22.06.10 Кыргызстандын көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмери Темирбек Кудайбергенович Кошоевдин бул жарыкчылык дүйнөдөн өткөнүнө 2010-жылдын 22-июнунда бир жыл толот. Ал кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталуучу улуу инсандарынын бири.
Унутулгус инсан
(Эскерүү)
Темирбек Кошоев 1931-жылы Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында төрөлгөн. Кыргызстан Компартиясынын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы болуп он жыл иштеген.
Ал убакта азыркы Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу биригип, Ош облусу деп аталчу.Темирбек Кудайбергенович ошол убакта облустун калкынын турмушун жогорулатуу, экономикасын өстүрүү багытында билгичтик менен алгылыктуу иштерди аткарды. Атап айтканда, сугат жерлерин кеңейтүүгө камкордуктар көрдү. Найман, Папан, Базар-Коргон суу сактагычын курууга зор салымын кошту. Ошондой эле Ноокаттагы А.Сапарбаев атындагы каналды курууда, Отуз-Адыр каналын кеңейтүүдө, Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа, Өзгөн районундагы Кочкор-Ата суу сордургуч станцияларын курууда түздөн-түз жетекчилик кылган. Мунун өзү облуста азык-түлүктү арбын камдоого, мол түшүм алууга өбөлгө болгон.
Т.Кошоевдин адистиги агроном болгондуктан талаа иштерине айрыкча көңүл буруучу. Жер айдоону, себүүнү, эгинге, пахтага жер семирткичтерди берүүнү өзү текшерип, эгерде билишпесе жеринде практикалык жардамдарды көрсөтүүчү. Алдыңкы чарбаларда тажрыйбалуу дыйкандарда көргөзмө-семинарды өткөрчү. Натыйжада ар гектарынан 140-160 центнерге
чейин жүгөрүдөн түшүм алышкан Өзгөн районунан Социалисттик Эмгектин Баатыры Жумакадыр Мойдунов, Токтогул районунан Социалисттик Эмгектин Баатыры Аманкан Мамыров жана башкалар чыгышты.
Пахтага, тамекиге да зор көңүл бурчу. Анткени бул экөөнөн тең өтө жогорку киреше алынчу. Ош облусунда ал жетекчи болуп иштеген 25 жылдын ичинде пахта жыйнап алуу 80 миң тоннадан 210 миң тоннага чейин жеткирилген.
Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда Тар, Яссы, Заргер дарыялары агып өтөт. Дарыялардын эки жагында калк жыш жайгашкан, айланасы бүтүндөй эгин эгилчү талаалар. Ар жылы жаз, жай айларында суу ташкындап, көп жерлерди жеп, агызып, каптап кетчү. Ошо жердеги айылдарды аман сактап калуу максатында Тар дарыясын-
да, Сай, Шералы кыштагында, Яссы, Заргер дарыяларында, Красный Маяк
айылдарында азыркы заманга
ылайык тосмолорду курдурган. Бул иште да Кошоевдин салымы чоң экендигин айтышыбыз абзел.
Ал эл чарбасын өстүрүүдө жергебиздеги тоо-кен байлыктарын пайдалана билген, өндүрүштү иштетүүгө активдүү киришкен. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында Сары-Таш деген таш кени бар. Ал курулуш материалы катары, имараттарды, коомдук жайларды жасалгалоого пайдаланылат, ушуну өжөрлүк менен өндүрүшкө киргизди.
Т.Кошоев иштеп турганда Оштогу пахтадан кездеме токуучу, жибек комбинаттары күжүлдөп иштеп, 12 миңге чейин адамды иш менен камсыз кылган.
Темирбек Кудайбергенович социалдык, маданий тармактардын өсүшүнө көп көңүл бурган. Ош шаарындагы кыргыз драма театры, өзбек драма театры, стадион, Сулайман тоосундагы музей да ошол мезгилде курулду. Облуста жолдор салынып, оңдолду. Көптөгөн мектептер, ооруканалар ишке берилди.
Облуста ар жылы эл чарбасы боюнча пландар ашыгы менен аткарылып, Кыргызстан Компартиясынын, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Өтмө Кызыл Туусун үзгүлтүксүз алып турушту.
Улуу инсан Т.Кошоев 1981-1987-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары кызматында үзүрлүү эмгектенди. Анын Ата Мекенге сиңирген эмгеги жогору бааланып, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Ардак белгиси, Элдердин достугу, Манас ордендери, бир нече медалдар, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал кайсы кызматта болбосун эл арасында болуп, алардын турмушу менен таанышкан, ой-пикирлерин угуп, кеңешкен, учур маселелерин жеринде чечүүгө жетишкен.
