09.07.10 Улутташтыруунун арты кандай болмокчу?
Учурда мурдагы үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү делинген бир катар объектилер улутташтыруу процессине кабылууда, башкача айтканда мамлекетке кайтарыла баштады. Мына ошондон улам ал процесс айрым жарандар тарабынан совет мезгилинин алгачкы жылдарында болуп келген экспроприация же акыркы мезгилде бизде көп кездешкен рейдерлик сыяктуу кабыл алынган учурлары да аз эмес. Чынында бизде улутташтыруу кайсы мыйзамдардын негизинде жүрүүдө? Эл аралык укукта жана чет элдик практикада улутташтыруу процесстери кезиккенби? Мындай улутташтыруунун экономикалык, саясый, соттук (укуктук), социалдык кесепеттери кандай болушу мүмкүн?
Бул макалада адистердин жардамы менен ушул жана аларга үндөш башка суроолорго жооп издеп көрөлү.

Улутташтыруу бизде гана болуп жаткан жок
Конституциялык саясат институнун жетекчиси Нурлан Садыковдун пикири боюнча, улутташтыруу - бул жеке менчик же муниципалдык менчикти мамлекеттин менчигине мажбурлап алып коюунун дүйнөлүк практикада аз эмес кездешкен формасы (менчикти мамлекеттештирүү). КРнын аракеттеги мыйзамдарында (Жарандык кодекстин 281-статьясы) улутташтыруу, башкача айтканда мажбурлап алып коюунун 11 формасы каралган. Бул учурда мүлкү улутташтырылган жакка мүлктүн наркы жана аны алып коюу менен келтирилген башка чыгымдар төлөнүп берилиши керек (ЖКнын 288-ст.).
Эл аралык укукта улутташтырууга жол берилет. 1973-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 3171/XXXVIII резолюциясы менен мамлекеттердин улутташтыруу убагында компенса-циянын формаларын жана өлчөмүн өздөрү аныктоо укугун тастыктаган. Мындай улутташтыруунун практикасында көптөгөн мисалдар бар. Эл аралык укук ошондой эле мамлекеттин улутташтырууну өткөрүүгө эгемендүү укугун тааныйт, бирок ал мамлекет менен жеке адамдын ортосундагы келип чыккан менчик мамилелерин жөнгө салбайт.
Бизге белгилүү болгондой, массалык улутташтыруу 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин совет мамлекети тарабынан жүргүзүлгөн. Анда россиялык гана эмес, чет элдик банктар, ишканалар, турак жай объектилери, коомдук имараттар, жер казыналары, атүгүл экономиканын бүтүндөй тармактары улутташтырылган. СССРдин таасири менен кийин бир катар социалисттик өлкөлөрдө да бул процесс жүргөн.
Египет Улуу Британия менен концессия келишимин бузуу менен "Суэц каналы" компаниясын, Иран англо-ирандык нефть компаниясын, Индонезия атүгүл немец компаниясы тарабынан голландиялыктардан сатылып алынган тамекинин бир нече миң таңгагын улутташтырып алган. Чилиде Сальвадор Альенде бийликке келгенде бир катар ири кен иштетүүчү компаниялар улутташтырылган. Мунун натыйжасында анын өкмөтү кулатылып, а өзү өлтүрүлгөнүн да билебиз.
Акыркы мисалдарды алсак, жаңыдан өз алдынча мамлекет болгондо Казакстан энергетикалык компанияларын менчиктештирип жиберип, кийин жеке компаниялар бааларды таңуулай баштаганда кайрадан аларды алда канча кымбат бааларда сатып алууга (улутташтырууга) аргасыз болгон.

Эл аралык сот Наделди жактайбы?
Азыр биздеги көп чырлардын чордонунда турган, улутташтырылган "Азия-УниверсалБанктын" ээси Михаил Надель эл аралык соттторго кайрылуу менен коркутууда. Н.Садыковдун маалыматы боюнча, БУУнун Эл аралык соту 1951-жылы биз жогоруда айткан англо-ирандык компаниянын Иран тарабынан улутташтырылышы боюнча Улуу Британиянын өкмөтүнүн арызын кароого өзүн компетенттүү эмес деп тааныган чечим кабыл алган. Эл аралык иштерди жүргүзүп келген жана өзүндө юристтердин командасы бар М.Наделдин аны билбей тургандыгы, башкача айтканда өзүнүн арызынын эл аралык сотто каралышы күмөндүү экендигин билбей калышы мүмкүн эмес.
Улутташтыруу боюнча мыйзамдар экстерриториялык аракетке ээ, башкача айтканда ал мамлекеттин чектеринен тышкары таанылат. Улутташтыруу жүргүзгөн мамлекет ал жүргүзүлгөн учурда чет өлкөдө болгон мүлктүн ээси деп табылат. Мисалы, биз эң адилет сот системасы бар деп эсептелген АКШны алалы. Анын Федералдык соту 1931-жылы 5-июнда Франциянын банкынын совет өлкөсүнүн алтыны жөнүндө иш боюнча америкалык банктарга доо арызын караган иште улутташтыруу жөнүндө аракеттеги советтик мыйзамдарды тааныган. Америкалык соттордун 1937-жылы М.Бельмонттун банкирдик үйү жана 1942-жылы Пинктин иши боюнча чечимдеринде да улутташтырылган компаниялардын филиалдарынын мүлкүнө карата советтик мыйзамдардын аракетинин экстерриториялыгы таанылган. Белгилей кетсек, аталган компаниялар россиялык статуска ээ болушканы менен экспроприация учурунда АКШнын аймагында болушкан.
Кыргызстан 2000-жылы КМШ өлкөлөрү менен Инвестордун укугун коргоо жөнүндө конвенцияга кол койгон. Анын 9-пунктунда инвестициялар тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган өзгөчө учурларда (өзгөчө мүнөзгө ээ болгон табигый кырсыктарда, аварияларда, эпидемияларда, эпизоотияларда жана башка шарттарда) улутташтырылышына жол берилет. Бул чаралар реципиент өлкөнүн Конституциясында каралышы керек. Инвестицияларды улутташтыруу же реквизициялоо реципиент өлкөнүн улуттук мыйзамдары менен каралган тартипте кабыл алынат жана ушундай эле тартипте даттанылат.
Бирок ушул тартип акыркы улутташтыруу процесстери убагында дайыма эле сакталып жатабы? Корпоративдик башкаруу жана өнүктүрүү институтунун жетекчиси Эрик Таранчиев эгерде банк өзүнүн кардарларынын алдындагы милдеттенмелерин аткарып жатса, анда аны улутташтыруунун зарылчылыгы жоктугун белгилейт. Анын үстүнө АУБ система түзүүчү ири банк, ал аркылуу ири акча агымдары өтүп турган. Эми бүтүндөй өлкөнүн финансы системасына кооптонуу жаралышы мүмкүн.

Улутташтырбасак, уттурмакпыз
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Абдымалик Мырзаев, тескерисинче, мамлекеттин ири акча ресурстары топтолгон АУБду оперативдүү улутташтыруу республиканын финансы системасын олку-солкулуктардан сактап калды деп эсептейт. Кечеңдетүү "АзияУниверсалБанктан" мурдагы ээлери тарабынан анын ири активдеринин мыйзамсыз чыгарып кетүүсүнө, натыйжада бюджеттегилерге эмгек акылардын, пенсионерлерге пенсиялардын төлөнбөй калуусуна алып келмек. Анын үстүнө домино принцибинен улам, АУБдан кийин башка коммерциялык банктарда да терс процесстер башталып кетмек.
(Уландысы 14-бетте)