01.06.10
  Кайрымдуу бол, калайык!

Жалгыз тал көрсөң, кыйбай жүр,
Майыпты көрсөң, сыйлай жүр
Күнүмдүк тиричиликте көп деле көңүл бура бербеген, ал турсун майыптар арабасы менен жолдогу тоскоолдуктардан өтө албай кыйналып жаткан же болбосо таянган балдагы менен автобуска, троллейбуска чыга албай жаткан майыпты көрсөк анчалык деле көңүл бурбаган учурлар көп эле кездешет. Анан калса, арабызда алар деле алты саны аман жүргөн биз сыяктуу эле коомубуздун толук кандуу жарандары экенине да маани бербей текебер мамиле жасагандарыбыз да бар.
Жакында Каракол шаарында өткөн ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Ысык-Көл облустук II Спарта-киадасын уюштуруучулардын алдына койгон максаты да коомчулуктун, ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн, мамлекеттик кызматкерлердин көңүлүн ушул катмардагы майыптардын чечилбей көмүскөдө калып жаткан көйгөйлүү маселелерине бурдуруу, алар деле коомубуздун тең укуктуу мүчөлөрү экенин эске салуу экендиги айдан-ачык.
Борбордук Азиядагы Евразия фонду тарабынан уюштурулуп, каржыланып өткөрүлгөн бул иш-чарага Ысык-Көл облусунун бардык
райондорунан келишкен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан түзүлгөн командалар катышты. Алар спорттун волейбол, стол тенниси, кол күчүн сынашуу, пионербол, шахмат, шашки, турникке тартынуу, баскетбол тобун чыгырыкка таштоо түрлөрү боюнча өз ара атаандашып, мелдеш өткөрүштү.
Көздөрүнөн жашоо оту жанып, майыптыгына карабастан жан үрөп, бүткүл дитин спорттук оюндарга коюп аракеттенип жатышкан катышуучуларды көргөндө ушундай иш-чараны уюштуруп, колдоо көргөзүп жатышкандарга кантип ыраазы болбойсуң. Аталган фонддун программалык башкы менеджери Асангожоева Назгүлдүн айтуусу боюнча алар мындай иш-чараны негизинен эки максатта уюштуруп жатышыптыр. Биринчиден, эл арасында өз киндигин өзү кесип, өлбөстүн күнүн көрүп жатышкан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомчулук менен аралаштыруу, бири-бири менен баарлашуусуна, өздөрүн инсан катары сезүүсүнө көмөктөшүү. Бир сөз менен айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да коомдун толук кандуу мүчөсү экендигин сездирүү. Айлана-чөйрөнү аңдап билүүгө, жашоого болгон кызыгуусун, умтулуусун арттырып, эң башкысы - алардын көкүрөгүндө үмүт шооласын жандырып, коомго аралашуусуна шарт түзүү. Ушул асыл максаттардын бардыгын спорт аркылуу жүзөгө ашыруу. Экинчиден, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деле кадимки эле адамгерчилик мамилеге, көңүл бурууга муктаж, биздей эле конституциялык укукка ээ жарандар экендигине мамлекеттик жана башка коомдук уюмдардын, ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн, коомчулуктун көңүлүн буруу. Майыптардын чечилбей жаткан толгон- токой маселелерине кантип жардам берүү, аны ишке ашыруунун жолдорун издөө, коомчулук менен бирге чечүү, сезимдерди ойготуу. Мындай адамдарга карата арабызда калыптанган кайдыгер көз карашты өзгөртүү.
Аталган Спартакиаданын программасына кирген бардык оюндар боюнча мелдештер аяктаган соң, командалар арасында жеңүүчүлөр аныкталып, атайын дипломдор,
баалуу белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Андан кийин дээрлик бардык катышуучулар куру кол калбастан демөөрчүлөр тарабынан
даярдалган сыйлуу белектерге ээ болушту. Уюштуруучулардын өздөрүнө көрүп жаткан камкордугуна, жөлөгүнө көңүлдөрү көтөрүлүп, көздөрү жайнаган дудуктардын күлкүсү, бүткүл жашоосу арабага байланган майыптардын шаңдуу маанайы, кубанычтан тамган көз жаштары - мындай иш-чаранын маанисин жана маңызын арттырып, башкаларга үлгү болорлук таасир калтырды.
Албетте, болочокто жергебизде параолимпиадалык оюндардын карлыгачы болуп калганга толук мүмкүнчүлүгү бар мындай саамалыктын "Кыргызстандын биримдүүлүгү жана туруктуулугу үчүн" деген ураандын алдында өтүшү - өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга ушул спартакиаданын катышуучулары да кайдыгер эместигин жарыя салып турганы менен өзгөчө маанилүү.
Ал эми Борбордук Азиядагы Евразия фондунун өздөрү сыяктуу башка коомдук уюмдар менен биргелешип, коомубуздагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жасап жаткан башка да алгылыктуу иштери өзүнчө кеп кылууга арзый турганын белгилей кетмекчибиз.
А. НАСИРДИНОВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттөрү И.САБЫРОВдуку




  Шаар болгон "шайтан көпүрө"

Үстүбүздөгү жылы тоо койнундагы Ат-Башы суу электр түйүнүнүн (СЭТ) пайдаланууга берилгендигине 40 жыл толот. Ат-Башы өрөөнүнүн сууларынын Нарын дайрасына куя беришинин өңүрүнөн орун алган бул СЭТ Нарын облусу керектеген электр энергиянын орточо 28%ын камсыздап, бул жылдарда 5 млрд. 142,8 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Ат-Башы СЭТинин курулушу менен мурдатан "шайтан көпүрө" деп эл оозунда атыгып келген ээн аймакка үйлөр курулуп, анда көп улуттун өкүлдөрү эмгектенгендигинен улам, болочоктогу шаарча "Достук" деп аталган. Анда эмесе калган кептин маңызы Нарын облусундагы ири ишканалардын бири - Ат-Башы СЭТинин жетекчиси Адамаалы Акбагышов менен улансын.

