09.07.10
  Жарыяланганга кайрылабыз

"Жетигенге" чабуул жергиликтүү укук коргоо органдарынын жан тартуучулугунун залакасы эмеспи?
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу К.Момбековго
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Б.Ибраевге
"Кыргыз Туусу" гезитинин 1-июндагы №40 санында "Жетигенде" адилеттүүлүк качан орнойт?" деген сын макала жарык көргөн эле. Анда Ысык-Көл облусунун район аралык сотунун төрайымы Калида Асанованын мыйзамга ылайыксыз чечими менен "Жети Жылдыз" ЖЧКсына караштуу "Жетиген" эс алуу жайынын 3,5 гектар жер тилкесине "Нур" эс алуу жайынын ээси Жолоочу Исмаилов менен Ырыс Кекиртекованын ээ болгону, ал тургай Ж.Исмаиловдун өз тууган-уруктарын жыйнап жана жергиликтүү элди уюштуруп, "Жетиген" эс алуу жайын күч менен басып алууга жасаган аракети жөнүндө жазып, ал учурдагы Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти Роза Отунбаевага, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровго, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраевге кулак кагыш жасаганбыз.

Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн кичине маалымат бере кетели. "Жети Жылдыз" ЖЧКсы 2007-жылы 20-декабрда "Өгүз" ЖЧКсынан "Жетиген" эс алуу жайын 13,1688 га. жер тилкеси менен сатып алат. "Өгүз" ЖЧКсы бул объектини 2003-жылдын 9-июлунда "Аэродромжолкурулуш" АКдан мыйзамдуу алган. Ал эми "Аэродромжолкурулуш" АК "Жетиген" эс алуу жайын КРнын мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен менчиктештирген.
Редакциябызга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунан, анын төрагасынын милдетин аткаруучу К.Момбеков 28-июнда кол койгон жообу келди. Бул катты окуп алып аябай таң калдык. Катка макаладагы соттук териштирүүлөргө тиешелүү туштарды көчүрүп жазыптыр да, эң аягында "Бул чечим жогорку соттук инстанцияларга даттанылган эмес" деген бир гана сүйлөмдү кошуптур. Албетте, бул сүйлөмдүн астында соттордуку туура деген ойдун жашырынып турганы даана байкалып турат. Жогорку соттун жазган катынын соңку абзацын толук келтирели:
"Соттун чечими чыкса да Ысык-Көл райондук Мамкаттоо Ж.Исмаилов жана Ы.Кекиртекованын жеке менчикке болгон укугун каттабай койгондуктан 2008-жылдын 3-декабрында Ысык-Көл облустук райондор аралык соту Ж.Исмаилов жана Ы.Кекиртекованын доо арызын канааттандырып, Ысык-Көл райадминистрациясынын 2000-жылдын 31-январындагы №55 токтомунун негизинде Ысык-Көл райондук мамкаттоого мамлекеттик жеке менчик актысын берүүнү милдеттендирген чечим чыгарган. Бул чечим жогорку соттук инстанцияларга даттанылган эмес".
Эми ушул эле абзацты талдап көрөлүчү. Мамкаттоо Ж.Исмаилов жана Ы.Кекиртековага берилген жер тилкесине мөөнөтсүз пайдалануу укугун мыйзамга таянып, каттабай койгону туура эле. Себеби, мамкаттоо тарабынан 2000-жылдын 27-июлунда берилген алардын жер тилкесине болгон укугун күбөлөндүрүүчү документке байланыштуу суроо жаралган (№ 78 мамлекеттик акт). Сот жүрүп жатканда мамкаттоонун өкүлү бул суроонуү мыйзам чегинде чечип берүүнү суранган. Бирок К. Асанова Жер кодексиндеги "Жер тилкеси жеке жакка мөөнөтсүз убакытка берилбейт" деген нормаларга карабай, жер тилкеси жеке менчикке берилсин деген тыянак менен Мамкаттоого жер тилкесине жеке менчик укук боюнча актыны берүүнү милдеттендирген. Ошентип Мамкаттоо мыйзамга эмес, соттун чечимине көнүүгө мажбур болот. Бул мезгил 2008-жылдын аягы, коррупциянын гүлдөп турган убактысы эле. Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Улукбек Ормонов менен Азизбек Турсунбаев, ЖКнын иш башкаруучусу Мавлян Амракулов, КРнын Президентинин администрациясынын укук коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпиев жана экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Исмаиловдорду калкалап турганы белгилүү болууда.
