№42, 11.06.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...




Урматтуу
Кыргызстандын жарандары!
Конституциялык кеңешме Конституциянын долбоору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (Кеңири макаланы 9-10-11-беттерден окуңуздар).
Сиздер өз сурооңуздарды тынымсыз байланыштын көп каналдуу телефону аркылуу берсеңиздер болот.
Тынымсыз байланыштын телефондору:
Бишкек шаары үчүн - 90-11-12,
Аймактар үчүн - 0(800) 0 90-11-12,
(Үй телефонунан чалуулар акысыз).
Жумуш убактысы 9.00дөн 18.00гө чейин.




Роза ОТУНБАЕВА:
"Максатыбыз -Кыргызстандын өркүндөшү үчүн адилет бийлик, ачык саясат жүргүзүү"
Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги
Президенти, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы
ОТУНБАЕВА Роза Исаковна "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" жана "Слово Кыргызстана" гезиттеринин суроолоруна жооп берди.
(Уландысы 3-бетте)




Улуттук банк уурдамайларга өбөлгө түзгөнбү?
Учурда Башкы прокуратура тарабынан КРнын Улуттук банкынын айрым кызмат адамдарына кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо, коррупция жана кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп жана териштирилүүдө. Мында УБнын айрым кызмат адамдары оффшордук аймактарда катталган бир катар компаниялардын жана банктардын жетекчилери менен келишип алышып, акчаларды адалдоонун атайын схемасын иштеп чыгышкандыгы да ачыкка чыгууда. Бул боюнча маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.
(Уландысы 6-бетте)




Сүйүнчү Кыргыз павильону -дүйнөдө мыктылардын мыктысы!
Шанхай шаарында көрсөтүлүп жаткан
"ЭКСПО-2010" көргөзмөсүнөн орун алган Кыргыз павильонуна кызыгуучулардын өтө эле көп экендигин өлкөбүздүн ал жактагы өкүлдөрү мурда да кабарлаган эле.
Эми ааламда эң көп тараган америкалык "TIME" журналы кыргыз боз үйүн дүйнөдөгү эң мыкты 10 павильондун катарына киргизип, сүрөтүн жарыялады. Ондукта беш өлкөнүн - Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Улуу Британиянын жана Испаниянын павильондору бар.
1923-жылдан бери чыгып келе жаткан "TIME" журналынын тиражы 3 миллион даанадан көп.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөт "TIME" журналынан алынды.








PDF формат