15.06.10 Түштүктөгү кырдаал талкууланды
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы
Роза Отунбаева ОБСЕнин төрагасынын атайын өкүлү Жаныбек Карибжановду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-
стандагы, өзгөчө республиканын түштүгүндөгү учурдагы кырдаал жөнүндө пикир алмашуу болуп, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга байланышкан маселелерди чечүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн жолдору талкууланды.
М.АЛАГУШЕВ,
Сүрөтү С.АЙЫЛЧИЕВдики




Убактылуу Өкмөттүн Декреттери
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бир катар Декреттерге кол койду.

Укук коргоо кызматкерлеринин жоопкерчилиги
КРнын Убактылуу Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын өзгөчө абал киргизилген аймактын комендантынын мыйзамдуу тескемесине же талабына баш ийбегендиги үчүн жоопкерчилиги жөнүндө" Декрети чыкты.
Жарандардын коопсуздугун коргоону камсыз кылуу, кырдаалды тезирээк жөнгө салуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү үчүн өлкөнүн айрым жерлеринде Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан өзгөчө абал киргизилген. Ошондой болсо да, өзгөчө абал жарыяланган аймактын комендантынын мыйзамдуу тескемелерине жана талаптарына күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлери тарабынан аны аткарбоонун, баш ийбөөнүн фактылары бар.
Декрет өзгөчө абалдын режимин турмушка ашырууну сөзсүз камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Анда төмөндөгүлөр белгиленген:
1. Кызмат адамдарынын өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы, аны турмушка ашырууга кедергилик кылгандыгы, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактын комендантынын мыйзамдуу тескемесине жана талабына баш ийбегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук
коопсуздук кызматынын, башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары кызматтан биротоло бошотулат.
2. Өзгөчө абал киргизилген аймакта кызмат милдеттерин аткаруудагы укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги, кызмат милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Аскердик курал колдонууга уруксат берилди
Убактылуу Өкмөттүн кабыл алган Декретине ылайык, жарандарды сактоо, аларды кол салуудан коргоо, барымтадагыларды куткаруу максатында жана куралды тартып алуу аракеттери болсо, ошондой эле укук коргоо органдарына, аскер күчтөрүнө, мамлекеттик маанилүү объектилерге, мекеме-ишканалардын имараттарына жана жарандардын үй-жайына кол салуу болгон учурларда милиция кызматкерлеринин, аскерлердин баш ийбегендерге карата курал колдонуусуна уруксат берилди.
Куралдуу каршылык көрсөткөн кылмыштуу топторго жана куралды өткөрүп берүүдөн баш тарткандарга да ок атууга жол берилет. Декреттин бул жоболору өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейин күчүндө болот.

Жарым-жартылай мобилизациялоо жарыяланды
Ж арандардын коопсуздугун камсыз кылуунун, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн коргоонун кызыкчылыктарында, кырдаалды тезирээк ченемге салуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин калыбына келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдоо жана мобилизациялоо жөнүндө" мыйзамынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" 2010-жылдын 11-июнундагы №65 Декретин турмушка ашырып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө Декретти кабыл алды. Анда төмөндөгүлөр белгиленген:
1.2010-жылдын 13-июнунан тартып Кыргыз Республикасында жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине:
- Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн жана курамын мобилизациялык пландарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жана Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамына ылайык аскердик мезгилге которуу боюнча иш чараларды жүргүзсүн;
- мобилизацияланбай турган бирикмелердин жана бөлүктөрдүн тизмесин өзүнүн чечими менен өзгөчө абалдын режимин колдоо боюнча аткарылып жаткан милдеттерге негизденүү менен аныктасын.
3. Убактылуу Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча атайын өкүлү, өзгөчө абал киргизилген шаарлардын жана райондордун коменданттары бардык колдо болгон күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу менен өлкөнүн түштүк регионундагы коомдук-саясый кырдаалды турукташтыруу боюнча катуу жана толук чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жарым-жартылай мобилизациялоо иш чараларын каржылоону турмушка ашырсын.
Декрет 2010-жылдын 13-июнунан тартып күчүнө кирди.





КМШ кеңешине ким барат...
КМШнын Экономикалык кеңешинин кеңешмесине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы бекитилди.
2010-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева тескемеге кол койду, ага ылайык, Көз каранды эмес мамлекеттердин Экономикалык кеңешинин 2010-жылдын 16-20-июнунда Санкт-Петербург шаарында өтө турган 46- кеңешмесине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөндөгүдөй курамда бекитилди:
Мамбетов Базарбай Эстебесович - КРнын Убактылуу Өкмөтүнүн ЕврАзЭС жана КМШ боюнча улуттук координатору, делегация башчысы;
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер
боюнча комиссиясынын толук ыйгарымдуу өкүлү;
Сыдыкова Гулмира Ракиевна - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Кошонов Рустам Анарбекович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин экинчи катчысы.
Тескемеге ылайык, Б.Мамбетов КМШнын Экономикалык кеңешинин 46 -кеңешмесинде кабыл алынган чечимдерге кол коюуга укуктуу.




