04.06.10 Сабырдын түбү - сары алтын
Кыргызстандын майыптар ассоциациясы өлкөбүздүн жалпы калкына кырдаалды турукташтыруу боюнча кайрылуу жасады. Анда эгерде биз ыйман адебин балдарыбызга кичине кезинен үйрөтүп, кыргыздын кан-жанына сиңген нукура тили менен эрктүү тарбиялаганыбызда, морадёрлук, элди бөлүп-жарган провокациялык иштер болбойт беле деген ой келери белгиленген.
"Ошондон улам байыркыдан бери келген кыргыз эли маданиятыбызды, адабиятыбызды туу тутуп, бардык мектептерде кыргыз тилин, тарыхын окутуу, адеп-ыйман тарбиясы колго алынса деген каалоо-тилектерибиз бар, - деп айтылат кайрылууда. - Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясына болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча беренелердин ар бир сүйлөмүнүн мааниси элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, кагазда гана кала бербесе деген ниетти билдиребиз. Анткени, өлкөнүн жарандарынын ичинде 120 миң майып элдин аялуу катмары. Мамлекет тарабынан колдоого муктаж жарандарыбыз өлкөбүздүн бардык жерлеринде кезигет. Алардын экономикалык, социалдык абалдары дагы эле оор бойдон. Мамлекет тарабынан чегерилген пенсия жана жөлөк пулдар керектөөлөрүн толук камсыздай албайт. Калктын бул аялуу катмары акысыз медициналык дарыланууга, билим алып адистикке ээ болууга, эмгек реабилитациясы аркылуу жумуш орундары менен камсыз болууга жана дагы мамлекеттин эсебинен турак-жайга ээ болууга өзгөчө муктаж.
Элибиздин кыйынчылыктан чыгып кетүүсүнө учурдагы утурумдук бийликтин эл үчүн аракет көрүп жаткан иш-аракеттерине тоскоолдук кылбай, ар кандай ушак-айыңдарга дүргүбөй, провокацияларга алдырбай сабырдуулук менен, моралдык ак-ниет эмгегибиз менен колдоо көрсөтүүгө жана 27-июнда уюшкандыкта добуш берүүгө, референдумга коюлган өлкөнүн баш мыйзамынын долбоорун колдоого чакырабыз", - деп айтылган кайрылууда.

Калык
МАМБЕТАКУНОВ,
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы,
Асипа МУСАЕВА,
Республикалык көз карандысыз
майып-аялдар
коомунун төрайымы,
Шүкүрбек КУЧКАЧЕВ, Кыргыз
Республикасынын майыптар коомунун башкармасынын төрагасы,
Бакыт КАЛИЕВ,
"Цефей" коомдук бирикмесинин көзөмөлдөө кеңешинин
төрагасы




Адилеттик болсо, үйүмдү кайра алаар бекемин?
Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотуна
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына
Мен Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну болом. Жүрөк-кан тамыр оорусу менен катуу ооруп, таякчан басып, оорукчал абалдамын. Буга себепчи болгон - туюкка кабылган турмушум. Бүгүн гезит аркылуу арыз-арманымды жазып кайрылып жатканым да ошондон.
2005-жылы апам каза болду. Өзүмдүн эле карачечекей бир тууган карындашым жашап жаткан үйдү басып алып, сатып жиберди. Каршылык кылганыма болбой күч колдонушуп, балдарыман бери коркутуп, кол салууларынан өмүрүбүзгө коркунуч туулуп, ар кимибиз ар жакка тарап, үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон элек. Азыр мен кызымдын үйүндө турам.
Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарына кайрылган менен майнап чыккан жок, кайдыгерлик мамиле менен коррупциянын айынан аргасыз абалда келем. Эми үмүтүм Жогорку сотто калды. Үйүмдү кайра алып, балдарым менен чогуу жашаар бекемин? Адилеттик бар болду бекен?!
Жамалбек ЧЫЙБЫЛОВ,
Жумгал району,
Чаек айылы,
1-май көчөсү,
3-үй



