02.07.10 Кыргыздын боз үйү
Египет пирамидасындай...
Кыргыз эли үчүн анын бири да, эң негиздүүсү да, коло доорунан бүгүнкү күнгө чейин кеңири колдонуп келе жаткан турак жай - боз үй. Анын конструкциясы аска-зоолуу тоо-таштарда көчүп-конууда тез бүгүп (чечип, жыйып), тигип алганга, зарылчылыкта кереге, ууктарын көбөйтүү, азайтуу менен чоңойтуу, кичирейтүү жана кийиз менен жабылуусунан суукту, жылуулукту жай өткөргүч касиеттерге ээ экендиги менен өзгөчөлөнөт. Ал мүлккө дүйнөлүк кызыгуу да бар. Демек, анын дүйнөлүк маданий эстелик иретинде кабылданышы эчак эле жетилген. Өңгөлөрдүн көңүлгө алынуусуна чейин өзүбүздө анын келбетин курулмалоо менен барктала башташы (өзүбүз иш баштабасак, кайдан анын четте баркталуусу болмок эле) зарыл.
Ырас, ага эстелик курууга буга чейин деле нечен жолу ойлор, пикирлер, сунуштар байма-бай айтылып да, басма беттеринде басылып да келген. Фонд да түзүлгөн. Бирок жандануу болгон эмес. Ошентип коомдук, мамлекеттик колдоо жоктугунан кагаз бетинде гана калып калган.
Бул көйгөйүбүз боюнча дүйнөлүк тажрыйбага карасак, мамлекеттин сыймыгы катарында Россияда Кызыл аянты менен Кремли, Францияда Эйфель мунарасы, Египетте пирамидасы кандай барк-баада. Андыктан бизде да борборубуздун төрүнө Ак боз үйдүн келбетин келтирген курулманын курулушу абзел. Ал аракетибизден арбактардын да, келечек муундардын да, дүйнө элинин алдында да жүзүбүз жарык болмокчу. Ошондой эле мамлекетибиздин, элибиздин аброю көтөрүлмөк.
Мырзабек ЧОКОТЕГИН,
Чүй району

Карт тарыхта байыркы кыргыздардын кол өнөрчүлүк менен алектенгендери, металл өндүрүү, иштетүү жана алардан ар кандай буюм-
тайымдарды, анын ичинен согуш куралдарын жасоо боюнча өз аймагында эч кимди алдына салбаганы, дыйканчылык менен алектенгендери, дан өстүргөнү, ал эми мал чарбасы менен алектенгендери ар жерлерге көчүп-конуп малын багып тиричилигин кылганы айтылат. Мындай шарттардан алардын турак жайы, чарбачылыгына карата бир-биринен кескин айырмаланып, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык менен кесиптенгендеринде белгилүү бир орунга курулган туруктуу түрдөгү, ал эми мал чарбачылыгы менен кесиптенгендеринде улам жайытка карата көчүп-конуусуна ыңгайланган жыйма турак жай күтүшкөнү айтылат.




Чыркыраганчындыкты мен айтпасам...
Ошто тополоң башталганда кичүү уулум Азаматка 11-июнда шаардык мамлекеттик автоинспекциянын имаратынын жанындагы үйлөрдөн атылган ок тийип, ооруканага жеткирилиптир. Кан көп кетип, операция болот. Андан кийин өзүнө келип, жанында жаткандардын телефону менен мага чалыптыр. Эс-учун билбей калганда аты-жөнүн айталбай калган экен, жанында документи да жок эле.
Тополоң басылса, күч органдары элдин колундагы куралды тартып алуусу керек, антпесек келечегибиз
кооптуу бойдон кала берет. Расмий билдирүүлөрдө дайынсыз жоголгондордун саны 300дөн ашык деп жатышат. Андан деле көп болсо керек, себеби биздин эле айылдан бир бала, маңдайдагы айылдан эки бала дайынсыз жок. Алардын ата-энелери же тирүүсүн, же өлүүсүн билбей, өздөрүн кай жерге коёрун билбей жатышат. Ушул урушту кайсыл акмактар чыгарды болду экен?.. Бул жаңжалдын кыргызга да, өзбекке да кереги жок болчу. Эки тараптан тең канча адам жакындарынан ажырап, жер муштап сыздап калды. Ушул тополоңду уюштургандар, ылайым эки дүйнө жакшылык көрбөсүн!
Асамидин ДАМИНОВ,
Ноокат районундагы
Кожеке айылынын тургуну





