22.06.10 27-июнь - референдум
Референдумду создуктурбай өткөрүү - тарыхый зарылдык
Кыргыз элине кайрылуу
Президенттердин үй-бүлөлүк башкаруу системасына карай
кенен жолду ачкан, жеке күчтүү бийликке улам
жаңы бийлик укуктарды берген мурдагы референ-
думдардан 27-июнда боло турган референдум түп
тамырынан бери айырмаланып турат. Анткени
анда чыныгы элдик бийликтин идеясын, рухун
туу туткан негизги үч касиет бар. Алар:

1. Өткөн кылымдын 90-жылдарында саясый элита бийликке келип, экономиканы менчиктештирүүнүн кесепетинен жалпы эл жакырданып, бийликке келген бир ууч саясый элита сөрөйлөрдүн союлун чабуучулар ишканаларды талап-тоноо, жерлерди, кен байлыктарды сатуу аркылуу чексиз байыды. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жоюлуп кетүү коркунучу түзүлдү. Ушуга байланыштуу калайык-калк 2005-жылы революция аркылуу бийликти өз колуна алып, демократиялуу, жаркын келечектүү мамлекетти куруу милдетин узурпатор-президент К.Бакиевге берген болчу. Тилекке каршы ал эл үмүтүн актабастан кара-пайым калкты кул кылып баш ийдирүү максатында өз элин атты. Кыргыз элинин жаркын келечегин, социалдык катмарлардын укуктарын камсыз кылуу, татыктуу бай турмушу бар, экономикасы кубаттуу өлкөнү куруу жөнүндөгү улуттук идеяны жүзөгө ашыруу максатында калайык калк экинчи жолу узурпатор-президенттен бийликти тартып алды. Азыркы референдум ошол улуу улуттук идеяны иш жүзүнө ашырууну көздөгөн ири иш чара жана жалпы элдик макулдашуу болуп саналат.
2. Президенттик бийлик Кыргызстандагы чыныгы демократияны жана чыныгы элдик бийликти камсыз кылмак тургай, бийликти жеке менчиктештирип алууга алып келерин тана алгыз далилдер аркылуу таасын көрсөттү. Ошондуктан Кыргызстандын изденгич акыл-эстери парламенттик бийликке негизденген мамлекеттик башкаруу системасын түзүүчү жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгып, аны ар кандай катмарлардын кеңири катышуусу астын-
да талкуулап, Конституцияны Улуттук улуу идеялар менен байытып, элдин тандоосуна, эркине сунуш кылды. Сунуш кылынып жаткан Жаңы Конституциянын долбоору кыргыз эли үчүн өтө чоң табылга. Бул табылга кыргыздар күчтүү экономикага ээ болсун, жапырт байысын, жыргал турмушта жашасын, адам укуктары так сакталсын деген улуу улуттук идеяны алып, ташып жүрүүчү касиетке ээ.
3. Азыркы учурда Кыргызстан бийлик кризисинин шартында жашап жатат. Бакиевдик үй-бүлөгө кызмат кылган өкмөт, элдин добуштарын бурмалоо жолу менен бийликке келип, узурпатор-президенттин чөнтөк "Ак жол" партиясынын мүчөлөрү үстөмдүк кылган парламент таркатылган. Жогоруда аталган улуттук идеяны иш жүзүнө ашыруу үчүн Убактылуу Өкмөт аткаруу бийлигинин да, мыйзам чыгаруучу бийликтин да жоопкерчилигин өз мойнуна алып, бел чечпей адал кызмат өтөп жатат. Патриот жаштардын, адамдардын канын төгүү аркылуу алынган элдик бийликти мыйзамдаштыруу, алардын кылып жаткан иштерин мыйзамдуу жолго салуу иши да ушул референдумда чечилет.
Жаркын келечекти колубуздан жулдуруп жибербейли деген ойдо биз, "Кайран Эл" партиясы, ушул Кайрылуу менен чыгууга, аргасыз болуп жатабыз. Биздин "Кайран Эл" партиябыздын Саясый Кеңеши түштүктөгү кырдаалга байланыштуу чукул чогулуш өткөрүп, "Убактылуу Өкмөт Декрет менен бекиткен референдумду өз мөөнөтүндө өткөрүү керек" - деген бир чечимге келди.
Декретти жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү төмөнкүдөй өбөлгөлөр бар:
1. Бакиевдик бийлик кулаган учурда бир катар социалдык катмарлар, этникалык топтор, партиялар Убактылуу Өкмөткө шекшинүү көз карашы менен карап, 7-апрелдеги кан төгүүнүн чыныгы себебине толук түшүнө алышпай жаткан болчу.
Түштүктөгү жаңжалга байланыштуу азыркы учурда элдин мындай көз карашы кескин (түп тамырынан бери эмес) өзгөрдү. Убактылуу Өкмөт сунуш кылып жаткан Конституциянын дол-боорундагы идеялар этникалык кагылышууларды токтотуучу, Кыргызстанды саясый кризистен сууруп чыгуучу негизги элдик максат катары бааланып жатат.
2. Эки жолу революция жасаган эл эми мындан ары "эскиче, үй-бүлөлүк бийликке кул болуп жашай алабы?" - деген суроо туулат. Диктатура гана кыргыз элин убактылуу чөгөлөтүшү мүмкүн. Эркиндикти, демократияны (элдик бийликти) сүйгөн кыргыздын духу чыныгы элдик бийликти орнотууну көксөп турат.
3. Кыргыз элинин негизги көйгөйлөрү:
- тынчтык жана улуттар аралык араздашууну токтотуу;
- жакшы жашоого жеткирүүчү иштерди жасоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- калпычылык менен элдин ырыскысын уурдоочулукту токтотуу;
- коомдук жана соттук акыйкаттуулукту камсыз кылуу;
- адамдардын укуктарынын толук сакталышын камсыз кылуу.
Мына ушуларды иш жүзүнө ашырууга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү "жөндөмдүүбү, же жөндөмдүү эмеспи" - деп эл кастарын тигип, олуттуу, чечкиндүү аракеттерди андан күтүп жатат. Эгерде ал жөндөмсүз болсо анда Кыргызстандагы кырдаал ого бетер курчуп, анархиянын күч алары, өлкөнүн келечегинин кандай болору жалпыга белгилүү. Ошондуктан кыргыз элинде бир гана жол бар: - создуктурбай референдумду өткөрүү. Бул - тарыхый зарылдык. Кыргызстандын патриот ар бир жаранын, калайык-калкты референдумга активдүү, жапырт катышууга чакырабыз!
"Кайран Эл" партиясынын Саясый Кеңеши