04.06.10 Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү "Башкаруучулардын жаңы муунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка чакыруу боюнча программа жөнүндө" токтом кабыл алган. Бул токтомдун кабыл алынышынын зарылчылыгы жана аны аткаруу боюнча аракеттер жөнүндө кабарчыбыздын суроолоруна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу, юридикалык илимдердин доктору Чолпонкул АРАБАЕВ жооп берген.
Жаңы бийлик жаш кадрларды окутат
-Чолпонкул Исаевич, өлкөбүздөгү апрель окуяларына көптөгөн жаштар катышты. Алар үй-бүлөлүк башкарууга, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү менен өздөрүнүн жарандык бекем позицияларын көрсөтүштү. Ошол эле учурда буга чейин өлкөбүздүн коомдук жана саясый турмушуна жаштардын катышуусу декларативдүү мүнөздө гана болуп келген...
-Ооба. Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн "Башкаруучулардын жаңы муунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка чакыруу боюнча программа жөнүндө" токтому мына ушул кенемтенин ордун толтуруу максатын көздөйт. Ошол эле учурда сиз айткан себептен улам жаштарды кандайдыр бир мамлекеттик башкаруу органдарына кызматка дайындоо маселеси учурунда кесиптик билимдери жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иш тажрыйбалары бар жаш кадрларды табуу маселеге айланды.
Мамлекеттик кызмат, анын ичинде башкаруу органдарында иштөө адамдан чынчылдыкты, тазалыкты, жаштык жигерди талап кылат. Мындай сапаттар биздин жаштарда бар. Ал эми жогоруда айтылган билим жана тажрыйба маселеси азыркы учурдагы көйгөйгө айланып отурат.
Мына ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин курамын олуттуу жаңылоо максатында кадрларды көп баскычтуу даярдоонун мамлекеттик программасы түзүлдү. Ага ылайык, башкаруунун жетекчи, жогорку жана башкы кызмат орундары үчүн 100 угуучу КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын базасында окутулмакчы.
Башкаруунун башкы жана улук кызмат орундары үчүн 400гө чейин адам, анын 50% ы аймактык ЖОЖдордун базасында, 50% ы Башкаруу академиясынын базасында окутулмакчы. Мындан тышкары башкаруунун улук жана кенже кызмат орундары үчүн окутулуучулардын саны 2 миң адамга чейин болот.
Программа Бишкек шаарында, аймактык деңгээлде, ошондой эле чет мамлекеттер менен өз ара алмашуулардын алкактарында жүзөгө ашырылмакчы. Окутуу мөөнөтү - эки айдан төрт айга чейин.
-Окутууга талапкерлер кимдер тарабынан, кайсы мөөнөттөрдө жана кантип аныкталат?
-Бул маселе боюнча жогоруда аталган токтомду жүзөгө ашыруу үчүн Убактылуу өкмөт тарабынан "Башкаруу кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча комиссиялар жөнүндө" жобо да бекитилген. Анда башкаруу кадрларын даярдоо комиссияларынын түзүлүү жана иштөө шарттары каралган. Комиссиялар республикалык жана аймактык деңгээлдерде түзүлөт. Алардын курамдары Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) директорунун буйругу менен бекитилет. Республикалык комиссия окутууга талапкерлерди тандап алууну үч программа боюнча ишке ашырат. Биринчи программа - кызматтардын жогорку тобуна талаптанган талапкерлер үчүн, экинчи программа - кызматтардын башкы жана улук тобуна талаптангандар үчүн жана үчүнчү программа - кызматтардын кенже тобуна талаптангандар үчүн болот.
Мамлекеттик кадр кызматы 7-июнга чейин Убактылуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык-координациялык борбору, Башкаруу академиясы менен бирдикте окутууга тандап алуу үчүн элдик бийликти орнотууга активдүү катышкан жаштардын арасынан окууну каалагандардын доку-менттерин кабыл алат. 8-июндан 11-июнга чейин республикалык жана аймактык комиссиялардын иштеринин натыйжалары боюнча башкаруу кадрларын даярдоо программалары боюнча окутулуучулардын тизмесин бекитет жана Башкаруу акаде-миясына жана окутуу жүргүзүлүүчү аймактык ЖОЖдорго берет. Окуу 14-июндан башталат.
-Окугусу келгендерге кандай талаптар коюлган?
-Кыргыз Республикасынын жарандыгы, окуу программаларын эске алганда жогорку же орто кесиптик билим, 35 жашка чейинки куракта болуусу, мыйзамдар тарабынан алынып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугунун жоктугу. Кызыккандар керектүү документтер жана башка маселелер боюнча маалыматтарды Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан, облустук комиссиялардан алышса болот. Алар окуу программалары боюнча кенен жана толук маалыматтарды бере алышат.
Маектешкен


Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,

"Кыргыз Туусу"