11.06.10
  АБИТУРИЕНТ - 2010

Ош мамлекеттик университетинин
Арашан гуманитардык институту,
теология факультети. Бишкек
Максаты жана милдети
Коомдук мамилелердин улам тез өнүгүп жаткан учурунда алардын жетишкендиктери менен катар руханий боштук, моралдык-этикалык мүчүлүштөр, айрыкча коомдогу маданий, руханий, диний жана улуттук баалуулуктардын кайдыгер мамилеге туш болуп жаткандыгы чындык. Мына ушуларды эске алуу менен бул окуу жайы алдына төмөнкүдөй максаттарды жана милдеттерди коёт.
Максаттары:
- Заманбап билим берүү ыкмаларын колдонуу менен теологиялык терең билим алган;
- Үй-бүлөсүн, мекенин, улуттук баалуулуктарды, тилин, динин сүйгөн;
- Өз өлкөсүнүн экономикалык, илимий жана маданий багытта өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошо турган чыныгы мекенчил инсанды тарбиялап чыгаруу.
Милдеттери:
- Окуу процессин заманбап техникалар менен камсыз кылуу;
- Окутуунун жаңы технологияларын сабакта колдонуу менен терең билим берүү;
- Маалыматтык булактарды кеңири пайдалануу;
- Илимдин жетишкендиктерин колдонуу;
- Өз мекенинен тышкары башка өлкөлөрдүн тарыхы, маданияты, тили, дини менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Материалдык-техникалык базасы
Аталган окуу жайы студенттердин "дин таануучу жана адеп сабагынын мугалими" адистиктери боюнча терең билим алуусу үчүн заманбап техникалар менен жабдылган тил үйрөнүү лабораториясы, сабакты өздөштүрүүнү жеңилдете турган угуу (аудио) жана көрүү (видео) техникалык каражаттары менен камсыздалган. Бул студенттердин чет тилдерин ( англис, түрк, араб, орус жана информатиканын негиздери) терең өздөштүрүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле 2 компьютердик лабораториядагы колдонууга ыңгайлуу жаңы үлгүдөгү компьютерлер группа ичиндеги өз ара байланышты камсыздап, дүйнөлүк масштабдагы интернет желесине байланышып, студенттердин замандын талабына ылайык керектүү маалыматтар менен өз убагында кабардар болуусуна жана аларды сабактарда пайдалануусуна шарт түзөт.
Жатакана
Окуу жайында студенттерди толук камсыз кылуучу, жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн 180 орундук жатакана иштейт. Ошондой эле күн сайын үч маал ысык тамак берилет. Жатаканада көрсөтүлгөн бардык кызматтар акысыз.
Мындан тышкары, студенттер үчүн жазгы спорт аянтчасы, телезал, окуу жана чай ичүү салондорунун кызматтарынан акысыз пайдалана алышат.
Талап кылынуучу документтер:
- Арыз;
- Аттестаттын түп нускасы;
- 3 х 4 көлөмдөгү 6 даана сүрөт;
- 086 У формасындагы медициналык справка;
- Паспорт менен аскердик күбөлүгүнүн (приписной) көчүрмөсү.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана шарттары:
1- этап: 1-июндан 2-июлга чейин,
сынак - 3-июлда.
2- этап: 5-июлдан 13-августка чейин, сынак -14-августта.
Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана англис тилинен тест тапшырышат. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку баллга ээ болгон абитуриенттер окуу жайга сынаксыз кабыл алынат.
Институттун дареги:
Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы, Саадатбек уулу Сатыбек көчөсү - 36. Тел: (0312) 42-00-62, 42-00-63.

www.arasanilahiyat.com/ www.arashantheology.com.

Документтерди кабыл алуу жайлары:
Арашан айылы, Саадатбек уулу Сатыбек көчөсү - 36.
Тел: (0312) 42-00-62, 42-00-63.
Бишкек шаары, Шабдан Баатыр (Алматы) көчөсү 4б, 5-кабат.
Тел:(0312) 53-08-08, 53-11-25.