22.06.10 Ынтымак эл түндүгү жок ууктай...
(Бабалардын мурас сөзүнөн)
I.
Бабаларыбыз байыркы доордо эле урпактарына акыл мурас, нуска сөз калтырыптыр: "Жараткан жандуулардын баарына бирдей тең күндүн нурун төгүп, аба-сууну аянбай берип, жашоо бактысына жер, бак-дарак, өсүмдүк жаратып, учканга-канат, укканга кулак, басканга-бут, көргөнгө-көз, кудайдын жолунан адашпагыла - деп, адамга-ыйман, өмүр азыгы кылып - акыл берген экен. Ал эми бакыт менен ырыс алып келчү ынтымак пейил менен ниетиңерге жараша болот, аны өзүңөр куруп алгыла" дептир.
"Жер асты тар, бирок баарын батырат.Себеби, талаш жок, баары Жаратканга баш ийип жатат. Жер үстү - бирдиктүү элге кенен" деп Чыныке бий көп айтчу экен.
"Ынтымагы жок элден ырыс качат, бакыт кетет, кут түшпөйт" деген улуу акыл, түбөлүк чындык, бабалардын ыйык керээзи жүрөгүбүздөн чыгып бараткан үчүн түштүктөгү коогалаң болуп кетти...
Миң жылдар бою азапка кайнап, тозокко тоңуп табылган турмуш тажрыйбаны өзүнө камтыган бабаларыбыздын үрп-адатын, салтын, ыйман-адеп наркын бекем кармабай, катуу сактай албаганыбыз үчүн кандуу окуялар болду...
Жыйырма жылдан бери жалаң мыйзам менен жашайбыз деген мамлекеттик саясат өзүн актабай келгенин 7-апрелдеги Бишкектеги кандуу окуя, 11-июндагы түштүктөгү коогалаң көрсөттү...
Мыйзам адамды ыймандуу, уяттуу, боорукер, абийирдүү, намыстуу кылбайт, адалга үндөбөйт, ниетин оңдоп, пейилин кенетпейт.
"Мыйзам көбөйгөн сайын турмуш бузулат" деген бабалар сөзүн турмуш ырастап турат.
II.
Карапайым кыргыз да, өзбек
да бул коогалаңдан азаптан башка эч бир пайда таап, уткан жок. Бул ар адамга айдан ачык белгилүү.
Бирок, бул окуяга кызыкдар болгон күчтөр албетте, бар. Албетте, алар кедей, кембагалдар эмес. Эң алды, алар өтө бай адамдар. Бөлөк өлкөлөрдөн бүлүк салчу куралчандарды жалдаганга акчасы бар адамдар... Кыргызстанды өлкө катары жоготобуз дегендер...
Муну аныктап, териштирүү атайын кызмат өкүлдөрүнүн иши... Күтө турсак, бул күчтөр белгилүү болоор...
Арам максаттарына жетүү үчүн жүз миңдеген адамдарды курмандыкка чалгандан баш тартпаган кан ичкичтерди таап, жоопко тартуу - Убактылуу Өкмөттүн колунан келеби, же адаттагыдай - баарын качырып жибереби, аны мезгил көрсөтөөр...
Маселе - күнөөлүүлөрдү издөөдө эмес, ошолордун арам ою эмне үчүн ишке ашып кетти - деген суроого жооп табуу, мындай окуяны келечекте кайталангыс кылууда болуп турат.
III.
Өзбек эли түрк тилдүү, демек
- түбү кыргыз менен тектеш эл. Байыркы чыгыш иран - согдий, бактрий, хорезм, фергана элдер менен огуз (карлук, уйгур, туркмен, кыпчак, түрк, кыргыз ж.б.) элдердин ортосунан XI-XII кылымдарда жаралып, ХIII-ХIV кылымдарда монгол уруулары кошулуп, ХV кылымда калыптанган эл.
Түбү 92 уруудан куралган элдин ичинде кушчу, найман, коңурат, кытай, усун, ногой, маңгыт, жа-
лайыр, кыпчак, кара-калпак, катаган, канглы, кыргыз, алакчын, карлык, барлас, кыят, керей, меркит, татар, тейит ж.б. уруулардын тизмеси ХV к. жазылган "Маджму ат-таварих" аттуу китепте келтирилген.
Бул тизме Н.А.Аристов жазган "Труды по истории и этническому составу тюркских племен" аттуу эмгегинде кеңейтилип, толукталган (Бишкек, 2003ж. 239-254 беттер).
Демек, кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда тарыхый, диний, саясый, улуттук талаш же келишпестик жаратууга эч бир негиз жок.
Бир динди тутунган эки эл эзелтен бери бирге чарба, соода-сатык, достук, коңшулаш карым-катнашта ынтымактуу жашап келатышат.
Бул - эки элдин баа жеткис байлыгы, бактысы, ырысы, сыймыгы жана келечеги!