Темирбек Кошоев удаасы менен отуз жыл Кыргыз ССР Жогорку Советинин, тактап айтканда 1963-жылдан 1979-жылга чейинки чакырылыштардын депутаты, СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышына депутат болуп шайланган. Ал СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп турганда Жогорку Советтин башка өлкөгө баруучу делегация курамын жетектеп Румынияда, Чехословакияда, Венгрияда, Лат-вияда, Данияда, Алжирде, Индияда, Сенегалда, Мексикада жана башка мамлекеттерде болгон.
Темирбек Кудайбергеновичтин жаркын элеси Кыргызстан калкынын жүрөгүндө, аны менен эмгектенген адамдардын, анын замандаштарынын эсинде түбөлүккө сакталып кала бермекчи.
Ушул эскерүүнүн аягында калктын талабы, суроосу боюнча үч маселени айта кетейин: биринчиси - Т.Кошоевдин өлкө, калк алдында зор эмгек сиңиргендиги, анын мамлекеттик, коомдук ишмердиги, көрүнүктүү саясатчы экендиги көңүлгө алынып, мамлекеттик ишмерлердин катарында айкели орнотулса, экинчиси - ысмын түбөлүккө сактоо максатында Бишкек шаарынын бир көчөсүнө аты берилсе жана өзү жашаган үйүнүн бооруна эстеткич тактасы илинсе. Үчүнчүсү - Ош облусундагы эмгеги эске алынып, Ошто көчөлөрдүн бирине аты коюлса.
Расулберди МАМЕТОВ,
ардагер журналист,
Ош шаары




"Кыргыз Туусуна" жарыяланды эле
Республикабыздын улуттук тунгуч басылмасы "Кыргыз Туусу" гезитинин үстүбүздөгү жылдын 5- февралындагы № 8 санында жарыяланган "Куттуу мектептин куту кайда качты?" аттуу макалада борбор калаабыздагы улуттук компьютердик гимназияда (УКГ) окуу- тарбия иштеринде, кадр маселесинде, чарбалык -уюштуруу, өзгөчө каржы жаатындагы мүчүлүштүктөр, коррупцияга да малынгандыгы жөнүндө гимназиянын мугалимдер тобу кабарлап, мунун негизги себепкери аталган окуу жайдын директору Элнура Мусаева экендигин баса белгилешкен.
Бул маалымат ушул мектепте мурда окугандарды кайдыгер калтырбаса керек. Ошондуктан, аталган мектептен билим алган мен дагы сөз болуп жаткан макалага үн кошкум келет.

Өкүнүч
Биз, Данияровдор, 70 жылдан да илгери - 1936-жылы
А.С.Пушкин атындагы республикалык №5 кыргыз орто мектеби жаңы ачылганда биринчилерден болуп, ушул окуу жайды түптөп окуй баштаганбыз. Эжем Чолпон жети жылдык Таштак мектебинен келип 5- класска, Санжарбек байкем 3- класска, мен 1937-жылы 7 жашымда 2- класска кирип окуганбыз. Анткени, үй-бүлөдөгү 8 бир туугандын кичүүсү мен болгондуктан, эжем, байкем арип таанытып, гезит, китептерди шар окуганга жарап калган элем.
Биз окуган мезгилде таланттуу педагог-уюштуруучулар К.Каримов, А.Рудаков, Г.Термечиков мектептин директору болуп иштешкен. Мугалимдерибиз да эң мыкты педагогдор эле. Алсак, Р.Садыков, А.Рудаков, А.Умуралиев, К.Нанаев, Я.Гарри, И.Мустаев, пионер вожатыйларыбыз Кенже Садабаева, Бейшегүл Үмөталиева терең билим, таасын тарбия беришкен.
Улуу Ата Мекендик согушка
чейин №5те окушкан айрым балдар, кыздар - Абдылда Каниметов, Салайдин Коңурбаев, Авас Камчибеков, Эркин Бердибаев, Ажар Актанова, Салима Бекмуратова, Шарипа Осмонова, Акимай Мурата-лиева, Күкү Макешова, Бүбийла Ахунбаева, Валентина Исабаева жана башкалар кийин коомдук-
саясый ишмер, илимпоз, жетекчи болушуп, эл жүгүн аркалап, атагы алыска угулган.
