15.06.10 Ошко гумжардам барды
Убактылуу Өкмөттүн социалдык саясат боюнча координатору Элмира Ибраимова Ош шаарындагы жаңжал чыккан аймакка жалпы салмагы 50 тонна гуманитардык жардам менен барды. Жалаң тамак-аштан турган жүк бишкектиктердин жана республикабыздын башка аймагында жашаган тургундардын күчү менен чогултулган. Э.Ибраимова менен бирге Ош облустук ооруканасына бишкектик врачтардын тобу дагы барышты.
Элмира Ибраимова облустук акимчиликтин, мэриянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жаштар иштери боюнча министрликтин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук агенттигинин өкүлдөрү менен гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнү уюштуруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул сапардын жүрүшүндө ал Ош облустук жана шаардык ооруканаларда да болуп, жабыр тарткандардын абалын сурады. Ошол эле маалда башкы врачтар жана саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууда дары-дармектерге жана жабдууларга керектөөгө байланышкан маселелер да каралганы дайын болду.
Ош шаарынан өз алдынча чыгып кете албай жатышкан бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, журналисттердин өтүнүчү орундатылып, Э.Ибраимованын көмөктөшүүсү менен алардын шаардан коопсуз чыгып кетүүлөрүнө шарт түзүлдү.
Жалпы күч-аракетти бириктирүү үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгында Э.Ибраимова Оштогу жаңжалды токтотууга тартылган тийиштүү жетекчилер менен жолугушту.

Ош, Жалал-Абад жалгыз калбайт
Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жашоочулары үчүн гуманитардык жардамдар жөнөтүлүп жатат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматтар жана жарнамалар департаментинин маалыматына таянсак, 13-июнда жүк ташуучу самолёт менен негизинен кумшекер, ун, туз, гречка, күрүч, өсүмдүк майы, чайдан турган 50 тонна азык-түлүк түштүк аймагына жөнөтүлгөн.
Ош жана Жалал-Абаддын жашоочуларына гуманитардык жардамды мекеме-уюмдар, акимчиликтер, ишкерлер гана эмес, жеке адамдар да көрсөтүүдө. Алардын саны барган сайын арбып баратат. Жаштар иштери боюнча министрликтин штабы эки күндүн ичинде жалпы суммасы 850 миң сом турган 40 тонна гуманитардык жардам чогулткан. 20 тонна жүк авиакаттам менен түштүккө кечээ жөнөтүлдү.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучулары жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын же 100 миң сомду түштүктө жаңжалдан улам жабыр тарткандарга жардам катары чегеришти. Ошондой эле Кыргызстандын элине кайрылуу кабыл алышып, элди ынтымакка, референдумду ийгиликтүү өткөрүүгө чакырышты.
Гумжардамдар республикабыздын бардык аймактарынан келүүдө. Жогоруда аталган 50 тонна гумжардамды Талас,Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары чогултушкан.
Эки күндүн ичинде Ош жана Жалал-Абадга 200 тонна жүк жөнөтүлмөкчү.

Баарын биримдик жеңет
Бишкек шаарынын тургундары да мэрия уюштурган акциялардан четте калышпай, жер-жерлерде Ош жана Жалал-Абаддын жашоочуларына күндөлүк керектелүүчү ун, кесме, шекер, өсүмдүк майы, күрүч, чай ж.б. азык-түлүктөрдү чогултушту.
Борборубуздагы №2 орто мектептен "Манас" аэропортуна төртүнчү ирет жүк жөнөтүлүп жатканында барып калдык. Урматбек Сатикеев жеке үй-бүлөсүнүн атынан эки мүшөк ун, 5 литр өсүмдүк майын жөнөтсө, "Берекет гранд" соода борборунун директору Замирбек Иманбердиевдин жетекчилиги менен 20 миң сомдук товарын жарандар алып келишти.
Шаардык кеңештин өкүлдөрү да өздөрүнүн атынан тамак-аш алып келишкен. Ушул эле күнү Эркиндик гүл багында Эдил Байсаловдун демилгеси менен уюштурулган мекендештерге көмөк көрсөтүү акциясына күбө болдук. Алар да жогоруда аталгандай азык-түлүктөрдү төрт ирет жөнөтүшүптүр. Көмөк көрсөтүүгө келишкен жаштардын арасында өзгөндүк Эгемберди Токтосунов 20 жыл мурдагы Ош окуясында атасы менен апасынан ажыраганын айтып, жаштарды бүгүнкүдөй кыйын кырдаалда сабырдуу болууга чакырды.
Кубат Осмонов, фотожурналист
Сүрөттө: жаштар түштүктөгү мекендештерибизге жөнөтүлүүчү тамак-аштарды топтоштурууда




