11.06.10 Элдик өкмөт каатчылыкка каршы мамлекеттик артыкчылыкты кепилдейби?
- Каатчылыкка каршы кандай мекеме-түзүмдөр калыптандырылат?
- Каатчылыкка каршы мекеме - түзүмдөр бардык тармактарды бириктирет. Жаңы муундагы гана мекеме-түзүмдөр каатчылыкка каршы турат. Азыркы мекеме - түзүмдөрдүн ишмердигинде учурдун каатчылыгы жаралды. Ошондуктан жаңы мекеме-түзүмдөрдү түзүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Алгач каатчылыкка каршы илимий-технологиялык камсыздоо оператору калыптанат. Улуттук Илимдер Академиясы бул оператордук кызматты калыптандырышы керек. Каатчылыкка каршы маалыматтык камсыздоо дагы Улуттук биринчи каналдын жана жергиликтүү бийликтердин колдоосуна кепилденет. Окутуу - агартуу милдеттерин кесиптик-техникалык окуу жайлар аркалашат.
- Энергетикалык муктаждыктар кандай камсыздалат? Эмнеге энерготарифтер көтөрүлүп жатат?
- Энергетикалык муктаждыктарды камсыздоо совет системасында гана чечилип келген. Азыр ал пландуу милдеттер жок, рынок шарты өкүм сүрөт. Энергокамсыздоо каражаттары, кубаттуулуктары эч өзгөрүүсүз иштөөдө. Совет мезгилинде энергокамсыздыгы милдеттүү план болсо, азыр энергозаттар дүйнөлүк бааларда сунушталат. Кааласаң сатып ал, кааласаң баш тарт.
Бишкек жана Ош шаарларын энергия менен камсыздоо эбегейсиз чыгашага, коромжуга учуратууда. Ушуну теңдеш үчүн энерготарифтер көтөрүлөт. Борбор шаарлар импорттук энергозаттарды камсыздашат. Алардын баалары көтөрүлсө, энерготарифтер дагы көтөрүлөт. Себеби, борбордук энергоабоненттер импорттук энергозаттардын бааларын өздөрү көтөрө албайт. Ошондуктан, атамекендик жарык керектөөчүлөр борборлордун энергокамсыздоосун кандай шартта болсо да колдоого алып төлөшү керек.
Учурдагы насостук станциялар дагы электрди чоң көлөмдө дотациялык шартта энерготарифтердин эсебинен иштөөдө. Насостук станциялар суу чарба депертаментине таандык болуп, энергетикалык проблемаларды жаратып келишет. Булар Кыргызстан өндүргөн электр энергиянын чоң өлчөмүн "ажы-
даардай бекер соруп" коюшат.
Ошентип энерготарифтерди импорттук энергозаттардын баалары менен насостук станциялардын "соргоктугу" көтөрүп жатат.
- Канткенде энерготарифтерди көтөрүүдөн кутулабыз?
- Импорттук энергозаттардан кутулганда жана насостук станцияларды алмаштырганда биз энерготарифтерин көтөрүү муктаждыктарынан кутулабыз. Энергетикалык кубаттуулуктар мамлекеттик менчикте.
- Эми кантип энергозаттардын импортунан кутулабыз? Насостук станциялар жөнүндө өзүнчө айтсаңыз?
- Советтик пландык энергокамсыздоо Бишкек жана Ош шаарларын милдеттүү тейлеген. Азыр ал милдеттик пландоо 20 жылдан бери жок болсо дагы Бишкек жана Ош шаарларынын энергомуктаждыгы ал кездегиден эки эсе көбөйгөн. Бул энергомуктаждыктар камсыздалышы керек. Мына ошондуктан борборлордун энергомуктаждыктары бизге кымбатка турууда.
Энергозаттардын импорту чоң зыяндарды жаратат. Улуттук валютанын инфляция жаратканын кошпогондо, орду толгус экологиялык кыянаттык дагы импорттук энергозаттардан болууда.
Эң өкүнүчтүүсү, Өзбекстан менен Казакстан бизге энергозаттарын дүйнөлүк баада сатышканы менен өздөрү сууга муктаж болушуп, Арал деңизи соолуганы, бизден алышкан сууну дүйнөдө мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айлангандай товар катары кабылдабагандары көп маселелерди жара-тууда.
Кымбат баадагы импорттук энергозаттардын эсебинен борборлордун кышкы жылуулугун кымбатка түшсө да тейлөө - бул рыноктук акылсыздык. Борборлордогу бетон менен курулган турак жайлар жылуулук өткөргүчтөр болуп эсептелет. Атамекендик жарык керектөөчүлөр баары борборлордун жылуулук камсыздыгын пайдаланышат.
Эми бул проблемаларды инвестициялык долбоор чечет. Борбордук энергоабоненттерди өздүк энергокамсыздоо кубаттуулуктарына которуу инвестициялык долбоордун каатчылыкка каршы күрөшүү артыкчылыгы болуп саналат. Учурдагы энергокамсыздоо чыгашалары жана коромжулары ушул инвестициялык долбоордун натыйжасында токтойт. Ушул токтотулган чыгашалардын (коромжулардын) 3 жылдык көлөмү инвестициялык салымдарды кайтарып, өздүк энергокамсыздоо кубаттуулуктары инвестициялык долбоордун шартында калыптанат. Бул инвестициялык долбоорго Өзбекстан менен Казакстан тартылат. Токтогул суу сактагычынын ирригациялык жана экологиялык талаптарына ушул инвестдолбоор дал келтирилет да Борбордук Азиянын долбоордук бирдиктүү келечеги калыптанат. Өзбекстан менен Казакстан биздин экологиябызды оңдоого, мөңгүлөрүбүздү сак-
тоого катышып, биз аларды суу менен камсыздайбыз.
- Борбордук энергоабоненттердин өздүк энергокамсыздоо кубаттуулуктарын ким калыптандырат? Кандай максаттар орундалат?
- Каатчылыкка каршы илимий - технологиялык камсыздоо оператору борбордук энергоабоненттерди долбоорлойт. Өздүк энергокамсыздоо каражаттарын өндүрүү өнөр жай мекемелерине сынактык шартта жайгаштырылат. Энергетикалык камсыздоо каражаттарын өнөр жайлык өндүрүү жөнөкөйлүгүн илимий-технологиялык оператор кепилдейт.
Өздүк энергокамсыздоо каражаттарын оңдоо-тейлөө оперторлору инвестициялык долбоордун эсебинен калыптанышат жана каржыланышат. Бул инвестициялык долбоордун эң негизги иш-чарасы - жылуулук сактоо. Бетон турак жайлардын жылуулукту сактоосу негизги максат. Энергозаттардын импортун кыскартуунун өзү көп жетишкендиктерди жаратат. Учурдагы эбегейсиз чыгашалар менен коромжулар кыскарат, мамлекеттик бюджет ошончо көлөмгө көбөйөт.
Энерготарифтерди көтөрүү муктаждыктарын жоготуу, электроэнергиянын экспортун көбөйтүү бул инвестициялык долбоордун стратегиялык максаты болуп саналат. Борбордук энергоабоненттерди өздүк камсыздоо энергокубат-туулуктары турак жай куруучулардын ажырагыс менчиги болуп калат.
- Көкөйдү кескен насостук станциялар жөнүндө айтса-
ңыз?
- Насостук станцияларды өздүк агымдагы (камсыздагы) суу түтүктөрүнө которуу инвестициялык долбоору дагы каатчылыкка каршы артыкчыланат. Насостук станциялардын токтотулуучу чыгашалары менен коромжулары инвестициялык салымдарды кайтарат. Ошондуктан, насосотук станциялардын чыгашаларын (коромжуларын) төлөө мыйзам шартында кепилденет. Кайрак жерлерди сугаруунун кошумча түшүмдөрү дагы өздүк агымдагы (камсыздагы) суу түтүктөрүн инвестициялык калыптандыруу салымдарын кайтарат. Пластикалык бөтөлкөлөрдүн таштандыларын кайра иштетип, өздүк агымдагы суу түтүктөрүн калыптандырабыз. Өздүк камсыздоону суу түтүктөрүн башка технологиялык шарттарда калыптандырабыз. Өздүк камсыздагы суу коммуникациялары башка технологиялардын эсебинен калыптанат.
Токтотулган насостук станциялар арткы агымга коюлушат дагы азыр канча энергия керектешсе, ошончо кубаттуулуктагы энергия өндүрөт. Суугат мөөнөттөрү бүткөндө насостук станциялар энергия өндүрүүчү кубаттулуктарга айланышат. Бул энергия өндүрүү кубаттуулуктары дагы турак жай куруучулардын ажырагыс менчиги болот.
- Турак жай куруучулардын ажырагыс менчигинде энергокамсыздоочу кубаттуулуктар калыптандырылабы?
- Биринчиден, турак жай куруучулардын армиясы коммерциялык энергокамсыздоочуларды жана төлөнбөгөн энергокеректөөчүлөрдү тейлөөчү операторлор болуп паспорттолушат. Турак жай куруучунун мамлекеттик паспорту бул милдеттерди тастыктайт. Энергетика тармагын банкротко учураткан коммерциялык энергожоготууларды жана төлөнбөгөн энергокеректөөлөрдү милдеттүү тейлешет. Энергетикалык проблемаларды чечүүгө катышат. Жаңы калыптанган энергокубаттуулуктар менчигинин үлүштүк көлөмү ушул оператордук милдетине дал келүүсүнө ылайык барабарланат. Турак жай куруучулардын ажырагыс менчигинде Бишкек (Ош шаардык) энергоабоненттерин өздүк камсыздоо жана насостук станциялардын арткы агымдагы кубаттуулуктары болот. Андан сырткары азыркы магистралдык суу түтүктөрүнө кичи ГЭСтер орнотулат. Алар дагы турак жай куруучулардын ажырагыс менчиги болот.
Органикалык таштандылардын биогаздык кубаттуулуктары дагы турак жай куручулардын ажырагыс менчиктери болот. Ошентип турак жай куруучуларынын туруктуу булактары катары жаңы муундагы энергетикалык кубаттуулуктар ажырагыс менчикте мыйзамдалат. Турак жай муктаждыктары энергетикалык кубаттуулуктардын эсебинен камсыздалат. Ипотекалык сунуштарга
атаандаштык болот.
Азыркы Убактылуу Өкмөт же кийинки келгени көтөрүлгөн демилгелерди, чечимдерди кабылдабастан каатчылыкка каршы тапшырмаларды милдеттендириши керек. Каатчылыкка багытталган башка чечимдер бизди жасалма адашкан жолдон чыгарбайт. Бул аныктаманы кайра - кайра кайталап аң сезимге жеткирбесек болбойт. Каатчылыкка каршы иш-чаралардын мамлекеттик колдоо артыкчылыгы гана бизди чыныгы жакшы жашоого жеткирет. Биз аракетибизди каатчылыктын накта себептерин жоюп жумшабасак, жашоо оңолбойт.
Кыргызстан каатчылыкка каршы күрөштө эталон болуп дүйнөлүк державаларга үлгү көрсөтүлөт. Биздин чакандыгыбыз, билимдүүлүгүбүз жана жаңыларды тез кабылдообуз башкалардан өзгөчөлөп турат. Бул артыкчылыктарыбызды каатчылыкка каршы күрөшүүдө натыйжалуу аткарууга колдонобуз.
Энергетикалык жана турак жай муктаждыктарын жаңы шартта камсыздоо каатчылыкка каршы күрөшүү, алдын алуу катары артыкчыланат. Баары ошондон башталат. Убактылуу Өкмөт өзүнүн парзын аткарып каатчылыкка каршы Улуттук артыкчылыкты кепилдеши керек. Кезек каатчылыкка каршы Улуттук жаратмандыгыбызда.
- Анда мамлекеттик бийликтерден чоң үмүттү күтөбүзбү? Убактылуу Өкмөт буга даярбы?
- Кыргыз элинин келечеги элдик өкмөттүн жаратман көрөгөчтүгүндө. Келечек тагдырларга жаратман чечимдер кыргыз элин
бийик сезимде, таза ыйманда жана табигый шайкештикте жашатып келет. Эл-журттун акылман көрөгөчтөрү мамлекетти башкарууда Улуттун келечегин эске алып, каатчылыкка каршы күрөшүүдө кескин жаңы багытта иш жүргүзүүсү, мамлекеттик артыкчылыкта кепилдөөсү абзел.
Маектешкен
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"