22.06.10
  Бүгүн согуш башталган,
Бүгүн Турар акын туулган

Кан майдан
Каармандары
Мындан туура 69 жыл мурда ушул күнү совет элинин жыйырма миллиондон ашуун уул-кызы набыт болгон Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Бул - XX кылымдын эң кандуу окуясы, улуу сынга түшкөн чыныгы каармандыктын таржымал-тарыхы эле...
Ушул күнү батыштагы алыскы чек арада эли-жерин коргоп биринчи жоокер окко учкан. Ошондой эле ушул күнү аялуу Ата-Журтубузда жаңы өмүрлөр гүлүн ачкан, миңдеген чүрпөлөр жакшылык белгисиндей жарык дүйнөгө келген. Алардын бири атактуу кыргыз акыны Турар Кожомбердиев. Ошентип, бул күнү өлүм келген, бул күнү өмүр келген. Акыры өлүмдү өмүр жеңген.
Уулча эже Кожомберди жылкычынын үч кызынын улуусу эле. Жетинчи классты бүтүп, жайкы каникулга тарашкан. "Согуш башталыптыр" деген суук кабарды инилүү болгондогу кубанычтары тез унуткартты. Ушуну баары тилеп, самап күтүшкөн. Апасы Гүлнар айткандай "Кыздарынын ат казыгы" жарык дүйнөгө ушинтип келген, кан майдан башталган ошол капсалаңдуу күнү Турар акын төрөлгөн.
Азыркы өмүрлүк жубайы, отставкадагы полковник Осмоналы Исманкулов экөө бир партада отурган классташтар эле. Сегизинчи классты бүткөндө Осмоналы бир топ курбалдаштары менен кан майданга аттанды. Уулча эже Сары-Булак мектебинде мугалим болуп иштей баштады. Ошол күндөн бүт өмүр тагдыры мектепте, Улуттук университетте жаш муунду тарбиялоо
жаатында өттү.
Уулча эженин менин өмүр жолумда да мугалимдик таалиминин нурлуу изи калганын, дегеле та-
бият өнө-боюна чөгөргөн айкөл адамгерчилигинен чоң өрнөк, сабак алганымды айтып коюшум парз. Кырк төртүнчү жылдын күзүндө мектеп босогосун аттаганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Алгачкы күндөрү сабакты Батма эже берип жүрдү. Мүнөзү катуу, ачуулуу эже эле. Тентектик кылсам керек, бир күнү кулагымды оорута чоюп койду. Ошондон улам мектепке барбай калдым. Бир топ күндөн кийин Болотбек менен Какен биздикине келип: - Башка мугалимдин окута баштаганын, эч урушпаган жакшы эже экенин, келсин деп чакырып жатканын айтышты. Уулча эжени ошондо биринчи көргөм. Жаркылдаган жа-
роокер мүнөз эже экен. Мугалимдик кесиптин өзүнө тартып алуучу өзгөчө кудурет күчүнө, өрнөктүү сыйкырына ошондо ынангам. Кийин журналисттик тагдырымда көп эле мугалимдер тууралуу баяндарды жаздым. Ошондо барак бетине калем төшөөр алдында ириде көз алдыма эмне үчүндүр Уулча эженин ошондогу жаркылдаган элеси тартылаар эле, кулагыма сөздүн сөзүн таап тизмектеген жагымдуу, угумдуу үнү угулаар эле...
...Кан майданга жоокер болуп аттанган Осмоналы андан көкүрөгү орден, медалдарга толгон офицер болуп, жеңиш менен кайтты. Ошентип, классташтар ошол даңазалуу жылы баш кошуп, үй-бүлөлүк турмушту башташты. Андан бери мына, Улуу Жеңиштин келгенине, жубайлык турмуштун башталышына арадан алтымыш беш жыл өтүптүр. Бул арада карыя жубайлар беш уул-кызды тарбиялап эресеге жеткирди. Алардын бири - "Кыргыз Феодорову" деген атка конгон атактуу көз догдуру, академик Алмазбек Исманкулов. Ушул тапта ардагер жубайлар небере-чөбөрөлөрдү көрүп, кадырман карылыктын убай-урматына бөлөнүп, баягы эле нускалуу жол-жобо таалимин кийинкилерге берип, өнөгөлүү өрнөгүн көргөзүүдө.