Эми ойлосом, бизге ата- энедей мамиле жасап, таалим-тарбия беришкен мугалимдерибиз таланттуу, сырдуу жакшы тарбиячылардан болушкан экен. Эсептен сабак берген Акзамов агай мага өзгөчө болуп көрүнчү. Класста эсеп боюнча маселе чыгара албай, убара болчумун. Анткени, деги эсеп-кысапка (техникага да) шыгым жок эле. Акзамов агай маселени түшүндүрүп, бат эле чыгарып жибергенин көрүп, дүйнөдө биринчи Сталин, экинчи Акзамов агай акылдуу деп ойлочумун. Баламын да. Биз, Да-нияровдор, жалаң "эң жакшы" деген баа менен окучубуз. Ата-энелердин чогулушуна келгенде апабыз бизди мактаган сөздөрдү укчу. Апабыздын майрамы биздин мектептеги ата-энелердин чогулушу эле. Президиумга отургузушуп сыйлашчу. Апабыз да ал чогулуштарга мүмкүн болушунча жасанып-түзөнүп келчү.
Биздин үй №5ке жакын жайгашкандыктан, (Совет көчөсү - 186) сабактан кийин керээли-кечке чейин мектептеги бир топ ийримдерге катышып жүрдүк. Санжарбек байкем экөөбүз жаңы ачылган пионерлер сарайына (дворец пионеров) барып, ал авиамоделдөө жана бий ийримине катышчу.
Санжарбек байкем жакшы окуп, ийримдерге активдүү катышкандыктан, 1939-жылы декабрь айында 5-класста окуп жүргөн 11 жаш курагында, республиканын орус тилдүү мектептеринин дагы 2 окуучусу менен бирге Грузияга И.В.Сталиндин
60 жылдыгын майрамдоого жиберилген.
Грузияга Москва аркылуу барганда борбор шаары Тбилисиде эле эмес, ошол кездеги жолбашчынын кичи мекени Гори шаарында да болушкан. Мурда көрбөгөн чоң-чоң имараттарды,
театр-музейлерди, завод-фабрикаларды, декабрь айында мөмөлөп турган цитрус жемиштерин көрүп, кубанычка бөлөнүп келгени эсимде. Бул да болсо, ал кезде жакшы окуган балдарга мамлекеттин көргөн камкордугу болучу. Ал кезде жакшы окугандар "Пионер", "Ленинчил жаш" гезиттерине макталып чыгуучу, биз да алардын арасында элек.
Ошентип, биз жадырап-жайнап, бейкапар республиканын атактуу борбордук орто мектебинде окуп жүргөн мезгилде - 1941-жылы
каардуу согуш башталды. Аталар, агалар кан күйгөн согушка кетишти. Шаарда жашоо өтө кыйын болуп, бардык күч, кубат, азык-түлүк кан майдандагы жоокерлерге жиберилип, "Бардыгы майдан үчүн!", "Бардыгы фашисттик Германияны жеңүү үчүн!" деген
ураан менен жашоо башталды. Жокчулуктун айынан шаардын көпчүлүк калкы баш калкалап,
айылга, туулган жерге кетүүгө аргасыз болушту. Биздин үй-бүлөнү баккан улуу байкем Төлөнбай апабызды, келинчегин жана мени Кочкор районунун чыгышындагы Кош-Дөбө айылына алып келди. Ал жердеги жети жылдык мектепке директор болуп, тил, адабият, тарых боюнча сабак берип жүрдү. Мен да ошол мектепте окудум. Кийин, 1942-1944- жылдарда Кочкор районунун Кум-Дөбө жети жылдык мектебинде, Чоң-Кеминдин Тегирменти айылындагы Карл Маркс атындагы мектепте да окудум.
1944-1945-жылдары 8-9-класстарды кыскартып, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун алдындагы даярдоо курсуна кирип окууга туура келди. Ошентип, согуштун айынан республикалык №5 кыргыз орто мектебин бүтүрдү деген сыймыктуу аттестат ала албай арманда калдым.
Ошондой болсо да, багым бар экен, тагдырдын жазмышына
ылайык, 1980-1985-жылдары Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп жүргөнүмдө азыркы УКГнын имаратын курдурууда эмгегим бар. Ал учурда бул окуу жайы №5 мектеп гимназиясы деп аталып, директору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Нагима Арымкулова эле.
Аталган мектептин тарыхына кыскача токтолгон себебим, мына ушул атактуу билим уясы гезитте жазылгандай аянычтуу абалга келгени өкүндүрбөй койбойт. Бул мектеп биз үчүн, согушка чейин жана согуштан кийин да окугандар үчүн эң эле ыйык, маанилүү турмушка, маңыздуу жашоого үйрөткөн алтын уя. Андыктан чындыктын көзүн ачып, кетирилген кемчиликтерди оңдоп, куттуу мектептин кутун кайтаруу зарыл. Ал эми, гезитте көрсөтүлгөндөй, УКГнын директору Э.Мусаеванын кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган фактылары далилденсе тийиштүү жазага тартылышы адилеттүүлүк болор эле.
К. Орузбаева - Даниярова,
медицина илимдеринин
кандидаты,
доцент, КРнын алдында
сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу