04.06.10 КДК: жыйырма жыл мурда.
Кандайча башталды эле?
26-майда Кыргызстанда мамлекеттик масштабда көңүл бурулбаган, а бирок өлкөдөгү демократиялык процесстерге жол салган дагы бир маараке болду. Бул - республикабыздагы демократиялык кыймылдардын карлыгачы болгон Кыргызстан демократиялык кыймылынын түзүлгөндүгүнүн жыйырма жылдыгы. Дал ушул күнү анын алгачкы уюштуруу съезди болуп өткөн.
Ал чынында эле кыргыз элинде демократиялык көз караштарды ойготкон кыймыл болду беле? Мына ошол кыймылды азыркы учурдан туруп караганда кандай баалоого болот? Бул суроолорго КДКнын башатында турушкан коомдук ишмерлердин айрымдары менен бирге жооп издеп көрөлү.

Жыпар ЖЕКШЕЕВ: - Кыргызда улуттук аң-сезим алгач 1989-жылы жер алуучулардын "Ашар" кыймылы түзүлгөндө башталган. Ошондон улам саясый биринчи митингдер уюшулган. Аларда Кыргызстан өз алдынча мамлекет болушу, кыргыз тили мамлекеттик тил болушу боюнча талаптар коюлган.
1990-жылы 1-майда борбордук аянттагы демонстрацияда биринчи жолу демократтардын колоннасы өткөн. Ошол кездеги Компартиянын БКсынын биринчи секретары А.Масалиев жада калса, колонна өтүп жатканда трибунада далысын салып туруп алган! Ошондон улам бийликке каршы саясый оппозиция түзүлө тургандыгы ачык болуп калды.
Ага чейин январда Каунаста союздук республикалардан келишкен демократтар чогулушкан. Орто Азия республикаларынан Өзбекстандагы тажиктер, анан Кыргызстандан мен барганмын. Ошондон кийин КДК түзүлдү. Алгач анын уюштуруучулары Илимдер академиясында тил жана адабият институтунун директору болуп иштеген А.Эркебаевдин кабинетинде, "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору Т.Мүлкүбатовдун кабинетинде жашыруун чогулуп жүрдүк.
КДКнын эң чоң тарыхый ролу эгемендүүлүктү алууда болду. Айрымдар айткандай ал өзүнөн-өзү келген жок.
Улуу Үркүндүн 75 жылдыгын эскерүү менен 1991-жылы 13 күндүк жүрүш жасаганбыз. Бишкекте демократиялык конгресс да өткөрдүк. Бул да КДКнын эмгеги.
1990-жылы 4-июнда Ош окуясы башталып кетип, аны токтотууда, өзбек менен кыргыздарды жараштырууда КДК чоң роль ойногон. Биз анда бардык күнөөнү Москвага коюп, аны өзбектерге далилдеп бердик. Турсунбек Акун КДКнын мүчөсү катары алгач өзбектер менен кыргыздардын жапа чеккендерин тактап келди. Анан Бишкекте концерт уюштуруп, андан чогулган каражатты жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө почта аркылуу салып жибердик. Кийин тажиктер менен кыргыздардын ортосунда чатак чыкканда да жараштыруу аракеттерин көргөнбүз.
КДКнын талаптарынын көпчүлүгү 1993-жылы кабыл алынган Конституцияда камтылган. Анын курамындагы бир топ лидерлер кийин өз алдынча партияларды түзүп кетишкендиктен, 1993-жылы 29-майда КДК партия болуп кайра түзүлдү. Кийинки убакта лидерлери ар кандай кызматтарда иштеп кетишкендиктен, КДКнын активдүүлүгү анчалык болбой калды.
Токтобай МҮЛКҮБАТОВ: - 1989-жылы Москвадан, Ленинграддан, Прибалтика республикаларынан чыккан басылмалардан бизди "белгисиз республика" деп жаза башташпадыбы. Ага чейин Чыңгыз Айтматовдун кадыр-баркына таянып жазуучулар союзунда кыймыл түзүү боюнча идея көтөрүлө баштаган. Мен Москвада Жазуучулар союзунун бир жыйынында москвалык, прибалтикалык бир катар жазуучуларга жолугуп, мындай кыймылдар боюнча көптөгөн мате-
риалдарды ала келдим. Анан Жазуучулар союзунун катчысы Казат Акматов жана бир топ адамдар болуп талкууладык.
Биз чогулуштарды өткөрө баштаганда КП БКнын идеология бөлүмүнүн башчысы Жумагул Сааданбеков баштаган топ 24 кишиден турган топту уюштурушуп, демилгени колго алууга аракет кылышты. Бирок негизги демилге КДКда калды.