Гумжардамдарды жөнөтүү боюнча штаб түзүлдү
Түштүк аймагында түзүлгөн татаал кырдаалга жана жаңжал аймагындагы жашоочуларга, жабыр тарткандарга гуманитардык жардамды тезинен жеткирүү зарылдыгына байланыштуу Убактылуу Өкмөттүн социалдык саясат боюнча координаторунун, жардам көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрайымы Элмира Иб-раимованын демилгеси менен Бишкекте штаб түзүлдү. Штаб Ош жана Жалал-Абад облусуна гуманитардык жардамдарды чогултуу, кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча иш алып бармакчы.
Азыркы учурда дары-дармек, биринчи кезекте керектелүүчү буюмдар, азык-түлүктөр түрүндө жардамдарды демилгелүү топ чогултуп жатат. Эми гумжардамдар тез мөөнөттө белгиленген жерге жеткирилип турулат.
Штабдын жетекчилигине Кубанычбек Исмаилов дайындалды.
Байланыш телефондору:
0(312) 31-85-96, 0(312) 31-41-09





Ким келди, ким кетти?
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын тескемелери менен:
Орозов Алик Карыбаевич КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.
Байболов Кубатбек Калыбекович КРнын Улуттук коопсуздугу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды, ошондой эле ага Жалал-Абад облусунун коменданты милдети жүктөлдү.
Суваналиев Өмүрбек Исакович Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Солдашенко Николай Алексеевич КРнын ички иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ошондой эле, ал Ыктыярдуу элдик кошундардын республикалык ыкчам штабынын жетекчиси болуп дайындалды.
Еркеев Ильяз Марсович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;
Бариев Ырысбек Жантаевич КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Мамлекеттик транспорт инспекциясынын директору болуп дайындалды;
Акунов Аалыбек Акунович Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Дүйшөналиев Туратбек Болотбекович И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Абдрахманов Төлөбек Абылович И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Иванов Виктор Геннадьевич Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды;
Рыскулова Айгүл Муратбековна КРнын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымынын республиканын түштүгүндө болгон окуялардан жабыр тарткандарга жана качкындарга жардам көрсөтүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды;
Жапаров Садыр Нургожоевич КРнын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду;
Алымкулов Баяман Эркинбаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучулук кызматынан бошотулду;
Эргешов Абдыжапар Абдыразакович К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректорлугу кызматынан бошотулду;
Сатаров Токтомурат КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Мамлекеттик транспорт инспекциясынын директору кызматынан бошотулду.





Чагымчыларга сокку берүүгө чакырабыз

Биздин балдарыбыздын жана неберелерибиздин курман болгондугу, миңдеген адамдардын жаракат алышы ардагерлердин жүрөгүн кайгыга салды, - деп айтылат Кыргыз Республикасынын согуштун, эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмдарынын Кыргызстандын элине кайрылуусунда.

Каардуу жексурлар Кыргыз-
стан элдеринин ортосуна от жакты, алар биздин элибизди улуттук белгиси боюнча бирин-бирине тукуруп, душмандашты-рууну каалашат. Биздин демократияны кыйратууну, кайрадан "үй-бүлөлүк" башкарууну орнотууну, коррупцияга, угуучулукка, элдин байлыгын талап-тоноонун гүлдөшүнө алып келүүнү самашат.
Биз кыргыздарды, өзбектерди, орустарды, казактарды, тажиктерди, корейлерди, татарларды, дунгандарды жана башка улуттарды куйту ушакчыларга
алдырбоого, аларга сокку берүүгө чакырабыз. Ардагерлер кан төгүүнү токтотуу, аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин колдоо жана коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө аларга жардам берүү үчүн элдик дипломатияны пайдаланышы керек. Ардагерлер кагылыштын уюштуруучулары жана ушак-айың таратуучулар жөнүндө токтоосуз укук коргоо органдарына дароо билдирүүгө чакырышат.
Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундарына колдон келген жардамын берүүгө Кыргызстандын элин чакырабыз. Өлкөбүздөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн ар бир жаран өзүнүн салымын кошушу керек.
Кыргызстандын жарандары, кыраакы болгула, эски тартипке кайтып келүүгө болбойт, деп айтылат кайрылууда..