11.06.10 "Революция жасадык,
эми эмне кылуу керек?"
Экономика илимдеринин кандидаты
Акылбек ҮМӨТАЛИЕВ:
Эгемендүүлүккө жетишкени эки революция жасадык, экинчи революция - биринчиси максатына жетпей калгандыгынан болду.
Ал эми азыркы, экинчи революция максатына жетиш үчүн биринчи кезекте, улутубуздун, элибиздин, мамлекетибиздин башчысын (лидерин) тандап алышыбыз керек. Бул тандоодо мамлекетибиздин эң биринчи кезектеги башкы маселелерин аныктоодон баштап, андан кийин гана аталган маселелерди чече ала турган лидерди табышыбыз
зарыл.

Туңгуюктан улут башчысы чыгарат
Азыркы учурда бүткүл дүйнөлүк Ааламдашуу (глобализация) өзүнүн чечүүчү чегине жетти, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (ВТО) бириктирген мамлекеттерде дүйнө элинин 92 пайызы жашап, алардын соода-сатык көлөмү жалпы соода-сатыктын 95 пайызын түзүп калды. Ааламдашуунун таасирин жана үзүрүн көрбөгөн адамдар же мамлекеттер калбай деле калды, иштеген ишибизге, жеген тамагыбызга, билим алуубузга, маданиятыбызга, саясатыбызга, кыскасы жашообузга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан мамлекетибиздин алдында биринчи кезекте Ааламдашуунун маңызын жана эрежелерин түшүнүү, туура өздөштүрүү менен элибизге бакубат жашоону камсыз кылган жолдорун аныктоо маселеси турат. Мындай маселени чечүү дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртүп, эл аралык тилди да (англис тилин ж.б.) түшүнгөн, Ааламдашуунун механизмдерин жакшы өздөштүргөн жана эл аралык мамилелердин туура багытын таба билген гана башчынын колунан келет. Жакында болуп өткөн кагылыштарды жөнгө салууда, чек ара маселесин талкуулоодо эл аралык күчтөрдүн жана чечимдердин таасири чечүүчү мааниге ээ болгонуна күбө болдук. Элибиздин бактысына, ушул талаптарга жооп берүүчү билими, жөндөмү жана сапаттары бар лидерибиз Роза Отунбаева журтубуздун, мамлекетибиздин убактылуу башчысы болду. Илимдердин башаты болгон философияны жогорку сапатта окуп үйрөнгөн, социалисттик жана капиталисттик коомдорду жакшы тааныган, Ааламдашуу алакасындагы эл аралык мамилелерди улуттун өнүгүшү үчүн өздөштүргөн азыркы лидерибизге бүткүл элдик колдоо гана керек. 2010-жылы 17-марттагы элдик Курултайда ишенимге ээ болгон Роза Отунбаева, азыркы учурга
чейинки иш-аракетттери менен, жогоруда айтылган мамлекетибиздин биринчи кезектеги маселерин туура багытта ишке ашырып жаткандыгын далилдеди.

