18.06.10 Кыргызстан жөнүндө
эмне деп жатышат?
Казакстандын башкы расмий гезити "Эгемен Казакстан" 16-июнда чыккан санында: "Кыргызстанды оор кризистен чыгаруу үчүн жардам уюштуруу максатында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюму күчтөрүн бириктириши керек" - деп жазды. Гезит маалымдагандай, бул тууралуу ЕККУнун аракеттеги төрагасы, Казакстан Республикасынын мамлекеттик катчысы, Тышкы иштер министри Канат Саудабаев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Х.Клинтондун 14-июнь күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылган.
ЁЁЁ
"Uzmetronom" көз каранды эмес веб-сайтынын башкы редактору Сергей Ежков: "Бакиев - Кыргызстанда болуп жаткан чоң саясый оюндардын кичинекей эле бир бөлүгү гана. Кыргызстандагы кандуу окуялар узакка созулган Орто Азияны кайра куруу акциясынын элементи. Эгерде саясый уюмдар окуяны өз колдоруна алышпаса, анда бул окуялар Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөргө дагы өтүп кетиши мүмкүн", - деген оюн билдирген.
ЁЁЁ
Ошондой эле бул окуяга
тажик-боевиктеринин да түздөн-түз катышы бар экендигин 15-июнда "Эхо Москвы" радиосу аркылуу эл аралык "Время новостей" гезитинин баяндамачысы Аркадий Дубнов айтып чыкты. "Мен бардык жоопкерчиликти мойнума алып туруп айта алам, бул окуяга Тажикстанда 90-жылдын башында жарандык согушка катышкан адамдардын түздөн-түз катыштыгы бар", - дейт Аркадий. Дубновдун пикири боюнча бул даярдыктар апрель окуяларынан эки жума өткөндөн кийин башталган. Буларды уюштургандар Бакиевдин кланында иштеген адамдар. Максаты - азыркы Убактылуу Өкмөттүн иш алып бара албастыгын көрсөтүү, ал эми бакиевдер тынчтыкты кайра алып келе алышарын айтуу.
- Эсиңерде болсо, Бакиев Лукащенко аркылуу ОДБКнын акыркы отурумунда анын катышуучуларына кайрылып, өлкөгө тынчтык орнотуучу аскер күчтөрүн киргизүүнү сунуштаган. Эми ал: "Мен силерге айткам, мен силерди чакыргам, эми карагыла, ал жакта эмне болуп жатат?" - деп айтышы мүмкүн, - дейт Дубнов.
Ошондой эле А.Дубнов сөз тажиктер тууралуу гана болуп жатпаганын, сөз акча үчүн бардыгына даяр турган жалданма адамдар жөнүндө болуп жатканын айтат.
ЁЁЁ
"РИА Новости" маалымат булагынан Денис Ворошилов билдиргендей, Кыргызстандагы кырдаал боюнча АКШ Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат жана анда Филип Кроули Кыргызстанга жардам бергенге даяр экендигин билдирген.
"Биз Кыргызстандын убактылуу президенти менен сүйлөшүүдөбүз жана биздин элчилик кыргыз бийлиги менен тынымсыз байланышта турат. Биз башка да мамлекеттер, анын ичинде Россия менен да байланышып жатабыз", - деди Ф.Кроули мамлекеттик департаментте шейшембиде (15-июнда) өткөн брифингде.