Таза суудан таңдай катты
Кадамжай районунун борбору Пүлгөн кыштагындагы көптөгөн тургундар нечен жылдардан бери эски атам замандагыдай эле арыктардан суу алып ичип келишет.
Таза суу кожолуктардын үчтөн бирине да жеткирилген эмес. Анысы аз келгенсип үстүбүздөгү жылдын 12- жана 22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, көчөлөрүбүздү, айрым адамдардын огороддорун бузуп кетти. Азыр Ош-Исфана автожолунан түз чыга албай калдык. Айланып өтүүгө туура келүүдө. ӨКМдин райондогу өкүлү куру убада менен оозандырууда. Ошондуктан силерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кулак кагыш кылып, биздей алыскы аймактарга да жардам көрсөтүп коюуну суранабыз. Биз, карапайым адамдар, жаш кыргыз мамлекети бар экенин сезгибиз, аларга үмүт эткибиз келет! Ылайым тоолуу жергебизде тынччылык, бакубатчылык, бейпилдик болсун!
Кадамжай районунун Пүлгөн
кыштагынын тургундары:
И.Мамутов, Т.Абдраимов,
У.Койчубаев, А.Жажанов,
Ө.Бектемиров, К.Маматов
ж.б., бардыгы 21 адам кол койгон.

Билим министрлигинин буйругун тоотпогон Кыдыралиев
Беш-Терек айылынын тургуну, 11-класстын бүтүрүүчүсүнүн атасы Зарылбек Эсенгулов ушул жылы 22-майда мектепке келип, акыркы коңгуроо күнү ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен бирдикте банкет куруп, таң тосуу үчүн спорт залыбызды сурады.
Мен КРнын билим берүү министрлигинин андайга тыюу салган атайын буйругун эске салып каршы болсом, "ата-энелерди, элди чогултуп, пикет уюштурам" деп коркутуп кеткен. Анан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев менен катышы бар экен, экөө уюштурган адамдары мектепке келип кыйкырык-сүрөөн менен доомат коё башташты. Так ошол маалда сүйлөшүп алгандай билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Кыдыралиев, профкому К.Ниязбеков, башкы адиси З.Жаманкулов болуп келип калышып, кызматты өткөрүп берүүнү талап кылышты. Болбосо мектепти эл талкалап кетишерин, директор эмес, азыр акимдерди сүйрөп эшикке чыгарып коюп жатышканын айтып, зордоп арыз жаздырышып, иштен кетүүгө мажбурлашты.
Министрдин буйругу директор эле үчүнбү же райондук элге билим берүү башчыларына да тиешелүүбү? Же биздин К.Кыдыралиев аны
тоотпой калганбы? Же Убактылуу өкмөт өлкөдө туруктуулукту жөнгө салууга бардык эмгегин жумшап жатканда К.Кыдыралиевдей эргулдар өткөөл мезгилден пайдаланып "өтүгүн төргө иле" береби? Мына, ошондой мамиленин айынан А.Идинов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучулары 23-май күнү эс алууга чыгышып, автокырсыкка учурап, бир окуучу набыт болуп, эки окуучу оор абалда жатат. Ушуну териштире тургандар барбы? Деги эле мугалимдин укугу ушинтип тепселе берсе, келечектин ээлери деген окуучуларыбыз эмнени үйрөнөт? Чейрек кылым мугалимдик кесипте, 1990-жылдан бери Кекилик уулу Жолдошбек атындагы мектептин директорлугунда эмгектенип, райондук, облустук алдыңкы жамааттардын катарына кошулуп, ийгиликтерди жаратып иштеп жатканда, адилетсиздик менен тепселген менин укугумду коргоп берүүңүздөрдү көптөн көп суранам.
Света ЧОКОЕВА,
Жумгал району,
Кекилик уулу Жолдошбек атындагы
мектептин иштен мыйзамсыз алынган директору,
КРнын эл агартуусунун
мыктысы


Чындык издеп, чыркырап жүрөм
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымынын орун басары А.Бекназаровго
Мен бүгүнкү күндө баламдын күйүтүнөн айрылбай жашоодомун. Менин 27 жаштагы эр азамат, жогорку билимдүү балам мас абалындагы айдоочунун күнөөсү менен каза болгонуна тогуз айдын жүзү болду. Бирок, ушул убакытка чейин күнөөлүү деп эсептелген жана менчик автоунаасы менен тебелеп кеткен З.Токоевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш тергөөдөн сотко өтүп, соттон тергөөгө өтүп, тергөө өз ишин баштай албай турган мезгили. Эмне себептен тогуз айда бул иш бүтпөдү? Акча тоскоолдук кылдыбы,
же башка нерселерби?

