04.06.10 Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин кандидаты,
доцент Клара Сооронкулова:
"Авторитаризмди кулатууга БУУнун конвенциясы жол берет"
- Референдумга чыгарылган жаңы Конституциянын долбоорундагы айырмачылыктарга токтолсоңуз.
-Буга чейин Конституция бир нече өзгөрүүлөрдү баштан кечирди. Анда Конституциянын жаңы редакциясы деп аталса, азыр болсо жаңы Конституция иштелип чыкты деп айтабыз. Анын долбоору элге сунушталып отурат. Себеби, биз Конституцияны өзгөртүү менен коомдук системаны бүтүндөй өзгөртүп жатабыз. Бирок ага карабай демократиялык, укуктук, унитардык мамлекет деген негизги бир кыйла принциптери сакталып калды. Буга чейинки бийликте тургандар ушул принциптерди карманган эмес. Каа-лагандай бузушкан. Анын үстүнө өткөрүлүп келген референдумдарды административдик күч менен 90 пайызга чейин электорат катышты деп эсептеттирип алышчу. Учурдагы Убактылуу бийлик өздөрү акыйкат башкаруунун, ачык шайлоонун, демократиялык айнектей ачык коомду курабыз деп жаткан ушул күндөрү кайсы акимге же губернаторго референдумга келген элдин санын кошуп жазып койгула деп айта алат? Менин пикиримче мындан ары элдин добушун уурдоо биротоло токтойт. Ар бир атуулдун кааласа добуш берүүгө катышууга, каалабаса ага катышпай коюуга деле өз укугу бар. Референдумга келген күндө да жаңы Конституция-га "ооба" же "жок" деп жооп берүү ар кимдин өз каалоосуна жараша болот. Бирок, Кыргызстандын бүгүнкү тарыхый шартын, мамлекетибиздин өтө татаал саясый кыр-даалын эске алсак, укугубузга караганда референдумга келип, жаңы Конституцияны колдоп берүү адамдык абийирибиздеги милдет деп айтаар элем. Мен жеке өзүм ошол күнү бардык зарыл жумуштарымды токтотуп коюп, референдумга барам. Үй-бүлөмдү, жакындарымды кошо үндөп, жарандык милдетти аткаруу-га чакырам. Андай болбогон күндө апрель окуяларындагы каза тапкан эр азаматтардын төгүлгөн каны, алардын Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жүргүзгөн күрөшү акталбай калат.
Биздин элдин менталитетине президенттик башкаруу формасы жарабайт экен. Муну эки президент-тин үй-бүлөлүк башкаруусу, кайталанган элдик ревоюциялар далилдеди. Өмүрбек Текебаевге: "Президент-тик башкаруу формасында эле калалы. Сиз өзүңүз да келечекте президент болуп калышыңыз мүмкүн", - деп кеңеш берген жарандар да болду. Мындай суроолорго Конституциялык кеңештин төрагасы болуп жатып, Ө.Текебаев өзү: "Кыргызда тууган-урук, жердеш, тааныш-тамыр деген абдан көп болот. Мына ошолор президентти туура жолдон чыгарышат.Мен президент болуп калдым дейли. Бийлик адамды өзгөртүп, бузуп жиберет. Биздин менталитет менен андай жагдайда мен өзүмө-өзүм ишенбей кетем", - деп жооп берген учурлары болуп жатты. Мен да ушул көз караштамын. Турмуш чындыгы ушундай. Айрыкча бийлик колдо турганда тууган-урук, жакынкы-алыскы достор абдан көбөйүп кетет. Элибизде айткандай "Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок".
-Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин 87 пайызы парламенттик республикалар болушунун себеби да ушундайдан улам чыккан деп ойлойсузбу?
-Туура. Президенттик республикалар абдан аз. Маселен, Велико- британия, Голландия, Дания мамлекеттери чектелген монархия болгону менен алар деле маңызы боюнча парламенттик республика болуп эсептелет. Парламент Өкмөттү түзүп, Өкмөтү кайра парламентине отчет берип турат. Эми кандай система болбосун жүз пайыз идеалдуу болуп кетпейт. Бир эсептен өлкөнү өнүктүрүү боюнча программам бар эле дегендердин көбүнө депутаттыгы менен элге кызмат кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Депутаттардын арасынан Өкмөттү түзүүгө, өкмөт мүчөлүгүнө барууга жол ачылат. Жарандык активдүүлүк демократиялык принциптер менен ишке ашат. Жаңы Конституциядагы дагы бир өзгөчөлүктү белгилеп коёлу. Мурда 25 жаштан өйдөкү жаран депутаттыкка ат салыша алчу. Азыркы жаңы Конституциянын долбоорунда аны 21 жашка түшүрүү менен жаштардын мамлекеттик башкаруу органдарына активдүү аралашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоорду иштеп чыгуу процессинде президентке шайлануу курагын 28 жашка чейин ылдыйлатуу сунушу да түшкөн. Конституциялык кеңештин мүчөлөрү ага макул болгонубуз жок. Себеби, президент калыс аксакал адам болушу керек деген принципти кармандык.
-Бүгүнкү күндө Убактылуу Өкмөттүн бийлигин да, Өткөөл мезгилдеги президенттин кызмат ордун да легитимсиз деген саясатчыларга карата сиз кандай аргументтериңизди келтирип жүрөсүз?