Элдин башын айландырган көрсөткүчтөрдөн кутулуу зарыл
Алдыбызда турган кезектеги маселелерди маанисине карап биринчи же экинчи деп кезектерге жана орундарга бөлбөй, баарын четинен аныктай берүү абзел. Себеби, алар бири- бири менен өтө тыгыз байланышта жана бири-бирине көз каранды. Мисалы, аныкталган саясат жана мыйзамдар иштебесе, экономикабыз менен кошо жашообуз да жакшырбайт, ал эми экономикабыз менен жашообуз мыкты, туруктуу болсо, саясат көздөгөн максатка жетип, мыйзамдарды эл кызыкчылыгына иштетсе болот. Накта элдик бийлик гана болуп, ал натыйжалуу жыйынтык менен иштешине арналган эрежелерди (Баш мыйзамыбызды) Өмүрбек Теке-баев ийгиликтуу жүзөгө ашырууда. Ал өзүнүн билими, тажрыйбасы, иш билгичтиги, эрктүүлүгү жана адилеттүүлүгү менен элдин ишенимин арттырууда.
Азыркы маалыматтарга таянсак, ички дүң продукциябыздын 90 пайызынан ашыгын жеке менчик ишканалар камсыз кылууда. Мындай маалымат бизде рынок экономикасы иштеп жаткандыгын тастыктайт. Ошондуктан, аткаруу бийлиги - өкмөтүбүз жана анын курамы саясат менен эле алпурушпай, рынок экономикасынын мыйзамдарына гана негизделген иш-чаралар менен алектенип, элибиздин жашоо-шартын бакубат деңгээлге жеткирүүсү зарыл. Экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун колдонуу үчүн тез арада өкмөт жана бюджет жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алуу керек. Себеби азыркы мыйзамдар менен калсак инновация, кластер, мамлекет менен жеке менчиктин алакасы, аутсорсинг жана башка жаңы экономикалык ыкмаларды колдонуу мүмкүн эмес. Экономикабыздын өзөгү жеке менчик, ал эми өкмөт жана бюджет жөнүндөгү мыйзамдарыбыз жеке менчикти өнүктүрүү үчүн керек болгон жаңы ыкмаларды колдонууга шарт түзө албай жатат. Кыскача айтканда, өкмөттүн жана анын курамындагы мекемелердин ишин тактап, аткарган ишин атайын көрсөткүч менен баалап текшерип, андан кийин жоопкерчилигин аныктап, чара колдонуу механизмдерин колдонуу керек. Мисалы, миграция мекемесинин ишмердүүлүгүн, элдин башын айландырбай бир эле көрсөткүч (индикатор) - эмгекке жарамдуу кишилерди экспорт жана импорт кылуунун саны менен гана баалоо керек. Дагы бир мисал келтирейин, өкмөт жана анын курамындагы мекемелерди транспорт менен тейлөө маселесин аутсорсинг ыкмасы менен чечсе болот. Тейлөөчү транспорттун рыногу бизде жакшы өнүгүп калды. Мындан кийин транспорт берүүнү токтотуп жана азыркы транспорттордун баарын сатуу
туура болот. Транспортко жана аны тейлөөгө кеткен чыгымдарды (айдоочунун айлыгы, күйүүчү май, тетиктер ж.б.) толугу менен токтотуп, тендер жолу менен транспорт кызматын сатып алса бюджетти үнөмдөөчү жагдай түзүлөт. Бекерчи, зыяндан башка пайдасы жок айдоочулардан арылабыз, коррупцияга малынган транспортко сарпталган зыяндуу чыгымдардан кутулабыз. Мисалдарды келтирип айтайын дегеним, коррупцияга малынган чиновниктер менен күрөшүү, өзүңдүн көлөкөң менен күрөшкөндөй эле, эч качан натыйжа чыкпайт. Ошол себептен, жогоруда айтылгандай ырааттуу жана системалык өзгөртүүлөрдү колдонсок гана көздөгөн максатыбызга жетебиз. Экономикалык маселелерди колго алган Алмазбек Атамбаев ийгиликтүү жыйынтыкка жетишерине ишеним чоң. Өзү айткандай, уурдабасак экономикабыз өнүгүп бай мамлекет болобуз. Бирок ырааттуулук жана сабырдуулук менен эң башкы багыттан адашпай, эмоцияга алдырбай иш жүргүзүү талабы турат.

"Чапаевдик ыкма" жарабайт
Экономика жана бизнес жаатында "чапаевдик ыкма" менен башкаруу жарабайт, булар тынчтыкты жана тартиптүү эрежелерди жактырат (бизнес любит тишину). Мына ушул өкмөт жана анын курамындагы мекемелер жөнүндөгү жаңы мыйзамдарды, жоболорду көз карандысыз жана бейтарап эксперттердин катышуусу менен жазып, андан соң талкуулап ишке киргизсе туура болот. Азыркыга чейин өздөрүнө өздөрү мыйзам, жоболорду жазышып, жыйынтыгында мындай коррупцияланган жагдай эч качан үзүрлүү жыйынтык берген эмес.
Азыркы лидерибизге жана анын жардамчыларына, шакирттерине дагы бир жагдайды эсинен чыгарбашын айтайын. Элдин көзү көрөгөч, кулагы сак, жүрөгү таза - баары жогору жактагыларды карап турушат. Саясат таануучу Марс Сариев туура айтат, бир ишкер шире жасап идиштерге куюп жатып телевизорду койсо, өлкө башчысы калпты шыпыртып жатат дейт. Аны угуп, көрүп турган ишкер идиштердин жарымына ширенин ордуна суу куя баштайт. Социа-
листтик доордо жетекчилик кызматка "суу жүрөк", билими төмөн, ишин билбеген адистер бара алчу эмес. Себеби, жоопкерчилик талабы элдин, партиянын, профсоюздун, элдик көзөмөл комитеттин алдында катуу болгон. Кээде партия зордобосо, жетекчилик кызматтан качкандар да болгон. Бүгүнкү заманда мен жетекчи болом деп жүгүргөндөр өтө эле көбөйүп баратат. Жетекчи болсо эле бай болом дейт, байлыгы бир нече үйү, машинелери, катындары жана көптөгөн кошоматчылары. Мындай арам аң-сезимден арылуу үчүн мамлекеттик системаны өзгөртүү маселесин саясый эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк менен чечүү зарыл. Ошондо гана мындай система билимдүү, иш билги, таза жана жоопкер адамдарга жол ачат.

