22.06.10
  Акын үнү

КРнын эл акыны
Анатай ӨМҮРКАНОВ
ЗАМАН АЙ
СССР кулап кыргызга
Эркиндик таңы атканы,
Кыргызымдын багына
Президенттен айтпады...
Аста күлүп каш кагып,
Албырып жүзү шаттанып.
Кыйшаңдап кытай куурчактай,
Кыргызды, Акаев калды
башкарып.
Шайланар замат шадаңдап
Шашыла басып малаңдап,
Бир башкача үн менен
Билимдүүдөй сүйлөдү.
Мөртөй-шөртөй жүргөнү,
Мөртү бардай күлгөнү.
Мөөндөй башы жалтылдап
Мөлтүлдөп чыккан сүйлөмү...
Ачып көздү жумгуча,
Апта айланып жылгыча,
Төрт чарчы кылып жаныңды,
Соро турган каныңды,
Тарпка конгон чымындай
Уяты жок кымындай
Бунун, командасы табылды.
Кайын журту, тайкеси,
Бөлө, жээн, байкеси,
Балдары жана кыздары
Бакырып үйдөн чыкканы,
Баарысы бир кишидей
Бийликти көздөй чамынды.
Кур калбайлы мындан деп
Куда-сөөктөр да камынды.
Ойлобой коркпой, ийменбей,
Токойдо аюу жүргөндөй,
Черүүгө эккен эгинге
Чегирткелер киргендей,
Шугулданса тим эле
Шуулдап саман күйгөндөй...

Реформасы аркылуу
Ар үйгө түштү чагылган.
Кайсы жакты караба
Бардыгы болду будуң-чаң.
Байды дагы бай кылды,
Байкушту нанга зар кылды.
Жагынпоз жолун шар кылды,
Жакырдын жолун тар кылды.
Журт бийлеген шаттанды,
Жумурай журт ач калды.
Калк бийлеген шаттанды,
Калдайган калк ач калды.
Эл эртеңин ойлогон
Эстүүнү эстен тандырды.
Калк дегенди каматып
Каар табасын кандырды.

Жаралыптыр кыргыздын,
Акаев, багына эмес шоруна.
Чымырканган иштери
Чыкпай койду оңуна.
Амал менен текени
Түлкү акең, түшүргөндөй оруна.
Түшүрдү Аскар кыргызды
Карыздын чыкпас торуна.

Президент пейли оңбоду,
Сел алгандай кулады
Адилеттик коргону.
Кара жер менен теңелди
Кара аскадай көрүнгөн
Калыстыктын чордону.
Орду менен жоголду
Орто Азияда биринчи
Орногон, демократия борбору...

Чачылганы чачылды,
Ачылганы ачылды.
Улутумдун уңгусун
Уйгу-туйгу сапырды.
Үзөңгү-Кууш сатылды.
Үркөрдөй болгон кыргыздын
Үмүтү кумдай чачылды...

Чардаганы чардады,
Албаганы калбады.
Ичейин десе ашы жок,
Иштейин десе иши жок.
Карапайым кишини
Киши деген киши жок.
Чоңдору ток, эли ачка
Күн апкелди бир башка.
Жергелүү эл жер тытып
Жетти калды жармага.
Пара гүлдөгөн себептүү
Дарексиз болду даректүү,
Керексиз болду керектүү.
Жетип жетинчи кабатка
Жеп-ичкичтер эң эптүү.
Чыркыраган элине
Чыпалагы күйүшпөй.
Казынаны сорушту
Канга тойбос сүлүктөй.
Элдин өчтү чырагы,
Коңторулду чынары.
Кирип-чыккан кишиден
Кичилеп нан сурады.
Кээ бири ачтан кулады.
Түңүлүп өз ханынан
Тууган, урук баарынан
Шимшилип Шибер чубады.
Каңгырап казак чубады.
Ызасын жутуп ичине
Кайран эл, чыдабаска чыдады.

Ачылды ач көз арааны,
Алган сайын алсам деп,
Аябай байып калсам деп.
Ойлонтпой элдин убалы,
"Жеш керек" болду урааны,
Эпең-эпең эпеңдеп
Бийлигим аз экен - деп
Тийди деп мага зыяны
Өзү каалаганындай
Өзгөрттү Конституцияны.
Референдум аркылуу
Укугун дагы чыңады.
Кургуйга калкын кулатып
Кууралдан тапкан жыргалын
Кулабас кылып курады.

