22.06.10 Акбөкөн ТАШТАНБЕКОВ:
"Тарыхый мезгил өзгөчө чечимдерди талап кылат"
Өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумга чейин саналуу гана күндөр калды. Ошол эле учурда Конституциянын бүткүл элдик добушка коюлган варианты, анын ичинде өлкөнүн башкаруу формасы боюнча талаш-тартыштар дагы да уланууда.
Албетте, орустардын бир учкул сөзүндө айтылгандай, канча адам болсо ошончо пикир бар. Демократиялык коомдо пикирлердин ар түрдүүлүгү кол-доого алына турган гана көрүнүш. Ошентсе да өлкөнүн Башкы мыйзамы боюнча жарандарыбыздын көз карашы аныктала турган мезгил келди. Долбоор боюнча мурдагы мыйзамчынын көз карашы кандай болду экен?
Ооганстандагы согуштун жана башка локалдык конфликттердин ардагерлеринин партиясынын төрагасы, парламенттин экс-депутаты Акбөкөн ТАШТАНБЕКОВ менен кабарчыбыз Конституциянын бүткүл элдик добуш берүүгө коюлган долбоору боюнча маектешкен.

- Калк таразасына коюлуп жаткан долбоор боюнча жалпысынан кандай пикирдесиз?
- Конституциянын долбоору бүгүнкү күндө Кыргызстанга эң керектүү нерсе болуп турат. Чынында эле демократиялуу коом куралы десек, аны колдоого алуу зарыл. Ырас, айрым кемчиликтер да жок эмес.
Буга чейинки А.Акаев бийлиги мезгилиндеги өзгөртүүлөр менен оңдолуп-түзөлгөн конституцияларда да парламентти пропорционалдык шайлоо, премьер-министрди альтернативдүү түрдө парламент аркылуу дайындоо болгон. Бирок, алардын максаты биздин өлкөдө демократия бар экендигин дүйнөлүк коомчулукка жарыя кылуу үчүн гана керек болчу. Иш жүзүндө президент А.Акаевде өзү каалаган депутаттарды алып келгенге чейин мүмкүнчүлүктөр бар эмес беле. Эл өкүлдөр жыйынынын көпчүлүк депутаттары "кол бала" депутаттар болушканы да калп эмес. Ал эми 2007-жылы шайланган бакиевдик парламентти айтпай эле коелу.
Азыркы Конституция кабыл алынып калса, ага ылайык шайлоо жүргүзүлсө, бир да партия мандаттардын жарымын алалбайт. Демек, парламентке 6-8 партия келет. Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, депутаттар мындай ар түрдүү болушканда парламентте талаш-тартыштар көп болот. Айрым маселелердин парламенттен өтүшү өтө кыйын болот. Айрым депутаттар телевидениеден көрүнүш үчүн болсо да маселени билбей туруп талаша башташат, кээде депутаттар болбогон маселелерди саясатка айлантып жиберишип, узакка талашып-тартышып жатып алышат. А.Акаев да, К.Бакиев да мына ушундан улам парламенттин ыйгарымдарын кыскартып, өздөрүнүкүн көбөйтүш үчүн референдумдарды өткөрүшүп, атүгүл парламентти таркатып жиберишкен.
- А мындай талаш-тартыштардын иш үчүн жакшы жактары бар да?
- Бар. Бирок, эгерде депутаттар жеке кызыкчылыктарын көздөбөй шайлоочуларынын кызыкчылыктарын көздөшсө.
Конституциянын долбоорунда айрым редакциялык мазмундагы кемчиликтер бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар боюнча карама-каршылыктар кезигет. Парламенттин мыйзамды чечмелөө укугу көрсөтүлбөй калыптыр.
Парламенттин депутаттарынын мандаттарынын императивдүү болушу да көп суроону жаратат. Бул, албетте, буга чейинки "Ак жол" партиясынын партиялык тартип деген шылтоо менен иш жүзүндө өз ойлорун айта алышпаган көз каранды болуп калган ачуу тажрыйбасынан улам алынды. Ошентсе да мындай депутаттар аткаруу бийлигине көз каранды болуп калбайбы? Партиялык ички тартип мында кандай болот?. Анткени шайлоочулар партия, анын программасы үчүн добуш берген да!?
- Жакшы жактарычы?
- Эң чоң артыкчылыгы - партия түзүлгөндөн, шайлоого даярдана баштагандан тартып, ар бир партия өздөрүнүн мүчөлөрүнүн арасынан болочок өкмөт мүчөлөрүн даярдай баштайт. Элестүү айтканда карт Европадагыдай болуп болочок чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер партиялардын ичинен даярдала баштайт. Адамдар партиялардын программаларына карап, алардын парламентте бир мөөнөт иштегенине карап баа бере башташат. Бир сөз менен айтканда, партиялар чындап өнүгө башташат.
