02.07.10 Өткөөл мезгилдин экономикасы: эмнелерге басым жасоо керек?
Кеңири белгилүү эрежеге ылайык, саясат экономиканын концентрацияланган көрүнүшү. Бирок, биздин өлкөдөгүдөй болуп бийлик алмашкан учурда саясат биринчи орунда тургандай болуп көрүнүшү да мыйзам ченемдүү. Ошентсе да экономикага жетиштүү көңүл бурулмайынча, саясатта алдыга жылуу болбой тургандыгы да ушундай эле мыйзам ченемдүү. А бул өз кезегинде саясат менен катар эле экономикага олуттуу мамиле жасоонун зарылдыгын шарттап турат.
Айрым эксперттердин байкоосу боюнча, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыр-даал татаал бойдон калууда. Мунун бир катар себептери бар. Биринчиден, өлкөдөгү ички экономикалык өнүгүү апрель окуяларына чейин эле терс тенденцияга ээ болуп келген. Экинчиден, акыркы саясый окуялар жана кошуна өлкөлөрдүн ага жооп катары аракеттери калктын активдүү бөлүгүнүн абалынын начарлашына гана алып келди. Натыйжада жарандардын экономикалык активдүүлүгү төмөндөп, көмүскө жумушсуздук өсүүдө, жарандардын топтогон каражаттары азаюу-да.

Мына ушундай учурда Убактылуу Өкмөттүн алдында бир катар актуалдуу суроолор келип чыкты. Алар: экономиканы башкарууну кантип камсыздоого болот? Энергетикалык коопсуздукту кантип камсыздоого болот? Бюджеттин ачык-айкындуулугун кантип камсыздоо керек? Финансылык коопсуздукту кантип камсыздоо зарыл? Азык-түлүк коопсуздугун кантип камсыздоого болот? Ишкердик активдүүлүктү кантип сактоого мүмкүн?
Мына ушул маселелерге өлкө жетекчилиги тарабынан биринчи кезекте жооптор табылышы керек. Ошондо гана өлкөдө туруктуулук, өсүш болмокчу. Сыртынан караганда Убактылуу Өкмөттүн иш аракетинде экономика экинчи орунда тургандай сезилсе да, анын алгачкы аракеттеринде эле жогорудагы маселелерди чечүү боюнча чаралар көрүлө баштагандыгы билинет. Мисалы, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары А.Атамбаевдин жетекчилиги астында стратегиялык документ - өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча жол картасы иштелип чыккан. Буга бизнес коомчулук дароо көңүл буруп, өз сунуштарын беришкенден кийин ал өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча биринчи кезектеги милдеттер планына айланды. Бирок алар учурдагы проблемаларга канчалык адекваттуу? Экономикалык тескөө министринин милдетин аткаруучу Эмил Үмөталиевдин билдиргени боюнча, план биротоло бекитиле элек болгондуктан, бул суроого жооп издеген кызыкдар адамдар ага өз сунуштарын бере алышат.
Саясатты иликтөө жана анализдөө институтунун директору Кемал Измайловдун пикири боюнча, биздегидей кырдаалда баарыбыз экономист, болгондо да олуттуу экономист болушубуз зарыл. Анткени бюджеттин киреше бөлүгүндө проблемалар бар, ошол эле учурда өлкөдөгү окуялардан улам чыгаша бөлүгү көбөйүүдө. Ал эми эл аралык уюмдар жардамдарды берүүдөн карманып турушат. Ошондуктан өлкө жетекчилиги алдыдагы жарым жылдык мөөнөткө антикризистик чаралардын пакетин иштеп чыгуусу зарыл. Анда коомдук коопсуздукту жана ишенимди камсыз кылуу камтылышы керек. Убактылуу Өкмөт проблемаларды биле тургандыгын жана аларды чечүү боюнча чараларды көрүп жана натыйжаларга жетишип жаткандыгын көрсөтүүгө тийиш.
Экинчиден, менчикти коргоо, ага кысым көрсөтпөстөн, анын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү, суроо-талаптын өсүшүн колдоо, банктар үчүн тобокелчиликтерди төмөндөтүү, банктарга ишенимди жогорулатуу, мамлекеттик акчаларды тейлөө үчүн тандоо критерийлерди иштеп чыгуу боюнча чараларды кабыл алуусу керек. Ал эми азык-түлүк коопсуздугу проблемасы атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоосуз чечилбейт.
Бишкек ишкер клубунун төрайымы Нелли Симонованын пикири боюнча биздеги рыноктук аспаптар жетиштүү өнүгө элек. Айталы, алар өткөргөн иликтөөлөрдүн натыйжасы көрсөткөндөй, калктын 4 миллиард сомдой акчалары тартылбай, "байпактарда" катылып жатат. А бул зор резерв.