Чечимдин жогорку соттук инстанцияларга даттанылбаганына келсек, Ж.Исмаилов жана Ы.Кекиртекова мамкаттоого каршы доо арыз берип жатат. Мамкаттоонун даттанууга юридикалык укугу жок экен. "Жети Жылдыз" ЖЧКсы болсо, бул соттук териштирүүгө чакырылган эмес. Катышуучу болбогон соң мунун да даттанууга укугу жок.
Гезиттеги макалада жазылгандай, 2009-жылы "Өгүз" жана "Жети Жылдыз" ЖЧКлары жергиликтүү прокуратура органдарына эки ирет арызданат. Прокуратура оң жооп берген эмес.
Жаңы замандын желаргысы менен "Жетиген" эс алуу жайына байланыштуу жаңы фактылар ачылат. Жогорку сот өз катында көрсөткөн "2000-жылдын 31-январындагы №55 токтомдун 2001-жылдын 2-мартындагы №138 токтом менен жокко чыгарылганы жөнүндө" эмнеге унчукпайт (макалада бул факт жазылган)!
Эми "Жетиген" эс алуу жайынын тегерегинде жүрүп жаткан окуяларга токтололу. Гезиттин макала жарыяланган 1-июндагы саны басууга даярдалып жаткан күнү (экспедициялык талаптарга ылайык гезиттер бир күн мурда даярдала баштайт), 31-майда "Жетиген" эс алуу жайынын объектилери Ысык-Көл райондук прокуратура кызматкерлери тарабынан (жетекчиси Ж.Ш.Шакиров) мөөрлөнүп, жабылат. Прокуратура бул аракетти "Жетигендин" администрациясына жана кызматкерлерине "Жетиген" эс алуу жайынын менчигин топтолгон адамдардын басып алуусунан жана жок кылып жиберүүсүнөн сактап калуу үчүн жасалууда деп түшүндүргөн. Бирок, эс алуу жайын убактылуу жабуу жөнүндө протоколду же токтомду же башка актыны прокуратура "Жетиген" эс алуу жайынын менчик ээси "Жети Жылдыз" ЖЧКсына көрсөткөн эмес.
1991-1999-жылдары "Жетиген" эс алуу жайында иштедик деген адамдар "Жетиген" менчиктештирилгенде үлүш алган жокпуз, демек, менчиктештирүүнү туура эмес деп эсептөө керек деп Ысык-Көл облустук район аралык сотуна доо арыз жазышкан, бирок алар соттук отурумга анын өтө турган убакытын жана жерин биле туруп келбеген. Ошондуктан сот 29-июнда ишти карабаган. Эскерте кете турган болсок, "Жетигенде" туруктуу иштеген кызматкерлер менчиктештирүү убактысында өз үлүштөрүн алышкан, Исмаиловдордун уюштуруусу менен "нааразы" болуп жүргөндөр сезондук иштеги жергиликтүү тургундар.
5-июнда "Жети Жылдыздын" администрациясынын өкүлдөрү "Жетиген" эс алуу жайын басып алууну көздөгөн топ менен жолугушкан. Топтун ичинде Жолоочу Исмаилов, анын тууганы Байыш Исмаилов, алардын жакындары, тарапташтары болгон. Жолугушууга райпрокурор Жапар Шакиров да катышкан. Рейдерлер "пансионат ачылса, аны өрттөйбүз, силерди жоготобуз",-деп администрация өкүлдөрүнө, атап айтканда, "Жети Жылдыз" ЖЧКсынын директорунун милдетин аткаруучу Анара Өмүралиевага ормон-опуза кылган.