Жигиттердин гүлүсүз
(Медицина илиминин
доктору, профессор, көрүнүктүү коомдук
ишмер Накен Касиевге)
Жүрөксүнтпөй иши түшкөн адамды,
Жүзүңүздөн сабырдуулук сезилет.
Бай-кедейге бирдей жасап мамиле,
Жылмайсаңыз жылуу мээрим төгүлөт.

Узак жаша улукмандын шакирти,
Ак эмгектен ардакталып жүрөсүз.
Жандап жүрсүн дайым сизди жакшылык,
Жигиттердин мыктысысыз, гүлүсүз.

Сиздей жандын бактылуу дейм жубайы,
Чексиз болсун ошол бакыт булагы.
Акыл-эстүү, татынакай Накенди,
Эстегенде биз кубанып туралы.

Тагдыр экен, иним ооруп, медици-
налык жардам керек болуп, доктор Накен Касиевге кайрылсам, бизди жылуу кабыл алып, иниме анализден өткөнгө чоң жардамын берди. Сизди Кудай колдоп, үй-бүлөңүз, балдарыңыз менен аман болуңуз. Бизге моралдык жардам бергениңизге үй-бүлөбүз менен терең ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуз.
ӨМҮРАКУНОВА Мария
Эсенгелди кызы,
Бишкек шаары




Оо-уу "Бишкексууканал", алдабачы?!
Ордо калаабыз Бишкекте мурда кыйла кымбаттаган коммуналдык тейлөө кызматтарына - электрге, газга, ысык сууга, жылуулукка акы төлөө Убактылуу Өкмөт келгенден соң мурдагы калыбына келтирилип, арзандаган эле. Бирок, калкты ичүүчү муздак таза суу менен камсыздаган "Бишкексууканал" жетекчилиги эмнегедир кымбаттаган тариф боюнча акча алып келе жатат. Мурда бир киши
28 сом төлөсө, эми 43 сомго жетиптир. Ал түгүл, өткөн 2009-жылы түтүктөн агып кеткен суу 8 сом 73 тыйын болсо, эми 10 сомдон ашып кетиптир. Эмне, үйдөгү суу түтүгүнүн бузуктугунан агып кеткен суу да көбөйүп кеткенби? Аны ким өлчөп көрдү экен? Ой тобоо, ушундай да өзүм билемдик болот экен ээ. Мына ушундай өзүм билемдиктин кесепетинен кырчындай азаматтарыбыздын өмүрү кыйылганын "Бишкексууканалдын" жетекчилери бат эле унутуп калышабы?
Баса, өлчөгүч прибор тууралуу да айта кетейин. Рынок шарттарында
калк пайдаланган заттардын баары товар катары эсептелип, албетте, ага ылайык акча төлөшөт. Ал үчүн товарды өлчөп, ченеп сатуу керек. Ошондо, аны саткан кожоюн өзүнүн өлчөгүчү менен өлчөп берет. Мисалы, картошка саткан дыйкан базарга өз таразасын кошо ала келет. Ошондой эле, энергетиктер, газчылар өз товарларын сатуу үчүн ар бир үйгө же квартирага өлчөгүч коюп беришкен. Ал эми, эмне үчүн суучулар, ысык суу, жылуулук берүүчүлөр андай өлчөгүч койбой эле, чыгымын дүңүнөн бир кишиге бөлүштүрүп коёт. Бул туура эмес, анткени, элдин баары эле сууну бирдей өлчөмдө пайдаланышпайт. Иши кылып, суроо көп, бирок, жооп жок.
Адилеттик үчүн айта кетейин. Бул жердеги баш-аламандыкта жалаң эле "Бишкексууканал" эмес, Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин да тиешеси бар. Дегеним, бул маселени иликтеп көрсөм, "Бишкексууканалдын" айтымында тарифти шаардык кеңеш чечет экен. Шаардык кеңешке телефон чалсам, тарифти Монополияга каршы агенттик бекитет экен. Андай болсо, мурдагы бийлик тарабынан тарифтин жасалма түрдө кымбаттатылганы го белгилүү, андан соң тейлөө кызматынын баары тең дээрлик арзандап жатса, эмне үчүн муздак суу арзандабайт?
Ошондуктан, оо-уу "Бишкексууканал", тарифти арзандат, суу өлчөгүч коюп бер, ошого жараша аны төлөйлү, оо-уу агенттик, даярдап алып келген тарифти текшербестен бекитпе, өзүң текшер, оо-уу шаардын кеңеши, маселе караганда калыс, адилет бол,- демекчимин.
Т.САРБАГЫШЕВ, Бишкек шаары