Улуту, каны, мекени бир ирак эли суни-шийи болуп экиге бөлүнүп бири бирин тынбай жардырып, 40-50 адамдан жок кылып жатпайбы. Теги бир израил менен палестина эли жарым кылымдан бери согушуп келатат.
Кудай мунун жүзүн нары кылсын деп тилейлик.
Эки элдин, эки мамлекеттин ортосуна от жаккан чагымчыл күчтөр жалаң эле кулатылган бийлик тарабынан эмес, дүйнө саясатын жүргүзгөн, ага таасир кылган бөлөк күчтөр болушу да мүмкүн! Муну жокко чыгаруу болбойт.
Ал эми мындай тополоң түшүрүп, аны пайдаланып, далай бангизат ташып кеткендер нечен жүз, миллиард доллар акча таап жатышкан чыгаар...
Бирок, эмне үчүн чагымчыл арам күчтөр эки элге бүлүк салып, миңдеген карапайым кыргыз, өзбек калктын турмушун бузганга жол берилди деген суроого жооп таппасак, мындай каргашалуу коогалаң кайталанбашына эч ким келечекте кепилдик берип, бөгөт коё албайт.
IV.
Союз урагандан кийин
жыйырма жыл бою тарыхый, диний, маданий жалпылыкка негизделген кыргыз-өзбек элдеринин ынтымак, биримдигин бекемдеген мамлекеттик саясат жүргүзбөй калды.
Өлкө байлыгын, эл мүлкүн уурдап, талап, тоногон бийлик улут аралык маселеде саясый чайкоочулук, соодалашууга өттү.
Мыйзамсыз ири байлык топтогон улут өкүлдөрү менен бийлик жакшы мамиле түзүп, аларды депутат кылып, кызматарга коюп, улуттук диаспоралардын көңүлүн алып келди.
СССР убагында эле соода-сатык тармагында иштеген улут өкүлдөрү менчиктештирүү убагында кафе, ресторан, соода түйүн, кампа-сактоо жайлардын ээси болуп, тез арада зор байлыкка жетишти.
Өлкөнү туташ коррупция чырмаган абалда, милиция, сот, прокурор, салык, бажы кызматтарында байлыгы мол, акчасы көп улут өкүлдөрүнүн "ташы өйдө кулап", кыргыз көп учурда "утулуп", өгөйлөнүп келди.
Мындай адилетсиз абал көп жыл уланып, улам нааразычылыкты күчөтүп турду...
Байлык менен акчасына чиренген айрым улут өкүлдөрү бийлик башындагы адамдарды колго алып (пара берип), кыргыз элин сыйламак түгүл, аны басынтып, кемсинтип, автономия талап кылган саясатты ачык айтып, жүргүзө башташты.
Убактылуу Өкмөт да буга каршы чара көрбөдү. 14-июнда Жалал-Абад шаарынын ат майданында алты миң кыргыз мындай талапты ачык койду. Өкмөт мүчөсү Исаков мырза убада берди, бирок ал сөз бойдон калып, ишке ашпады...
Тескерисинче, Баш мыйзамдын долбоору көлөмдүү нуска менен өзбек тилинде басылып чыкты, Кыргызстанда мамлекеттик жана расмий тил таанылганына карабай...
Бул жаңжалга чоң түрткү болду.
Экинчи түпкү себеп, бийлик тарабынан кетирилген чоң ката - кыргыз элинин улуу дөөлөтү: тарыхы, тили, дили, салты, маданияты, рухий мурасы көп жыл бою даңазаланбай, даңкталбай, баса белгиленбей, эске алынбай келген саясат жүргүзүлүп келгени болду.
Кыргыз мамлекетине негиз болуп, аны түзгөн кыргыз элине бийлик кайдыгер караганы айрым улут өкүлдөрүнүн "чырагына май тамызып", демине дем кошуп, арам аракеттерин күчөтүүгө өбөлгө түздү.
Yчүнчү себеп - кийинки жылдары кыргыз элинин улуттук аң-сезими ойгонуп, кыргыз өзүн таанып, билип, намысы козголуп, мекенчил - атуулдук сезими күчөшүндө болду.
Бул багытта саясатчылар, мансаптуулар калың элден кыйла артта калды. Элдин улуттук аң сезими ойгонгонун баамдай албай жатышат.
7-апрелдеги элдик жеңишти саясатчылар, же шаар тургундары камсыз кылган жок. Негизинен,
айылдан келгендер, өзгөчө жаштар жеңишти алып берди. Себеби, аларда мекенчил сезим күчтүү болуп, кыргыз тагдырына өзүн тиешелүү жана жооптуу мамиле мүнөздүү болду.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бузам деген айрым ашынган бузукулардын арам иштерин дагы да болсо айыл кыргыздары, өзгөчө жаштар токтотту.
Дагы да болсо алар азап көрүп, кыйналып жатышат (Бишкектин кафе, дискотекаларында жүргөн улутун унутуп, жети атасын билбегендер эмес).
