01.06.10 "Бахабан"
(Генерал-лейтенант Алыбай Кайыповдон уккан икая)
Бир орус жигит бар болчу, опер кызматкер. Ага барып эле алып кел. Өзү келбейт окшойт дедим. Кеткен. Бир маалда эле өңү бозоруп кирип келди. "Асынып алыптыр" дейт. Бастырмасы бар экен, ошого кирип эле асынып алыптыр да.
Эми эмне кылабыз? Кандай болбосун белиндеги белдемчини алып кетиш керек да. Участковыйга айтып, ал Аламүдүн РИИБсине телефон чалып, эл опур-топур болуп атканда балдар белдемчини байкатпай чечип кетишти.
Ошол замат барып, Асанкуловго доложит эттим. Ал киши кыйкырып кирди.
- Этият болбойсуңарбы, ушундай болоорун билгем. Эми бүттү, жиптин учугу үзүлгөн турбайбы - деди ызырынып.
- Жолдош генерал, эч сарсанаа болбоңуз, Кулмат деген бир иниси бар, ошол билет, - дедим.
- Эмне үчүн ал билет деп ойлойсуң?
- Себеби, машиналардын
баарын ошол аркылуу алган. Башкы финансист ошол. Жетилиги өтөөр замат бир туугандарын кармаш керек.
- Хорошо, өзүң бил.
Төрт күн өттү, туугандары ыйлап-сыктап атышат. Бир жагынан бооруң ооруйт. Балдарды коё тургула дейм. Күнү-түнү иштеп атышат да. Жетилиги өткөн соң Кулматты алып келип, сүйлөштүм. Катуу бала экен. Эч чаң жугузбайт да. Эки күн сурак кылдык, эч натыйжа жок. Анан үчүнчү күнү тергөө бөлүмүнүн башчысы Фадеев келип, бүгүн коё беребиз. Же камак мөөнөтүн узартыш керек. Узартканга болсо бизде негиз жок деди .
Асанкуловго чуркап бардым. Ал тергөө бөлүмүнүн начальнигин чакырды эле Фадеев ага да ошол эле сөздү айтты. Эч негизсиз камап турганга биздин акыбыз жок деди. Жолдош генерал, мага жарым саат убакыт бериңиз дедим. Бизде, оперлерде камалгандар менен сүйлөшкөнгө укук жок да. Тергөөчүлөр гана иштеш керек. СИЗОнун ичинде тергөөчүнүн кабинети бар. Генерал уруксат берген соң Кулматты ошол кабинетке алып келдим. Кулмат, ачык сүйлөшөлү. Мага биринчи күндөн эле баары белгилүү дедим. "Алар деген немистин акчасын кармап жүрүшөт.. Мурда ичээрге суусу жок жүрүшчү эле. Азыр ханга салам бербей калышты .Булардын ичинен аябай тыңы ушул Кулмат . Булгаары куртка
кийип деловойлонуп калды. Алгырдын өзүнүн колунан келбейт, баарын жасап аткан ушу Кулмат" деген да кошунасы. "Жок, менин эч кандай тиешем жок" дейт. Эй Кулмат, сен эмне эле эчтеке билмексен болуп атасың? Экөөбүз эркекче сүйлөшөлү. Эгер кылганың далилденип калса соттолуп кетесиң. Андан көрөкчө ачыгын айт. Биз баарын билебиз. Бирок сен өз оозуң менен айтышың керек.
Адегенде СИЗОну ачып, камераны көргөздүм. Көрдүңбү, мобул жерге жатасың , мобул жерге сийесиң. Анан кабинетке алпарып, терезени ачтым. Көчөнү карачы! Эми өзүң танда: же эркиндик, же камак. Мына кагаз, мен 15 мүнөттөн
кийин келем дедим.
Чыгаарын чыгып алып терезени жапканды унутуп калыпмын . Кайра чуркап келсем жакшы, отурат. Учуп кетсе өлөт эле да. "Акчаны байкем берген, машина алдык, үй алдык" деп жаза баштаптыр. "Байке, кантип мойнума алганымды өзүм да билбейм "дейт. Сен айтпасаң иниң Борколдой айтат. Башкы финансист сенсиң. Бир туугандарынды поставлять этпе дедим.