- Негизи биздин өлкөдө банктар баалуу кагаздар рыногунда дээрлик катышышпайт, -дейт ал. - Өнүккөн өлкөлөрдө аталган рыноктун катышуучуларынын 90%ы банктар.
Н.Симонованын көз карашында "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро" сыяктуу ишканалар кирешелүү болушу керек. Алар бизде чыгашалуу деп келишкен. Демек, мамлекет буга чейин аларды башкарууга начар менеджерлерди коюп жаткандыгын көрсөтүп турат.
Учурда бир катар ишканалардын улутташтырылышына байланыштуу бул процесстин объективдүүлүгү боюнча суроолор да жаралууда. Н.Симонова Украинанын мурдагы президенти В.Ющенконун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон "Криворожский сталь" ишканасын кайра приватташтыруу мисалын келтирди. Мамлекет аны кайрадан 800 миллион долларга сатып алган да, инвесторго 3 миллиард долларга кайра саткан.
Убактылуу Өкмөт тарабынан бизнес коомчулук менен биргеликте иштелип чыгып жаткан "Өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча биринчи кезектеги милдеттер" планында жогоруда биз айткан суроолорго кандай жооптор камтылган. Долбоор Прагма/ЮСАИДдин бизнес чөйрөнү жакшыртуу
боюнча долбоорунун жергиликтүү эксперттеринин катышуусу менен даярдалган. Эми мына ошого токтололу.
Экономиканы башкарууну камсыздоо: ал үчүн кыска жана орто мөөнөттүү иш аракеттердин так жана айкын планын түзүп, анын министрликтер жана ведомстволор тарабынан аткарылышын камсыздоо керек. Убактылуу Өкмөттүн алты айга экономикалык саясатынын планын иштеп чыгуу, жарыялоо жана кошумча акча каражаттарын тартуу максатында донорлорго сунуштоо. Өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгууну баштоо.
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо: 2010-2011-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү үчүн ички ресурстарды табуу. Бул үчүн бюджеттик мекемелердин аларды жылуулук жана электр энергиясы менен жабдыган ишканаларга карыздарынын структурасын анализдөө жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Камбар-Ата - 2 ГЭСин куруу үчүн шарттарды түзүү.
Бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздоо: бюджеттин азыркы мезгилдеги абалын баалоо, бюджеттик финансы каражаттарынын чыгымдарынын приоритеттерин жана оптималдаштырылуусун эске алуу менен кайра бөлүштүрүү. Мүмкүн болуучу жоготууларга баа берүү үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн мурдагы айдагы бюджеттин аткарылышын анализдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде ар бир ай сайын оңдоп туруу. Бюджеттин кирешелүүлүгүн жогорулатуу.
Финансылык коопсуздукту камсыздоо: жыл аягына чейин коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын бизнес-пландарын тактап, жаңыдан берилүүчү кредиттердин жана берилген кредиттерди кайра каржылоо көлөмүн сактоо позициясына, үстөк пайыздарды белгилөөгө, кредиттик портфелдин сапатынын начарлабашына, финансылык рыноктордо жайгаштыруу үчүн ашыкча резервдерди пайдалануу пландарына, үстөк пайыздардын жана алмаштыруу курстарынын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата банктардын баланстык сезимталдыгын стресс-тестирлөөгө басым жасоо.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо: азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлорун туруктуу негизде эсептөө, анализдөө, аталган рыноктогу абалды түшүндүрүү жана калк арасында түшүнбөстүк жаратылбашы үчүн маалымат өнөктүктөрүн уюштуруу. Бул рыноктогу алып сатарлык аракеттерге жол бербөө боюнча иш алып баруу. Структуралык тартыштыкты жоюу үчүн зарыл болгон дан азыктарынын көлөмүн эсептеп чыгуу жана дан азыктарын импорттоо үчүн акча каражаттарын резервдөө. Калктын аялуу катмарларын негизги тамак-аш азык-түлүктөрү менен камсыздоо максатында мамлекеттик материалдык резервдеги зарыл болгон азык-түлүктөрдүн запастарын камсыздоо, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү сыяктуу иш-чараларды жүргүзүү.
Ишкердик активдүүлүктү сактоо: рейдерликтин бардык түрлөрүнөн коргоону камсыз кылуу, мурдагы жетекчиликке түздөн-түз байланышы болбогон ишкердикти иликтөөлөрдү токтотуу, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдар тарабынан кошумча талаптарды киргизүүгө мораторий жарыялоо, административдик кийлигишүүлөрдү азайтуу, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө салык салуу жана отчеттуулук процедураларын жөнөкөйлөтүү, 2010-жылы бюджетке болгон бул төлөмдөрдү жогорулатуу менен ишкерлерди 2011-жылга чейин салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча текшерүүлөрдөн бошотуу ж.б.
