08.06.10 "Балыкчыны" жеке басып алгысы келген ким?
12-13-майда болуп өткөн өлкөдөгү
контрреволюция жасоо аракети боюнча
айыпталгандардын ана башында айтылуу
Үсөн Сыдыков менен кошо республиканын
коммунисттеринин лидери Исхак Масалиев да бар. Чынын айтканда акыркы парламентте "Ак жол" партиясынын филиалы катары таасир
калтырган коммунисттер фракциясынын
лидеринин контрреволюция аракетинде катышы канчалык экенин тергөө аныктаар. Бирок, биз төмөндө сөз кылган мыйзам бузууларда Исхак мырзанын да кыйыр катышы бар экени
кылтыйып көрүнүп турат.

Приватташ-канда эле кыйшык кетиптир...
Бишкектин жакасындагы Аламүдүн районунун Озерное айылында жайгашкан Чүй балык чарбасы союз убагында кирешелүү чарбалардын бири болгон. Анткени биринчиден, андагы иш жакшы жолго коюлуп, өз ишин билишкен адистер иштешсе, экинчиден, өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүүдө проблема жок болгон.
Приватташтыруу процесси башталганда КРнын Мамлекеттик мүлк фондусунун башкармалыгынын 12.03.1993-ж. №124 токтомун аткаруу менен "Балыкчы" акционердик коомун түзүү жөнүндө аталган фонд менен Чүй балык чарбасынын ортосунда уюштуруу келишими түзүлгөн. Мында ошол кез-деги аракеттеги мыйзамдарга
ылайык, Маммүлк фондусуна уставдык капиталдын 25%ы, Чүй балык чарбасына 75%ы берилет. Фонд суммасы 26 750 сомдук 535 жөнөкөй акцияга, чарба жалпы суммасы 77 800 сомдук 1556 жөнөкөй жана 2 500 сомдук 50 артыкчылыктуу акцияга ээ болот.
Андан кийинки окуялар кандайча өнүккөндүгүн, акционердик
коомдун башкармалыгынын төрагасы Д.Догочиев кызмат абалынан пайдаланып, жөнөкөй акционерлердин укуктарын кандайча бузгандыгын билүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин (азыркы Мамлекеттик мүлк министрлиги) контролдук-укуктук башкармалыгынын контроль жана аудит бөлүмүнүн башкы адиси С.Сакебековдун 2009-жылдын 27-майындагы справкасына көз жүгүртүп көрөлү. Анда көрсөтүлгөндөй, Маммүлк фонду уставдык капиталдагы өзүнө тиешелүү үлүшүн төлөп берген. Ал эми акционердик коомдун жетекчилиги болсо, эмгек жамаатынын макулдугусуз жана катышуусуз, демек, мыйзамсыз, приватташтырылып жаткан ишкананын фондуларынын бир бөлүгүн акцияларды сатып алууга пайдаланган. Бул ал учурдагы аракеттеги мыйзамдарды одоно бузгандык болгон.
Мына ошондон кийин Д.Догочиев ишкананы өз колуна алуунун "стратегиялык" планын жүзөгө ашыра баштаган. 1994-жылдын 24-мартында "Балыкчынын" эмгек жамаатынын жалпы чогулушу болуп өтүп, анда КРнын Маммүлк фондусунан резервге алынып коюлган 40% акциянын 25%ын директор
Д.Догочиевге бөлүп берүүнү өтүнүү чечими кабыл алынат. Бул
боюнча фондго 7-апрелде тиешелүү кат жиберилет.
Маммүлк фонду 14-апрелдеги жооп катында бул акцияларды сатып алууга кызыкдар инвесторлордун жоктугун эске алуу менен, акцияларды эмгек жамаатынын арасында сатууга каршы эместигин билдирген, бирок бир шарт койгон. Ал - аларды Маммүлк фондусунун өкүлүнүн катышуусунда бөлүштүрүү.
Бирок Д.Догочиев мыйзам бузса деле жазасыз калууга болот деп ойлогонбу, ал маселе боюнча фонддун макулдугусуз эле ага чейин - 1-апрелде акционердик коомдун 23 кызматкеринин гана катышуусунда өткөн чогулушта акцияларды бөлүштүрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чечимде Д.Догочиевге акциялардын 25%ын, калган кызматкерлерге 5%га чейин акцияларды сатып алууга укук каралган. Бирок протоколго тиркелген кол коюу баракчасында тизмедеги жалпы 66 адамдын 59у макулдугун бергени көрсөтүлгөн. Мында социализм убагындагыдай болуп кошуп жазып коюу адаты үстөмдүк кылып кетсе керек. Андан тышкары бул чогулушка катышкан адамдардын колу коюлуучу баракча жок. Бул маанилүү чечим кабыл алынган чогулушка бардык акционерлер чакырылган эместигин көрсөтүп турбайбы.
Орустарда "Аппетит тамак алдыга келгенде ачылат" деген макал бар эмеспи. 1994-жылдын 5-октябрында да ушундай эле мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн чогулушта Д.Догочиевге коомдун акцияларынын 26%ын сатып алууга укук берилген чечим чыгарылып калган. Ушундай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында Д. Догочиев "Балыкчы" АКсынын акцияларынын 51%ына ээ болуп калган.
Мына ошондуктан С.Сакебеков справкада жогоруда сөз болгон эки чечим тең легитимсиз деген корутунду чыгарган.
Аламүдүн районунун прокуратурасынын 2010-жылдын 5-майындагы сунушу боюнча С.Сакебеков кайрадан текшерүүгө барганда Д.Догочиевдин кадры К.Рысбаев ишкананы текшерүүгө жол бербей койгон. Ошондуктан С.Сакебеков архивдик документтердин негизинде биз жогоруда жазгандай корутунду чыгарган. Ушул жерден айта кетсек, райондун прокурорун тоготпогон К.Рысбаевдин калкалоочусу ким болду экен?

Комму-нисттердин лидеринин калкалоосу астында...
Албетте, мынчалык акцияга ээ болуп, ишканага дээрлик кожоюндукту алгандан кийин Д.Догочиев өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илбей коймок беле! Ал мыйзамдарды одоно бузуу менен 2009-жылга чейин акционерлердин жалпы чогулуштарын өткөрбөйт. Акционерлердин алдында ишкананын финансылык-чарбалык иштери боюнча отчётторду бербейт, дивиденддерди төлөбөйт.
Чогулуштарды өткөрбөгөнгө да себептер бар окшойт. Анткени айрым акционерлердин тастыктоосу боюнча ал чарбанын техникаларын сатып, анан атүгүл балык өстүрүүчү көлмөлөрдү да сатмайга чейин жетет. Ошол эле акционерлер көлмөлөрдү сатып алуу боюнча Д.Догочиевге кайрылышкан. Бирок аларга сатпайт.
Мисалы, бул чарбада 1983-жылдан бери иштеп келе жаткан, адистиги бар, ошол эле Д.Догочиевдин устаты да болуп саналган Д.Асаналиев 1998-жылы 3 көлмөнү ижарага алып ийгиликтүү иштетет. 2009-жылдын апрель айынан баштап Д.Догочиев ижара келишимин узартпай коёт. Б.Ашыркулов инвестор таап келип №53 көлмөнү иштетип баштаганда, Д.Догочиев ижара акысын өтө жогорулатып жибергенден улам аны кайра өткөзүп берүүгө аргасыз болот. П.Рудь 1990-жылы №17 көлмөнү 49 жылга ижарага алып, 2 жыл иштеткенден кийин Д.Догочиев ижара келишимин жокко чыгаруу менен анын эки жылда өстүргөн 30 тоннадай балыгын кошо тартып алган. Акчасын, албетте, берген эмес.
Балык өстүрүү боюнча адис болуп саналышкан жана бул ишканада көп жыл эмгектенишкен ак-
ционерлер өздөрү көлмө сатып алмак түгүл, ижарага алалышпай жүрүшсө, 9 көлмө акционер эмес, бирок "пайдасы тийчү" ири чиновниктерге сатылып жиберилген. Ал эми бир катар көлмөлөр чоочун адамдарга ижарага берилип жатат.
Сөз кезеги келгенде айта кетсек, №53 көлмө коммунисттердин ана башы И.Масалиевге тиешелүү адамга берилгендигин да айтып жүрүшөт. Ал да бекеринен болбогондур. Анткени И.Масалиевдин колдоосу Д.Догочиевдин ишинде, андан-аркы карьерасында чоң роль ойногон.
Д.Догочиев ар кандай шылтоолор менен өзүнүн устаты Д.Асана-лиевге ишкананын акцияларындагы үлүшүн бердирбей койгон.
Д.Асаналиевдин өзүнүн жана башка акционерлердин укуктарын коргоо боюнча аракеттери көптөгөн чиновниктер тарабынан каралбай келди. Анткени Д.Догочиев коммунист депутат И.Масалиев сыяктуу чоң "колдоочуга" таянып келген. Баса, коммунисттер фракциясынын атынан Апсаматтын баласынын Премьер-министр И.Чудиновго жазган катынан улам Д.Догочиев Балык чарба департаментинин директору кызматына дайындалган. Эми ал республика
боюнча бардык балык чарбаларын тейлеп калды. Өздөрү берген мандаттан пайдаланып И.Масалиевдин кимге кандай колдоо көрсөткөнү жөнүндө башка партиялаштары, фракциялаштары билишет болду бекен?
Ушундай колдоочусу бар Д.Догочиев өз акцияларын туугандарына өткөзүп берип коюу менен акыркы бакиевдик реформалардан соң "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасы болгон мурдагы департаментти дагы деле жетектеп отурат.
Ал аздык кылгансып
быйыл 24-апрелде "Балыкчы" акционердик коомун жоопкерчилиги чектелген коомго кайра түзүү аракетин көргөн. Бирок миноритардык акционерлер, илгертен бул чарбаны түптөп келишкен кызматкерлер анын бул аракеттеринин ишке ашуусуна жол беришкен жок. Алар тиешелүү органдарга - прокуратурага, Убактылуу Өкмөткө, финансы полициясы кызматына арыздарды жазышты.
Азыр Аламүдүн районунун прокуратурасы иликтөө иштерин баштаганда, Д.Догачиев жана анын компаниясы каршылык көрсөтүп жатышат.
Райпрокуратуранын кызматкери Б.Докдурбековдун 24-майдагы токтомунда "Балыкчы" АКсынын жетекчилери тарабынан КРнын кылмыш-жаза кодексинин 350-ст. каралган, кылмыш белгилери бар экендигин көрсөткөн. Ошол эле учурда кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган. Талаш иш азыр Чүй райондор аралык сотунда да каралууда. Эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери, сот органдары "Балыкчыдагы" Д.Догочиевдин чалмаларынын түйүнүн чечише алышат бекен?..
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөт "Форум" гезитинен
алынды