Алгачкы съезди өткөрүүдө Кыргыз драма театрын бербегенге аракет кылышып, кийин кайра көчөгө чыгып кетишпесин дешип макул болушту. А.Акаев Москвадан учуп келип жыйынга катышкан, бирок анын бул жыйынга Кыргызстан КП БКнын тапшырмасы менен катышканы сөзүнөн билинип калып, аны мен айтып салдым. Башкалар да ал ойду айтышты Анткени А.Акаев демократия керек, бирок БКнын айтканы менен болуш керек деген ойду айткан. Анын КДКга бирде жакындап, кайра алыстап калганы ошондон болду.
Ошентип КДК түзүлүп, бир төрага шайлайлы десек, талаш башталып кетчүдөй болуп, 5 теңтөрага шайладык. Алар - Ж. Жекшеев, Т.Тургуналиев, К.Акматов, К.Матказиев, Т.Дыйканбаев болушкан.
КДКнын жер-жерлердеги уюмдары иштеп баштап, атүгүл бийлик органдарынын иштерине кийлигишип кетишкендери да болду. Анын күчү А.Масалиевди президенттикке өткөзбөөдө көрүндү. Активдер ачарчылык жарыялашып, анын тырышканына карабай кетиришти. Маркум С.Жээнбеков биздин атыбыздан аябай катуу сөздөрдү айткан.
КДК эки жылча жакшы иштеди. Анан революцияны кыйындар жасашат, а анын жемишин шылуундар пайдаланып кетишет деген сөз бар эмеспи. КДКнын ишмердүүлүгүнөн жеке пайда көрүшкөндөр да кезикти. Бир катар адамдар кызматтарда жүрүштү. Өзүнчө бизнес жасап алышкандар чыкты.
Жаштык кезде ошондойлорду жасаш керек экен. Мына азыр да жаштар революцияны жасадык, бизге кызмат бер дешип жатышпайбы. Элдик иш жасайм, мамлекет оңолсун дегендер эл үчүн иштешет. Азыркыларда даярдык барбы, аны эч ким билбейт. Ал убакта КДКнын катарында өндүрүштүк ишканалардын жетекчилери, милиция, укук коргоо тармактарындагы жетекчилер, ЖОЖдордун кафедра башчылары, декандары, Илимдер академиясынын түзүмдөрү-
нүн жетекчилери болуп иштеген даяр кадрлар болгон. Ошентсе да кызматты сурагандар болбогон. А.Акаев өзү алардын ичинен айрымдарын тандап алды.
Кийин Акаев убада кылгандарын аткарбаган үчүн оппозицияда жүрдүк. Биз сыймыктануучу нерсе - ошол кезде "кдкычылардын" ар биринде коркунуч бар эле. Ошого карабастан алар өз парзын аткарышты. А.Акаевди азыр жаман-жакшы дегени менен демократияны алып келдик. Андан башка бирөө келсе деле ушундай болмок. Акаевдин реформаларынан улам көп жагынан алдыга кеттик. Кошуна мамлекеттер 2005-жылды да, 2010-жылды эми гана баштан өткөрүшөт деп ойлойм.
Эдилбек САРЫБАЕВ: - КДКнын уюштуруу жыйыны үч айдан ашык убакыт аралыгында даярдалган. Натыйжада жыйыныбыз жогорку деңгээлде өтүп, койгон максатына жетти. Бийлик тоскоолдук кыла алган жок, анткени биз 20-30 миңден ашык бийликке нааразы болгон жаштарды борбордук аянтка чыгарып, саясый талаптарды коймокпуз.
Бул алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн өз алдынча коомдук-саясый уюмдун өлкөбүздүн жакынкы тарыхында белгилүү орду бар. Биринчиден, он күндөн кийин 6-8-июнда борбор калаабыз Фрунзеде Оштогу кандуу окуяларга байланыштуу миңдеген жаштар көтөрүлгөндө КДКнын жаңы шайланган жетекчилери кан төгүлүүгө жеткирбей кармап калышкан. Экинчиден, кыймылдын аракеттери өлкөбүздөгү жалпы саясый процесске дем берип, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болду, кыймылдын ичинен саясый партиялар уюшулуп тарашты, Кыргызстанда мурунку совет мамлекетинин мейкининде биринчи болуп Конституция кабыл алынды.