Ушул окуяларга оро-пара Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары болуп Жолоочу Исмаиловдун тууганы Исмаилов Мирлан Шүкүрович дайындалып, туугандарынын арызын кароосу жана ишти алып баруусу да кызык.
Исмаиловдор элдин (өзүнүн жана жакындарынын) "укугун" коргомуш болуп, райондук прокуратурага "Жети Жылдыз" ЖЧКсына тийиштүү болгон "Жетиген" эс алуу жайын улутташтырып бергиле деп арыз жазыптыр. Райондук прокуратура (тууганы Исмаилов Мирлан Шүкүровичтин ишти алып баруусу менен) өз кезегинде "Жетиген" эс алуу жайын улутташтыруу жөнүндөгү сунуштун долбоорун Башкы прокуратурага жиберген. Бирок улутташтыруунун айныксыз негиздери жок болгондугу үчүнбү, райондук прокуратура "Жети Жылдыз" ЖЧКсына жиберген катында андай жагдайлар көрсөтүлбөй, көмүскөдө калган. Мүмкүн, Исмаиловдор, көнүмүш адатындай, улутташтыруу маселеси алар каалагандай чечилгенден кийин, "Жетиген" эс алуу жайына тийиштүү болгон объектилерди беребиз деген убада менен жергиликтүү сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өз тарабына тартып жатабы деген ой аргасыз пайда болот экен. Өзүнө тиешелүү болбогон мүлктү бирөөгө бере салуу жан кыйналтпаган иш эмеспи?
"Жетиген" эс алуу жайынын объектилерин рейдерлик басып алууга жасалган аракет жөнүндөгү "Жети Жылдыз" ЖЧКсынын арызына райондук прокуратура "В ходе проверки каких-либо фактов угрозы администрации базы отдыха "Жетиген" путем уничтожения имущества и рейдерского захвата со стороны местных жителей в лице Исмаилова Ж. И других не установлено"деп жооп берген. Анда Жолоочу Исмаиловдун, анын Байыш, Адыл жана башка туугандарынын "Жетиген" эс алуу жайын өрттөйбүз жана жок кылабыз, кызматкерлер менен администрация адамдарын "атып салабыз" деген ниетин көптөгөн күбөлөрдүн, анын ичинде прокуратура кызматкерлеринин, атап айтканда райпрокурор Ж.Шакировдун көзүнчө ачыктан-ачык билдиргенине кандай баа берсе болот? Эмне үчүн райондук прокуратура өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык аракет кылбайт жана дайыма Исмаиловдордун жетегинде кете берет? Же прокуратуранын башка кызыкчылыгы барбы?
Убактылуу Өкмөттүн декреттерине ылайык, эгер улутташтыруу абдан зарыл болсо, бакиевдерге таандык же алардын тегерегиндегилердин менчиктерин улутташтыруу керек эмеспи? "Нур" ЖЧКсынын ээси Жолоочу Исмаилов "акжолчуларга", бакиевчилерге жана К. Асанова сыяктуу судьянын чечимине таянып, өзү "Жети Жылдыз" ЖЧКсынын жерин тартып алганын эмнеге ойлобойт?
Көшөгө артында мындай оюн болгон. Исмаиловдор "Жети Жылдыз" ЖЧКсынын администрациясына эгер силер биз алган талаш жерди тим койсоңор, биз улутташтыруу жөнүндөгү арызыбызды кайтарып алабыз деп тымызын сунуш да кылган.
Демек, Исмаиловдордо бир гана кызыкчылык - "Жетиген" эс алуу базасынан жана "Жети Жылдыз" ЖЧКсынан калп-чыны аралаштырылуу менен тартылып алынган 3,5 га жер участогун өзүнө сактап калуу болгон деп болжолдойбуз. Райондук прокуратурадагы туугандык байланыштардын жардамы менен улутташтыруу үчүн кандайдыр бир негиздерди "казып чыккан", мисалы - "Жетиген" эс алуу базасын туура эмес приватташтырууну же кандайдыр бир тартип бузуулар менен приватташтырууну. Жана коркутуулар менен "Жетиген" эс алуу базасынын менчик ээлерин өз менчигинен - жерден баш тартуусуна көндүрүү.
