29.06.10 Тизгинди парламентке берип, туура кылдыкпы?
(Башталышы 1-бетте)
Мисалы, Россия азыр парламенттик башкарууга өтүп кетсе, чоң проблема чыгышы мүмкүн. Өлкө чоң, эли ар кошкон, дини дагы ар түрдүү. Ошон үчүн аларда сөзсүз борборлошкон бийлик туруш керек. Алардын КМШ өлкөлөрү жалпы бир система менен жашап турса деген саясаты мына ушунун негизинде болуп атат. Талдай келсек орус президентинин айтканынын чындыгы бар. Себеби, парламенттик система партиялардын негизинде түзүлөт да. Ал эми партия деген өзү кандай түзүлүшү керек? Коомдук катмардын кызыкчылыгын чагылдыра турган, өзүнүн стратегиясы, идеологиясы бар бир система болуш керек.
Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, жумушчулардын, интеллигенциянын кызыкчылыгы болот. А бизде болсо партиялар эмненин негизинде түзүлөт? Колунда бар, төбөсү элге көрүнүп калган, көп жылдар бою бийликте жүрүп, саясый оюн-шоокту билип калган кишилердин тегерегинде курулуп атпайбы. Ошондуктан, булар саясый күрөшкө келгенде кайсыл бир катмардын же топтун кызыкчылыгын эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп кетет.Парламент мамлекеттик, коомдук кызыкчылыктан четтеп, өзүмчүлдүк кызыкчылыкка өтүп кетүү коркунучу турат. Эми кандай болгон күндө да референдум өттү. Ал канчалык таза, калыс өттү, мен аны айта албайм. Бизде башынан эле санды каалагандай кылып коюп коюу өнөкөт болуп калган. Бирок референдум өткөнү-бул факт. Ушуга жараша жашашыбыз керек.

Адахан МАДУМАРОВ,
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери:
- Айланабыздагы чектеш мамлекеттердин бүт баары президенттик башкаруу системасында. Алардын ар кимиси тең-теңине жараша кызматташат. Биздин президенттин эч кандай ыйгарым укугу жок болсо, тышкы саясатты аныктабаса, Жамааттык коопсуздук кеңешине, же болбосо Шанхай кызматташтык уюмуна барганда кандай кабыл алынат? Кыргызстандан өкмөт башчысы келиптир десе бир столдо отургузбайт. Ошондуктан, Кыргызстан кайрадан изоляцияда калып калышы мүмкүн. Койчусу көп болсо кой арам өлөт дегендей, биздин жүргүзгөн саясатыбыз түшүнүксүз болуп калышы ыктымал. Андыктан, мен Медведевдин айткан сөзүнө толугу менен кошулам. Биздин саясый кырдаал дагы, улуттук менталитетибиз дагы парламенттик башкарууга туура келбейт.

Жолборс Жоробеков,
саясат илиминин доктору, профессор:
- Ушундай чоң мамлекеттин жетекчиси жанагинтип айтканы эл аралык дипломатияга жатпайт. Медведевге жагабы, жакпайбы, парламенттик башкаруу Кыргызстандын эли тандаган жол. Албетте, парламенттик башкаруу киргизилсе эле майкөл, сүткөл болуп, эртең эле бейиштегидей жашап калабыз деген туура эмес. Биз жаш мамлекет катары жаңы жолдорду издеп таап атабыз. Ошонун бири - парламенттик башкаруу. Биз эки жолу президенттик башкарууну көрдүк. Бирок азыркы модель жүз пайыз парламенттик башкаруу эмес. Жаңы Конституция боюнча Президентти эл шайлайт, Президенттин көпчүлүк ыйгарым укуктары сакталып калды, анда дагы эле жетишээрлик полномочиелер бар. Башка толук кандуу парламенттик мамлекеттерден биздики ушунусу менен айырмаланат.

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери:
- Биздин партия башынан эле аралаш система болсун деп өзүнүн пикирин билдирген. Бирок референдум өткөндөн кийин биз мыйзамга баш ийебиз. Элибизде тынччылык болсунчу. Калганын убакыт көрсөтөт.

