25.06.10
 27-июнь - референдум

Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны Сүйүнбай Эралиев:
"Калкыбыз референдумду колдооруна ишенем"
Түштүк жергебизде жүздөгөн өмүрлөрдү кыйып, миңдегендерди жарадар кылып, канча күндөрдөн бери жалпыбыздын үрөйүбүздү учурган коогалаң басылып, абал улам турукташууда дегени менен, өлкөнүн мындан аркы тагдырына күйгөн адамдардын көңүлү биротоло тынчый элек.
Албетте, Убактылуу Өкмөттүн, жергиликтүү башкаруу, укук коргоо органдарынын бардык аймактардагы аксакал-көксакалдардын ынтымакка чакырган аракеттери менен, айрыкча патриоттук сезимдеги курч жаштарыбыз бекем туруп бербегенде абал мындан да кыйын болмок. Ал эми бул кырсыктуу окуялардын себебин таап, аны уюштуруучулар мыйзам чегинде жазасын алмайынча жергебизде тынчтык биротоло орнобой турганы ар кимге түшүнүктүү.
Жалпы элди мынчалык азапка салган осол иштеринен дагы моокуму канбай, элден кечирим суроонун ордуна жашырынып, айрым жеңил алданма адамдарды дагы эле козутуп жүргөндөргө айткым келет: -Койгула! Ар нерсенин чеги болот. Бейиштин төрүндөй болгон куттуу жерибизде эми кан төгүлбөсүн! Бул жарыкка эч ким түбөлүккө келбейт. Бул дүйнөнүн жыргалы, идеалы акчада, байлыкта эмес, же болбосо дилин карайтып, бөөдө бүлгүн салып адам -адамды өлтүрүп, бирөөлөрдүн жерин тартып алып зордук-зомбулук кылып, талап-тоноолор менен адамдардын турмушун күүгүмдөнтүп жашоодо эмес. Эл ач болсо ач болуп, эл ток болсо ток болуп, колдон келген жакшылыгын аябай, ак тилек менен ар бир жарык күнгө кубанып каниет менен жашоо жыргал экенин унутпагыла. Адам адамды гана жарата албайт, калган бардыгын жаратат, жасайт, чын дилинен кааласа өзүнүн акыл-эсин, көкүрөк-көңүлүн да оңдой билет.
Кымбаттуу мекендештер! Азыр бизди бүт дүйнө карап турат. Бул чоң сыноодон өтүү үчүн алдыда чоң милдеттер, көп иштер бар. Эң оболкусу - референдум аркылуу элибиздин, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн бийликти тезирээк легитимдештирүү максатында бир катар өзгөрүүлөр менен иштелип чыккан Баш мыйзамды кабыл алып, мыйзамдын жолуна түшүү. Андан аркы негизги маселе-бийликке элдин ишенимин кайтаруу. Бийлик качан эл ишенимине ээ болгондо гана өлкөдө саясый, экономикалык, социалдык жана рухий маселелер акырындап оңунан чечилет, ошондой эле референдумду жалпы эл колдойт деген үмүттөбүз.




Кыргыз
Республикасынын Баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев:
"Референдумга баралы!"
Биз опурталдуу, коогалуу мезгилде жашап жатабыз. Апрель, июнь айларында Бишкек, Ош, Жалал -Абад шаарларында көп кан төгүлдү. Мындан жарым кылым мурда жазылган жоокер акын Темиркул Үмөталиевдин:
Баарынан да өтүп кетти жаныма,
Биздин жерде биздин кандын акканы,
- деген ыр саптары бүгүн жазылгандай актуалдуу угулуп жатты. Ошол 7-апрелде кан төгүлгөн күнү Бишкекке Убактылуу Өкмөт келип, учурдагы жоопкерчиликти сезип, ишке шымаланып киришкен. Андан кийин түштүктө тополоң, башаламандыктын, түшүнбөстүктүн кесепетинен көп замандаштарыбыз курман болду. Баштагы уятсыз, канкор бийлик кыргыз элинин байлыгын жеп, чачып, адамдарды бири-бирине кагыштырып, кан төгүүгө себепчи болду. Мында да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү күн-түнү тынбай эмгектенишип, жаңжалдын ырбап кетишине каршы бардык аракеттерин жасашканын азап чеккен эл көрүп турду.
Мына эми биздин алдыбызда элибиздин келечегине даңгыр жол ачуучу, эл тагдырын чечүүчү референдум турат. Бул мааниси өтө орчундуу референдумга катышуу - республикабыздын ар бир жаранынын милдети. Референдумга катышып, өз добушубузду берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алабыз, бийликти мыйзамдаштырабыз, Убактылуу Өкмөттүн иштерин, саясатын колдойбуз, республикабыздын келечегине кеңири жол ачабыз! Менин бардык жарандарга кайрылып айта турган карылык сөзүм: башка иштерди коё туруп, референдумга катышып, добушуңарды бергиле! Азыр бизде референдумдан маанилүү, референдумдан зарыл иш жок!




Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, академик
"Кысталыш учурда жарма таарынычты унутуш керек"
Эгемендүүлүккө кан төгүүсүз, оңой жеттик деп кайра-кайра айта берип сөзүбүздөн кеттиби, өзүбүздөн кеттиби көз карандысыздыгыбызды бекемдеп сактай албай келатабыз.

Ата журтубуздун бүгүнү да, эртеңи да "кылтылдап орто жолдо турган кезде" көөдөндү зылдай таш басып, көз караңгылап турган чакта эл кайгысын бөлүшүмүш болуп, саясый кадыр-барк топтоого аракет кылуу орус эли айткандай "пир во время чумы" дегенге барабар…Бирок, Убактылуу Өкмөткө сын-пикир айткандардын, референдум кийинчерээк болсун дегендердин бааарын эле бир кончко салып, эл душманы катары эсептей бербеш керек.
Мына ушундай кысталаң учурда жарма таарынычты унутуп, бир муштумдай түйүлүп, бир өзөн суудай биригип бир максаттын алдында акылыбызды, билимибизди, күчүбүздү жалпы Кыргызстан элинин, айрыкча кыргыз-өзбек элинин ынтымагына жумшашыбыз керек.
Ал максат 27-июнда боло турган Референдум. Референдумга сөзсүз баруу керек. Ал үчүн Убактылуу Өкмөт бардык күчүн коопсуздук жана тартип маселесине көңүл буруп, шайлоочулардын коопсуздугу үчүн максималдуу шарт түзүүсү керек. Убактылуу Өкмөттө Роза Исаковна Отунбаевадан башкаларын теледен, радиодон элге кайрылып чыгууларынын эч бир зарылдыгы жок.
Бул референдум өлкөдө туруктуулукту бекемдеп, абалды турукташты-рууга сөзсүз таасирин тийгизип, азыркы учурдагы оор кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу болуп калаарына ишенемин. Мамлекетибиздин келечеги, тагдыры ушул референдумда чечилет деп айтсак да болот.
Туура, абал оор. Кайгы-муң. Айрымдары бир-туугандарын, балдарын, жакындарын издөө салып таппай жатышат. Бирок, бизди мындан кийинки туруктуулук, биримдик, жашообуз, келечек тагдырыбыз баарыбызды өтө ойлондуруш керек да. Бул өтө маанилүү.
Ошондуктан, мен дагы үй-бүлөм жана Оштон келген туугандар менен референдумга барып добушумду референдумду колдоо үчүн беремин.
"Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт"
деп Алыкул айткандай ушул сезим ар бирибиздин жүрөгүбүздө, сезимибизде, мээбизде бекем орноп, ант-келмебиздей оозубузда дайыма кайталанып, кудайдан жакшылыкты тилейли!
Баарыңарды референдумга каты-шууга чакырам !





  Элдин тагдырын эске алалы

Референдумду мамлекет үчүн күйгөн адамдар өткөргөнү жатат. Албетте, түшүнбөгөндөр дагы бар. Учурда оор күндөрдү эске алып, шайлоону өткөрүп алалы.Азыркы убакта Убактылуу Өкмөттүн жыргап жаткан жери жок. Оор кырдаалда иштеп жатат. Ооба, алардын кээ бир кемчиликтери болушу мүмкүн. Бирок биз оболу элдин тагдырын эске алалы. Эми биз жер-жерлерге, мечиттерге барып, өзбек-кыргыз аксакалдары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө ниетибиз бар. Ал эми референдумду жылдырсак, андан жыргал деле болбойт.
Ильяс Жусубалиев, Ош шаарынын согуштун, эмгектин, куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы




Ынтымак - элдин уюткусу
Жүздөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, эки шаарыбыз бүлгүнгө учурап, эки элдин ортосундагы ынтымакка чоң жарака кетип олтурат.
Биз коогалаңда каза болгондордун үй-бүлөсүнө, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз сиздерди ачууну басып, акыл токтотуп, тынчтык жолуна түшүүгө чакырабыз. Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын Ысык-Көлгө эс алдырууга көмөк көрсөтүү өзүбүздүн мекенчилдик милдетибиз деп эсептейбиз.
Кыргыз элинде "ынтымак" деген сөз кылымдар бою элдин уюткусу дегенди билдирип келген. Элибизди эл кылып кылымдар бою сактап келген улуу нарк да - ушул ынтымак. Биз мына ошол улуу наркты - ынтымакты бардык деңгээлде эл ичине кайра калыптандырып, ар бир айылда, аймакта, өлкөдө өнүгүүнүн туруктуу социалдык-экономикалык багыттарын, жакырчылыктын каатынан чыгуунун жолдорун табуубуз керек.
Жаңы Конституцияны кабыл алып, убактылуу президенттин бийлигин мыйзам чегине буруп, парламенттик шайлоо өткөрүүгө жол ачып алсак, ички коопсуздукту сактоого, тышкы байланыштарды өнүктүрүүгө, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кыр-
даалды турукташтырууга, элдин турмушун оңдоого ыңгайлуу
шарттар түзүлөт. Ал үчүн биз биримдикке келип, ушактарга ишенбей, чагымчыларга алданбай, алдыдагы референдумду өз мөөнөтүндө, жогорку уюшкандыкта өткөрүп алуубуз зарыл.
Биз жалпы кыргыз элин, кыргызстандыктарды 27-июнда бир кишидей референдумга катышууга чакырабыз.
Ысык-Көл облусунун райондорунун Бишкек шаарындагы ынтымак коомдору жана "Жаңы муун" жаштар уюму




Алик Акималиев акын, Арча-Бешик айылы
Биринчи жолу референдумга баратам, эмне үчүн?
Чынын айтайын: мен 19 жыл бою бир да шайлоого же референдумга катышпадым. Анткени, ижаралап көчүп-конуп, көр тиричиликтин көйгөйүн тарткан көпчүлүк кыргыздардай эле шаарда пропискам, жер участогум да жок эле. Атүгүл паспортумду жоготуп ийгем айылдан. Демек, мен бир да депутатты же президентти шайлаган эмесмин. Бу жагынан Кудай, эл алдында абийирим таза.
Акаев, Бакиев жеке бийликтерин бекемдеш үчүн канча референдум өткөрүштү. Зор каражаттар кетти. Ошого жетим-жесирлерге үй салып берип, ачка айылда калган кемпир-чалдарга ун берилип, пенсияларын 200 пайыз көбөйтсө болот эле да. Антишкен жок. Натыйжада Кудай урган кутурган бийлик кумдан курулган сепилдей кулап түштү! А кийинкилер байкуш Мекенимди өрт менен канга чылады. Наалат! Каргыш! Эски бийликтеги ырайымсыз, адиллетсиз таш
боорлордун ысымдары кара тамга менен тарыхка жазылмакчы.
Менин Бакиевге эки жыл бою алакандай эки барак катым жетпей койгон. Атүгүл басма сөз катчысына: "Кайра бер, элементардык нерсеге алың жетпесе" десем өңү бозоруп кеткен. Көрсө, тегерегине
жыйып алышкан жалтайлашкан бозбаш, балапан балдары Президентке кирип бир нерсе айткандан коркушат тура. Канча жолу :"минт-сеңер Кыргызстан жүз жылда да алга кетпейт," - деп нааразы болуп ачууланып чыккам Ак үйдөн...
Мына Убактылуу Өкмөттөн бир жумага жетпей жооп алгандыктан, Алмазбек Шаршенович Атамбаевге жана жардамчылары Бакыт, Асел аттуу кабылдамадагы кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Ушунча зарланган экем, бир маселе боюнча үч жыл сүйрөлдүм. Ызам ашып-ташканбы, - ыйладым...
Мен ушул үлкөн сөөк агарткан жакшылык үчүн, байкуш Ата Журтум ооруп, Ош, Жалал-Абад өрттөнүп, кансырап турганда мекендештеримдин, шейит кеткен баатырлардын арбактары үчүн референдумга барам. Жакында айылдан жаңы алып келген паспортум менен, чын ниеттен "макул" деп добуш беремин!





Укуктук талаага өтөлү
Ушундай кырдаалда укуктук талаага өтүү зарыл. Ал эми референдумду өткөрбөйбүз дегендер, алар азыркы кыйын абалды билбей турган же мурункуларга жан тарткан адамдар.Эгерде референдумду өткөрбөсөк, укуктук талаага түшпөсөк, анда мурунку конституцияны калтырып, Бакиевди чакырып, астына түшүү керек.Түштүктөгү жаңжал жүрөктү эзген окуя. Бирок биз курман болгондордун арбагын сыйласак, мурунку бир үй-бүлөнүн заманынын келбеши үчүн шайлоону өткөрүү зарыл.
Картайбек МУКАНБЕТОВ,
КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер