06.07.10 Кабыл алуу жылдагыдай эле болууда
Оштогу кагылышуудан улам Ош жергесиндеги ЖОЖдорго абитуриенттер катталбай жатат деген кептерден улам Ош жергесиндеги ЖОЖдордун ректорлоруна кайрылып, 2010-2011-окуу жылына кабыл алуу кандай жүрүүдө жана бюджеттик, контракттык орундарга бөлүштүрүү жана контракттык төлөмдөр боюнча суроо салдык.

Ош мамлекеттик
университетинин проректору
Турдумамат Кадыров:
- Быйылкы жылда кабыл алуу 1-июлдан башталды. Абитуриенттер жылдагыдай эле келишүүдө. 10-июлда бюджеттик орундарга талондор кабыл алынат. Быйылкы жылдагы кабыл алуунун өзгөчөлүгү жер-жерлерде педагогикалык адистиктерге кабыл алуу боюнча атайын пункттар ачылып, абитуриенттерге оңтойлуу шарттар түзүлдү. Ал эми бюджеттик жана контракттык орундар тактала элек. Болжол менен бюджеттик бөлүмгө 425тей орун берилет.
Контракттык төлөм былтыркы жылы орточо төлөм 15 000 сом болгон. Быйыл контракттык төлөм эч кандай жогорулатылбайт.
Ош технологиялык
университетинин ректору
Абдибали Токтомаматов:
- Республика боюнча 1-июлдан баштап ЖОЖдорго кабыл алуу жүргүзүлө баштады. Ошол күндөн тартып биздин Ош технологиялык университетинде да абитуриенттерди кабыл алуу жүргүзүлүүдө. 2-июлдан Кара-Кулжа, Алай, Чоң Алай, Өзгөн, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя аймактарында атайын кабыл алуу пункттары да ачылган. Ал эми бюджеттик 310 орун, контракттык орундар ар бир кесипке карап 2000ге жакын абитуриент кабыл алынуусу пландаштырылган. 2010-2011-окуу жылына карата контракттык төлөм жогорулатылган эмес. Өткөн жылда канча болсо ошол боюнча калтырылат.
Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору
Каныбек Исаков:
- 1-июлдан баштап бардык кесиптер боюнча документтерди кабыл алуу башталган. Абитуриенттерди кабыл алуу боюнча райондордо да кабыл алуу пункттары ачылган.
Бюджеттик жана контракттык орундар азырынча тактала элек. Ал эми контракттык төлөм былтыркы жылдын деңгээлинен көбөйгөн да, төмөндөгөн да жок.
Өз кабарчы





ОАО "Электрические станции"
объявляет о начале открытых торгов
по продаже электроэнергии на экспорт
в 2010 году

В связи с этим ОАО "Электрические станции" уведомляет потенциальных покупателей в странах Центральной Азии (Казахстан, Узбекистан, Таджикистан), а также в Российской Федерации о начале сбора ценовых заявок и информации по количеству необходимого объема электроэнергии, региона потребления и потребности по месяцам для дальнейшего заключения договоров. Планируемый объем поставок электроэнергии на экспорт составляет всего 1-1,5 млрд. кВтч на границе энергораздела Кыргызской Республики по ровному суточному графику с периодом поставки с 01 июля 2010 года по 30 ноября 2010 года.
Ценовые предложения и информацию по запрашиваемым объемам электроэнергии принимаются по 06.07. 10 г., по факсу +(996-312) 66-34-09 (с последующей отправкой оригиналов предложения по почте)
Почтовый адрес:
ОАО "Электрические
станции"
пр.Жибек-Жолу, 326
г.Бишкек
720070
Кыргызская Республика
+(996-312)66-11-01
http://www.energo-es.kg
Телефоны для справок:
+(996-312) 67-02-81
+(996-312) 67-32-26
+(996-312) 67-08-52