Кыргыз бийлигине БУУ, ОБСЕ менен тыгыз байланышта болуусун кеңеш кылып, өздөрү Кыргызстандагы саясый кыр-даалды жөнгө салууга эл аралык стандарттын чегинде гана катышаарын билдиргенин айтты.
"Биз азыркы учурда БУУ жана Эл аралык Кызыл кресттин мүчөлөрү менен тыгыз байланыштабыз, - дейт Ф.Кроули. - Учурда кошумча жардам берүү үчүн эмне керек экендигин тактап жатабыз. Андан сырткары акчалай да жардам кылабыз".
Анын айтымы боюнча, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Блейк ушул жуманын ичинде Кыргызстанга келип, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрөт.
ЁЁЁ
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.
"Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык".
ЁЁЁ
Орусиядагы Russia Today телеканалы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Британияда кармалганы жөнүндө маалыматка кайрылды. Алар "Риа-Новости" маалымат агенттигинин аналитиги Самир Шахбаз менен интервьюну көрсөтүштү. Ал түштүктөгү соңку тополоң үчүн бакиевдердин үй-бүлөсүн күнөөлөдү.
"Албетте, Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү тополоңго бийликтен кулатылган президенттин үй-бүлөсү жооптуу, - деди орусиялык эксперт. - Буга өлкөнүн экономикасынын кыйраганы да шарт болуп берди. Анткени өнүккөн мамлекеттерде бул өңдүү окуялар болушун элестетүү кыйын. Бакиевдин уулу Максим сырттан келген бүт инвестицияны колуна алган эле. АКШдан, Орусиядан түшкөн миллиарддаган долларды башкарып турган жана андан өлкөнүн бюджетине эч нерсе түшкөн эмес.
ЁЁЁ
Франциядагы Эл аралык радионун кабарчысы кыргыз аскер күчтөрүн айыптады. "Өзбек кварталдарында азыр кыямат кайым болгондой абал, - деди ал. - Армия болсо кыргыздарга келгенде жумшагыраак боло калат".
Анткен менен ушул өңдүү кабарлардын дүйнөлүк басма сөздө чыгып жатканын Борбор Азияда көп жылдардан бери иштеп келген даниялык журналист Майкл Андерсен айыптады. Анын айтымында, Батыштагы маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуяларды үстүртөн гана чагылдырып жатышат.
"Оштогу окуялар "этникалык тазалоо, кагылышуу" эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Бул - чыныгы бандитизм, - деди М.Андерсен "Азаттык" радиосуна. - Мен бир маанилүү нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Менин Оштогу көптөгөн өзбек тааныштарым аларды кыргыз достору үйлөрүндө жашырып, коргоп жатышканын айтышууда. Менимче, бул өзгөчө маанилүү. Өзбектер менен кыргыздар бири-бирине жардам берип, колдоп жатышат. Бул Ошто чынында "этникалык кагылышуу" болбогонун ачык далилдеп турат".
Бүгүн дүйнөдөгү эң башкы гезиттер да Кыргызстандагы окуяларды кеңири чагылдырганга аракет кылышты.





