22.06.10 Эки токоч
Көтөргөн кыз
Окурманга адегенде ушул макаланын башкы каарманы (автору десек да болот) тууралуу азыноолак айткым келди. Гезитибиздин мурдагы сандарынын биринде Ленин районуна караштуу карылардын жатак үйүндө болгонубузду жазганбыз. Ошол барганыбызда Сыдыкбек Абдрахманов деген карыя: "Дайыма эле бир жакшынакай жаш кыз келет. Ар жолу келген сайын колуна эки лепёшка көтөрүп алат, чунак кыз. Сыягы, бизди ачка отурушат дейт го. "Ушуну алып коёсуздарбы?.." - деп, "аз болуп калганына" уялгансыйт. "Мындан кийин алып келбе, өзүң студент болсоң, биз го бекер тамак ичип-жеп атабыз. Андан көрө өзүң же", - дейм. Болбойт, кайра эле эки лепёшкасын көтөрүп алып келип калат... Айтмакчы, бир нерсе жазат экен, силерге барса кабыл аласыңарбы?" - деген Сыдыкбек ата. Чынында, ата менен сүйлөшүп отуруп, эки лепёшка көтөргөн студент кыздын эмне үчүн карылар үйүнө бара берери табышмак бойдон калган. Өгүнү келиптир ошол кыз. Бирок, мен адегенде ойлогондой ал жардамга муктаж эмес, тескерисинче "кароосуз кары-картаңдарга, балдарга кандайдыр жардам кылсам, ошолорго жарыгым тийсе" деген аруу ниетти аркалаган Гүлнур Нуркалиева аттуу студент экен.

Гүлнур 1991-жылы Талас облусунун Ак-Жар айылында туулуп-өсүптүр. Азыр болсо КММАнын "Коомдук саламаттыкты сактоо" факультетинин 2-курсунда окуйт экен.
"Бала кезимден эле теледен көрүп, гезит-журналдардан окуп, кароосуз калган балдар менен карылар үйүнө ташталган кары-картаңдарды аяп, "чоңойсом эле ошолордун баарына жардам берем" деп ойлой берчүмүн", - дейт Гүлнур менин: "Эмнеге ал карылар үйүнө көп барасың?" - деген кызыгуума жооп кылып. "Сабактарыңа кантип жетишип жүрөсүң?" - деген да табигый суроо туулбай койгон жок. "Жетишем, - дейт гүлдүн үлбүрчөгүндөй болгон назик, уяң кыз муңайым күлүмсүрөп. - Сабактарыма катышып, окуп-даярданып коюп, кичине эле бош боло калсам... кайдадыр-кайдадыр ата-эне мээримине зар болуп, көздөрүн жалдыратып отурушкан бейкүнөө балдарды, анан да жаш кездеринде башы менен жер казып иштеп, балдарды багып, кийин ошолордон жакшылык көрбөй жүрөктөрү жанчылып отурушкан карыларды эстей берем... Мүмкүнчүлүк таап, аларга учуп жетким келет. Жакшы сөз, жакшы мамиле менен аз болсо да убайымдарын азайткым келет..."
"Кайсыл жерде балдардын, кароосуз карылардын үйү бар?" - деп колуна тийген тыйын-тыпырына нан сатып алып сурамжылап жүргөн кыздан: "Башыңдан жаракат алган жок белең?" - деп таң калып да, келекелеп да сурагандар болуптур.
А бирок, "издеген - табат" эмеспи, акыры Гүлнур максатына жетет.
Эмесе, андан аркы кепти каарманыбыз өзү уласын...


Томолой жана тирүүлөй жетимдер...
Сураштырып жүрүп, акыры бир таанышымдын аркасы менен Ахунбаев-Белорус көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, бир жаштан үч жашка чейинки балдар үйүн таптым. Буга чейин билбептирмин, көрсө, балдар үйү да жаш курагына жараша бөлүнөт экен. Бирок, мен барган кезде сасык тумоого карата карантин болуп жаткан экен, Кудай жалгап мага: "Алып келгениңди берип, 15 мүнөттө кайра чыгып кет", - деп уруксат беришти. Бул да болсо мен үчүн өтө маанилүү эле, тим эле бир тууганыма келе жаткандай сүйүнгөнүмдү сурабаңыз!..
Ошентип, балдар жашаган бөлмөлөрдүн бирине баш бага калдык... Бирок, билесизби, мен ошол убакта кандай абалда калдым?! Кудум башка жеген эмедей шалдая түштүм. Анткени, кенедей болуп туруп, ал жердеги балдардын көздөрү... башкача эле! Ошол "жылт-жулт" этип, бейкүнөө, бирок тереңден тигилген көздөрдүн эмнени айтып турганын түшүнөр белеңиз?.. "Мени алып кетсеңиз.." - дешет ошол көздөр. "Мага ата-эненин мээрими керек?" - дешет бир нерсе жетишпегендей муңайым жүздөр. Анан да алардын кичинекей, али таза жан дүйнөлөрүндө: "Менин адам болгум келет!.." - деген чыңырык чыркырап жаткансыйт!..
Көзүмө жаш тегеренди. Бала тамырчы болот эмеспи, балким, алар да сезди менин сүйүүмдү. Кайра да келеримди айтып, узап кеттим.
Кийинки барганымда алар менен сүйлөшүп, сырдашып, жакшы сөздөрдү айтканга аракет кылдым...
