11.06.10 Кыргызстандагы сөз эркиндиги үмүттүн шооласын үзбөйт
Бишкек шаарында Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин катышуусу менен "Кыргызстандын басма сөзү 2010: Мүмкүнчүлүктөр, күтүүлөр, чакырыктар" деген темада эл аралык форум өтүүдө.

Форумга катышып жаткан ЖМК тармагындагы эксперт канадалык Тоби Мендел апрель окуяларынан кийин Кыргызстанда сөз эркиндигин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлгөндүгүн билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Негизги мыйзамынын долбоорунда сөз эркиндигин камсыз кылууга багытталган оң көрүнүштөр камтылган.
Тоби мырза ошондой эле форумдун катышуучуларына сөз эркиндигине жетишүү боюнча эл аралык тажрыйба, жалпыга маалымдоо каражаттарын көз карандысыз жөндөө, ЖМК боюнча көз карандысыз агенттикти түзүүнүн максатка
ылайыктуулугу жөнүндө айтып берди.
ОБСЕнин Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий апрель окуяларынан кийин сөз эркиндиги тармагында алга жылуу үчүн шарт түзүлдү деп эсептейт. "Бул багытта оң кадамдар ташталды. Коомдук телевидениенин түзүлүшү - мунун жаркын үлгүсү", - деди ал.
М.АЛАГУШЕВ
Сүрөт www.kyrgyz-el.kg
сайтынан алынды




ШКУ активдүү оюнчуга айланууда
Кечээ Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны өз ишин баштады. Ага биздин өлкөнүн атынан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев катышууда. Жыйында ШКУнун Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүү кабыл алышы мүмкүн экендиги да айтылууда.

Шанхай кызматташтык уюмунун ишинде ага катышкан өлкөлөрдүн терроризм, сепаратизм, экстремизм, наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана трансчек аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз ара биргелешкен аракеттери өзгөчө ролду ойнойт. Мындай коркунучтарга каршы турууда саясый, экономикалык жана идеологиялык чөйрөлөрдү кошо камтуу керектиги жөнүндө ШКУнун жыйындарында дайыма баса белгиленип келүүдө.
Мына ошондуктан күн тартибинде экономикалык маселелер да кеңири камтылган. Регионалдык интеграциянын механизмдери уюмдун өлкөлөрүнүн табигый
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бере тургандыгын ШКУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилери белгилешүүдө. Мында энергетика, транспорт, жогорку технологиялар тармактарына өзгөчө басым жасалууда.
Ташкент саммитинде эл аралык коопсуздукка олуттуу коркунучту туудурган ооган наркотиктеринин мыйзамсыз жүгүртүлүшү да карала тургандыгын Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев бул саммит алдындагы билдирүүсүндө баса белгилеп өттү. ШКУ Ооганстандын өкмөтүнө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга, экономиканы кайра жаратууга жана көз карандысыз, бейтарап өлкө болуп ка-
луусуна жардам берүүгө ниеттенүүдө. Ошондуктан бул маселе да күн тартибиндегилердин бири.
- Тышкы коркунучтардан тышкары ШКУга мүчө-мамлекеттерде чечүүнү талап кылган ички проблемалар да аз эмес,-деди Д.Медведев. - Кыргызстандагы кайгылуу окуялар олуттуу чакырык болуп калды. Кыргызстан уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири, биздин союздаш жана жакын өнөктөш, мына ошондуктан ШКУ, албетте, болуп өткөндөргө кайдыгер кала албады. Уюмга мүчө-мамлекеттердин макулдашылган реакциясы дароо болду. ШКУнун Башкы катчысынын билдирүүсү аталган окуялар болгондун эртеси эле жарыяланганын эске салайын.
Эске сала кетсек, уюмга катышкан өлкөлөрдүн жалпы аянты Евразия материгинин жарымынан көбүн ээлесе, калкынын жалпы саны дүйнө калкынын төрттөн бирин түзөт. Ал эми уюмдагы Кытай экономикалык кубаттуулугу жагынан АКШга улай келе жатат.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Кошумча тизме боюнча добуш беришет
Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев Казакстандын Президентинин Кыргыз Республикасы менен кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү Болат Өтемуратов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциянын долбоору боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө карата даярдык көрүү, Казакстандын аймагында шайлоо участокторун уюштуруу маселеси талкууланды. Б.Өтемуратов казак тарабы Казакстандын аймагында участоктук комиссияларды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Ө.Текебаев өзүнүн кимдигин күбөлөндүргөн документин көрсөтүп, кошумча тизме боюнча каалаган шайлоо участогунда добуш берүүгө жарандарга мүмкүндүк берүүчү чечимдин кабыл алынгандыгын билдирди. "Биз ар кандай эреже бузууларга бөгөт коё алабыз, себеби шайлоодо бармактарга белги коюу экинчи жолу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзбөйт", - деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.
Р.ЖЕТИГЕНОВ,
Сүрөт С.АЙЫЛЧИЕВдики




Пайдалануу мөөнөтү узарды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жарандардын эсине салат.
Жогоруда аталган токтомдун 1-пунктуна ылайык өлкөбүздүн жарандарынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун пайдалануу мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин узартылат.
Жогоруда аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык:
- жараксыз болгондон тышкары (химиялык, механикалык ж.б. булгануулар) пайдалануу мөөнөтү бүткөн 1994-жылдын үлгүсүндөгү өлкөнүн жаранынын паспорту узартылат;
- өлкөнүн жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун пайдалануу мөөнөтүн узартуу жарандын каалоосу боюнча берилген арызга ылайык өкүлчүлүктүү органдар тарабынан акысыз жүзөгө ашырылат.