Жаңжалдын оту өчүүдө
КРнын Өткөөл мезгилдеги Президенти Роза Отунбаеванын айтымында Ош жана Жалал-Абаддагы окуялар тынч абалга өтүүдө, баш аламандыктар азаюуда. Жалпы кырдаал укук коргоо органдарынын, куралдуу күчтөрдүн көзөмөлүндө. Эл согушту токтотконго ниеттенип, өз ара макулдашууга аракет жасоодо. Коопсуздукту камсыздоо максатында, ашыкча өрт чыгып кетпешине каршы бул аймактарда газды берүү токтотулган. Жалал-Абадда баррикадалар алынып, айыл жергесине кеткен жарандар кайрадан шаарга кайтып келишүүдө. Мындан сырткары дүкөндөр дагы иштей баштады.

Бишкек - Ош жолунун айрым жерлеринде, Ташкөмүр менен Сосновка аймактарында блок посттор орнотулуп, борбор калаабызда тынчтыкты камсыздоо үчүн күчтөр жетиштүү. Уйгурлар, дунгандар жана өзбектер тыгыз жайгашган райондор өзгөчө көзөмөлгө алынууда.

Расмий маалымат:
187 адам каза тапты.
А чынында...
Борбор калаабыздан Ош жана Жалал-Абадга медициналык кызматкерлердин топтору жөнөтүлүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги азыркы кезде жабыркагандарга колдон келишинче жардам көрсөтүүдө. Кандуу окуялардын натыйжасында жарадарлардын саны абдан көп. Алар медициналык кызмат борборлоруна кайрылганы үчүн жарадарлардын жалпы эсебин аныктоого мүмкүндүк пайда болууда. Расмий маалымат боюнча бул жаңжалда 187 адам каза тапкан. Бирок алардын чыныгы саны андан көп болушу мүмкүн. Себеби жергиликтүү калк көз жумган туугандарды судмедэкспертизадан өткөрүүгө макулдугун беришпейт, алырдын сөөгүн тез аранын ичинде коюшат. Ошондуктан кайтыш болгон жарандардын жалпы эсебин так айтыш кыйынга турат, - дейт Роза Отунбаева.

Чагымчыларды ооздуктоо зарыл
Өткөөл мезгилдеги Президент Роза Отунбаеванын айтымында, Кыргызстандагы чачты тик тургузган окуяларды уюштурууга көптөгөн каражат жумшалып, жаңжалды жүзөгө ашы-
рууга чоң кызматтарды ээлеген, жергиликтүү саясатчылар катышкан. Буга көптөгөн далилдер жана кармалган адамдар бар. Учурда Ош жана Жалал-Абадга иликтөө топтору жөнөтүлгөн. "Согушту уюштуруучулардын ою таш капты. Эми алар бизди Россия жана башка коңшу мамлекеттер колдой турганын түшүнүштү, - деп билдирди Роза Отунбаева. - Биз Британиянын бийлигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз, Максим Бакиевдин сот алдында жооп берүүсү үчүн биз бардык фактыларды, материалды келтире алабыз".

Тынчтык орнотуучу күчтөр киргизилбейт
ОБСЕ жана ЕС Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмес. Өзбекстан менен Казакстан дагы жардам берүүгө даяр экенин билдиришүүдө. Роза Отунбаеванын айтымында, Ислам Каримов кыргыз-өзбек чек арасы жабылары тууралуу билдирүүдө. Бул саясый кадам, жаңжалдын күчөшүнө тоскоол болуп, регионалдык чыр-чатактан сактайт. Ал эми тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү Кыргызстанга киргизүүнүн азырынча кереги жок деп кабыл алынып, ОДКБнын алкагында техникалык жардам көрсөтүү маселеси каралууда. Анткени, бизге жарадарларды, тамак-ашты ташуу үчүн атайын машиналар керектелүүдө.

Эл тагдырын чагымчылар чечпейт
Бүгүнкү күнү Кара-Суудагы жана Ош шаарындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулуп, абал көзөмөлгө алынууда. Тогуз-Торо, Аксы, Чаткал чыр-чатактын аймагына кирбесе дагы, мисалы, Токтогулда стратегиялык объектилер бар экенин эске алуу зарыл. Себеби алар чагымчыл күчтөрдүн карасанатай кызыкчылыгына кириши мүмкүн. Азыркы убакта БШК даярдык көрүүдө. Роза Отунбаеванын айтымында, биз бул туңгуюктан чыгууга, кимдир бирөөлөрдүн багытыбызды бурууга жол бербөөгө аракет кылышыбыз зарыл. "Афганистанда деле шайлоо, референдум өтүп жатат. Кайсы бир чагымчылар келсе эле, үшкүрүп отура бербеш керек", - деп белгиледи Өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаева. Азыркы убакта мобилизация жүрүп, жардам берүүнү каалагандардын саны абдан көп. Бирок учурда чакырылган 1200 адамга үйлөрүнө барууга уруксат берилди. Элдик кошуундар болсо, ички иштер бөлүмү менен тыгыз байланышта иштешүүдө.
Кенжебек КАКИШОВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөтү Сагын АЙЫЛЧИЕВдики