-Убактылуу Өкмөттүн, Өткөөл мезгилдеги президенттин башкаруу-сун легитимсиз деген пикирлерге дароо эле каршы чыккам. Конституцияда элдин бийлигинин чексиз экендиги жазылып турбайбы. Эл өз бийлигин шайлоо, референдум аркылуу ишке ашырат. Бирок, чексиз деп белгилегенден кийин аны максатка ашыруунун башка да формаларын колдонуу керек. Маселен, БУУнун адам укугун коргоо боюнча жалпы декларациясында: "Эгерде мыйзамдуу жолдор менен авторитардык бийликти кулатып түшүрө албаса, анда эл көтөрүлүшкө чыкканга укугу бар" - деп жазылып турат. Эл аралык бул документ 1949-жылы эле кабыл алынган. Дагы башка практика бар. Мисалы, АКШнын Мериленд, Виржиния штаттарынын конституциясында эгерде өкмөт элге каршы кылмыш кылса, анда эл ошол бийликке каршы чыгып, аны кулатып, жаңы өкмөт түзүүгө укугу бар деп таптак жазылган. Кээ бир саясатчылар адегенде Жогорку Кеңештин депутаттарын чогултуп туруп, Убактылуу өкмөттүн бийлигин легитимдештирүү керек болчу деп жатышат. Парламентте көпчүлүктү түзгөн "акжолчулар" аны легитимдештирбеши да мүмкүн болчу. Анда "курал менен коркутуп туруп кабыл алдыруу керек болчу" - дегендер да чыгып жатпайбы. Андай жол кантип мыйзамдуу болсун?.. Бул өтө талаштуу маселе. Мына ушундай себептерден улам ушул референдумдагы коюлган маселелер Кыргызстан калкы үчүн аба, суудай керек болуп турат. Анда Өткөөл мезгилдеги президенттин бийлик тагдыры да чечилиши менен өтө маанилүү.
-Клара Сыргакбековна, мыйзам чыгаруу органы тамаша эмес. 21деги жаран 3-4-курстун студенти болот. Алардын кесиптик, турмуштук тажрыйбасы аз экендиги эске алынган жокпу?
-Ал партиялардын ич ара чечимине жараша болот. Эгерде партия чынында эле абдан татыктуу деп эсептесе, тизмесине киргизе берсин. А негизи 18 жашынан эле партиялык турмушка аралашып, тажрыйба алып, такшалып, мамлекетти башкаруу органдарына өзүн бүлөп-курчутууга шарт түзүлөт. Эми биз Баш мыйзамга башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бадырайтып жазып койгонубуз менен ага кандай адам келип башкарат, ошол жетекчинин жеке касиеттерине, адамдык ыйманына да көп нерсе байланыштуу. Айталы, Россия президенттик мамлекет. Ошого карабай азыркы учурда премьер-министр күчтүү болгондугу үчүн шарт-туу түрдө "премьердик өлкө" десек болот. А чынында "премьердик республика" деген түшүнүк дүйнөдө жок. Бирок ошонун баарына карабай Владимир Путиндин жеке жетекчилик бийик касиеттерине жараша өнүгүүлөр болуп жатат. Дегеле Россиядагы президенттик бийлик жогорку маданияттуулуктун үлгүсүн даңазалоо менен алмашып келе жатат.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"



27- июнь - референдум!
Азыркы Баш мыйзам мени канааттандырат
Баш мыйзамыбыздын жаңы долбоору мени дээрлик канааттандырат десем да болот. Себеби, анда колдоого алып кубаттай турган бөлүмдөр бар, ошону менен катар эле элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы негизги орунга коюлгандыгы байкалып турат. Эми ушул Конституцияны 27-июнда өтө турган референдумда бекитип алсак, анан биздин бийликке барган төбөлдөрүбүз ошонун чегинен чыкпай, Баш мыйзамдын негизинде гана иш алып барышса, кыргыз эли өнүгүп-өсөт.
Конституциялык кеңешменин башында туруп, ар кандай ой-пикирлерди чыдап угуп, туура чечим киргизген Өмүрбек Текебаевди учурдан пайдаланып алкап алгым келет. Себеби, ал элибиздин эртеңи үчүн камчы чапчу уулдарыбыздын алдыңкыларынын бири. Мен Ө.Текебаевди илгертен сыйлайм, өз инимдей жакшы көрөм. Ылайым, биздин Убактылуу өкмөттөгү жетекчилерибиздин өз мөөнөт-төрү аяктаганга чейин аткаралы деген иш-аракеттери, ойлогон ой-максаттары орундалсын!
Зейнеп ШААКЕЕВА,
КРнын эмгек сиңирген артисти


Конституция ийине жеткире иштелди
Жаңы Конституцияда сунушталып аткан башкаруу системасын парламенттик дегенибиз менен ал классикалык үлгүдөгү парламент-тик башкаруу эмес. Долбоордо Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн ыйгарым укуктары бири-бирин көзөмөлдөгөндөй кылып тең салмакташтырылган. Бул да болсо долбоордун негизги демилгечиси, авторлорунун бири Өмүрбек Текебаевдин дээрлик 20 жыл бою Конституция боюнча иштеп, бул тармакта мыкты адис болуп калгандыгынын жемиши деп ойлойм.
Албетте, толук үлгү кылып ала турган идеалдуу Конституция болбойт. Андыктан, азыр референдумга коюлуп аткан Баш мыйзамда да анча-мынча өйдө-ылдыйлыктар болушу мүмкүн. Бирок кээ бир майда-барат кемчиликтерине көз жуумп, бул Конституцияны кеминде 10 жыл пайдалана тургандай кылып кабыл алышыбыз керек.Ант-кени, долбоор жакшы эле талкууланып, ийине жеткире иштелди деп ойлойм.
Жолборс ЖОРОБЕКОВ,