22.06.10
  Керегем сага айтам...

Убактылуу Өкмөттүн жигиттери,
Жусуп Абдыракмановдон үлгү алгыла!
Кыргыз элинин атактуу уулу Жусуп Абдыракманов кыргыз тарыхында канча мезгил өтсө да ушул калыбы менен сакталып калмакчы. Анткени, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө бул адамдын кошкон салымы өтө чоң. Эгер, ал баштаган Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков ж.б. атактуу кыргыз жигиттери чечкиндүү аракет кылбаганда, балким Кыргызстан каракалпактар сыяктуу эле, кандайдыр бир мамлекеттин бөлүгү болуп калмак.

Жусуп Абдыракманов Кыргыз тоолуу облусун түзүүнүн башкы демилгечиси болгон. 1925-жылы Кара Кыргыз автоно-миялуу облусун түзүү иштерин жетектеген. Ал бардык тарабынан бул кадам бара-бара Кыргыз АССРинин Союздук Республикага өтүшүнө негиз түзөрүн билген. Бул өтүнүч менен бир нече жолу СССРдин башкы жетекчилигине кайрылган.
Ж.Абдыракманов кыргыз жеринин бүтүндүгүн сактоого өзгөчө камкордук көргөн. Ушул жерден Ж.Абдыракмановдун Сталинге жазган катынан үзүндү келтирели: "Ушул катым менен кайрылуумдун себеби, Кыргыз АССРи менен Өзбекстандын ортосундагы талаш жерлер жөнүндө... Сүлүктү Кыргызстандын аймагында жайгашып, жумушчулардын составы кыргыздар болгону менен Өзбекстанга карап калууда. Сизден Сүлүктү боюнча суроону кайрадан коргоого директива берүүңүздү суранам.
Кыргыз Автономия ССР Эл комиссарлар Советинин төрагасы Ж.Абдракманов".
Кыргыз улутунун унутулгус улуу инсаны Ж.Абдыракманов өз элинин жазмасы болуп, элинин көзү ачылышын самаган. Ушуга байланыштуу, жазуучу Мамасалы Абдукаримовдун "Эркин Тоо элге" аттуу тарыхый очеркинен бир үзүм үзүндү келтирели:
"Эркин Тоонун" 4-санында Жусуп Абдыракманов "Эркин Тоонун" он миң алуучусу болсун" деген макаласында мындай дейт: "Бүгүнкү күндөн тартып гезитке жазылуунун жана ага жазылуучуларды жыйноонун айлыгы жарыяланып олтурат. "Эркин Тоонун" саны канчалык көп болсо, ал кедей-кембагалдарга ошончолук көп пайда келтирет, аларды туура жолго баштайт... Ушул бир айдын ичинде "Эркин Тоонун" санын он миңге жеткирүү - баарыбыздын мойнубуздагы чоң милдет..."
Ж.Абдыракмановду Кыргыз автономиясынын чектелген укуктары эч канааттандырган эмес. Ошондуктан ал өзүнүн пикирлештери менен автономияны кеңейтүү үчүн аракеттенген. Анын И.Сталинге жазган дагы бир катында мындай деп айтылат:
"Урматтуу жолдош Сталин! Ушул катым менен мен сизге Орто Азиядагы улуттук республика Кыргыз АССРинин абалын айткым келет. РСФСРдин составына кирген улуттук Автономдук Республикалардын ичинен Кыргыз АССР өзгөчө орунду ээлейт. Республиканын үч жерге баш ийүүсү тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстандын экономикалык, маданий өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Бул абалдан чыгуунун жолу Кыргыз АССРинин Союздук Республикага өтүү зарылдыгын калктын улуттук составынын 70%ын Кыргыздар түзүшү, тышкы саясый мааниси жана экономикалык мүмкүнчүлүгү айтып турат. Менин ушул суроом боюнча мени кабыл алып жана өзүңүз угууңузду суранам".
Анын Иосиф Сталинге жазган каттарынын негизин Кыргыз
АССРин өз алдынча Союздук Республикага айлантуу идеясы түзгөн. Бул каттарында Ж.Абдыракманов калктын улуттук курамы, эл аралык мааниси, Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, географиялык жайгашышы жөнүндө ишенимдүү аргументтерди келтирген. Тилекке каршы, улуу максатты көздөгөн Жусуп Абдыракманов 1933-ж. жалган жалаа менен кызматынан бошотулуп, куугунтукка алынган. 1937-ж. контрреволюциячыл деген айып менен камакка алынып, 1938-ж. 5-ноябрда 34 жаш курагында атылган. Бирок, кыргыздын улуу саясатчысы Ж.Абдыракмановдун аракеттери ишке ашып, 1936-ж. 5-декабрда СССРдин үчүнчү Конституциясы кабыл алынып, ага ылайык, Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланып, СССРден эркин бөлүнүп чыгуу укугуна ээ болгон. Ушуга байланыштуу 1937-ж. 20-мартта Кыргыз ССРнин жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ошентип, Совет бийлигинин Лениндик улут саясатынын шарапаты Ж.Абдыракманов өңдүү кыргыздын жаш саясатчыларынын 1920-30-жылдардагы тынымсыз аракеттеринин натыйжасында кыргыз эли чектелген автономиядан, союздук Республикага өсүп чыккан.
Жусуп Абдыракманов 1901-жылы Каракол уездинин Күнгөй-Ак-Суу болуштугундагы Чиркей айылында туулган. 1911-1916-жылдары Сазановка орус-тузем мектебинде, кийин Караколдогу башталгыч мектепте окуган. 1916-ж. Үркүндө эл менен кошо Кытайга барган. Ал жактан ата-энеси өлүп, 15 жашында жетим калган, кайтып келген соң, Кызыл Армиянын катарына өтүп, Совет бийлигин өркүндөтүүгө активдүү катышкан. 1919-ж. Верный шаарында командирлердин курсунда окуган. 1924-1925-жылдары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун партиялык бюросунун экинчи секретары болуп иштеген. Андан кийин Ташкентте, Москвада эмгектенип, такшалган. 1927-жылы 26 жашында Кыргыз Өкмөтүн жетектей баштаган. Ал кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө да олуттуу салым кошкон. Мисалы, 1932-33-жылдардагы кризистен улам күч алган ачарчылыктан элди сактап калуу үчүн, Казакстандын жетекчилерине окшоп, союздук фондуга төгөбүз деп элдеги дан азыктарын зордуктап жыйнап албастан, колдо болгон азык-түлүктү сарамжалдуу пайдаланууга камкордук көрүп, элди ачарчылыктан коргоп калган.
Чыгаан саясатчы, көйкашка жетекчи, кыргыздын чыныгы мекенчил уулу Жусуп Абдыракманов жөнүндө кийинки муундарга да жеткирип туруу улуу муундардын милдети болуш керек. Анткени, анын ар бир баскан жолу, сүйлөгөн сөзү, жазган каты баарыбызга үлгү бойдон калат деп ойлойм.
Кожош КАРЫМШАКОВ,
Ысык-Көл району,
Жаркынбаев айылы,
персоналдык пенсионер,
райондун ардактуу
жараны