. Аларга сый тамак берилди, дуба окулду. Мектептин окуучуларына жоокер жөнүндө кийин соң да айта жүрүш үчүн анын эмгек жолу жарыяланган гезиттин көчүрмөсү мектептин деректирине тапшырылды.
Ажымукан ТҮРКМЕНОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, персоналдык пенсионер