08.06.10
  Маанилүү маек

"Армия эл менен экендигин тастыктады"
(Башталышы 1-бетте)
Мында дагы аскер кызматчылары менен милиция кызматкерлеринин жардамы аркылуу сүйлөшүү жолу менен элди тынчтыкка алып келдик. Ушундай туруксуз абалдын негизинде Жалал-Абад менен Сузакта өзгөчө кырдаал киргизилген эле. Жакында мен түштүктөн келдим, ал жерде абал турукташкандыгына байланыштуу "коменданттык саат" токтотулду. Бул чаралар өз убагында киргизилген жана ошол мезгилде абалды жөнгө салууга зарыл болчу. Абалды турукташтырууга катышкандарга рахматыбызды айттык, алар такай кызмат кылуучу жерлерине кайтышты, эл дагы абдан ыраазы болду. Азыркы убакта элдин коопсуздугун сактоо максатында ал жерде укук коргоо органдарынын керектүү күчтөрү дагы да болсо калышты.
- Ал аймакта кайсы маселелерге өзгөчө көңүл буруш керек деп ойлойсуз?
- Учурда көңүл бура турган маселе абдан көп. Биринчи кезекте жарандарыбыздын укугу мыйзам чегинде корголушу зарыл. Чындыгында мурунку системада адам укугу тебеленип-тепселенип, өзгөчө сот, прокуратура органдары аша чаап кеткен мезгилдер болгон. Бирок, эми акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө элде ишеним пайда болуш керек. Мына бул багытта алдыда көп иштер турат. Экинчи орчундуу маселе бул жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу. Канчалаган жарандарыбыз үй-бүлөсүн, ата-энесин таштап жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде жүрүшөт. Жакында мен Ош облусунун акимдери менен чогулуш өткөрүп, жумуш орундарын түзүп берүү маселелерин көтөрдүм. Кайсыл райондо канча жумуш орун ачылды, бул багытта кандай иштер жасалууда деген маселенин үстүндө сүйлөштүк, бир катар тапшырмалар, эскертүүлөр берилди.
Дагы бир чоң маселелердин бири бул - бюджеттик кызматтарда иштегендердин, өзгөчө мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү. Убактылуу Өкмөт мына ушулардын үстүнөн иштеп жатат, эгер ушундай кадам менен кетсек, Кудай кааласа, ал маселелер да чечилет деп ишенем. Дагы бир орчундуу тапшырма бул - элдин коопсуздугун сактоо үчүн укук коргоо органдарынын так жана таза иштеши. Эки облустагы болгон окуяларда биз кылган аракеттер эл арасында укук коргоо органдарына ишенимди пайда кылды. Эми муну улантышыбыз керек, ал үчүн укук коргоо органдарында эл үчүн иштебеген, таза эмес адамдарды тазалашыбыз керек. Алардын ордуна элди ойлогон, эл үчүн иштей турган, патриот адамдарыбызды иштетсек, мен ойлойм, бул иш дагы өз нугуна келет.
Андан тышкары Ош жана Жалал-Абад облустарында табигый кырсыктар: сел, жер көчкү болуп жатат, ошондуктан, кырсыктарды алдын-алуу жаатында да ар түрдүү иш-чараларды жасашыбыз керек. Баткен облусундагы чек ара маселеси да бир топ талаш-тартыштарды жараткан эле. Кечээ чек ара кызматынын жетекчиси, губернатор болуп өзбек туугандардын жетекчилиги менен сүйлөшүп, жакшы келишимге келишти. Анын негизинде карама-каршы болгон маселелер чечилди деп айтсак болот. Биринчиден, кыргыз жарандары посттордон эч тоскоолсуз өтмөй болушту, алар кээ бир постторун алабыз дешти, Сохто турган аскер техникаларын алып чыгышты. Биз тарап да өз милдеттемелерибизди алдык, жайыт жерлерин убактылуу колдонууга уруксат бердик.
Мен өзүм Чарбак менен Сохмент айылдарында да болдум, учурда ал жерде орчундуу болуп жол жана чек ара маселеси турат, жакын арада Чарбакта чек ара заставасын ачууну пландап жатабыз. Ошентип, туугандар менен тууганча сүйлөшүп, жакшы чечимдерге келдик. Ал эми күнүмдүк маселелерди айыл өкмөтү, акимдер эл менен тыгыздыкта иштеп чечиш керек. Түштүктө жалпысынан азыр абал ушундай, ар ким өзүнүн иши менен алектенип жашоо өз нугунда өтүүдө.
- Бүгүнкү күнү биздин аскердик күчтөрүбүз контрреволюциялык чабуулдарга туруштук бере алабы?
- Туруштук берди жана бере алат. Өлкө үчүн кыйын күндөрдө аскер кызматчылары мыйзам чегинде өз укуктарын колдонуп, Ички иштер министрлиги менен бирдикте жана коомчулуктун жардамы менен жагдайды калыптандырууга катышты. Маевкада, Жалал-Абадда тартипке келтирүү иштери курал колдонбостон жүргүзүлдү, муну баса белгилеп кетким келет. Өлкөдө элди коргой турган күчтөр бар экен деген психологиялык маанай жаралды. Майдагы окуяларда Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында армия эл менен экени дагы бир жолу тастыкталды.
- Кыргызстанга ОДКБнын күчтөрүн киргизүү тууралуу ой-пикирлер айтылып келген эле. Бул боюнча оюңуз кандай?
- Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун күчтөрүн Кыргызстанга киргизүүгө себеп болгон эмес жана азыр да жок. Бул биздин мамлекеттин жеке ички иштери. Өкмөттүн дагы, элдин дагы бул маселелерди чечүүгө кудурети жана мүмкүнчүлүгү жетет, ошондуктан, тышкы күчтөрдүн киришине эч кандай зарылчылык жок.
- Кыргызстандын аскердик күчтөрү кандай жол менен өнүгүүсү зарыл? Азыркы убакта айрым серепчилер ыкчамдуу, кесипкөй армия түзүү керек деп билдирет. Буга Сиздин көз карашыңыз?
- Серепчилердин айткандары биз үчүн эч кандай деле жаңылык эмес. Анткени, өнүккөн мамлекеттердин практикалары көргөзгөндөй, биз заманбап курал-жарак менен жабдылган, чакан, мобилдүү, учурдагы ар кандай чакырыктарга каршылык көрсөтө ала турган армия түзүүбүз зарыл. 2005-жылы биз так ушундай максат менен аскерлерде реформалоо иштерин баштаган элек.
Атап айтсак, аскерлерди заманбап техникалар менен жабдуу иштери башталган, өлкөбүз тоолуу аймак болгондуктан тоо даярдыгына абдан чоң көңүл бурулган, ар кыл машыгуулар өткөрүлгөн, күжүрмөн даярдык жаатында да бир кыйла иштер жасалган. 2007-жылы Куралдуу күчтөрдүн асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн түзүлүшү жана башкаруу пунктунун ачылышы чоң жетишкендик болгон. Аны менен Кыргызстандын аба мейкиндиги толук көзөмөлгө алынган.
Мына азыр дагы бул багытта ишибизди улантабыз. Ал эми ар-мияда ким кызмат өтөйт, албетте, адамдар. Адам - эң башкы байлыгыбыз, ошондуктан, кесипкөй армия түзүш үчүн, биринчи кезекте, анда кызмат өтөгөндөргө көңүл буруу керек. Биз алардан мыкты, кынтыксыз кызматты талап кылуудан мурда, жашоо-турмушунун абалын жогорулатып, бардык шарттарын түзүп беришибиз зарыл. Бул багытта иштер башталды. Мисалы, Балыкчы шаарында жоокерлер үчүн 250 орундуу жаңы жатакана курулууда, ар бир аскер бөлүктөрүндө күжүрмөн даярдыкты жакшыртуу максатында электрондук тирлер салына баштады. Ошондой эле, 20-майда Убактылуу Өкмөттүн токтому менен күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерине айлык акы жогорулатылды. Бул биринчи эле кадамдар. Мындан ары да аскер кызматчыларынын аброюн көтөрүү максатында мамлекет тарабынан социалдык колдоо көрсөтүү үчүн иш-чаралар иштелип чыгып жүзөгө ашырылмакчы.