Карыя жубайлар үчүн Жеңиш күнү - 9-май да, улуу согуш башталган 22-июнь да чоң майрам. Анткени, ошол 22-июнда даңазалуу акын Турар Кожомбердиев төрөлгөн, кырк сегиз жашында дүйнөдөн өтүп, Сары-Булак айылына коюлган. Ошондон ушул күнгө чейин, жыйырма бир жыл бою Турар акындын туулган күнүн кыргыз улуттук поэзиясынын реквиеми катары белгилөө - улуу акындын ысмын алып жүргөн Сары-Булак орто мектебинде, анын эстелигинин жанында поэзия кечесин өткөрүү өзгөчө бир салтка айланып калды. Аны баштаган, таалим-таасирлүү салтка айландырган сексен алты жаштагы ушул карыя жубайлар - Осмоналы жезде менен Уулча эже.
Бүгүн да ошол салтанаттуу салт уланууда, Сары-Булак айылында акындын поэзия кечеси бүгүн да өтүп жатат.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер




  Пикир

Үкүбаеванын илимге кошкон үлүшү үлкөн
Кыргыз журтчулугунда аялзаты илгертен өзгөчө болуп, мейли коомдук турмушта, мейли адамдар ортосундагы мамилелердин адал-ак жүрүшүндө болсун, бөтөнчө бир озуйпаны өтөп келишкен.
Ал эми заман өзгөрүп, турмуш жаңыча нукка түшкөн өткөн XX кылымдын баш ченинен тартып, кыргыз кыз-келиндери илим-билимдин татаал жолуна түшүп, бул багытта эр-азаматтар менен катарлаш, үзөңгүлөш жүрүшүп, оозго аларлык зор ийгиликтерди жаратышты. Мындай ийгиликтерден кыргыз адабият таануу илими да кур кол калган жок. Б.Керимжанова, Ч.Жолдошева, К.Джидеева, А.Токомбаева, Б.Кебекова, А.Жайнакова сыяктуу эжейлерибиз улуттук адабият таануу илимин белгилүү бир жетишкендиктер менен шөкөттөй алышты. Булардын катарына кийинче-рээк Лайли Үкүбаева келип кошулду.
Л.Үкүбаева адабий изилдөөчү катары алгачкы кадамын заманыбыздын залкар калемгери Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөө менен баштаганы да бекеринен болбосо керек. Алгач улуу жазуучунун чыгармаларындагы мүнөз түзүү проблемасы тууралуу кандидаттык диссертация жазып, аны ийгиликтүү коргогон соң Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүнө биротоло баш-оту менен кирип, натыйжада, 2000-жылы "Чыңгыз Айтматов жана фольклор", "Ч.Айтматовдун адабий-эстетикалык көз карашы" деген илимий изилдөөлөрүн катар-катары менен жарыкка чыгарды. Алардын алгачкысында, изилдөөчү Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы фольклордук башаттын чоо-жайын, бул багыттагы изилдөөлөр тууралуу айтып келип, китептин кийинки эки бөлүмүндө улуу жазуучунун "Гүлсарат", "Ак кеме", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт", "Кылым карытар бир күн" деген чыгармаларындагы фольклордук сюжеттердин, фольклордук башаттардын көркөм иликтенишин талдоого алат. Мында окумуштуунун жүргүзгөн талдоолору логикалык жактан ырааттуу, илимий жактан ишенимдүү айтылып, ушундан улам жалпылагыч тыянак ойлору башкаларга окшобостон бөтөнчө чыгып, окуган адамды
муютпай койбойт.
Ал эми "Чыңгыз Айтматовдун адабий-эстетикалык көз карашы" деген кийинки китебинде болсо, Л.Үкүбаева залкар жазуучунун сүрөткердик негизги озуйпа, заманбап маселелерди кырынан коё билүү, адабияттагы гуманизм, көркөм чыгарманын тили, сөз кудурети, социалисттик реализм, реализм жөнүндөгү көз караштарын бир топ ишенимдүү деңгээлде ачып бергендигине күбө болобуз. Залкар калемгердин чыгармаларындагы фольклордук башат жөнүндөгү изилдөөлөрүн жыйынтыктап келип, 2001-жылы "Ч.Айтматовдун поэтикасы жана кыргыз элдик фольклору" деген аталышта докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, филология илиминин доктору болду. Анан ушул диссертациянын негизинде жазылган "Чыңгыз Айтматов: эстетика жана улуттук негиз" деп аталган фундаменталдуу монографиясын 2004-жылы жарыкка чыгарды.