Ар бир революцияда Ысык-Көл облусунун пансионаттары укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөрдөн жабыркашат. "Жетиген" эс алуу жайы да мындан четте калбайт. 2005-жылы Башкы прокуратура "Жетиген" эс алуу жайын приватташтыруунун тууралыгына текшерүүнү жүргүзгөн жана "Аэродромжолкурулуш" АКсынын мурдагы менчик ээлерин мамлекетке 1 239 168 сом өлчөмүндөгү зыянды төлөөгө милдеттендирген. "Аэродромжолкурулуш" АКсынын оор финансылык абалына байланыштуу бул сумманы "Өгүз" ЖЧКсы төлөгөн. Чынында эле ар бир революция сайын "Жетиген" эс алуу базасынын менчик ээлери жапа чеге бериши керекпи, менчик укугун коргоо принциби жана ак ниет сатып алуучулардын укуктарын коргоо кайда? Өлкөдө мындай болгон учурда бир да инвестор Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө макул болбойт.
Жер участоктору Ж.Исмаилов жана анын туугандары тарабынан үчүнчү бирөөлөргө сатылып кеткенин да белгилеп кетүү зарыл, демек, сатылган жер участогу үчүн алынган акчаларды кайтарып берүүнү каалабай жаткандыр. А үчүнчү бирөөлөр - сатып алуучулар, турмуш көрсөтүп тургандай, жер участогу менен чектешкен дубалдагы: "ТАЛАШ ЖЕР. 0543-008843 телефону боюнча кайрылыңыздар" деген жазууну окуп жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги жердин баалуу тилкесин символикалуу суммага сатып алуудан баш тарта алышпай жатышат.
Туристтик сезон башталгандан бери 1-июндан тартып эс алуу жайы алдын ала макулдашылган кардарларга жана башка да Көл жээгине эс алууга келген туристтерге кызмат көрсөтө албай, зыян тартып отурат. Ошондой эле, Ош жана Жалал-Абад облусунда жабыр тартышкан жаш өспүрүмдөрдүн "Жетигенде" эс алуусуна жардамдашууга мүмкүнчүлүгү болбой калды. Чет өлкөлөрдөн келүүсү белгиленген чоң инвестициялар убактылуу токтоп турат.
Ысык-Көл райондук прокуратурасынын кызматкерлеринин "Жетиген" эс алуу жайын улутташтыруу жөнүндө сунушунун жана эс алуу жайынын объектилерине чапталган мөөрдү алып таштоого каршылык көрсөткөнү сыяктуу иш аракеттеринин мыйзамдуулугун аныктап берүүнү, Байыш Исмаилов жана анын туугандарынын тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтурууну сурап, "Жети Жылдыз" ЖЧКсы эми Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Байтемир Ибраевге, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаевага, сот инстанцияларына кайрылууда.
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Башкы прокуратурасы "Жетиген" эс алуу жайынын тегерегиндеги маселени акыйкат териштирип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим чыгарат, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева бул маселеге кайдыгер карабайт деген ишенимде.
Бул маселенин жүрүшүн окурмандарга кабардар кылып турмакчыбыз.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ, "Кыргыз Туусу"

P.S. "Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясына 5-июль күнү эки кат келди. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жазган катта Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы В.Краснокуцкий Ысык-Көл облусунун прокурору А.Халмурзаевди "Макалада көрсөтүлгөн жагдайларды мыйзам чегинде текшерип, жыйынтыгын редакцияга жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 2010-жылдын 2-июлуна чейин билдирүүнү" милдеттендирген.
Ал эми экинчи катта Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары У.Шаршеев Ысык-Көл районунун прокурору Ж.Шакировду "Макалада көрсөтүлгөн жагдайларды мыйзам чегинде текшерип, жыйынтыгын редакцияга жана облустук прокуратурага 2010-жылдын 30-июнуна чейин билдирүүнү милдеттендириптир (числолорун кара тамгалар менен жазган прокуратурадагылар).
Редакция аталган инстанциялардан жооп да күтүп жатат.