Чагымчы кармалды
Жалал-Абад облусунун комендатурасынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, облустагы кырдаал Убактылуу Өкмөттүн көзөмөлү астында. Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектүү бир киши кармалды.
Облустун коменданты Кубат Байболовдун айтымында, ал реcпубликада таанымал кишилердин бири. Бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын аты-жөнүн айткан жок. Ага карата массалык башаламандыктарды уюштурду, мамлекеттик бийликти күч менен кулатууга аракет жасады деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Азыр кармалган киши сурак берүүдө. Анын айтымында, массалык башаламандыктарды уюштургандардын арасында күзүндө өтчү парламенттик шайлоолорго катышабыз деген белгилүү кишилер да бар экен.
Облус коменданты Жалал-Абад облусундагы кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, ал республикалык каналдар аркылуу көрсөтүлмөкчү.
Кошумчалай кетчү нерсе, укук коргоо органдары тарабынан Ош шаарындагы массалык башаламандыктарга активдүү катышкан деген шек боюнча жыйырма жаштагы М.Марасулов, А.Дикамердиев, 1965-жылы туулган М.Юлдашев, 1987-жылы туулган А.Усманов кармалышты. Кармалгандардын баары Ош шаарынын тургундары.

Убактылуу Өкмөт АКШга кайрылган эмес
2010-жылдын 13-июнунда Foreign Polici сайтында Стив Левайн ысымдуу автордун "Кыргызстан АКШдан аскердик жардам жана желим окторун сурады" аттуу макаласы жарыяланган. Автор анонимдүү булактарга таянып, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Россия Федерациясына аскердик жардам көрсөтүү боюнча кайрылаардын алдында ушундай эле өтүнүнүч менен АКШнын жетекчилигине кайрылып, бирок терс жооп алган деп маалымдаган. Убактылуу Өкмөттүн басма сөз кызматы Убактылуу Өкмөт аскердик жардам сурап АКШнын жетекчилигине расмий түрдө да, расмий эмес түрдө да кайрылбагандыгын билдирди.
М.Сабыров,
"Кыргыз Туусу"




Жарадарларга жардам көрсөтүшүүдө
Саламаттык сактоо министрлигинин штабы (14-июнга алганда) Ош жана Жалал-Абад облусунда чыккан жаңжалдан 118 киши каза болгонун маалымдады. Массалык тополоңдо эки облустан медициналык жардамга 1609 киши кайрылган, алардын 802си ооруканага жаткырылып, 689уна амбулаториялык жардам көрсөтүлгөн.
Учурда аталган облустарда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трасплантациялоо илим-изилдөө институттун 5, Улуттук госпиталдын 11, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборунун 6, жалпысынан 49 бишкектик дарыгерлер жарадарларга жардам көрсөтүшүүдө. Ошол эле кезде медициналык багыттагы өтө зарыл керектүү буюмдар да жеткирилген.
Врачтарды жеткирген самолёт менен оор жаракат алган 7 киши Бишкекке алынып келинди. Ошол эле тапта Москва шаарынын клиникаларынан дарыланууга апрель окуясында жаракат алышкан 6 адам жөнөтүлдү. Бул Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Д.Ниязалиева менен Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүү боюнча Россия Федерациясынын Президентинин атайын өкүлү В.Рушайлонун жолугушуусунда жетишилген макулдашууга ылайык иш жүзүнө ашып отурат.
Кыргыз жарандарын Россияга узатууга бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов өзү келди. Аталган каттам менен Сузактагы атышууда капыстан оор жаракат алган беш жашар Кубра Маматкадырова да Москвага жөнөтүлдү.