Ырас, айтматовдук көркөм ааламдын жаралышынын эң башкы себеп-жагдайларынын бири катары узаган кылымдын соңку чейрегинен тартып улуттук көркөм дүйнөнүн түпкү башаттары, элдин эртеги чыгармачылыгынын тунук булактары мурдагы СССРдин ар кайсы чөлкөмүн мекендешкен аалымдар арасында байма-бай айтыла баштаган эле. Бирок, айтматовдук көркөм дүйнөнүн фольклордук негизин, элдик булагын ар тараптуу ачып берүү канткен менен кыргыз илимпозунун, кыргыз окумуштуусунун гана өзүмдүк энчисиндей болуп келе берди. Албетте, бул мыйзам ченемдүү нерсе, бирок ошентсе да, жалпыга дайын болуп тургансыган, көпчүлүктүн көңүлүнүн чок ортосунда турган көрүнүштөр деле маселенин төркүнүн көрө билген, көргөн нерсесин акылгөйлүк менен аңдай алган, аңдаган нерсесин көшөргөн эмгек менен ишке ашыра билген жан дүйнөсү таза, акыл-парасаты тунук аалымдардын энчисине туш болчу шыбага болуп эсептелери да далай ирет далилденген турмуштук аксиома эмеспи. Ушул өңүттөн алып караганда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын фольклордук негизин, элдик башатын бүгүнкү күндүн адабий илиминин жетишкен бийиктиктеринин талабына төп келиштире изилдеп чыгуу зирек адабиятчы, мээнеткеч окумуштуу Лайли Үкүбаеванын энчисине туш келишин да мыйзамченемдүү көрүнүш катары кабыл алганыбыз оң.
Л.Үкүбаеваны улуттук адабиятыбыздын жандуу өсүп-өнүгүшүнө да активдүү катышкан сынчы-иликтөөчү десек болот. 2006-жылы окумуштуунун "Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр" деген китеби жарык көрүп, мында илимпоздун ар кайсы жылдары жазылган макалалары топтоштурулган. Бул иликтөөлөр жанрдык жактан да көп түрдүү келип, Насирдин Байтемировдун, Нинакан Жүндүбаеванын, Барктабас Абакировдун өмүрү жана чыгармачылыктары жөнүндө портреттик макалалар сунушталса, "Кыргыз адабияты кайра куруу мезгилинде" (1980-1990)" деген баяндамалык макаласы да бир топ кызыктуу жазылган. Ал эми К.Асаналиевдин, С.Байгазиевдин, Ө.Даникеевдин, Э.Ибраевдин, А.Жакшылыковдун, С.Акматбекованын китептери тууралуу иш билги, курч жазылган рецензиялары эч кимди кош көңүл калтырбайт. Дегеле бул китепке топтоштурулган макалалар Л.Үкүбаеванын "кыймылдагы эстетиканын" да билерманы экендигине, көркөм табити кылдат, адабий туюму жетик илимпоз экендигине күбө өтүп турат.
2008-жылы окумуштуунун "Көз караш" аттуу китеби жамы журттун колуна тийди. "Публицистикалык макалалар жыйнагы" деп аныкталган бул китепте топтолгон макалалар ырасында эле Л.Үкүбаеванын заман күүсүндөгү илимпоз экендигин далилдейт. Жыйнак структуралык жактан чебер курулган. Алгач окумуштуунун тээ окуучулук күндөрүндө жазган макалалары сунушталып, андан соң адабият айдыңында мээнет этип жүргөн узак жылдар бою жараткан, ар кайсы жылдары коомчулукта резонанска ээ болгон макалалары "Коомдук, саясий-социалдык жана нравалык маселелер", "Педагогикалык маселелер", "Маданий-агартуучулук маселелер", "Тил маселеси" делип өз-өзүнчө баптарга топтоштурулуп, окуганга ыңгайлуу, көңүлгө жетерлик, сезим-ойду ойготорлук берилген. Албетте, бул топтомдогу макалалардын дээрлик баарысы даана атуулдук жалын, чыныгы энелик мээрим, нукура окумуштуулук эрудиция менен жазылган.
Өткөн 2009-жылы окумуштуунун "Ч.Айтматовдун каармандарынын көркөм дүйнөсү" деген жаңы китеби жарык көрдү. Аталышы эле айтып тургандай, мында окумуштуу залкар калемгерибиздин көркөм дүйнөсүнө кайрадан сүңгүп, кайрадан ал ааламдын кереметине илимпоздук, назарын бурат.
Жыйынтыктап айтканда, белгилүү окумуштуу, зирек адабиятчы, мээрман педагог Лайли Үкүбаева нукура маңдай тери менен жасаган эмгектеринин натыйжасында эл урматына, калк кадырына ээ болуп турган учуру. Жараткан ушуну кут кылсын.
Кадыркул ДАУТОВ, профессор
Кубат САМАТОВ, профессор
Калык ИБРАИМОВ, доцент
Садык ТИЛЛЕБАЕВ, доцент
Бакыт БАЙМЫРЗАЕВ, доцент