Бул документ азырынча биротоло кабыл алына элек. Ошондуктан анын акыркы варианты кабыл алынганга чейин дагы өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго тушугушу мүмкүн. А эң башкысы - ал өзүнө артылып жаткан үмүттөрдү актай алабы? Кеп мына ушунда…
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу".
Б.Өтөбаевдин коллажы






"Умай эне" үзүлгөндү улап жатат
ЮНИФЕМдин каржылык колдоосу менен жакында ишке киргизиле турган сүт кабыл алуучу пунктка Кемин районунун тогуз айылынын тургундары сүттөрүн арзан баада ортомчуларга сатпай, ыңгайлуу баада түздөн-түз ушул ишканага өткөрүшөт.
Эске сала кетүүчү нерсе, Кемин районунун Алтымыш айылында, №19 кесиптик-техникалык окуу жайынын базасында сүт кабыл алуучу пункт ачуу пландаштырылууда. Бул долбоорду аялдардын "Умай эне" деп аталган коомдук бирикмеси иш жүзүнө ашырмакчы. Анткени, аталган бирикме "Аялдардын жерге болгон укугу" программасынын алкагында ЮНИФЕМден грант алуу конкурсуна катышып, АКШнын 20 миң доллары өлчөмүндө каражат утуп алган. Жакында ушул сүт кабыл алуучу ишкананы уюштуруу салтанаты болуп, анын калктын суроо-талабын канааттандыруудагы мааниси тууралуу сөз болду.
Алтымыш айылындагы №19 окуу жайынын базасында уюштурулган ишкана ушул сыяктуу ишканалардын бардык санитардык-гигиеналык жана технологиялык талаптарына толук жооп берет. Ошондой эле "Бишкексүт" ачык акционердик коомуна ортомчуларсыз жогорку баада түздөн-түз сүт өткөрүү процесси жөнгө салынат. Тактап айтканда, сүттүн 1 литринин баасы 12 сомдон сатылып алынат. Бул болсо, учурдагы баадан 1,7 эсе көптүк кылат. Сүт кабыл алуучу ишканага жакын жайгашкан Алтымыш, Кара-Булак, Бейшеке, Учхоз, Кичи-Кемин, Боролдой, Ильич, Жаңы-Жол, Жылтыр айылдары тартылат.
Алтымыш айылынын тургуну Дания Дүйшөналиева мындай дейт: "Биздин айылдын көп тургундары эч жерде иштешпейт. Алар мал чарбачылыгы менен тиричилик өткөрүшөт. Азыркыга чейин биз сүттү кызыл кулактарга 7 сомдон сатуудабыз. Ал эми, сүттүн баасы улам барган сайын төмөндөөдө. Ал түгүл 3 сомдон саткан күндөрүбүз да болгон. Эми, бул жерде ишкана ачылса, биз сүттү ортомчуларга арзан бербейт элек. Ишкана сунуштаган баа бизге кыйла көмөк көрсөтөрүнө терең ишенемин".
Учурда аталган окуу жайынын бир жак капталы өтө эле начар абалда болгондуктан, аны оңдоп-түзөө иштери башталды. Тактап айтканда, эскирген суу түтүктөрү, канализация жараксыз абалга келип, суу менен жабууга мүмкүн болбой калган. Ошондой эле, чатыры да жараксыз болуп калган. Ошондуктанм "Умай эне" бирикмесинин активисттери мүмкүн болгон бардык ички резервдерди жана айыл өкмөтү жана кесиптик-техникалык билим берүү
боюнча Мамлекеттик агенттик берген каражаттарды пайдалануу менен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.
"Бизге керектүү жабдууларды бере ала турган өнөктөштөрдү табуу өтө маанилүү. Ал өнөктөшүбүз кокус жабдууларыбыз бузулуп калса, ага керектүү запастык бөлүктөрдү да бере алса дурус болор эле. Биздин план боюнча жабдууларды июль айында сатып алабыз. Ал эми, августта бардык иштерди бүткөрүп, "Ак-Жалга" деп аталган биздин долбоорду ишке киргизебиз" дейт "Умай эне"
бирикмесинин төрайымы
Шайырбүбү Абдылдаева.
Аталган долбоор иш жүзүнө ашырылганда, тогуз айылдын 1500дөн ашуун үй-бүлөсүнүн сүт сатуудан түшкөн кирешеси эки эсеге жакын көбөйөт. Ошону менен бирге 100гө жакын жумуш оруну пайда болот, окуу жайдын тарбиялануучулары үчүн эң сонун өндүрүштүк база түзүлөт.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"