Түштүгүм түйшүккө батпасын
Каран калсын кара жолтой ушул күн,
Калкыбыздын бузган бейпил турмушун.
Чатак баштап элдин ыркын кетирген,
Чагымчылар каргыш тийип курусун.

Эзелтеден тамырлашып жашаган,
Эки элдин ынтымагы бузулуп.
Кара күчтөр чагым салып ортого,
Кайраштырып бир-бирине тукуруп.

Көзгө атар мергендерди жалдашкан,
Көрүнүшпөй элди атып тымызын.
Талкалашып үй-жайына өрт коюп,
Тандабастан өзүбегин, кыргызын.

Ош калаасы оор кайгыга чалдыгып,
Онтоп жатты уул-кызынан айрылып.
Кесептердин мүшкүлүнөн кол салган,
Кейип элдер азап тартты жабыгып.

Түшүнүшпөй бузуктардын ойлорун,
Түштүк эли бир-бирине касташып.
Баштап коюп мансапкорлор кыргынды,
Башка жакка качып кетти баш катып.

Кыргыз эли бир канаты сынгандай,
Кыйын күндү баштарынан өткөрүп.
Чыр-чатактан шаар өрттөнүп кан агып,
Чыркырадык өлгөндөрдү көз көрүп.

Арман күндөр ажал, кайгы жыттанган,
Артта калсын эл достугу чыңдалып,
Жашоо-турмуш өз нугуна келсинчи,
Жалал-Абад, Ош жергеси тынчтанып.
Шабданбек КУЛУЕВ,
акын,
Кыргыз
Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Жайыл району, Суусамыр айылы




Акча жымырбай айласыбы?!
Уулум экөөбүз Алматыдагы жумушунан келаткан келинимди тосуп алуу үчүн 18-майдан 19-майга караган күнү түнкү саат 10.40та Түп-Кеген чек арасында болдук. Мен автоунаанын жанында калып, уулум жолдошун тосуп алууга чек ара күзөтчүлөрүнө кетти да, бир сааттан кийин келди. "Эмне болуп жатат?" десем, уулум: "Казактандын чек арачыларынан өтүп, кыргыз чек арачылары өткөрбөй жатат", - деди. Эмне үчүн десем, уулум: "Чек арачылар азыр өткүңөр келеби же эртең күндүз өтөсүңөрбү", - деп жатышат деди. Акча үмүтөтүп жаткан экен да. "Акчасын аяса Каркыранын түнкү катуу суугунда тура беришсин", - дегени тура деп оюма кетти.
Ошентип түнкү саат 11ден 20 мүнөт өткөндө келиним жана Алматыда иштеп жүрүп келаткан Алмаз Курманбаев келишти. Ушул убактарда кыргыз чек арасында күзөттө турган чек арачылар уулумдан 600 (алты жүз) сом, Курманбаевден 2000 (эки миң) теңге өндүрүп алууга жетишиптир.
Чек арачылардан көргөн ызасынан жана үшүгөнүнөн келиним ыйлап келди. Ушундай тартип Кыргызстандын бардык эле чек ара кызматчыларында болуп жатса керек деген ойго кеттим. Ушул маалыматты чек ара жетекчилерине, башка да тийиштүү адамдарга кабарлап коюуңуздарды өтүнөмүн. Адилеттүү жетекчилер болсо жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде иштегендерди
тийиштүү жазага тартааар...
Сабыр ЖАЙЫЛКАНОВ,
87 жаштагы эмгек жана
согуш ардагери,
Түп району,
Талды-Суу кыштагы