01.06.10 Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, Академик:
Ысырыпкорчулукка чек коюу маселеси мурдагы бийликтин тушунда да, азыр деле актуалдуу бойдон калууда. Бул көйгөй ондогон жылдар мурда көтөрүлүп, коомчулук арасында кызуу талкууланып келаткандыгына карабастан, ысырапкорчулукка жол бергендерге карата тиешелүү жазалар колдонулбагандыгынан улам көзгө көрүнөөрлүк натыйжа болбой жатат. Ошондуктан, бул маселе Убактылуу Өкмөт тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, элдин, коомдун мүлкү сарамжалдуу пайдаланылса, колунда бар, бийликтеги кишилер куру намыс дебей той-салтанаттарды жупунураак өткөрүп үлгү көрсөтүшсө жакшы болоор эле. Антпесек, ысырапкорчулуктун, "сенден мен каламбы" деген тымызын таймаштын азабын эң ириде карапайым эл тартууда.
Академик, белгилүү коомдук ишмер Бектемир Мурзубраимовдун жакында жарык көрө турган "Ысырапкорчулуктан арыл-
майынча турмуш оңолбойт" аттуу китебинде дал ушул көйгөй жөнүндө сөз болмокчу.

Көйгөй
"Кыргыздын туулганы да чыгым, өлгөнү да чыгым"
Көпчүлүгүбүз ысырапкорчулук десе эле той-ашты, эл чогулган салтанатты гана элестетебиз. Чынында бул абдан кең масштабдуу маселе.
"Кыргыздын туулушу да, өлүшү да чоң чыгымга айланып кетти…" - деп Салижан Жигитов айткандай, эмгектенүүнү биринчи планга коюп, жаңы - келечектүү багытты тандап, сарамжалдуу болуп, үнөмдүү жашоонун ордуна, бийликтегилер жана интеллигенция баш болуп, байлар-бизнесмендер айрым бир үрп-адаттарды, каада-салттарды идеал тутуп алышты.
Ысырапкорчулук тойлордо, мааракелерде, маркумду акыркы сапарга узатууда, маркумдун сөөгүн койгондон кийинки 20га жакын иш чараларда (үчүлүк, жетилик, жыйырма күн, кыркы, элүү эки күндүк, пайшамбалык, айт, ак кийдиси, жылдыгы, ага эстелик тургузуу ж.б.) ишке ашууда. Ал гана эмес кичинекей баланын бешик тою, тушоо кестиси, колун адалдаш, бөбөк кезинен баштап жыл сайын туулган күндөрүн белгилөө, мектепти жана окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесин өткөрүү дагы милдеттүү эреже катары күндөлүк турмушка кирип калды. Азыркы мезгилде мамлекеттик жогорку деңгээлдеги кызматкерлердин мамлекеттик унааларды ж.б. каражаттарды өз менчигиндей пайдалануу күчөдү. Кандай гана рангда болбосун, буга чейинки жетекчилердин мамлекеттик кызмат машинасын үй-бүлөсүнүн жана өз кызыкчылыгына пайдаланылышы дагы ысырапкорчулукка жатат. Бишкекте куран окутуу саат он экиде деп белгиленгени менен ага саат он бир жарымдан баштап жумушту таштап барууга туура келет, ал антип-минтип эки сааттан көп убакытты алат. Бул - убакыт ысырапкорчулугу.
Карапайым элдердин ою боюнча арам акчага, байлыкка туйтунгандар, бийлиги барлар ысырапкорчулуктун үлгүлөрүн көрсөтүшүп, күчөөсүн шарттоодо. Алар 300-1000ге чейин адам катышкан той, мааракелерди өткөрүшүп, ошолордон ала тургандарын өтө акыл-эстүүлүк менен "мыйзамдуу" алышууда.
Эгерде Союз мезгилинде мамлекеттик жооптуу кызматкерлер үй салуудан, чоңураак той өткөрүүдөн, машине алуудан чочулашып коркушса, мурдагы жетекчилердин жоон тобу чет өлкөлөрдө үйлөрдү, соода түйүндөрүн жана эс алуу жайларын коркпой-үркпөй эле сатып алыша турган болушкан. Ал гана эмес Бишкектеги ресторан, кафелер жетпей аткансып (алар арзандык кылат окшойт) бир күндүк майрамды да чет өлкөлөрдө өткөрүп жаткандар пайда болду. Мунун баарын бийлик деле жакшы билет. Бирок, билмексенге салып коюшууда. Эң негизгиси, эл билет. Алар жөнүндө эл айтып жатпайбы.