Элдик кошуун милиция менен бирге
Милициянын полковниги, ИИМдин кызматкери Шамшыбек Мамыровдун берген маалыматы боюнча эл арасынан өз ыктыярлары менен топтолуп, Элдик кошуунга кирген 80 эр-азамат Жалал-Абад облусуна карай жөнөп кетишкен. Анын билдирүүсүнө караганда Элдик кошуун деп аталган өз ыктыярчылар кошуунуна бардык татыктуу азаматтар үчүн эшик ачык жана кечээки күнгө карай 500дөн ашуун каалоочулардан өтүнүч арыздар түшкөн.
Кошуундун мүчөлөрүнө жогорку өлчөмдө каражат бөлүү маселеси да каралууда. Бирок акы төлөө анын аткарган ишине, тынчтыкты камсыз кылууга кошкон салымына карата чечилет. Ошондой эле Элдик кошуундун мүчөлөрү мындан ары ар дайым милиция кызматы менен бирге элдин тынчтыгын сактоодо биргелешип кызмат кыла алышат. Бирок, Элдик кошуунга кирген ар бир жаран курал-жабдык менен камсыздалбайт. Башкача айтканда алар элдин арасында тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен иш алып барышат.
Ш.Мамыров билдиргендей, дагы бир эскерте кетчү нерсе, кошуунга бардык эле каалоочулар мүчө болууга мүмкүн эмес. Анткени кошуунга мүчө болгондор ыңгайлуу жана комфорттуу шарттар менен камсыздалбайт. Ыңгайга жараша аларга ар кандай шарттарда - ысык-суукта, барчылык-жокчулукта иштөөгө туура келет. Ошондуктан мүчө боло турган атуул ушундай шартка макул болгон, чыныгы мекенчил, интелекттүү, демдүү-күчтүү инсан болууга тийиш.

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"


Жабыр тарткандарга жардам берели!
Убактылуу Өкмөттүн социалдык саясат боюнча координатору Элмира Ибраимова мекендештерге кайрылды. Анда "Акылгөйлүктү жана сабырдуулукту талап кылган татаал кырдаалда, улуттар аралык жаңжалды тынчтык жол менен чече билүүдө ар бирибиздин күч-аракеттерибизди бириктирүү зарыл", - деп белгиледи.
Ошондой эле кайрылууда чукул чараларда жарадарларга жардам көрсөтүү менен өздөрүнүн антына бекем туруп жатышкан мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн медициналык кызматкерлерине чын дилден ыраазычылык билдирилген. Муну менен бирге айрым бузуку элементтер өрт чыккан жерлерге өрт өчүрүүчүлөрдү өткөрбөй жатышканына карабай, алар дагы өздөрүнүн кесиптик милдетин аткарып жатышканы айтылат.
Кайрылууда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жаңжал аймагында жашаган жарандарга жана жабыр тарткандарга колдон келишинче гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча мекендештерге чакырык менен кайрылары айтылып, гуманитардык жардамдар чогултула турган жерлердин дареги көрсөтүлгөн:
Бишкек шаарынын Ленин районунун мамлекеттик администрациясы.

Финансы каражаттарын которуу үчүн реквизиттер:

Алуучу:
КРнын Финансы министрлигинин Борбордук казначейлиги
Алуучунун эсеби:
"Ош окуясында жабыр
тарткандардын пайдасына
каражаттарды топтоо үчүн
Борбордук казначейликтин эсеби"

- улуттук валютада (сом)
№ 129 900 238 002 313 9
- АКШ долларында
№ 129 900 238 002 324 0
Алуучунун банкы:
"РСК Банк" ААК
БИК: №129 001
Төлөөнү белгилөө:
Ош окуясында жабыр тарткандардын пайдасына которуу үчүн

Материалдарды даярдаган Б.МАТКЕРИМОВА "Кыргыз Туусу"