№48, 29.06.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...






Тизгинди парламентке берип, туура кылдыкпы?
- Орус Президенти Д.Медведев парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанда натыйжалуу иштеп кетээрине шектенгендигин билдирди. Сиз буга кандай дейсиз?
Султан Раев, жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты: - Кошуна жашаган республикалар гана эмес, постсоветтик чөлкөмдө биринчи болуп Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүп жатат. Албетте, мурдагыга караганда кыйла жогорку сапаттык баскычка өтүү коомдон да, элден да чоң жоопкерчиликти, ички маданиятты талап кылат. Бирок, биздин элибиздин ички маданияты да, менталитети да ага толук шайкеш келет деп ойлойм.
- Ишенбай АБДРАЗАКОВ, коомдук ишмер: - Өткөөл мезгилде демократиялык коомдун эң бир уңгулуу маселелери, шарттары бар. Биринчиден, саясый маданиятты жогорулатыш керек. Экинчиден, мыйзамдын үстөмдүгү орношу зарыл. Эркиндик деген албетте, жакшы нерсе, бирок
жоопкерчилик болбосо ал анархияга өтүп кетет. Жоопкерчилик деген ар бир элдин саясый маданиятына, анан адеп-ахлагына байланыштуу. Ошол эки жагы бекем турса, ошондо акырындан парламенттик башкарууга өтүп кетсе болот. Медведевдин айтып атканы ошондон. КМШ өлкөлөрүнүн көбү президентик система менен туруп атпайбы.
(Уландысы 11-бетте)