Басууга даярдаган
Дайырбек МЕЙМАНОВ,
"Кыргыз Туусу",
сүрөтүн тарткан автор





Кыйкырып айтылган миң сөздөн аткарылган бир иш артык
Азыркы кибернетика менен компьютерлердин заманында жаш балдарды тарбиялоодо китептин ролунун зор экендигин айткан адам көп. Иш жүзүндө жаш балдарды кыргыз элинин элдик бай адабий мурастары менен тааныштыруу, жалпысынан китеп окууга кызыктыруу үчүн тарбиялык мааниси зор чыгармаларды кооз, сапаттуу басып чыгаруу ишин колго алган адам же мекеме болбой келген. Мында белгилүү бир кинокомедияда айтылгандай, аны колго алгысы келген адамдардын мүмкүнчүлүгү болбосо, мүмкүнчүлүгү бар адамдар ал ишти колго алгысы келбеген. Эми мүмкүнчүлүк менен каалоо дал келди окшойт.

Өлкөбүздөгү ири алтын өндүрүүчү ишкана "Кумтөр Оперейтинг Компани" Китеп басып чыгаруучулар жана китеп таратуучулар ассоциациясы жана "Раритет" басмасы менен бирдикте "Окурман Кыргызстан" китеп окууну пропагандалоо программасынын алкактарында кичинекей окурмандарга арналган кыргыз тилиндеги сапаттуу балдар китептерин басып чыгаруу боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга киришти. Бул жөнүндө компаниянын жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыштар бөлүмүнүн менеджери Сергей Дедюхин билдирди.
Долбоор 2010-жылы тогуз китептен турган серияны басып чыгарууну болжолдоодо. "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" колдоосу менен буга чейин бул сериянын алгачкы эки китеби: "Эр Төштүк" жана "Олжобай баатыр менен Кишимжан сулуу баяны" басылып чыккан.
- Компания аларды басууга даярдоо учурунда ар бир китептен 2000 нускадан сатып алды, - дейт "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" вице-президенти Андрей Сазанов. - Сатып алынган китептердин бир бөлүгү Ысык-Көл облусунун мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектептерге жана китепканаларга акысыз берилмекчи. Экинчи бөлүгү республиканын китепканалар тармагына, ошондой эле адистештирилген балдар мекемелерине жөнөтүлмөкчү.
Бул долбоорго катышууну Компания мамлекеттик тилди жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна билим берүүгө жана тарбиялоого колдоо көрсөтүүгө өзүнүн салымы катары карайт.
Китеп басып чыгаруучулар жана китеп таратуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Бондаренко Кыргызстан китеп ба-
сып чыгаруу чөйрөсүндө чыныгы кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткандыгын айтты. Мисалы, анын маалыматы боюнча, 2009-жылы 820 гана китеп чыгарылып, анын 90 пайызы Бишкекте сатылган. Салыштыруу үчүн айтсак, Россияда өткөн жылы бир адамга эсептегенде 5 китеп басылса, Кыргызстанда тескерисинче, 7 адамга 1 китеп басылган.
- Бизде кыргыз тилинде балдар китептерин чыгаруучу басмалар бар, бирок алардын продукциясына суроо-талап жок, - дейт ал. - "Окурман Кыргызстан" программасынын алкактарында биз адамдардын китеп окууга кызыгуусун ойготууга аракет кылмакчыбыз.
Аталган ассоциациянын вице-президенти Виктор Кадыров 2009-жылы балдарга арналган 50 гана китеп басылганын эске салды. Эми КОКтун жардамы менен тогуз китептен турган серияны басып чыгаруу проблеманы чечүүдөгү алгачкы кадам экенин да кошумчалады.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"