Бүгүнкү күнү Кыргызстан үчүн тарыхый спиралдык процесс бир толук айланып бүтүп, кайра 20 жыл мурун болгон ордуна келгендей. Баягы эле саясый толкундоолор, баягы эле Үсөн Сыдыков кандуу окуялардын арасында, баягы эле ал окуялардын күнөөкөрлөрүн тактоо жана аларды жоопко тартуу маселеси. Көкө Теңир кыргыз элине "ак чөп башта, кайра башта, өнүгүү жолуңду кайрадан тандап ал" дегенсип дагы бир мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Бирок, бүгүн алдыбызда башка замандын, ХХI кылымдын чакырыктары турат. Дүйнөлүк глобалдашуу, мамлекетибиздин геосаяттагы жана наркотрафик жолундагы орду өлкөдөгү ички процесстерге таасирин тийгизбей койбойт экен. Акыркы Интернетке чыккан маалыматтар Кыргызстанга кызыккан мурунку бийлик менен азыркы бийликтен башка да белгисиз күчтөр бар экендигин далилдеди.
Ошондуктан азыркы коомдук жана саясый процесске катышкан бардык жарандарды кылдаттыкка, этияттыкка жана кыраакылыкка чакырам. Өткөн 20 жылдын сабактарын эске алышыбыз керек. Ошондуктан референдумга коюлган Баш мыйзамга он жыл өзгөртүү киргизилбейт деген жобону толугу менен колдоймун.
Казат АКМАТОВ: - 1986-жылы М.Горбачев өзүнүн кайра куруусун баштабадыбы. Ошондо сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, демократия өнүгүп олтуруп, натыйжада Прибалтика республикалары алгачкылардан болуп 1989-жылы эгемендикке жетишишти. Тбилисиде, Ригада согуш болуп, кан төгүлдү. Анын таасири анан бизге чейин жетти. Биз дагы эгемендикке умтулууну ойлоно баштадык.
Партиянын Фрунзе шаардык конференциясында өз алдынча мамлекет болуп, эгемендүүлүккө жетишибиз тууралуу сүйлөп, катуу "таяк жегем". КГБ камап коёрдо Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен калгам. Себеби, Айтматов анда Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы, мен анын орун басары элем. КГБнын төрагасы, генерал Жумабек Асангулов чакыртып катуу эскертүү берди.
Бир күнү Абдыганы Эркебаев менен Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Асейин Исмаилов экөө келиптир.
- Сиз баягы конференцияда сүйлөп, ыдык көрүп жатасыз, бир уюм уюштурбайлыбы, - дешти. Ошентип үчөөбүз баштадык, кийин улам катарыбыз көбөйүп олтуруп, 1990-жылы 26-майда 1-уюштуруу съездибизди өткөрүп, Кыргызстан демократиялык кыймылын түздүк. Ошондо 37 пункттан турган программа жаздык. Анда республиканын эгемендүүлүгү, өзүнчө Конституция жазуу, өзүнчө мамлекет болуу, Президенттик институтту киргизүү, борбор калаабыздын атын өзгөртүү, мамлекеттик тилди кабыл алуу сыяктуу орчундуу маселелер камтылды. Мен, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев үчөөбүз тең төрага болуп шайландык. Мен анда депутат болгондуктан, КДКнын бардык талаптарын Жогорку Кеңешке коюп жаттым.
Ошондо Абсамат Масалиев Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары, анан Жогорку Кеңештин төрагасы болчу. Биз андан бир бийликти тапшыруусун талап кыла баштадык. А киши президенттик бийликке караманча каршы болду. 1991-жылы СССР кулагандан
кийин ал кетти. Ошондо КДКнын 147 мүчөсү Ак үйдү курчап ачкачылыкта турдук.
Кыргыздын жыйырма жылдык тарыхында үч революция болуп кетпедиби, ошонун биринчисин биз жасаганбыз. Ошондо Абсамат Масалиевди күч менен кетирип, Эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл алып, көз карандысыз мамлекет кылып жарыялаганбыз. Анын барында КДКнын чоң салымы бар. Ошол учурда биздин кыймылдын бир миллионго жакын мүчөсү бар эле. А.Атамбаев да КДКнын мүчөсү болгон бир кезде. "Кыргыз Туусу" гезитинин редактору Бакыт Орунбеков да КДКнын активдүү мүчөсү жана анын "Майдан" гезитинин редактору Аман Токтогуловдун орун басары болгон.
1993-жылы Конституция кабыл алдык. Аны жазгандардын ичинде мен бармын. Чын дилибизден жүрөгүбүздү берип жазганбыз. Бийликти үч бутакка бөлүп, функцияларын белгилеп, бирин бири тескеп тура тургандай болчу. А.Акаевди президенттикке биз алып келгенбиз, бирок ал кийин бузулбадыбы.
1993-жылдан кийин КДКдан өз алдынча партиялар куралып, бөлүнүп чыгып кетишти. Мен чыгармачылыкка кеттим. Бирок, Кыргызстандын жараны катары дайыма пикиримди айтып келем.
Даярдагандар
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"