Жашырганда эмне, кызматына, байлыгына карап катташуу, кошоматтык кылып кошумчалоо күчөп барат. Мындай мамиле адамдарды аркы өйүз, берки өйүз кылып эки жакка бөлүп, теңсиздикти күчөтүүдө. Мамлекеттик чиновниктерге моралдык, нравалык жактан коюлуучу талаптарды камтыган "Администрациялык этика" мыйзамы болгону менен, анда жазылгандардын аткарылышын көзөмөлдөө начар болуп жатат. Чиновниктер (бийликтегилер) кесиптик этикаларын сактабаса, молдокелер шариаттык принциптерди карманышпаса, биздин мамлекет ачкөздөр менен тойбостордун кызыкчылыгын канааттандыруу максатында түзүлгөндөй таасир калтырат.
Биз той-аштарга, мааракелерге, куран окутууларга эбегейсиз зор чыгым кетире берсек, ага кеткен убакытты азайтып чектебесек, эч качан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошула албайбыз, ал турсун жакындабайбыз. Япония, Германия, Скандинавия жана Европа өлкөлөрүн карап көрөлүчү: биздегидей тойлорго, аштарга ашыкча ырым-жырымдарга алардын убакыттары жок, болсо да кеткен чыгымдары чектелүү.
Ысырапкорчулукка бөгөт качан коюлат, качан бул маселе ишке ашат? Качан гана бийликтин бардык бутактарындагы жетекчилери, өзгөчө интеллигенция, айрыкча бийликтин эң башында турган президент өзү баш болгон президенттик администрация, өкмөт мүчөлөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшсө, үлгү болушса, ошондо гана ысырапкорчулук азайып, үнөмдүү-сарамжалдуу жашоого көнүп, калктын негизги катмары бардар жашоого жетишет. Ошондо гана өтө бай, өтө жардылар деп кескин айырмалар болбой калат да "Золотая середина" деген ортоңку катмар калыптанат. Ал эми ортоңку катмар - бул өлкөнүн стабилдүүлүгүнүн гаранты экендиги калетсиз. "Тойчулдугу жагынан кыргыздар дүйнөдө биринчи орунга жакындаганы менен: "Жармачпыз" -деп өркөнү өскөн өлкөлөрдөн жардам сураганы кызык", - деп Салижан Жигитов айткандай, сураганыбыз - жардам, жүргөнүбүз - майрам. Чынында эле майрам- салтанаттар абдан эле көбөйүп кетти. Календарды карасак майрам күндөр эле көп. Айрым чет элдик дипломаттар, сенаторлор, саясатчылар бизге келип, аларга жасалган сый тамакка (ашыкча) ыраазы болгону менен: "Мындай столду жетиштүү абалда жашаган биз дагы жасай албайбыз" дегенине күбө болуп эле жүрөбүз. Биз менен түбү бирге болгон түрк туугандар да: "Малды ушинтип союп жей берсеңер, конок тосууда ашкере чачыла берсеңер кантип байыйсыңар?", - деп кейишти.
Күздүн келиши менен аш-тойлордон башыбыз чыкпайт. Айрымдар (байлар, бийлиги барлар, депутаттар, кадыр-барктуу адамдар) бир күндө 2-3 тойго, мааракеге барууга жетишкендигин шерденүү менен айтышат. Андагы алыш-бериштерди элестетип көрүңүздөр.
Ушулардын баарын эске алып, ысырапкорчулукка каршы чечкиндүү кадамдарга баруу керек. Ал эми эл өзүнүн мал-мүлкүн эмне кылсам, кандай пайдалансам өзүм билем дебестен, өзүнүн байлыгын үнөмдүү-сарамжалдуу пайдаланууга үйрөнүп-көнүгүшү керек.
Yрп-адат, каада-салт, ар кандай традицияларды иликтөө, тактоо, талдоо боюнча атайын топ түзүлүү керек. Ал топко бийликтин, окумуштуулардын, маданият кызматкерлеринин, дин кызматкерлеринин, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү кирсе. Карапайым элди, биринчи кезекте ар кандай деңгээлдеги бийлик жетекчилерин, ишкер коммерсанттарды ашыкча чыгымдарга барбоого мажбурлап-милдеттендиришибиз зарыл.