- Адамаалы мырза, сөз башатын башынан баштасак. Бул суу электр түйүндүн иштегендигине 40 жыл болуптур. Ал эми аны куруу иштери качан, кандай негизде келип чыкты экен?
- Бул электр станциянын курулуш тарыхы узак. Биринчи изилдөөлөрү Орусиянын падышачылыгына туура келет. Бирок Октябрь революциясынан кийин 1934-жылга дейре иштер токтоп калыптыр. Анан 1959-жылы ушул жерге чакан СЭТ куруу жөнүндө СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун токтому чыгат да, 1961-жылдан тарта
шаарчанын алгачкы пайдубалдары түптөлүп, 1963-жылдан баштап электр түйүндү куруу жанданат. Ошентип жети жыл бою курулуш иштери жүрүп, алгачкы агрегаты 1970-жылдын 15-декабрында Лениндин 100 жылдыгынын урматына жана энергетиктердин кесиптик күнүнө карата берилген.
- Ал эми СЭТ толук качан аяктаган?
- Ошол жылы 2 агрегат, 20 мегаватт кубаттуулукта иштей баштаган. Ал эми кийинки жылы же болбосо 1971-жылдын биринчи чейрегинде дагы 2 агрегат толук ишке киргизилген. Мына ошондон бери былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 39 жылда Ат-Башы СЭТи 5 млрд. 142 млн. 842,2 миң киловатт/ саат электр энергия өндүрдү.
- Ошондо жылына орточо канча электр энергия өндүрүлүп турган?
- Мисалы, былтыркы жылы бизге 118 миллион кВт/саат план берилген, биз 144,7 миллионго аткардык. Ал эми 2008-жылга салыштырмалуу 52 миллион кВт/саат электр энергия көп өндүрүлдү. 2007-жылы СЭТтин экинчи реконструкциясынын долбоорун швейцариялык грант негизинде ишке ашырдык. 2,2 млн. швейцариялык франк суммага негизги жабдууларды алмаштырдык.
- Оңдоодон кийин өздүк нарк канча болду?
- Азыр 35-40 тыйындын тегерегинде. Бул дагы тетиктердин абалына жараша болот эмеспи. Биздин жабдуулар 39 жылдан бери иштеп жатат. Ал эми завод 25 жылдык кепилдик берет. Демек иштөө мөөнөттөрү 14-15 жыл мурда эле бүткөн. Натыйжада чыгым көп болгондуктан, өздүк нарк кымбат болууда.
- Ат-Башы СЭТи турган үчүн Достук шаарчасында эл жашап турат. Бирок шаарчанын кебетеси кетип, айласыз абалга келгендей. Учурда сиздердин шаарчага болгон карым-катнаш кандай?
- Учурунда бул жерде 21 улуттун өкүлдөрү эмгектенген. Союз маалында болсо шаарчадагы бардык имараттар СЭТке караштуу болгон. Ал эми Эгемендүүлүк келгенде турак үйлөр менчиктештирилип, бир катар имараттар ар кайсы мекемелерге, мисалы, клуб айыл өкмөткө, ашкана кесипчилик окуу жайга дегендей өткөрүлүп, биздин карамакта ушул эле кеңсе калыптыр. Бирок шаарчанын 90%ы бизде иштешет. Же болбосо 93 адам эмгектенсе, алардын 25и инженер-техникалык кызматкерлер, 10у айымдар. Атайын адистер муктаждыгынан улам 10% кызматкерлер келип кетип иштешет. Орточо айлык маяна 6 миң сомго барат. Шаарчага кандай жардам берилет деген суроого келсек, айыл округуна жылына жер салыгы үчүн 252 миң сом беребиз. Андан сырткары шаарчанын болгон тиричилиги биздин моюнубузда. Мына, көчөлөрдү тазаладык. Мектепке, бала бакчага демөөрчүлүк жасайбыз. Акыр-чикирлерди чыгаруу, унаа жактан жардам көрсөтүү да бизге таандык.
- Өзүңүз айтмакчы мындай ишканага кадрлар, демек атайын адистер керек. Бул багытта абал кандай?
- Бизге келет элек деген жаштар жок эмес, бар. Бирок үй-бүлөсү менен келе турган болсо аларды турак-жай менен камсыздоо зарыл. Жубайына да иш таап берүү керек. А бул жерде шарт татаал. Ошондуктан аракет кылып кызматтык 4 үй алып, адистерди камсыздадык. Быйыл болсо 6-7 балага ссуда алып берели деп максат кылып жатам. 4 студентти ишкананын эсебинен акчасын төлөп Техникалык университеттин энергофакультетинде окутуп жатабыз. Алардын экөө окуусун бүтүштү. Эми келечекте төртүнчү грант буюруп келип калса, гидрогенераторлорду, трубиналарды алмаштырып алсак, СЭТ дагы 25-30 жыл иштемекчи.
Маектешкен
Күмөндөр Усуптегин,
"Кыргыз Туусу"