Премьер-министрде жоопкерчилик жогорулап, пара алуудан,
чуулдаңдарга туш болуп калуудан коркуп, таза иштегенге аракет кылып калат. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү арасында болуп өткөн кечээги миллион долларлар боюнча чатакты бир жагынан оң бааласа болот. А.Акаев менен К.Бакиев убагында он миллиондогон долларлар деле изи билинбей жоголуп кетчү, минтип ачыкка чыкмак эмес. Кээде ушундай суммада жеп-ичкендер билинбей тынч иштен алынып калчу. Анткени жогорку бийликтегилер өздөрүнүн жеп-ичкендери билинип калбашы үчүн ошондой жабык бойдон калтырышчу. А бул жолу телевидениеге чейин алып чыгышты. Мындан ары бийликтегилердин быкыйларын бирге иштешкендер башка партиядагыларга билдирип коюшса, аларды казып чыгуу оңой болуп калат.
Албетте, алгач мындай Конституция менен жашоого көнгөнгө кыйын. Бирок кийин партиялык система калыптанып калганда оңой болуп калат. Партиялар ирилешет. Эмитен эле кошулуп жатышпайбы.
Коалиция түзүп, парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалиция бекиткен министр ичип-жеп койсо, аны аргасыздан дароо отставкага кетиришет. Кетпесе, партиялардын аброюн түшүрөт.
Депутаттардан кызматтык автомашиналарды алып койгону жакшы болду. Бизде мамлекеттик кызматка бара жаткан адам, оокаты өтпөй калып, эптеп акча чогултуп, бажыга же салыкка барганы жатканын айтат эмеспи. Айлыгына да кызыгып койбойт. Анткени ал жерде коррупция күч болуп, сол акчалар чөнтөккө өзүнөн-өзү түшүп турарын билет. Парламентке да ошону үчүн барышчу. Эми андай жеңил оокатты көздөгөндөр министрликке же депутаттыкка барарда ойлонуп калат. Ошондо коррупция да жоюлат.
Партиялык парламент болгондо чет өлкөлөр менен келишимдерди түзүүдө ал өлкөлөрдүн өкүлдөрү фракция жетекчилери менен эсептешип, сүйлөшүүлөргө баруууга аргасыз болот. Ошондо фракциядагылар соодалашып, келишимдердин шарттарын жакшыртуу, биздин өлкө үчүн пайда келе турган жагын да карап калышат. Бул парламенттин ишинин ачыктыгын кепилдейт.
Уткан партия экономиканы көтөрүүгө аракет кылса, утулган оппозиция аларга кантип бут тосуунун жолун издейт. Ошентип ички атаандаштык өнүгөт. Анткени оппозициялык партия беш жылдан кийин жеңип алуунун камын эртелеп көрө баштайт.
Негизи демократияны куруу үчүн парламенттик башкарууга өтүш керек. Мына А.Акаев менен К.Бакиев жыйырма жыл башкарышты, азыркы кадрлар ошолордуку. Булардан арылуу үчүн дагы убакыт керек болот.
Чет өлкөлөрдө министр кетсе, аппарат иштей берет. Ө.Текебаев "оппозициялык партияларда азыр даяр кадрлар жок" деп туура айтты,. Анткени буга чейин бийликке иштейм дегендер коркушкандыктан оппозицияга кошулушчу эмес. А оппозициядагы кадрларды бийлик жолотпочу.
Менин оюм боюнча бул Конституция керектүү, Кыргызстан үчүн революциялык баш мыйзам болуп калат. КМШда мунун аналогиясы жок. Дагы кайталап коеюн, парламенттик республика - бул демократиялык процесстердин өлкөсү.
- Айрымдардын айтканы
боюнча Конституциянын кабыл алынышы шашылыш болуп калган. Бул боюнча сиз эмне айтаар элеңиз?
- Ар бир өлкөнүн тарыхында тагдыр чеччү мезгил болот. Биз да ушундай учурда турабыз. Азыр бийликти тезирээк легитимдештирүү керек. Ансыз мына, жада калса, Шанхай кызматташтык уюмуна мамлекет башчыбыз катышпай, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу барып келбедиби. Конституция кабыл алынгандан кийин шайлоого чейин кандай жашай турганыбыз да суроолуу болуп турат. Бирок башка жол жок.
- Роза Отунбаеванын маселеси референдумга өзүнчө суроо болуп кириши керек эле деген дооматтарга кандай карайсыз?
- Кээде адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн врачтар аргасыздан бир органын кесип салып да жатпайбы. Бул да ошондой деп ойлойм. Анткени Конституция кабыл алынгандан кийин башка органдардын баары мыйзамсыз болуп калганы турат. Парламенттик шайлоолорго чейин бийлик болушу керек да.
Маектешкен
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"