06.07.10 Кыргызстан өнөктөш
мамлекеттерден колдоо табууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын өлкө башчысы катары жумушка расмий киришкенден кийинки биринчи иш сапары 4-июль күнү Казакстанга болду.

Кыргыз мамлекетинин башчысы Астана
аба майданына түшөрү менен казак журналисттеринин суроолоруна жооп берди. Роза Отунбаеванын айтымында Кыргызстан акыркы убакта башынан кечирип жаткан оор учурларда Казакстан тарабынан көрсөтүлгөн мате-
риалдык, моралдык колдоо кыргыз эли тарабынан бийик бааланат жана мамлекеттер аралык кызматташтыктын мындан аркы натыйжалуу өнүгүшүнө зор өбөлгөлөрдү түзмөкчү.
Кыргыз мамлекет башчысы Роза Отунбаева 4-июль күнү түштөн кийин Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, алар жабык эшик артында кеңири пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Кыргыз мамлекет башчысы буларга токтолду. "Казак Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы кырдаалга кайдыгер эмес экендигин, дайыма көз салып турарын, качан болсо жардам берүүгө даяр экендигин ачык айтты. Казакстандын инвестициясын Кыргызстанга мындан ары да көбөйтүү, биздин ишсиз отурган 150 миңден ашык тигүүчүлөрдүн товарларына Казакстандын аймагында кеңири мүмкүнчүлүк ачуу ж.б. көптөгөн экономикалык ири долбоорлорго чындап жол ачыларына Казак мамлекет башчысы ишендирди. Кыргыз-казак мамилелеринин жаңы мүмкүнчүлүктөрү, жогорку деңгээли эми ачылат деп ойлойм", - деди Роза Отунбаева.
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева баштаган делегация 5-июль күнү Казакстандын борбору - Астанада Евразия экономикалык кызматташтык биримдигинин мамлекеттер аралык кеңешинин Жогорку деңгээлдеги 27-жыйынына катышты. Казак Президенти Нурсултан Назарбаев жогорку жыйынды ачып жатып, Евразия экономикалык кызматташтык биримдигинин 10 жылдагы эң негизги жетишкендиги Бажы союзун түзүүнү аягына чыкканы, бул документке кол коюлуп, Бажы союзунун иши 6-июлдан баштоо чечилгенин кабарлады.
Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкө башчылары (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия) бул жогорку деңгээлдеги отурумдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү менен чыгышты. Кыргыз өлкө башчысы Роза Отунбаева Кыргызстан ЕврАзЭс уюмунун түзүлүшүнүн демилгечиси, уюштургандардын башында тургандыгын баса белгилеп, уюмдун чечими менен кабыл алынган Антикризистик фонддун түзүлүшү оор кырдаалды башынан кечирип жаткан Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин кошумчалады. Ошондой эле Роза Отунбаева жаңы эле ишин баштап жаткан Бажы союзуна кирүүгө Кыргызстан кызыкдар экендигин, учурда тиешелүү жол-жоболорун иликтөө боюнча комиссия иштеп жаткандыгын маалымдады.
Жыйында мурдагы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн алкагында Бажы союзун түзүү, Беларусь, Казакстан жана Россиянын ортосунда түзүлө турган бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү пландары кабыл алынды жана ЕврАзЭСке кирген өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык ассамблея жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогорку дең-
гээлдеги бул отурумда ЕврАзЭСтин 2009-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2011-жылдагы бюджетинин дол-боору, дегеле уюмдагы бюджет саясаты жөнүндөгү маселелер да кеңири талкууланды.
ЕврАзЭстин келерки жыйыны 2010-жылдын декабрь айында Москва шаарында өтө турган болду.
5-июлда түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы, келечеги тууралуу кеңири пикир алмашты.
Жолугушууда Россия лидери Дмитрий Медведев Кыргызстандагы жакында өткөн референдумдун натыйжасында мыйзамдуу жолго түшүп, эл ишенимине ээ болгондугу үчүн Кыргыз Президентин куттуктап, кандай гана оор кырдаал болбосун Россия Кыргызстанга таяныч болорун, жакындан жардам берерин баса белгиледи.
Өз учурунда Кыргыз өлкө башчысы Роза Отунбаева Россиянын Президентине терең ыраазычылык билдирип, өлкө үчүн оор учурларда Россия биринчи кол сунуп, дайыма жардам көрсөтүп, колдоп келатканын бир нече мисалдар менен айтты.
Өлкө башчысы Роза Отунбаева учурда Казакстанда расмий сапар менен жүргөн Түркия Президенти Абдуллах Гүл менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы алака-катыштын абалын жана келечегин кең-кесири талкууга алышты. Кыргызстандын башына кандай күн түшсө да Түркия дайыма арка-бел болоруна өлкө лидери Абдуллах Гүл ишендирип кетти.
Жогорку деңгээлдеги жыйындын алкагында Кыргыз Президенти Роза Отунбаева Армениянын Президенти С.Саргсян, Тажик Республикасынын Президенти Э.Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыктын ар кыл тармактарын жаңы деңгээлге көтөрүү маселелерин талкуулады.
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын Казакстанга болгон иш сапарында Каржы министри Темир Сариев, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Экономикалык өнүгүү жана жөнгө салуу министри Эмил Үмөталиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов жана Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн координатору Базарбай Мамбетов ж.б. расмий адамдар бирге болушту.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын чет өлкөгө биринчи расмий иш сапары жемиштүү аяктап, кесиптеш лидерлерден, өнөктөш мамлекеттерден колдоо тапты жана үзүрлүү кызматташтыкка ишенимдүү негиздер түзүлдү десек болот.
Бакыт ОРУНБЕКОВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттөрү Сагын АЙЫЛЧИЕВдики
Астана-Бишкек