Мамат САБЫРОВ,
Кыргыз Туусу"




Түштүктүк балдар Көлдө эс алышат
26-июндан тарта Бишкекке Ош шаарынан, Ош жана Жалал-Абад облустарынан балдар келе баштады. Балдарды убактылуу кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча республикалык штабдын билдиргенине караганда алар Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоо жайларына жиберилет. Эки облустун мамлекеттик акимчилиги жана Ош шаарынын мэриясы даярдаган тизмеге 7 жаштан 14 жашка чейинки 898 бала киргизилген.
26-июнда эки авиакаттам менен 100 бала алынып келинди. Алар Бишкек шаарындагы азиз жана начар көргөн балдардын жатак имаратына жайгаштырылды. Бул жерде балдарга медициналык кызматкерлер, педагогдор жана балдар психологдору кызмат көрсөтүп жатышат. Андан соң Ысык-Көл облусундагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборлоруна алып кетишет. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги балдарды Көлгө жеткирүүнү моюнга алса, коопсуздугун камсыз кылуу Ички иштер министрлигине жүктөлдү.

Б.АБДЫКАЕВА




Ата Журт алкагында
Маданият министрлиги өзбек ырчысына нааразы
Кечээ аталган министрликте жыйын уюштурулуп, анда Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованын Ош окуяларына арнап ырдаган чыгармасы жалпы кыргыз коомчулугунда кыжырданууну жаратып жатканы айтылды. "Усманованын ырында кыргыздын намысына тийип, кымызын келеке кылганы, "ыймансыз" деген саптары айрыкча жаштарды чоң дүрбөлөңгө салды" деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, өзбек ырчысынын бул чыгармасына байланыштуу атайын эксперттик комиссия түзүлгөн. Комиссияга кыргыздын чыгаан композиторлору, министрликтин өкүлдөрү бекитилип, Тышкы иштер министрлигине атайын кат жолдоо көздөлүп жатат.

50 бүтүрүүчү алтын сертификат алды
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында быйыл 50 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болуп, каалаган жогорку окуу жайына сынаксыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө бардыгы болуп 30 210 бүтүрүүчү катышкан. Тестирлөө жыйынтыгы Бишкек шаарынын №1 орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгонун көрсөттү.

Ак тилекте адал иш кылалы
Кадырман калайык калк! Кыргыз жеринин керемети Соң-Көл жайлоосунда 22-июндан баштап "Айкөл Манас куту" аттуу манасчылардын кырк бир күн Манас айтуусу аркылуу жалпы калайык-калкты аруулантуу иш чарасы өтүүдө.
Кыргыз элинин келечеги, өлкөбүздүн күч-кубатынын чыңдалышы, экономикасынын өсүп-өнүгүшү үчүн Айкөл Манас бабабыздын касиети аркылуу болгон иш-аракетибизди колдоп, ошондой эле элибизге түшө турган кутту кармап калуу максатында бир тилекке келип, Кыргызстандын ар бир атуулу манасчыларыбыз менен бирге кырк бир күнү арууланып, асыл ой, ак тилекте адал иш кылалы.
Айкөл Манас бабабыздын касиетинин тегерегине баш кошуп, ынтымакта, биримдикте, бир тилекте бололу, дейт "Манас эл" коомдук кыймылы.

Бул шайлоо байкоочуларды таң калтырды
Кыргызстанда шайлоонун өтүшүнө Россиянын борбордук шайлоо комиссиясынын 36 мүчөсү байкоо жүргүзгөн. РФ БШК мүчөсү В. Волков байкоочулар 62 участкада болгондугун айтты. "Биздин көз каранды эмес байкоочулар республиканын Чүй облусунда, Бишкектен тышкары аймактарда добуш берүү участокторунда болушту", - деди ал. "Мен буга чейин көп эле шайлоолорго байкоочу катары катышканмын. Бирок, буга окшогон добуш берүүнү биринчи жолу көрүшүм. Тынч, мыйзам чегинде, активдүүлүк өкүм сүрүп турду", - деп таң калганын жашырган жок РФ Шайлоо комиссиясынын мүчөсү В.Волков.