Өткөн жылы 1-сентябрда саат 22-23 убактысында Кара-Балта - Бишкек трассасында, Москва районунун Садовое айылындагы үйүбүздүн алдында айдоочу-таксист Замир То-коев өз менчик автоунаасы менен (Фольксваген пассат №26-09ВА) кара мүртөздүк менен жолдун карама-каршы жагында турган баламды тебелеп өлтүрдү. Айдоочу З.То-коев мас абалында болгондуктан, батыштан-чыгышка бара жатып, жолдун карама-каршы жагында түндүк тарапта турган баламды, авто-
унааны башкара албай, түштүк тараптагы жолунан чыгып тормоз бербестен тебелеп кеткен.
Тергөөчү М.Кобоев кылмыш иш боюнча тергөө амалдарын Кыргыз Республикасынын ЖПКсын одоно бузуу менен бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп,
айыпкердин мүдөөсүн аткарды. Ошол себептен тергөөчү М.Кобоевдин күнөөсү менен айыпкер З.Токоевдин үстүнөн кылмыш иш тогуз айдан бери бүтпөй, райондук жана облустук соттор тарабынан прокуратура органына тергөөнүн мүчүлүштөрүн четтетүү үчүн кайрадан жөнөтүлүшү, тергөөчү М.Кобоевдин тергөө ишине шалаакылык менен мамиле жасаганын айгинелейт.
2009-жылдын 12-ноябрында Москва райондук сотунун судьясы Н.Б.Мааткеримовдун кабыл-
доосунда болуп, З.Токоевдин үстүнөн соттук териштирүүдө кылмыш иши башка райондук соттун кароосуна өткөзүүнү, соттун судьясына отвод берүүнү талап кылып арыз жолдодук. Н.Б.Мааткеримов судьяга болгон отвод арызды негизсиз деп тапты жана соттук териштирүүнү баштап, аягына чыкпай, токтом кабыл алды жана айыпкер З.Токоевдин КЖК 281-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши, тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн четтетүү үчүн Москва райондук прокуроруна өткөзүп берилсин деп чечилди.
Соттук териштирүү учурунда судьяга биз берген өтүнүч, моралдык жана материалдык чыгымдын ордун толуктоо үчүн айыпкер З.Токоевдин менчик автоунаасын камакка алуу, соттун токтомуна кирбей калды. Судья З.Токоевдин үстүнөн иш материалдарынын ичинде тигилип турган моралдык жана материалдык чыгым боюнча доо арызды эске алса болмок.
Биз конституциялык жана инсандык укугубуздун тебеленгендигине жана укук коргоо органдарынын ачыктан ачык эле пара алып, ишти создуктургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна арыз жолдогонбуз, бирок ушул убакытка чейин оң жооп алганыбыз жок. Себеби, кыргыз өлкөсүндө укук коргоо кызматкерлеринин ыплас болуп бараткандыгы айдан ачык. Биз, жабырлануучу үй-бүлөбүз менен Убактылуу Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштерин колдойбуз жана бул ишти адилет карап, акыйкат чечет деп күтөм.
А.АБДЫКАДЫРОВА,
жабырлануучу, Москва району,
Садовое айылы





Жоктоо
(Эл баатырларынын
жесир калган жарларына арналат)
Айдай чачып мээримиңди,
Айды көздөй жетеледиң.
Айдай жарык жарым менен,
Айга чейин жетем дедим.
Арман болуп түбөлүккө,
Айга жалгыз кете бердиң.

Күндөй чачып мээримиңди,
Күндү көздөй жетеледиң.
Күндөй жарык жарым менен,
Күнгө бирге кетем дедим.
Күйүт болуп түбөлүккө,
Күнгө жалгыз кете бердиң.

Күн чыкканда күүгүм соолот,
Күндөн издейм элесиңди.
Күндүн нурун минип алып,
Күндөн түшүп келесиңби?
Күндө күтөт Шоола кызың,
Күлүп кете бересиңби?

Ай чыкканда Аалам толот,
Айдан издейм элесиңди.
Айдын нурун минип алып,
Айдан түшүп келесиңби?
Айлап күткөн Шоола кызың,
Алдап кете бересиңби?

Атакеси түшкө кирсе,
Алымсынбай санап кирет...
Атасынын ойнотконун,
Арман кылып самап жүрөт...
Аргасыздан сүрөтүнө,
Атасынын тамак берет!?
Атасынан түбөлүккө,
Айрылганын кайдан билет?!

Ар-намыс деп моюнга алды,
Арман болгон коогалаңды.
Атакелеп Шоола калды...
Армандуу кыз көрбөсө экен,
Ата көргөн кооптуу
маалды...
ИБРАГИМ кызы Турдукан, Бишкек шаары