08.06.10
  Ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин кайрылуусу

Таза сууга таза мамиле керек
Калкты таза суу менен камсыз кылуу маанилүү маселе экени айкын. Ушул максатта 1998-жылдан бери жакшы аракеттер көрүлүп келе жаткан. Ишти илгерилетүү максатында 1999-жылы 25-мартта КРнын "Ичүүчү суу жөнүндө" мыйзамы кабыл алынган. "Борбордук Азиянын суу боюнча альянсы" коомдук бирикмеси ичүүчү сууну элге текши жеткирүүнү уюштуруу, башкаруу максатында бир катар долбоорлор менен алгылыктуу иштеген. Алардын тажрыйбасынын негизинде, Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 2001-жылы Кыргызстанда Ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ) уюму түзүлгөн.

Аларды бутуна тургузуу үчүн донордук уюмдардын чоң акча каражаттары сарпталган эле.
2001-жылдын аягында Өкмөттүн токтому менен айылды суу менен камсыздоо системалары (райондук борборлорунан башкалары) ИСКАКБлардын менчигине өткөн. Ошентип, алар айыл жергесинде сууну сарамжал пайдаланууну колго алды.
2007-жылы 29-июнда КРнын Жогорку Кеңеши айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону андан ары өнүктүрүүнү белгилеген токтом кабыл алган.
Ошентип, 2008-жылдын аягына чейин республика жетекчилиги ИСКАКБлардын ишмердигине жетиштүү көңүл буруп келди.
2008-жылдын 27-декабрында Президенттин "Айыл калкын таза ичүүчү суу менен жабдууга багытталган кошумча чаралар жөнүндөгү" №468 жарлыгы жарык көрдү. Анын негизинде, Айылды суу менен камсыздоо департаменти Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттигинин карамагына өткөрүлдү.
2009-жылдын 20-июлунда Президент К.Бакиев "Ичүүчү суу жөнүндөгү" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзамга кол койду. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, ИСКАКБлардын ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык суу менен жабдуу системаларынын ээси болуп калат. Ошондой эле, ИСКАКБ мындан ары, ичүүчү суунун тарифтерин белгилөө укугунан да ажырады.
Андан ары КРнын Өкмөтү 2010-жылдын 2-февралында "Айылды суу менен жабдуу системаларын Ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомду чыгарды. Буга ылайык, ИСКАКБ айыл өкмөттөрүнүн алдында "жетим жүгүрүк балага" айланды, ал эми коомдук бирикмелердин жогорку органы болгон ИСКАКБнын жалпы чогулушунун ролу жокко эсе болуп калды.
Агенттик тарабынан иштелип чыккан айыл өкмөтү менен ИСКАКБнын ортосунда түзүлүүчү типтүү келишимге ылайык айыл өкмөтүнүн укуктары: "ИСКАКБнын ишине көзөмөл жүргүзүү...", "ИСКАКБдан ... талап кылуу" жана "ИСКАКБнын кварталдык жана жылдык отчетторун карап чыгуу..." сыяктуу болуп калды. Мындай иш-аракет 1999-жылдын 15-октябрында кабыл алынган КРнын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына карама-каршы келет. Беренеде жазылгандай, мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын коммерциялык эмес уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан каралган учурларды албаганда, жол берилбейт. Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 15-беренесинде коммерциялык эмес уюмдардын ишине чектөөлөргө көмөктөшүүчү шарттардын түзүлүшүнө жол берген мамлекеттик органдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат деп жазылган.
Коомдук бирикменин укуктары бузулгандыгына байланыштуу Борбордук Азиянын суу боюнча альянсынын мүчөлөрү болгон Ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти Роза Отунбаевага "Ичүүчү суу жөнүндөгү" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын 2009-жылдын 20-июлундагы мыйзамын жокко чыгарууну өтүнөт.
Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын атына 22 коомдук бирикменин өкүлү кол койгон ушундай кайрылуу 18-майда тапшырылган болчу. Бирикмелерге мүчө элүүгө жакын айылдын өкүлдөрү маселенин оң чечилерине үмүт артып отурушат.





Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына 2951 адам чалдыккан
Кыргызстан Аялдар конгресси ВИЧ СПИДке каршы кезектеги акциясын 4-июль күнү Бишкектин темир жол вокзалында өткөрүштү. Ага 15 волонтер, аутрич кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, Бишкек-Москва каттамындагы поездге түшүп, вагондордо, вокзалдын айланасында сапарга чыга турган мекендештерибизди коркунучтуу дарттан сактанууга үндөгөн буклеттерди, коргонуу каражаттарды таратып, маалымат иретинде аңгемелешип жүрүштү. Андан тышкары бул жерде ВИЧ инфекциясынын таралышынан сактануунун жолдорун чагылдырган плакаттарды көтөрүп жүргөн жаштарды көрүүгө болот.

Кыргызстан Аялдар конгресси бир кыйла мезгилден бери Бишкек, Ош шаарларындагы чек ара пункттарында мындай акцияларды өткөрүүнү адатка айландырышкан. Айталы, Бишкектеги темир жол вокзалы, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы "Кордой" көзөмөл пунктунда, ички мигранттардын чордонуна айланган жаңы конуштарда, Бишкектин батыш автовокзалында "Манас" аэропортунда, "Достук" көзөмөлдөө пунктунда, Ош шаарынын аэропортунда, ири базарында ж.б. эл массалык түрдө агылып турган жайларда жүргүзүп келе жатышат.
- Бүгүнкү күндө коркунучтуу дартты иннекция аркылуу 62 пайызы жугузуп алышса, калгандары жыныстык катнашуу аркылуу таратылган. Кыргызстан Аялдар конгресси акыркы он жылдан бери ВИЧ СПИДке каршы иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүдө. Ал эми анын акыркы үч жылдан беркиси "Эмгек мигранттары арасында ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу" долбоору менен иштеп жатабыз. Анткени республиканын аймактарындагы жүргүзүлгөн иш-чараларда мекендештерибиз ушул максатта иш алып барууну көбүрөөк колдоп келишүүдө - дейт Кыргызстан Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева. - Маселен, Россиядан кайтып келишкен эмгек мигранттарынын арасында бул коркунучтуу дартты алып жүрүүчү контингенттердин болбошуна эч ким кепилдик бере албайт. Бүгүнкү күндө Россияда 400 миң адам ушул коркунучтуу дартка чалдыкканы расмий маалымдалууда. Ал эми эксперт адистердин айтуусуна караганда ал мындан кыйла арбын. 800 миңден- 2 млн. адамга жетет экен - дейт З.Акбагышева.
"СПИД" республикалык биримдигинин билдиргенине таянсак Кыргызстанда 2010-жылдын 1-июнуна карата анын саны 2951 адамга жеткен. Алардын ичинен 2787 адам Кыргызстандын жарандары.
- Биздин вокзалдан сапарга чыга турган жүргүнчүлөргө мурда бирин-экин коомдук уюмдар келип, ар кандай ВИЧ инфекциясынан коргонуучу каражаттарды, анын алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып кетчү. Бирок, Кыргызстан Аялдары конгресси алгачкы ирет чоң акция өткөрүп жатат. Узак сапарга чыккандар маалымат баракчаларын окуп, таасир алары турулуу иш. Мындай акцияларды көбүрөөк өткөрсө пайдасы зор болоруна көз жетет - дейт Бишкек-2 станциясынын начальниги Лилия Султанова.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




МАТЕЕВ Уларбек
Асыпбекович
Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, техникалык илимдердин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы вице-премьер-министри Матеев Уларбек Асыпбекович 2010-жылдын 3-июнунда дүйнөдөн кайтты.

Уларбек Матеев 1951-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Москвадагы энергетика институтунан (МЭИ) "Электрприводу жана өнөр жай түзүлүштөрүн автоматташтыруу" адистигин алгандан кийин, 1975-жылы Фрунзедеги политехникалык институтка кенже илимий кызматкер болуп ишке орношкон.
1976-жылдын аягында Москвадагы энергетика институтунун күндүз окуучу аспирантурасына кирген жана кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Көп жылдар бою Фрунзедеги политехникалык институтунда окутуучу болуп эмгектенген. Энергетикалык факультеттин деканынын орун басары кызматын аркалаган. Братиславадагы техникалык университетте илимий стажировкадан өткөн.
1990-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин иш башкармалыгы ишке чакырган, илим жана информатика бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында социалдык чөйрө бөлүмүнүн башчысынын кызматын аткарган, андан кийин өнөр жай, энергетика жана тоо иштери бөлүмүнүн башчысы болгон.
1997-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу энергетика боюнча (ГАЭ) мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган. Бул мезгилдин ичинде тариф саясаты жана тарифтерди калыптандыруу методологиясы, Энергетикалык рыноктун эрежелеринин бөлүгү, энергетикалык рыноктун катышуучуларынын контракттык өз ара мамилелеринин системасы, кедей керектөөчүлөрдү социалдык коргоонун принциптери иштелип чыккан. Энергетикалык секторду жөнгө салууга катышышкан көптөгөн эл аралык уюмдар менен кызматташтык жолго коюлган, Энергетикалык хартияга Кыргызстандын киришине кол коюу камсыздалган. Иногейт-Европалык комиссия, СПЕКА-ООН жана башка сыяктуу эл аралык программалар ачылган.
Уларбек Матеев 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри болуп дайындалган, социалдык чөйрөнүн, отун-энергетикалык сектордун жана тоо өнөр жай жагынан маселелерди тейлеген.
2005-жылы "Кыргызалтын" акционердик коомунун президенттигине шайланган. 2006-жылдан баштап ПРООНдо экологиялык программалардын координатору болуп иштеген.
Уларбек Асыпбекович өз ишинин кесипкөйү, эң сонун уюштуруучу, мыкты киши эле. Ал өнөр жайынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон, бул үчүн "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер" деген наамга татыктуу болгон.
Уларбек Асыпбекович Матеевдин жаркын элеси анын бардык жолдошторунун, аны менен иштегендердин жана кызматташкандардын жүрөктөрүндө ар дайым сакталып кала берет.
Р.И.Отунбаева, А.Ш.Атамбаев, Ө.Ч.Текебаев, А.А.Бекназаров, Т.А.Сариев, И.И.Исаков, К.А.Дүйшөбаев, Б.Э.Шер, Д.Т.Чотонов, И.Ш.Өмүркулов, Э.С.Каптагаев, Т.Т.Тургуналиев, Э.С.Ибраимова, О.М.Артыкбаев, С.А.Молдокулов, Э.С.Үмөталиев, Б.Э.Мамбетов, Т.К.Коёналиев, Н.С.Момуналиев, Ф.А.Ниязов, Б.И.Баетов, Т.Д.Сарпашев, Ж.Т.Түлөбердиев, Б.Б.Айтикеев, К.А.Алыкулов, М.А.Айткулов, Т.Т.Токтогулов, Р.С.Мамыров, М.А.Матеев, А.Р.Түмөнбаев.