Оформлениенин көбү ини-карындаштарына, туугандарына болуптур. Алгырдын өзүндө эчтеке жок. Энесинин үйүн айтты. Өзүн алпардык, көрсөт дедим. Огородду жарым саат каздык, таш балакет да жок. Каерге көмгөнүбүз менин деле эсимде калбаптыр дейт. Акыры казып атып кадимки эле 3 литрлик банкадан үчтү таптык. Ичи толтура акча. Көбүн иштетип, калганын "на черный день" деп ката беришкен экен да. Баарын чогултканда жоголгон акчанын жарымына жетпеген сумма болду. Булардын бир күйөө баласы бар экен. Анын үйүнө да катыптыр. Бажасы жокто барса, балдызы бала менен отурган болот. Сиз чай ичип туруп туруңуз, мен сүткө барып келе коёюн десе бара гой деп, ал кетээр замат крылцо турган жерди казып, ал жерге да үч банка акчаны көөмп, үстүн бетондоп коёт. Аны да казып алдык.
Алган үйлөрү чыга баштады. Бешинчи микрорайондон бир квартира, Аламүдүн базарына кире бериштен бир үй, иши кылып, ар кайсыл жерден издеп отуруп он үй табылды. Ар бир үйдүн ичинде японский телевизорлор, японский магнитофон, килем, паластар. Машинадан он экини алдык арестоват этип.
Булар бир немистер менен иштеген. Кантта Чыңгыз Нариманов деген азербайжан бар болчу. Ошолор аркылуу иштеген. "Трио"деген дүкөндө Вебер деген телевизор саткан киши бар экен. Машиналарды ошол аркылуу саттырып алышып, ага 50 миң марка беришкен. Вебер акчаны телевизордун ичине катып, пломбу коюп, Германияга жиберип ийген. Жиберип туруп , мен барганга чейин ачпагыла деген. Ошол акчаларды бүт жыйнаш керек болду. Телевизорду Германиядан кайра алдырдык. Биз СССР КГБсынын өзгөчө бөлүмүнө чыгып, алар ГСВГ менен байланышып, алар полиция менен иштеп, телевизорду алдырып ачсак, ичинен 50 миң марка чыкты.
Бир инисин он беш күндөн бери кармай албай жүргөнбүз. Аламүдүн базарынын алдында жепирейген кепеде турат экен. Тияктан үйүнө баратат дешти. Андан озунуп жетип, буктурма коюш керек да. Келинди мобул балдар силердикинде отуруп турсунчу деп алдап атам. Төшүмдү эле шекшип карап аткан. "Байке, сиз КГБда иштейсизби?" дейт. Жайдын күнү болчу да. Көйнөк кийип жүргөм. Чөнтөгүмөн күбөлүгүмдүн сырты көрүнүп калыптыр. Айла жок, ачыгын айтууга туура келди. Азыр жолдошуң келатат.Силер тиги бөлмөгө кирип тургула дедим. Келин баласын көтөрүп ыйлап жүрөт. Анан күйөөсү дарбазадан киргенде эле балдар кармашты.
Ал эми акча кандайча кампачынын колуна түшүп калганынын жөнү мындай. Токсонунчу жылдар Союз олку-солку болуп турган мезгил эмес беле. Ал кезде акчаны азыркыдай атайын машина коштоп келбей, баалуу жүккө кошуп эле жиберип ийчү экен. Кээде жүк мурда келип, кагаз артынан келет. Германиядан келген акча кагаз кутуда экен. Түшүрүп атканда кладовкага аралашып кетет. Кампачы Алгыр аны көрүп калып ачса, ичи толтура акча. Алып, кампанын түбүнө ыргытып коёт. Издейби, издебейби деп байкап турат. Эч ким издебейт. Кампада деп эч кимдин оюна келген эмес да. Изи сууп, эч ким кызыкпай калганда анан бул акырын үйүнө ташый баштайт.
Ревизия кылсак ага чейин да 200 миң жоголгон экен. Ал боюнча да иш козголду, бирок табылган жок. Кантип жоголгону, ким алганы белгисиз бойдон калды.