V.
Оорунун сыры ачылса, дары-
сын тапса болот эмеспи.
"Өткөн ишке өкүнбө, кеткен ишке кейибе" - дегендей, болоор иш болуп кетти... Эми эмне кылыш керек?
Бир айыл элден жалгыз душман көптүк кылат дегендей, талашканга тар дүйнө кылбай, кеңешкенге кең дүйнө болуп, ынтымаксыз түндүгү жок ууктай чачырап кетпейлик.
Жүрөгүбүздө оор жүк көтөрүп жүрө бербей - кечиришелик.
Байлык - колуңдагы муз, эрип кетет. Мансап - конуп калган куш, учуп кетет. Адамга түбөлүк таяныч болчу ынтымак менен ыйманды бекем кармап, сактайлык.
Адашып калсак - жарашалык. Ачуу менен кечиримсиздик - адамдык касиетти кетирген адам душманы экенин унутпайлык.
Турмуштун көркүн чыгарып, өмүргө азык болгон акылга келелик.
Кылымдар бою бир асман астында көгөрүп, жер үстүндө жетилип, бир суудан ичип, бир аба менен дем алып өмүр сүрүү бакыты эки элге Жараткандын буйругу менен Ала-Тоодон насип кылган экен.
Буга каршы чыгып, бузабыз дегендер Кудайга каршы чыкканга тете болгонун эстен чыгарбашы керек.
Жараткандын каарына калбай, кырсыктан алыс болуп, өлкөбүздү өргө тартып, өнүгүү жолго биргелешип алып чыгалык.
Дастан Сарыгулов,
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген курулушчу




"Бир кумалак бир карын майды чиритет"
Мен Ташкентте туруп, Ош окуясын угуп абдан капа болдум. Кыргыз эли мага өзбек элинен эч айрымасы жок. Мен өзүмдү эки элдин ортосуна эркелеп, эркин каттап жүргөн жазуучу уулу катары сезем.
Ташкентте жүрсөм жүрөгүм Кыргызстанда, Бишкекте жүрсөм жүрөгүм Өзбекстанда. Анткени эки эл тең мага бирдей сүйгөн элим болуп калган. Ошогобу мен эки тилде тең таза сүйлөйм, эки тилде тең жаза алам. Ош окуясына жүрөгүм ооруп олтуруп ойлодум, элде эмне күнөө? Кыргыз менен өзбек эли абалтадан канатташ карым-катышы менен бир туугандай болуп келген. Кыз алышып, кыз беришкен жакшы салттан дагы куру эмес. Ошон үчүн Ош окуясында эч кандай эки элди күнөөлөөгө болбойт. Элдин ичин бөлүп-жарган бир топтун күнөөсү деп ойлойм.
"Бир кумалак бир карын майды чиритет" деген сөз бар эмеспи кыргыз элинде. Мына ошондой "кумалактардан" Кудай сактасын дейли. Ошолордун айынан Ош аймагында өтө кыйын кырдаал болуп кетти. Аны уюштурган бир ууч топтун өзүнүн элге каршы кызыкчылыгы бар экени белгилүү. Элге тынчтык, ынтымак, жай турмуш гана керек.
Азыр талааларда иш кызып турган учур, дыйкандардын күзүндө алчу түшүмүн да ойлоо керек эмеспи. Элеттик элдин жашоосу дыйканчылык менен да. Күзүндө кырманы кызылга толбой бош калса элдин жашоосу эмне болот? Элди алаксытып, ишинен алагды кылып, экинчиден, эки элдин ортосунда от жагып, ыркты бузган чагымды уюштуруп жаткан айрым бир кара өзгөй кутумдардын жазасын Кудай да берет.
Чыгармачыл адам катары кыргыз жазуучулары менен бир боордой мамилем бар. Адабиятта эки элдин чыгармаларын биринин тилине бирин которуп, жалпы окурман журтчулукка жеткирип келем. Дегеле мен билгенден өзбек менен кыргыз элинин жылуу мамилеси уланып келе жаткан эле. Бир тууганчылыктын жакшы салтын эми деле жерге таштабай сыйлуу ызаат менен алып кетишибиз - ар бир жарандын адамдык улуу парасаты, ыйык милдети. Андыктан элим деген ар бир атуулду ынтымакка чакырам. Тынч күндөрдүн жарыгына көлөкө түшүрбөйлү. Баягы жылуу мамилебизди гүлдөй асырайлы. Артыбызда өсүп келе жаткан жаш муундардын келечегин ойлойлу. Урпактар бизден жакшы салт-санааларды гана алып калсын. Аман бололу, ынтымак-ырашкерликти бек тутуп, мамлекетибиздин бейпилдигин, өсүп-өнүгүшүн ойлойлу.
Турсунбай АДАШБАЕВ,
жазуучу,
Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары