08.06.10 Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик
университетине 70 жыл
Ысык-Көлдөгү билим уя
Осмонов Өскөн
Жусупбекович К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети үстүбүздөгү жылда 70 жылга толуп отурат. Кыргызстандагы эң алгачкы, ири окуу жайларынын бири катары 1940-жылы 13-июнда Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому менен эки жылдык Мугалимдер институту ачылган.
Мугалимдер институту өз кезегинде Ысык-Көл аймагын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанды мугалимдер менен камсыз кылуучу белсемдүү окуу жайларынан болуп келген. Жаңыдан ачылган институтка Кыргыз Өкмөтү тарабынан жакшы деңгээлде кам көрүлүп, бул окуу жайга З.Бектенов, Т.Бай-жиев, Б.Жамгырчинов, Б.Элебаев, С.Ильясов, А.Искаков, Ж.Юсупов өңдүү кыргыздын жөндөмдүү алдыңкы интеллигенциясынын өкүлдөрү жөнөтүлүп, кезегинде алар бул институттун түптөлүшүнө зор салымдарын кошушкан. Институттун биринчи директору А.Шеньдрих, директордун орун басары болуп З.Бектенов эмгектенген.
Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына байланыштуу 1941-жылы Фрунзедеги педагогикалык институт Пржевальск шаарына көчүрүлүп, бул жердеги мугалимдер институту менен кошулган. Эми ирилештирилген окуу жайды Кыргызстандын эң алгачкы химик окумуштуусу С. Арбаев жетектей баштаган. Андан кийин институтка Б.Молдобаев директор болгон. Ошентип Ата Мекендик согуштун жылдарында окуу жайдын студенттеринин жана окутуучу-педагогдордун саны бир кыйла өскөн. 1941-1942-окуу жылында институтта 62 педагог эмгектенген, алардын жыйырмасы илимдин кандидаты жана доцент болгон. Бул өз кезегинде окуу жайдын өтө жогорку деңгээлинен кабар берет. Кийинки жылдары педагогикалык институттун профессорлор - окутуучулар курамы СССРдин европалык бөлүгүнөн эвакуацияланган окумуштуу-педагогдору тарабынан да бир кыйла чыңдалган.
1944-жылы Пржевальск мугалимдер институту кайра калыбына келтирилип, ага ушул эле шаарда туулуп өсүп, Улуу Ата Мекендик согушта Белоруссияны коргоодо эрдик көрсөтүп, кыргызстандыктардын ичинен биринчи жолу 1941-жылы 10-июлда Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болгон Г.Дмитровдун ысымы ыйгарылган. 1944-жылы институтта 30 окутуучу эмгектенген, алардын жетөөсүнүн окумуштуулук даражасы жана наамдары болгон. Окуу жайынын студенттеринин саны жыл санап өсүп отурган. 1946-жылы институтта сырттан окуу бөлүмү ачылып, тил жана адабият адистигине - 100, тарых адистигине - 50, физика жана математика адистигине - 150 студент кабыл алынган.
СССР Министрлер Советинин 1953-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен Пржевальск педагогикалык институту уюштурулган. Ушул эле жылы институтка 345 студент кабыл алынып окуй баштаган. Жаңы ачылган педагогикалык институттун ректорлугуна С.Юсупов дайындалган. Жаңы статуска ээ болгон окуу жай Кыргызстандын, өзгөчө Ысык-Көл жана Нарын аймактары үчүн педагог-адистерди даярдоо ишин жылдан жылга жаңы баскычка көтөрүп, республиканын эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири катары эсептелип, абройлуу институтка айланган.
Кыргызстандын эгемендүүлүккө жетиши менен 1992-жылы 18-декабрда окуу жайыбыз университетке айланып, ага кыргыздын чыгаан уулу, таланттуу окумуштуу-тилчи, элибиздин тунгуч профессору Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган. Ошентип, окуу жайынын эмгек жамааты, профессорлор-окутуучулары республиканын эл чарбасынын бардык тармактары үчүн керектүү, заманбап адистерди даярдоого белсенип киришкен.
Азыркы учурда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 1 институт жана 8 факультет, 39 кафедра иштейт. Аларда 5,8 миң студент 36 адистик боюнча билим алат. Студенттердин 3,6 миңи күндүзгү, 2,2 миңи сырттан окуу бөлүмүндө окушат. Студенттердин заманбап билим алышы үчүн университетте бардык шарттар түзүлгөн. Сапаттуу билим берүү үчүн студенттерди жаңы муундагы окуу китептери, окуу куралдары жана компьютердик, аудио-видео технология менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда. Университеттин китепканасы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын китепканалары арасында өткөрүлгөн кароо-сынактарда, долбоорлорду түзүп, гранттарды тартуу ишинде алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө. Китепкананын фондусу 500 миң китепти түзөт. 2009 -жылы электрондук китепкана түзүлүп, анын фонду да улам кеңейип, студенттердин суроо-талаптарын канааттандыра баштады. Бүгүнкү күндө университетте тил үйрөнүү үчүн лингафондук кабинет, 8 мультимедия, жалпы саны 500 компьютерден турган 23 класс натыйжалуу иш алып барууда.
Учурда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 380 ден ашуун профессорлор-окутуучулар эмгектенишет. Университетте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 1 корреспондент-мүчөсү, 12 илимдин доктору жана профессорлор эмгектенет. Алардын ичинен А.Иманов, Ү.Асана-лиев, Ж.Мамытов, Ж.Осмонова К.Шаршеев, Ө.Осмонов Кыргызстанга белгилүү окумуштуулар. Университетибиздин окумуштууларынын илимий ишмердүүлүгү эл аралык алкакта да таанылды. Мисалы педагогика илимдеринин докторлору М.К.Асаналиев, Н.К.Дюшеева, педагогика илимдеринин кандидаттары Н.О.Мааткеримов, А.А.Иманбаев жана физика-математика илимдеринин доктору А.Токтосопиев Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясына корреспондент-мүчө болуп шайланышты. Ал эми техника илимдеринин доктору К.Ж.Зиялиев Эл аралык Инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү болду.
Студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун жогорулатуу үчүн 2010-жылы эле Касым Тыныстанов атындагы стипендия аныкталып, 10 студентке ыйгарылды. Алдыңкы студенттер үчүн "Мыкты студент" төш белгиси жасалып 59 студентке тапшырылды.
Университетте эмгектенген көптөгөн профессор-окутуучулардын, студенттердин, жалпы эле кызматкерлердин сыйлыктарга татыктуу болушу, университетибиздеги жетишкендиктер, окуу жайыбыздын жалпы жамаатын жаңы ийгиликтерге шыктандырат деген ишеничтебиз.




  Кыйкырык

Улуттук университет күрөөгө коюлганбы?
Азыркы учурда улуттук университеттин акыбалы өтө оор. Анын бир себеби, окуу жай учурда Түштүк Корея тарабынан 9 млн. сомго жакын акчага күрөөгө коюлган, экинчи жагынан окуу корпустары мурдагы бийлик тарабынан таланып-таратылып кеткен. Андыктан бир жарым миңден ашуун студент жатаканаларда окуп, билим алууга аргасыз болушууда.

Бул тууралуу окуу жайдын Үзгүлтүксүз билим берүү жана жогорку квалификация берүү борборунун директору, профессор М.Күчүков "Кыргыз Туусу" басма сөз борборунда өткөн жыйында билдирди.
"7-апрелде мурдагы бийлик кетти, бирок биздин абал баягы эле оор бойдон калууда. Башканы айтпаганда да университет бүгүнкү күндө ректорсуз иштеп жатат", - дейт М.Күчүков.
Анткени алар азыркы ректордун милдетин аткарып отурган адам, ж.б. бир топ адистер мурдагы ректор Досбол Нур уулунун командасы экендигин, андыктан аларды жа-маат жетекчилик катары кабылдашпай тургандыгын айтышты.
- Досбол Нур уулу окуу жайдын карама-каршылыктарынын натыйжасында май айында араң декреттин негизинде иштен кетти. Бирок, анын ордунда азыр баары бир эле анын кишиси отурганы бизди нааразы кылууда. Анын үстүнө, ал кишинин адистиги биздин окуу жайды жетектөөгө таптакыр туура келбейт, - дейт М.Күчүков. - себеби, ал техникалык илимдин доктору. Ал эми финансы бөлүмүн жетектеп турган анын адиси эч кандай экономист-эсепчи эмес, ал - тарыхчы. Окуу жайга мына ушундай кайдыгер мамиле окуу жайдын акыбалын начарлатууга гана алып келет.
Дагы бир маселе. Профессор М.Күчүковдун билдирүүсүнө караганда, мурдагы ректорлордун бири Токтомушевдин жана билим берүү министри Какеевдин убагында университетти жалган документ түзүүнүн аркасында күрөөгө коюшуп, Түштүк Кореядан тогуз миллион сомго жакын кредит алышкан. Бул кредитти болгондо да жалаң жасалма документтер менен алышкан.
- Ал жасалма документ боюнча университеттин алдында "Интергоспиталь" деген фирма түзүлгөн. Бирок, чындыгында мындай медициналык борбор университетте эч качан болгон эмес. Кагазда гана "ачылган" ошол жасалма борбордун проректору кылып, окуу жайга эч кандай тиешеси жок адам - доктор А.Исманкуловду каттатышып, Какеев министр катары кепилдик берип, бирок кредитти алган киши университет үчүн эмес, менчикке - жеке кызыкчылык үчүн алган. Азыр чуркап жүрүп, университетти ал "жалганчы документтерден" арылтып, башын ачтык, Минюстан документтерди оңдоттук. Барымтадан "формально" куткардык. Бирок, баары бир азыр университет коркунучта турат. Корея кайсы күнү келип, эмне деген шарт коёру бизге белгисиз. Анткени, эки ортодогу келишим боюнча, карыз акча 2002-жылы төлөнүп бүтүшү керек экен. Биз анын канчасы төлөндү, эмне болду билбейбиз. О.э. эң коркунучтуусу, келишимде: "Келишим бузулса, университеттин андан аркы тагдырын Корея соту чечет" деген пункт бар.
Бул маселелердин бардыгы менен тиешелүү жактарга, мисалы, Убактылуу Өкмөт-кө беш кайрылуу жасадык. Анын өзөгүндө: Бизге акыйкат шайлоо өткөрүп бергиле деген талап бар.
- Таза, калыс шайлоо аркылуу ректорду шайлап алып, аны менен бирге жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечишибиз керек, - дейт профессор М.Күчүков.
Жыпар ИСАБАЕВА,
С.МУСАБАЕВ (фото),
"Кыргыз Туусу",
Акзыйнат ШЕРИМБЕК кызы,
студент