Билесизби, алардын арасында ташталган, ата-энеси ким экени белгисиз балдар, томолой жетимдер менен бирге эле, ата-энелүү балдар да бар экен. Бирок, баары ошол баладан ичкилик, баңгичилик, болбосо башка мамлекеттен бакыт издеп, дүнүйө кызык көрүнүп, ошолордун артынан кубалап кеткен ата-энелер... Эмнеге алар балдарынын болбосо да, өздөрүнүн келечегин ойлошпойт дейм да?! Карыган кезде кай баладан урмат көрүшөт алар?.. Кайрылып барып, өздөрү кароосуз калган карылардын үйүнө түшүп калсачы?!
Мейличи, болоору болуптур дейли! Бирок мени өкүнткөнү ушул - мына бул көздөрүн жалдыраткан бейкүнөө наристелер эртең кандай адам болуп чыгат?! Балким, булардын арасында дүйнөнү дүңгүрөткөн спортсмен, же бир гений бардыр?! Жанагы көздөр ошон үчүн жалдырап: "Мени сактап калгыла!" - деп "кыйкырып" жаткандыр?! Бирок аларды мен да, балдар үйү да сактай албайт! Аларды ата-эне гана сактап калмак!..
Ошолордун мээримисиз чоңойгон балдардын баёо, аруу дүйнөсү бара-бара муздап, жүрөктөрү ташка айланып калаарын мен кийинки балдар үйүнө барганда билдим...
Эч нерсе
толтура
албаган бөксөлүк...
Сокулук районунда жай-
гашкан балдар үйүндө 1-класстан 9-класска чейинки балдар-кыздар тарбияланышат экен. Барганда эле ошол жерде 17 жылдан бери тарбиячы болуп иштеген Людмила Владимировна менен сүйлөштүм.
- Баары бир, канчалык кастарлайын десең деле ата-энесиз балдар башкача болот экен, - дейт тарбиячы айым. Курсактары тоюп турса деле көчөгө чуркап чыгып кайыр сурашат. Эмнегедир топук дегенди билишпей жулунуп, жутунуп, ач көздөнө беришет...
Ушуну угуп, жүрөгүм ооруду. Ошол ач көздүктүн, ошол жетишпегендиктин, сурана бергендиктин себебин буга жорудум: алардын жан дүйнөсү ата-эне мээримин көрбөй, бөксө бойдон калган да!.. Дайыма каңгырап бош турган ошол орунду эмне менен толтурууну билбей, ары-бери уруна берүүнү адат таап, акыры мүнөз кылып алышкан...
Бирок, тилекке жараша баарын акыл-эстүүлүк менен жеңип, акыл калчап, сабырдуулукту үйрөнүп алган балдар-кыздар да кездешээрин угуп, бир аз эс алгандай болдум.
"Менин бомж
болгум
келет..."
Мээрим аттуу кыз мектепке
чейин Беловодскидеги балдар үйүндө тарбияланып, андан кийин бул үйгө келген экен. Келечекте дарыгер болгусу келерин, бул кесип жада калса түшүнө кирерин айтып кубандырды. Мээрим башкалардай ата-энесин билбеген жетим эмес. Анын апасы, эки агасы жана бир эжеси бар. Мээримдин айтуусунда апасы аны жанына алгысы келет, бирок улуу агасы ага мүмкүнчүлүк бербейт экен. "Апам агамдан коркот, ошондуктан мени ала албайт", - дейт кыз. Мына, сага! Ушундай да болобу?!.. Бир тууганы бир тууганына кастык кылган ыймансыздык биздин каны-жаныбызга кайдан келди экен деген суроо
туулат?!
Ал эми сүрөттөгү береги Азиз аттуу баладан: "Келечекте ким болгуң келет?" - деп капыл-тапыл сурай калсам, эч кебелей туруп, а түгүл сыймыктангандай добуш менен: "Бомж болгум келет," - десе болобу! Нес боло түштүм. Туура эмес угуп алдымбы же тамашалап жатабы деп кайра да сурасам, кайра да: "Ошол, айтпадымбы. Бомж болгум келет!" - деп так кесе жооп берди. "Эмнеге?!" - дедим дел болуп. "Ошого. Мени колдой турган, мени жөлөй турган адамым же материалдык мүмкүнчүлүгүм, бул жерден кийин бара турган үй-жайым жок болсо, башка эмне кылмак элем?" - дейт ал. Сыягы, ал бомждукту - эркиндик, жан багуунун оңой жолу деп түшүнөт окшобойбу. А балким, ал жапжаш туруп аркы-беркини таразалап отуруп адамдардын, а түгүл карачечекей ата-энесинин ыплас мамилесинен бүтүндөй турмушту жек көрүп, ишенимин жоготкон үчүн ушундай чечимге келгендир?..
Биз аларды
маңкурт кылып салган
жокпузбу?..
Мени дагы бир түйшөлткөнү,
айрыкча кыргыз балдардын өз ата-энелеринин мээриминен ажыраганы аз келгенсип, эмне үчүн аларды өз эне тилинен ажыратып таштаганыбыз! Эгерде ошол балдар кыргыздын нукура менталитетинде, эне тилинде салттуулукка, нарктуулукка, рухий баалуулуктарга сугарылып чоңойгондо, алардан сөзсүз жакшы гана - боорукер, калыс, адилет, таланттуу адамдар чыкмак!
Биз, коомчулук, эмне үчүн "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, балдарды ушул мүмкүнчүлүгүнөн, ушул бакыттан көз көрүнөө айырып таштаганбыз?!
Ата-энесин, тегин, ата салтын билбеген сыяктуу эле алардын бири да эне тилин билбейт!..
Эмнегедир ушу азыр жан дүйнөмдү коркунучтуу ой бийлей калды:
Биз, айлана-чөйрөсү, аларды маңкурт кылып салган жокпузбу?..