Кенжебек КАКИШОВ,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөтүн тарткан
Сагын АЙЫЛЧИЕВ




"Сох анклавынан аскер күчтөрү чыгарылды"
(Башталышы 1-бетте)
Эң негизгиси окуянын кандуу чатакка айланып кетишине жол бербедик.
- Кырдаалды жөнгө салууда сиздин аракетиңиз калк тарабынан өзгөчө бааланууда. Айтсаңыз, Ферганадагы сүйлөшүүлөрдө Сох анклавынын айланасындагы кандай көйгөй маселелерди чече алдыңыздар?
- Мен кандай гана татаал маселе болбосун аны сүйлөшүү аркылуу чечүүнү туура көрөмүн. Ошондуктан кыйын кырдаалда жергиликтүү элди тынчтандыруу боюнча аракеттерди көрүп, ошол эле учурда Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча да сүйлөшүү тууралуу сунушубузду айттык. Натыйжада Фергана облусунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Сүйлөшүү оңой болгон жок, чынын айтып коюш керек. Алар тараптан, биз тараптан айтылган маселелер баары каралды. Чечилген маселелер биз үчүн натыйжалуу болду десем болот.
Ошол эле Сох анклавындагы 1999-2000-жылдары Баткен окуясынын учурунда киргизилген аскердик куралдуу күчтөр эч кандай өлкө аралык да келишимдерге, анклавдар боюнча дүйнөлүк практикадагы мыйзамдарга ылайык келбей кармалып турган. Бүгүнкү күндө аталган аскер күчтөрү толук Сох анклавынан чыгарылып кетти. Ал эми биздин жарандар ички жарандык паспорт менен анклавдан транзиттик жол менен кеңири өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Сох анклавындагы жана анын айланасындагы биздин
айылдардын калкынын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат, ага жараша элдин муктаждыгы да өсүүдө. Ал жердеги элдер негизинен мал чарбасы, дыйканчылык менен алектенет эмеспи. Өз мезгилинде жердин тардыгынан биз көп жарандарыбызды Бүргөндү массивине көчүргөнбүз. Эл көбөйгөн сайын жайыт, суу маселеси улам курчуйт эмеспи. Ошондуктан, биз тараптан суу чыгаруу, жаңы жерлерди өздөштүрүү аракеттери болуп жатты. Бейөкмөт уюмдар көп жардам берип жатты. Ошол эле учурда жай мезгилинде жайыттарды ижарага пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү сунушу менен Ташкентке сунуш айтылып , ал сунушка Өзбекстандын расмий бийлиги оң жооп берген эмес. Жолугушууда жаңы келишим түзүлгөнгө чейин быйылча алардын малын жайытка чыгарууга макулдугубузду бердик.
- Сох анклавына байланыштуу дагы кандай маселелер бар, чечилүү жолдору кандай?
- Буга чейин Сох анклавын түндүк-батыш жана түштүк-чыгыш тарабынан да айланып өтүүчү жолдордун курулушу жүрүп жаткандыгынан баарыбыздын кабарыбыз бар. Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолу боюнча учурда кытайлык компания тендерди утуп алып, дүйнөлүк стандарттагы жолдун курулушу боюнча алгачкы иштерин баштады. Ал эми Айгүлташ- Согмент - Таян жолун элдин колдоосу менен ашар ыкмасы менен баштап койгон элек. Учурда ал жолдо грейдер иштеп жатат, бирок оңдоп-түзөө иштери көп каражаттарды талап кылгандыктан Исмаил Исакович Согмент айылына келгенде элдин каттоосун жеңилдетүү учун Убактылуу Өкмөттөн 1 млн. сом бөлдүрүп берүүгө убадасын берди. Мындан сырткары Транспорт жана коммуникация министрлигинен чоң каражат бөлүнүүсү каралууда. Таштак жол болсо да өзүбүздүн жол менен каттаганыбыз туура эмеспи.
Сох анклавына кирбестен өтүүчү жолдордун курулушунун аякташы проблемалардын жеңилдешине орчундуу таасирин тийгизет деп ишенемин.
Мамажан БЕРДИШЕВ