Камбар-Ата-2 ГЭСине тетиктерди сатып алууга тендер
"Электр станциялары" ачык акционер коомунда Камбар-Ата ГЭСинин курулушу үчүн металл продукциясын сатып алууга тендер өттү. Бөлүштүрүүчү компаниялардын маалыматы боюнча арматура, такта металл, үч бурчтуктарды жана башка тетиктерди сатып алуу конкурсуна беш ачык акционердик коомдор: "Металлогрупп", "МЕталлыч", "Строймир", "Кулуке" жана "Жантур" катышты. Тендердик комиссиянын курамына Кыргызстандын Энергетика министрлигинин өкүлү, ошондой эле "Электр станцияларынын", "Камбар-Ата-2 ГЭСи" ААКсынын жана "Нарынгидроэнергокурулуштун" бир катар кызматкерлери кирген. Азыркы убакта комиссия келип түшкөн билдирмелерге баа берүүнү жүргүзүүдө.




Аалам алкагында
Аскерлердин чыгарылышы али күмөн
АКШнын президенти Барак Обама "Чоң жыйырманын" Канададагы саммитинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатып, америкалык аскерлер Ооганстандан качан чыгарылаарынын так датасын билүүнү каалагандар көп экенин, бирок ал үчүн Ооганстандагы тынчтык миссиясынын ийгилиги маанилүүрөөк экенин айтты. Ал өзүнүн аскерий стратегиясы жөнүндө сүйлөп жатып, АКШ Ооганстанга узак убакыт бою колдоо көрсөтөөрүн бышыктады. "Негизги максат - Ооганстан жаңы террор актылары даярдалчу аянтка айланып калышына жол бербөө", - деп айтты америкалык президент.

АКШдагы кыргыз атуулдары референдумга активдүү катышты
Бул тууралуу АКШдагы "Кыргыз клаб" уюмунан билдиришти. БУУ алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгү кыргыз коомчулугунун колдоосунда кыргыздар көп жашаган Нью-Йорк шаарындагы райондордун биринде көчмө шайлоо комиссиясын уюштурган. "Кыргыз клаб" уюмунун маалыматына ылайык, АКШдагы кыргыз жарандары Кыргызстандагы соңку окуяларга өтө тынчсызданып, алдын ала маалыматтар боюнча Башмыйзамдын жаңы долбоору үчүн өз добуштарын беришкен.

Ооганстандагы согуш узакка созулат
АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги (ЦРУ) Ооганстандагы согуш оор болоорун, узакка созулаарын билдирди. Агенттиктин жетекчиси Леон Панетта ABC каналына сүйлөп жатып, алар "дурус башкаруусу жок, коррупция, баңги аткезчилиги жана талиптер менен проблемалары бар мамлекетте" иштеп жатышканын эске салды.

Кытай юандын эң жогорку курсун белгиледи
Өлкөнүн улуттук банкы юандын АКШ долларына карата акыркы бир топ жылдардан берки эң жогорку көрсөткүчүн (1 доллар - 6,7890) атады. "Чоң жыйырманын" Торонтодогу саммитинде АКШнын президенти Барак Обама Кытайды улуттук валютасынын курсун төмөндөтүүгө чакырган эле. Анткени америкалык ишкерлер өздөрүнүн продукциясын Кытайга экспорттоодо миллиарддаган доллар чыгаша тартып жатышканын айтышууда.

Россия, АКШ Кыргызстанга кызыкдар
Америка жана Россиянын президенттери Барак Обама менен Дмитрий Медведевдин жакында болгон жолугушуусунда Кыргызстан темасы өзүнчө талкууланып, бул аймактагы окуялар абалдын курчушуна алып келиши ыктымал деген кооптонуу айтылды. Россия президенти Медведевдин Америкага иш сапары эки ортодогу алакаларды "тактоо" деп аталды.
Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда өткөнү менен, келишпестиктер сакталып кала берет. Бирок бир маселеде алардын пикири бир жерден чыкты. Ал - Кыргызстан маселеси. Эки президент тең Кыргызстандагы абалдын андан ары курчушун жана бүтүндөй Борбордук Азияны башаламандыкка алып келишин каалашпайт.
Алар өлкөдөгү маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга, эл аралык уюмдарды жардам көрсөтүүгө чакырды. Кыргызстандын экономикалык өсүшүн камсыздоодо чогуу иштешүүгө, наркотрафик жана терроризмдин коркунучуна биргелешип каршы турууга дилгирлигин билдиришти.

"Кабар" агенттигинин, "Азаттык" радиосунун сайттарынан жана өз кабарчыларыбыздын маалыматтары боюнча даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, "Кыргыз Туусу"