08.06.10 Көксайдагы көйгөй
Шейшемби күнү облустук бийликтин жетекчилери жана республиканын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Кара-Буура районундагы Көксай жана Аманбаев айылында болушуп, казак-кыргыз чек арасындагы талаш маселени талкуулашты. Талас облусунун губернаторунун 1-орун басары А.Тургуналиев, ТИМдин жооптуу кызматкери Э.Асаналиев, гипроземдин жетекчиси А.Касымалиев жана айылдын демилгелүү тобу узундугу 20 чакырымдай созулган аралыктагы талаш жерлерде болушту.

Казакстан тарап 7 чакырым аралыкка тикенек зым мамыларды орнотуп таштаган. Натыйжада 4700 гектар аянт Кыргызстанга шынаа катары кирип, көксайлыктар малын жайытка жая албай калышкан. Жайытка мал жайган адамдарды казак чек арачылары кармап кеткен учурлар болууда. Натыйжада Көксайдын эли Ахмед каналындагы сууну буруп, каршылык билдиришкен.
Казакстан тараптан бир аз жумшарган менен маселе толук чечиле элек. Айылдагы демилгелүү топ мындан 30-40 жыл мурда Казакстан Республикасына ижарага берилген жерлер кийин алардын аймагына кирип кетип, эми көйгөй болуп жаткандыгын айтышты.
Бишкектен барган расмий топ жана облустук бийлик Казакстан менен Өкмөттөр аралык сүйлөшүү аркылуу маселени чечүү керек деген тыянакка келишти.
К.ИМАНКУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"




Арактан беле ажалың
"Ичкилик арты - өкүнүч" экенин жеткире аңдабастан "классташтар" май айынын 25инен 26сына караган түнү 28 жашка толуп-толбогон кырчын курактарында ажалдын кылтагына илинерин кайдан билишсин.
Аттиң дүйнө!? Он экиси тыгылып отуруп алган "Хонда" жеңил автомашинасы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынан Ак-Суу тарапка учуп-күйүп баратып, жол боюндагы күркө-дүкөнчөнү тешип кирип, жети жүргүнчү жан таслим болгонун дароо жетип келген "Тез жардам" менен милиция кызматкерлери аныкташкан.

Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"





  Улутташтыруу

"АзияУниверсалБанкка" жетти
Убактылуу Өкмөт "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун улутташтыруу жөнүндө декрет чыгарды. Декрет КРнын Конституциясынын 4-статьясынын
3-пунктунун негизинде, Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретин жетекчиликке алуу менен чыгарылган.

Чечим банк жана төлөмдөр системаларынын стабилдүүлүгүн камсыз кылуу, коомдо социалдык чыңалууга жол бербөө, аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыктарында активдердин сакталышын жана банктын финансылык абалынын начарлашын алдын-алуу максатында кабыл алынды.
Улутташтыруу КРнын Жарандык кодексинин 288-статьясына ылайык жүргүзүлдү. Улуттук банк жана Финансы министрлиги бир жума аралыгында анын аманатчылар алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышын кароо менен банкты реабилитациялоого байланышкан иш-чараларды иштеп чыгууга жана Убактылуу Өкмөттүн кароосуна киргизүүгө тийиш.
Зарыл болгон учурда аракеттеги мыйзамдарга ылайык, "АзияУниверсалБанкка" Убактылуу Өкмөт менен Улуттук банк финансылык колдоо көрсөтүүгө милдеттендирилишти.

Т.Исхаков




Түтүнү бар заводдорду кура албасак "түтүнү жок заводду" иштетүү колдон келбейби?
Алдыда кезектеги туризм сезону башталды. Жыл өткөн сайын өлкө бюджетинин киреше булактарынын арасынан улам олуттуу орундардын бирин ээлеп келе жаткан бул тармактын азырынча сезондук мүнөзгө ээ экендигин да унутууга болбойт. Анткени, кышкы туризмге жаратылыш шарттарыбыз толук жооп бергени менен негизги кирешени жайкы сезон берүүдө. Быйылкы туристтик сезондун ачылышына КРнын өткөөл мезгилдеги Президенти Роза Отунбаеванын өзүнүн катышуусу - жаңы бийликтин тармакка чоң үмүттөрдү артып отурганынын белгиси болуп калды.

- Өткөөл мезгилдеги Президент Роза Отунбаеванын туристтик сезондун ачылышына өзү катышуусу чынында эле өзгөчө окуя болуп калды, - дейт Кыргызстандын ишкерлер союзунун Туризм боюнча кеңешинин төрагасы Михаил Халитов. -Мындай нерсе жыйырма жыл аралыгында биринчи жолу болуп отурат. Эми мамлекет жана ири чиновниктер бул тармакка өзгөчө көңүл бөлүшөт деп ойлойм.
М. Халитовдун пикири боюнча, республикабызда быйыл да 2005-жылдагыдай окуялар болуп өткөнү менен ошол кездеги жаңы бийликтегилер менен азыркы бийликтегилердин туристтердин агымынын төмөндөбөшү үчүн аракеттери эки башка болду. Ошондуктан быйыл туристтик сезон ийгиликтүү боло тургандыгына ишенүүгө болот. Азыркы бийлик башындагылардын сезонду үзгүлтүккө учуратпоо аракеттери учурдагы реалийлерге адекваттуу болууда.
Негизи журналисттерди, ошондой эле туристтик объектилер жайгашкан региондордун жашоочуларын келе турган туристтердин саны кызыктырат. Мына ушул өңүттөн алганда, туризттик бизнес-ассоциациялардын жасашкан прогноздорунун жыйынтыктары көңүл кубантарлык. Быйыл Казакстандан туристтердин агымы бир аз азайса, ошол эле учурда Россиядан келип эс алуучулар көбөйүшү күтүлүүдө. Биринчи жолу тажикстандыктар келе башташат. Мында казакстандыктардын азаюусунда башкысы экономикалык себеп болууда. Анткени канчалык казак бийликтери мактанышпасын, кошуна өлкөдө экономикадагы кризистин кесепеттери калктын социалдык абалына таасирин тийгизип, эс алуучулардын санын азайтмакчы. Кошуна өлкөнүн экономикасы кризиске чейинки калыбына келе элек. М.Халитовдун пикири боюнча бул эс алуучулардын жүрүм-турумунан да байкалып турат. Мурда 50-100 сомго чейин арткан акчаны алышпаган казакстандыктар өткөн жылы бир сомду да доолап турушкан.
Бул кенемтени россиялыктар толтурушу мүмкүн. Анткени өткөн жылдын жыйынтыктары көрсөткөндөй, салттуу Сибирь регионунан эмес, Россиянын борбордук региондорунан да эс алуучулар көбөйө баштады. Анын үстүнө акыркы жылдары Ысык-Көлдүн жээгиндеги, башка региондордогу эс алуу бизнесин уюштургандардын аракеттери менен сервис сапаттуу болуп, туристтердин суроо-талаптарына жооп берерлик деңгээлге көтөрүлгөн.
М.Халитов ар кандай пессимисттик прогноздорго карабастан, Ысык-Көл мурдагы СССРден бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн жашоочулары үчүн бүткүл союздук саламаттыкты чыңдоочу жай болгон жана боло бере тургандыгын баса белгиледи. Анткени ал уникалдуулугу - абасынын, суусунун температурасы, тазалыгы, жаратылышы боюнча конкуренттери жок.
Быйыл мамлекет тарабынан республика боюнча келишкен туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мурда болуп көрбөгөндөй чаралар кабыл алынууда. Айталы, ар бир пансионатта өзүнүн жеке
коопсуздук кызматтарынын штаттарын кеңейтишкен, аларды мыйзам менен уруксат берилген каражаттар менен жабдышкан, андан тышкары, күзөт агенттиктерин жана ички иштер органдарынын кызматтарын тартышкан. Пансионаттарда Шезлонг, чатыр, бөлмөлөрдөгү муздаткыч, телевизор сыяктуу кошумча кызматтар үчүн акы алууну токтотуша турган болушту. Туристтердин комфорттуу эс алуусу үчүн шарттар түзүлгөн. Экскурсиялар, шоулар үчүн кошумча акы алышпайт. Башкача айтканда, чет өлкөлөрдө практикаланып келгендей, "баары камтылган" система иштей баштамакчы. Көптөгөн пансионаттар креативдүү менеджерлерди тартышты. Бүгүнкү күндө биздин эс алуу жайларындагы баалар атаандаштыкка жарактуу.
Жамааттарга негизделген ту-ризмдин кыргыз ассоциациясынын башчысы Асылбек Ражиевдин тастыктоосу боюнча, быйыл эс алуу жайларындагы баалар көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына жооп бербейт деген сөз чындык эмес. Үч жылдан бери Ысык-Көл регионунда Хельветас уюмунун жергиликтүү калктын арасынан тейлөөчү персоналды даярдоо боюнча долбоору иштөөдө. Анын алкактарында мейманкана, ресторан бизнеси үчүн адистер даярдалышты, иштеп жаткандар кайра окутуудан өтүштү. Долбоордун кызматынан көптөгөн пансионаттар пайдаланышты, өз кызматкерлерин эки жыл окутушту.
- Биздин ассоциациянын мүчөлөрүнүн кирешелери негизинен жергиликтүү элде калат, - дейт А.Ражиев. - Он жыл мурда түзүлгөнбүз. Мисалы, ал кезде Кочкор айылында бир да турист токточу эмес. Өткөн жылы 3 миңдей турист калышкан. Туристтер менен иштөөдө бирден боз үй менен баштагандарда азыр 5-6дан боз үй бар. Бир ат менен баштагандар 6-7 аттуу болушту. Бул өсүш эмей эмне!
Убактылуу Өкмөттүн коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти Нурлан Сулайманов да
быйылкы жылы туристтердин санын көбөйтүү боюнча өкмөт мурда болуп көрбөгөндөй чараларды кабыл алганын айтты.
- Өткөөл мезгилдин Президенти Роза Исаковна өзү барып туристтик сезонду ачты, - дейт ал. - Сезондун коопсуз боло тургандыгына ынандырды. Биздеги негизги проблемалар чек ара, виза, жолдор, коопсуздук болчу.
Баса, былтыр биринчи жолу практикаланган Ташкент - Балыкчы темир жол каттамын киргизүү туура болгон, анткени өзбекстандык эс алуучулардын саны кескин көбөйгөн. Экинчи жагынан алар мурда Ысык-Көлдөгү өзбекстандык пансионаттарда гана эс алышса, былтыр башка эс алуу жайларына да көп келишкен.
Тилекке каршы, быйыл ал каттамды ачуу азырынча чечиле элек.
Жыйынтыктап айтканда, туризм тармагына акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө көп көңүл бурула баштады. Анткени, ал бир катар өндүрүштөргө караганда абдан кирешелүү, ошол эле экологияга кесепети тийбеген тармак. Бекеринен туризм бюджетине олуттуу кирешелерди алып келген туристтик державалардын бири Түркияда "туризм - түтүнү жок завод" деген учкул сөз чыкпагандыр...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"