Академик эмеспи,
Анчалык майдаланбады.
Малаңдап барып куурагыр
Майлуу жерди кармады.
Кум-Төрдүн тоодой алтынын
Жалгыз өзү жалмады.
Жуткан сайын тойбоду,
Жутунганын койбоду.
Айтканы эки болбоду,
Өз элин өзү кордоду.
Тең келе албайт көптөр деп
Депутаттыкка өткөр деп,
Уул-кызын колдоду.
Балдарына бийликти
Кандай болсо ошондой
Калтырууну ойлоду...

Качыратып тиштерин,
Матырып ташка издерин,
Ачуусуна чыгарып
Айта турган бүт кебин.
Аянтка эл-журт келгенде
"Акаев кетсин!" деген сөз
Айласын алты кетирип
Жаңырганда жер жерде.
Аярлабай азыраак,
Калктын каары чачырап,
Каректен октой атылат.
Алактаган Акаев
Кай жерге барып жашынат?!
Күч келгенде Маскөөгө,
Качып кетти тапырап...

Революция курусун
Бүркүт деп күйкө карматты.
Кайран калктын мойнуна
Кетпес шор кайра жармашты.
Келмесин ооздон түшүрүп
Тиштеди эл бармакты.
Акаевдин Бакиев
Клонуна окшоду.
Көр албаска алысты
Ойлобоско намысты,
Сунулуп турду кош колу.
Криминалды досум - деп,
Каракчыны кошул деп
Жегичтерди коштоду.
Жанкечтиге коштой чаап
Жасакерленип жакындап,
Жан жагына топтоду.

Сүйлөбөсүн кай жерде
Айыл өкмөт деңгээли.
Өзү "өндүрүшчү" болсо да
Ашып түштү аалымдан
Жеген жактан жөндөмү.
"Жер-Үй", "Северэлектро",
"Кристалл",
Баласы экөөнүн тергени.
Пансионаттарын айтпайын
Тартып алган көлдөгү.
Кайран көөнө кыргыздын
Көр болду кайра көргөнү...

Мурда бир үй-бүлө жечү эле,
Азыр, үй-бүлө деген көбөйдү.
Куда-сөөк, тайке, жээн
Жети бир тууган өгөйбү?!
Көзкамандай топурап
Көрсөттү жештен өнөрдү.
Баш кесерди баш кылып
Күчөтүп коррупцияны,
Өзү каалаганындай
Бу дагы, өзгөрттү Конституцияны.
Укугун хандан арттырып
Укуктуу болуп кланы,
Ишке ашты курган планы.
Командасы андан соң
Мамлекетти өзүнүн
Чөнтөгү деп билишти.
Киришпес ишке киришти.
Баскан-турган жерлерин
Чиритти да иритти.
Уңгусун элдин ойлобос
Ууру-кески бирикти.
Жоболоңдуу шаңданды,
Жоош-жолпу сандалды.
Карганы карга шумкар - деп,
Качырды кара тулпар - деп,
Калк башына капканды
Кийгизгендер тандалды.
Жоош элим ыйлады,
Жогор жактагылар жыргады.
Бакыр элим ыйлады
Башкаргандар жыргады.

Акаев түзгөн система
Жакшы иштеди чынында.
Жегенин анын он жылда
Бу жеп салды бир жылда.
Курсагы кудук куурагыр
Тойбочудай кылымда.
Ачылды дагы арааны
Көбөйттү дагы параны.
Дагы кандай болот деп
Сапырды эл-журт санааны.
"Эзгениңер сонун - деп
Эзе бер бул эл момун" - деп,
Кол чаап турду жанагы,
Көрүнүп калды ордуна
Баласынын карааны.

Эзели буюм сатпаган,
Эл сатты коюн, уй, атын.
Анан жылга жеткирбей
Сатты арын, уятын.
Батпай кетти көчөгө
Бака баштуу ургандар,
Энесинин эмчегин
Акча бар десе ойлонбой
Кесип кете тургандар.
Ырахаты дүйнөнүн
Алтында деп сезчүлөр,
Атаңдын көзү алтындан
Десе чукуп кетчүлөр.
Коога менен таң атып
Санаа менен кеч кирди.
Карегинен кан атып
Кайран калкым эчкирди.
Кайрымы жок элге бир,
Калдайган калкты тентиткен
Командаң менен жерге кир.
Пайдасы жок элге бир
Парага көзү тойбогон
Падышаң менен көргө кир...

