№46, 22.06.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...






 27-июнь - референдум

Добуш берүү жөнөкөйлөштүрүлдү
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдигин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Убактылуу Өкмөттүн Декретине кол койду.
Ага ылайык референдумдун катышуучуларынын тизмесине кирген референдумга катышуучу өз участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо жана тиркелген күбөлүгү жок болсо, ал референдум күнү кайсыл жерде жүрсө, ошол жердеги участокто добуш бере алат. Мындай жагдайда жаран референдумдун тиешелүү комиссиясына себебин көрсөтүп, арыз жазып, референдумга катышуучулардын кошумча тизмесине киргизилет. Ага паспорту же аны алмаштыруучу башка документи аркылуу добуш берүү бюллетени берилет.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндөгү" 21-апрелде кабыл алынган № 20 Декреттин 7-пунктуна өзгөртүү киргизилди.
(Уландысы 4-бетте)




Өзбекстан: кыргыз, өзбектин ортосуна башкалар от жакты
Өзбекстандын көпчүлүк жашоочулары Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык чыр-чатактын себебин кыргыздар менен өзбектердин ортосуна от жагуу максатында жасалган пландаштырылган чагымчылыктан көрүшүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Көз каранды эмес маалымат кызматынын макаласында жазылган.

Кыргызстандын түштүгүндөгү турак-жайларды талкалоолор жана тынч жашап жатышкан жарандарды өлтүрүүлөр, ошондой эле качкындар проблемасы акыркы күндөрдө өзбекстандыктардын сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасынан болуп калууда. Алардын арасынан бүткүл кыргыз элин күнөөлөгөндөрдү табуу кыйын.
"Кыргызстандын түштүгүндө болуп жаткан окуялар - бул мурдагы президент Бакиевдин жана анын адамдарынын улуттар аралык мамилеге от жагуу боюнча жакшылап уюштурулган жана акы төлөп беришкен акциясы, - деп эсептейт Өзбекстандын көз каранды эмес укук коргоочуларынын демилгечил тобунун төрагасы Сурат Икрамов.
(Уландысы 4-бетте)










PDF формат