Экономикага зыян келтире турган обу жок атаандашуунун, сокур намыс күтүп эрегишүүнүн, куру намыскөйлүк менен атак-даңк алуунун ордуна, ошол каражаттарды билимдүү болуу үчүн, маданий деңгээлди жогорулатуу үчүн, пайдалуу эс алууну уюштуруп, ден-соолукту чыңдоо үчүн жумшап, келечек урпактарыбызга кыйналбай жашап кете турган ак жол ачып, шарт түзүп бергенибиз дурус го. Тилекке каршы, кара-пайым элге караганда аш-тойлор, ар кандай мааракелер аркылуу дүйнө жыйнап, мартабаларын арттырууга көнүп калган мамчиновниктердин, чиренген байлардын цивилдүү жолго түшүүлөрү эң эле кыйындай сезилет. Андыктан атайын мыйзам кабыл алынып, ал мыйзамды, администрациялык этиканы бузуп, ашыкча ысырап-корчулукка баргандар токтоосуз кызматтарынан четтетиле баштаганда гана жылыш болушу мүмкүн. Расмий бийликтен андай чараларга барууга саясый эрктин болушу да талап кылынат. Мыйзам долбоорду илимий-практикалык деңгээлдерде, үгүт кербендерин уюштуруп, айыл жерлеринде, эмгек жамааттарында, мектептерде, окуу жайларда талкуулатып, коомчулуктун көңүлүн буруу, бул багыттагы иштерди массалык маалымат каражаттарында системалуу-такай уюштурууну кечеңдетпей баштоо керек.
Элдин каада-салты, үрп-адаты эч качан коомдон сырткары жашабайт. Жакшы салттар улутубуздун сыймыгы, ар-намысы болуу менен бирге муундан-муунга, урпактарыбызга мурас болуп түбөлүккө кала бериши керек. Бирок, базар экономикасы өкүм сүрүп турган шартта үй-бүлөлүк кирешелердин туура бөлүштүрүлүшү, сарамжалдуулугу, үнөмдүүлүгү чоң социалдык-саясый мааниге ээ экендигин эске алышыбыз керек. Обу жок чоң чыгым менен той-аш берилүүсүнө, туулган күн, юбилейлердин ж.б. белгиленишине, өлүмгө байланышкан ашыкча ырым-жырымдарды өткөрүүгө бөгөт коюу жана аларды жөнгө салууда жер-жерлердеги бийликтердин, айыл башчыларынын, аксакалдардын жана диний кызматкерлеринин аракети чоң болгону менен азырынча чектен чыккандарга жаза колдонууда аларга эч кандай мыйзамдуу укук берилбегени өкүнүчтүү.
Каатчылык мезгилде калк арасынан чыккан белдүү ишкерлердин, колунда бар адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн, айрыкча чиновниктердин аш-тойго, ырым-жырымдарга, салтанаттарга аш-кере жумшаган каражаттарын
соопчулук үчүн кароосуз калган кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге жардам берүүгө буруп, айыл жериндеби, шаарда болобу, со-
циалдык проблемаларды чечүүгө көбүрөөк тартылса, мындай соопчулук иш жасаган атуулдар мамлекет жана коомчулук тарабынан колдоого алынып, жасаган жумуштары бааланып, алардын эмгеги массалык маалымат каражаттары аркылуу республикалык масштабда такай даңазаланып турса абдан жакшы болмок.
Кыргыз элинин тарыхый калыптанган салт-санааларын, үрп-адаттарын колдонууну жөнгө салуу жана эң негизгиси ысырапкорчулукка жол бербөө максатында Улуттук программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу мезгил талабына ылайык маселе деп эсептеп, бул Улуттук программаны турмушка ашырууда негиз болуучу каада-салттар тууралуу мыйзамдын жана ага байланыштуу атайын жоболордун иштелип чыгышын каалар элем.
Макаламдын соңунда акылман бабабыз Жусуп Баласагындын миң жыл мурун бүгүнкү күндүн көйгөйүн таасын айткан сөзү менен аяктайын:
Бул дүйнөнү башкарат
жакшы мыйзам,
Кишиге кишилик кыл -
ушул пайдаң.
Демек, конституцияга таянып, жакшы мыйзам менен элди башкарып, элдин үнүн угуп, ага таянып, ар бирибиз ар кандай адамдан, б.а. (кишиден) душмандын образын издебей, патриоттун, мекенчилдин, ак ниет адамдын образын көрүп, бири-бирибизге кишилик кыла берели.