Чөмүчтөп шорпо ичирип,
Сабы менен көздү олгон.
Акаевден миң эсе
Арамза чыкты бул ойрон.
Көбөйүп кетти шаарда
Атылган менен жоголгон.
Мезгилдин мерез акмагы
Өз ишин, мыктыларын кыргыздын
Атуу менен баштады.
Сары изине чөп салып,
Сапарына көз салып
Аңдып жүрүп айда атты,
Жылып жүрүп жылда атты.
Үй-бүлөсүн гана ыйлатпай
Бүт кыргызды ыйлатты.
Терип атып таштады.
Дарыя болду тим эле
Жаш менен кандын акканы.
Кезегиң бир келер деп,
Кейисе да чебердеп
Каны тартып ичине
Кан түкүрдү жаш-кары.

Кечээ эле Бакиев
Президент болгон маалда,
Жети бир тууганы айланды
Жети баштуу ажыдаарга.
Ажыдаар дегеним
Жетөөсү тең жан сабап
Бирин бири калкалап,
Жер-жерлерде чалкалап
Президент болуп алышты
Демократияны талкалап.

Чыгарып элди эсинен,
Байыйлы дешти тезинен.
Калкты кактай саашып
Жаш агызды көзүнөн.
Кан шорголоп колунан,
Каалоосу чыгып оңунан,
Кайран гана кыргыздын
Кайыш тилди жонунан.
Жетөөсүнүн ичинен
Киши өңдүүсү жок экен,
Адамдайы аз экен.
"Эл шайлаган атабыз,
Президент болбой эл жеген,
Президент болсун эл деген"...
деп бирөөсү айтпады,
Тандап алган жолунан
Тартсаң дагы кармап колунан
Аларың кайра кайтпады.

Кайра элге шылдың ат койду,
Кыргызды курдтан пас койду.
Жетөө тең кыргыз жөнүндө
Бир айткан жок жакшы ойду.
Өз жеринде өз элин
Өзгөлөрдөн кем көрдү.
Кайран кыргыз тим эле
Жетим бала өңдөндү.
Коркмок эле эмнеден?
Эл дегенден эл жеген
Эң пайдалуу экенин,
Билип жети ажыдаар
Кайра күчөп киришти
Акырына жем жеген.

Адамды адам дебеди,
Алтын болду жегени.
Кишини киши дебеди,
Күмүш болду жегени.
Калдайып турган калкына
Бир тийген жок кереги.
Жутчудай болуп деңизди
Кекиртегин керишти.
Жоголду нысап ченеми
Мээри түшүп байлыкка
Ме - дебей кайра ке - деди...

Кызыл чоктой оттогу
Алардын, кекээри намыс
козгоду.
Кыйналып турган жүрөктөн
Кыян жүргөн окшоду.
Топук кылбай балдары
Токтогон селди кошподу.
Токтобой канда айланган
Кайратты кайра козгоду.
Мунун шиши толду - деп
Бийликте булар турганда
Кыргыз кайдан оңду - деп,
Ичинен ар ким боктоду.
Калысмын деп ант берген
Бирок, калыссыз күндү апкелген.
Адилетмин деп ант берген,
Бирок, адилетсиздикти
апкелген.
Чогоолго чотун чоттоду,
Чоочуп жандан коркподу.

Каардын огун октоду,
Касам урган немени
"Кетсин!" - деп ар ким соттоду...

...Нааразылык пикетин,
Өткөрүп эл аянттан
Кылкылдап кетип бараткан.
Акүйдөн мылтык "тарс" этти,
Аянттан топ эл "жалп" этти.
Дүрр этип эл-журт шашканда,
Каңырсып кан акканда,
Кандан чыккан айкырык
Атылып чыгып асманга,
Куйгандай кайрат жаш жанга
Эркиндик деген бир тилек
Добулбасты какканда, -
Президентти жек көргөн
Жүрөктөн башка курал жок
Жаткандар сулк, жарадар
Чыңырып, жардам сурап
жатканда, -
Жалындай дүрр деп баарысы,
Көчөнүн бери жагына
Көмөлөнүп жатканды
Көтөрүп кетип жатышты...
Чыгарманын толук варианты китепке жарыяланат